Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадыров Салянованы кетсин дейт
31-мартта Баткенде өткөн митингде Кубанычбек Кадыров Салянова кызматтан кетиши керек деп айтты. Анын оюнда Салянова бардык жаман иштерди уюштуруп жаткан экен, анын үстүнө бир күн дагы прокуратура тармагында иштебептир.
Азыркы бийлик менен эриш-аркак болуп жатып эле, бүр күнү тескери басып кеткен Кадыровдун кийинки жүрүштөрү кандай болот байкап туралы.

Оксана Малеваная
Грузиядан башпаанек тапты
Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная ар кайсы жерде башпаанек издеп темселеп жүрүп, Грузиядан орун алды. Эске сала кетсек, Апрель окуяларына байланыштуу соттолуп, издөөдө жүргөн Малеваная баш калкалоо максатында Алматы шаарынан Киевке учуп барып, Украина бийлиги аны өлкө аймагына киргизбей койгондон кийин, атасы жана уулунун коштоосунда Грузиянын баш калаасына Тбилисиге учуп келген. Кыргызстан үлгү катары тутунуш керектигин айтып түгөтө албай жаткан Грузия бийлиги болсо, анын укуктук макамы аныкталмайынча Тбилисиде калууга уруксат берди.


Орус ишкерлери нааразы
Бишкектеги НТС каналы орустардын НТВ каналынан көп нерсени алып көрсөтөт. Өткөн жекшембиде НТВ даярдаган Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус ишкерлеринин көргөн кыйынчылыктары жөнүндөгү көрсөтүүдөн Кыргызстанга тийешелүү жерин кыркып салышкан экен. Ошол жеринде "биздин иш жакшы жүрүп жатса, дароо мамлекет тараптан текшерүүлөр келет, андан кийин жеке адамдар келет, бир нерсе өндүргөнгө" ж.б. ушул маанайдагы кеп айтылат экен орус ишкерлери тарабынан. Мына ошолордун баары кесилиптир дейт орус тарап. НТС каналы болсо андай кылган эмеспиз, көрсөтүүнү кабыл алгандагы техникалык себептер болгон чыгар деп турушат. Аталган канал Өмүрбек Бабановго тийешелүү деп жүрүшөт.


Эмил Алиев премьер - министрдин ордунда
Биздин бийлик тарапта кызык окуялар боло берет эмеспи. Ошонун бири: Кыргыз Республикасынын каттоо кызматынын жетекчиси Эмил Алиев өзүнүн статс-катчысы кылып кеңешчиси Бердибек Жакыпбаев дегенди шайлап алыптыр. Кээ бир маалыматтарга караганда аталган жигиттин мыйзамдуулук жана мамлекеттик кызмат жөнүндө түшүнүгү тизеден ылдыйыраак экен. Эң кызыгы статс-катчы дегенди премьер-министр шайлачу эле.

"Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок"
"Ак жол" үй-бүлөлүк партиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Кубанычбек Исабеков президенттик шайлоонун алдында, шаардагы көп кабаттуу элиталык үйлөрдүн бириндеги 3 бөлмөлүү квартирасын банкка күрөөгө коюп, бир топ суммадагы каражат алган экен. Кыязы президенттик шайлоодо жеңишке жетишем деп ойлосо керек. Эми ошол карызынан кутула албай, "уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок" болуп, күрөөгө койгон үйүн банктан кайтарып ала албай жүрөт дешет...

Коомчулукту Бек Борбиев санаа тарттырды
Бек Борбиевдин Кыргызпатенттин (Интелектуалдык акыл менчиги) төрагасынын орун басары болуп барганына коомчулук дагы деле таң калып бүтө албай жатат. Эми Бек мырза өзүнүкүнө окшогон текейге турбаган текстке, ар кайсы жактан өөнөп алган обондору менен "жылдыз" болуп алышкан алешем ырчыларга автордук укук берип, Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн Көркөм кеңешти сызга отургузар бекен дегендер арбыды. Сыягы, "башың иштебесе, партияга өт деген жаңы макал, кызмат талашып кырылышкандардын айынан чыкса керек.


Башбакан качан баш багат?
Өткөн саныбызда ордо калаабыздын чет жагындагы башбаканга тиешелүү айтылуу RIOM унаа базарындагы башаламандыктар тууралуу баяндаган элек. Базарга батпай калган унаалар Бишкек-Сокулук жолун бойлото жайылып, өткөн-кеткендерге тоскоолдук жаратып жаткандыгы тууралуу жазгандан кийин базардын күзөт кызматы өткөн дем алыш күндөрү аз-маз тартипти орнотумуш этишти. Бирок болбой эле унаа сатуучулар кан жолду тороп, соода-сатык ишин күркүрөтө улантышты. Баягы "ала таякчандардан" дагы дайын жок. Өлкөбүздүн башкы МАИчиси болуп республикачы Канат Исаевдин бир тууган агасы Талант Исаев отурат. Чоң шефинин базарындагы "бардакты" эртерээк бир жаңсыл кылып койсо болмок. Же башбакан Өмүрбек мырза базарына өзү бир баш багып койсо ашыктык кылбайт эле…


Айымдар акыл айтат
Илгери Акаевдин доорунда вице -премьерликке чейин жетип, далай чоң кызматтардын даамын татып калган Мира Жангарачева деген эжекебиз кайрадан саясат айдыңында пайда болду. Бул айымдын жаңы кызматы илгерки кесиптеши вице -премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин коомдук кеңешчиси. Буга Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койду. Буга чейин башбаканыбыз ЖоКедеги өзүнүн өкүлү кылып "Ак Жолчу" айым Динара Молдошеваны дайындап алган. Өкмөт башчыларыбыз эски эки бийликти жыргатпаган айымдардан кандай кеңеш алганы жатканы көпчүлүккө белгисиз…


Депутаттардын "эл өкүлүбүз" дегенге акысы жок деп атат …
Исхак Пирматовго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондо, мына эми коррупционерлерди парламенттен да таба баштаган прокуратурага рахмат деген адамдар көп болгон. Анан Пирматовунун кол тийбестигин алдырбайбыз деген парламенттин чечими чыккандан кийин толгон-токой адамдар, "Орток шамы", "Мекен үчүн", Элдик-патриоттук кыймылы, жаңы конуштун өкүлдөрү ж.б., Апрель баатырлары… Пирматовдун суудан кургак чыкканына күйүп олтурушат. Алардын айтымында Жогорку Кеңеш кылмыш иликтөөнүн да, прокуратуранын да, өкмөттүн да милдетин аткарып жатышкандай. Депутаттар бири-бирин коргой бергени таптакыр начар нерсе, анда ошол жерде олтурган эч бир коррупционер жоопко тартылбайт, парламентке Саляновадай эмес, Элмурза Сатыбалдиевдей прокурор керек, депутаттардын эл өкүлүбүз дегенге эч кандай акысы жок ж.б. ачуу сөздөрдү айтып турушту.
Алардын айткандарын натура деп сын берүүгө эч кимдин акысы жоктой…