Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Акыйкат издейбиз…
Таалайдын тагдырын талкалагысы келгендер же кылбаган иши үчүн 14 жыл абак - кайсы акыйкаттыкка жатат?
КР Президенти Алмазбек Атамбаевге
Жогорку соттун милдетин аткаруучу Феруза Жамашевага
Башпрокурор Аида Саляновага
ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге
ЖКнын мыйзамдуулук, укук жана тартип, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбековго

Кайрылуу


Кыргызстанда бийлиги, байлыгы барлардын кайда болсо дагы сөзү өтүмдүү болуп, өз билгендерин кылып келет эмеспи. Ошондой кызматына таянгандардын бири Октябрь районунун ИИБинин начальнигинин орун басары Тургунбаев Абдыразак бирөөнүн тагдырына бөөдө балта чаап отурат.
Анда эмесе сөз башынан болсун. Мындан туура бир жыл мурун 12-апрель күнү Бишкек шаарында жайгашкан "Фаранденс" түнкү клубунда жаш балдардын мушташы болуп, бир бала каза тапкан. Нарын облусунун Куланак айылынын тургуну күндүзү окуп, кечкисин ошондой диско-клубдардын биринде күзөтчү болуп иштеп жүргөн Таалайбек Сулпукаров да ошол мушташка кокусунан катышып калат. Ошол күнү Таалайбектин жумуш күнү эмес болчу. Үйүндө эс алып жатканда чогуу иштеген таанышы Октябрь райондук ИИБ начальнигинин орун басары Абдыразак Тургунбаевдин уулу Данияр телефон чалып, атасы менен чатакташа кеткенинин айтып, Таалайбекти шайтандай болуп азгырып, ошол "Фаранденс" түнкү клубуна чакырат. Данияр бул клубда мурда иштеп кеткен экен. Ошентип, дискотека аяктап, акыркы музыка жаңырып жатканда, башка балдар менен кыз талашып мушташ чыгып, Ананьева айылынын тургуну Өмүралиев Нурлан каза болуп калат. Бирок каза болгон Нурлан Өмүралиев Данияр колдуу болгон. Муну ошол мушташка катышкан маркум Нурлан Өмүралиевдин жанындагы курбалдаштары тастыктап көрсөтмө беришкен. Бирок Даниярдын начальник атасы Тургунбаев Абдыразак баласын соттон куткарып калуу үчүн бул окуянын изин жаап-жашырууга башынан эле катуу аракетке өткөн. Бул тууралуу жөн жерден киши өлтүрдү болуп 14 жылга камалып кеткен Таалайбектин атасы Дүйшөгул Абдысаматов мындай дейт:
- Ошол күнү түнкү саат 03.40та шаардагы карындашым Таалайбек кырсыктап калганын айтып, телефон чалып калды. Ошол эле күнү Бишкекти көздөй жөнөдүм. Келсем уулумдан дайын жок. Бир убакта өзүн Абдыразак Тургунбаев деп тааныштырган бир адам чалып, "балдарыбыз бирөөлөр менен мушташып, бирөөсү каза болуп калыптыр, келгиле сүйлөшөлү" - деп ВДНХ жакка чакырды. Барып, жолуктум. Ошол жерден анын Октябрь РИИБинин начальнигин орун басары, подполковник экенин билдим. Өзү Базар-Коргондон болот экен. "Азыр балдарды эч ким билбеген жакка бекитип койдум. Аларды азырынча каматтырбашыбыз керек. Мен эртең каза болгон баланыкына барып куран окутуп, жолугуп келем" - деп калды. "Мен дагы барып жолугам, куран окутам" -десем, "жок азырынча барбай туруңуз, эки бала экени билинип калса, групповой деп кесип салат" - деди. Мен болбой эле балама жолуктур, каякка жашырдың-деп туруп алганда эки күндөн кийин жолуктурду. Ошол күнү болбой эле уулумду үйгө алып кеттим. Уулум экөөбүз түнү бою сүйлөшүп отурдук. Окуяны баштан аяк айтып, "ата, мен Нурландын жанындагы Тилек деген менен мушташкам. Нурланга тийген эмесмин" - деп ыйлап отурду. Ошентип эртеси байкем, күйөө баламды ээрчитип алып, Абдыразактар менен кайра жолуктук. Ал Молдобек, Таалай деген досторун ээрчитип алыптыр. Ошондо Абдыразак "бирөөнүн эле мойнуна коёлу, анан эки үй-бүлө ортого акча чыгарып, экинчисин камырдан кыл сууругандай чыгарып кетебиз" - деп атпайбы. Мен макул болгон жокмун. Абдыразак балдарыбызды кайра алып кетти. "Камап коюшса тияктагылар көгала койдой сабап, мойнуна илишет" - дегенинен чочулап баламды экинчи жолу Абдыразакка кошуп бердим. Бирок кийин "Нурланды өлтүргөн тигинин баласы болсо, менин балам өзүнө ылайык эле жазасын алаттыр, качкандай анчалык деле айыбы жок да" - деп Абдыразакка жолугуп, баламды алдыртып, Биринчи Май райондук РИИБине өзүм жетелеп бардым. Тергөө иштеринде балам Сулпукаров Таалайбектин кыймыл аракетинде киши өлтүрүү кылмыш белгилери жок экендиги аныкталды. Тергөөдө суралган жабырлануучу Султангазиев Тилек менин балам менен мушташканын, ал эми каза болгон Нурлан Өмүралиевди Данияр сабаганын төкпөй-чачпай айтып берди. Ошол себептен тергөөчү тарабынан балам Таалайга хулиганчылык боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасын жашаган жеринен алыс кетпөөгө калтырган. Тергөөчү чакырган учурда кечикпестен барып, тергөөгө жардам берип турду. Ортодо баламды каза болгон Нурлан Өмүралиевдин ата-энеси менен жолуктуруп, куран окуттурдук. Балам аларга болгон окуяны баштан аяк айтып берди. Ошондо маркум Нурландын апасы өзү "Даниярдын атасы Абдыразак Нурландын жанындагы Тилек Султангазиевди сатып алыптыр. Тилектин кредитин толук төлөп бериптир. Сак болгула, Даниярдын атасы күнөөнү силерге оодарганы жатат" - деп айтты. Айткандай эле тергөө жүрүп жаткан күндөрдүн биринде Даниярдын адвокаты Биринчи Май райондук тергөө бөлүмүнө "мени 25 миң доллар акча берди" - деп курулай калпты жазып, шаардык тергөө бөлүмүнө ишти которттуруп алды. Эми 25 миң сом десе макул дейт элем, бирок айылдагы карапайым мугалимде каяктагы 25 миң доллар? Ошентип ал жактын тергөөчүсү Алмаз Кудайбердиев оң ишти ойрон кыла баштады. Негизсиз эле менин баламды киши өлтүрдү кылып, 2011-жылы 7-июлда баш коргоо чарасын өзгөртүп каматып салды. Тергөө бир тараптуу гана жүрүп, балам Таалайбек Сулпукаровду айыптоо максатында жүрдү. Көрсө Алмаз Кудайбердиев Абдыразак Тургунбаевдин жакын таанышы болот экен. Тигинин баласы Данияр дагы СИЗОдо отурат деп айтышканы менен биз сурасак карточкасы чыгат да, өзү жок. Бир жолу Алмаз Кудайбердиев сурак бүткөн соң Даниярды өзүнүн машинесине салып, СИЗОго эмес, башка жакка алып жөнөдү. Такси менен артынан бир далай аңдып бардым. Ошондон кийин ого бетер шекшип баштадым. Анан мен Башпрокурор Аида Саляновага, ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге арыз жазып, иш акыйкат болбой жатат деп арыздандым. Бир нече күндөн кийин Орозалиев деген бир полковник чалып, "биздин министрге арыз жазган экенсиңер, бул ишти көзөмөлдөйбүз" - деди. Көп өтпөй Абдыразак Тургунбаевдин уулу Данияр дагы СИЗОдо пайда болуп калганын уктук. Ошентип сот иши башталды. Күбө катары каза болгон Нурландын жанындагы Султангазиев Тилек, "Фаранденс" түнкү клубунун коопсуздук кызматкерлери Шакиров Азис, Сакыбаев Тилек дегендер чакырылды. Алгач үчөө тең "очный ставкада" менин уулум менен Тилек Султангазиев мушташканын, Нурланды Данияр көкүрөккө тепкенин ж.б. болгонун болгондой айтып жатышкан. Анан соттон эле тиги экөө көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, Нурланды Данияр эмес, уулум Таалайбек тепкен" - дей башташты. Ал эми Султангазиев бир эле жолку сот процессине келген. Кийинкилеринде келген жок. Россияга кетип калыптыр деп уктук. Ошол Тилек катышкан биринчи жолку сот аяктагандан кийин, эшикке чыкканда Даниярдын иниси аны колунан сүйрөп четке алып баратканда Абдыразактын аялы арачалап калганын көргөнбүз. Айтор Абдыразак Тургунбаев кызмат абалынан пайдаланып, күнөөнүн баарын менин балама оодарып, баласын апакай кылып кетүүгө баардык аракеттерин кылып келди. Мен баламды таптакыр актаган жокмун. Ал мушташка катышканы чын. Бирок ал адам өлтүргөн эмес. Хулиганчылык боюнча мыйзам алдында жооп берсин. Ал эми Нурлан Өмүралиевди ким өлтүрсө ошол жооп берсин.
Дүйшөгул Абдысаматов ошентип жок жерден камалып кеткен уулуна кейип турду. Чынында Таалайбек жок жерден эле 14 жылга камалып кеткени акыйкаттыкка жатпай турат. Октябрь РИИБининин начальнигинин орун басары Абдыразак Тургунбаев аралашып, чалмакейди чалбаганда Таалайбек Сулпукаров хулиганчылык боюнча гана өз жазасын алмак. Негизи дал ушундай эле болуш керек эле. Себеби, Таалайбек Нурланды урган эмес, муну "Фаранденс" түнкү клубунун жашыруун видеотасмасы деле тартып калган. Күбөлөр да өз көрсөтмөлөрүндө "Нурланды Данияр Тургунбаев тепкен" - деп айтып беришкен. Абдыразак Тургунбаевдин жеке кийлигишүүсү жана тергөөчү Алмаз Кудайбердиев коркутканга чейин күбөлөр дал ушундай көрсөтмө берип жатышкан. Далил катары маркум Нурлан Өмүралиевдин жанындагы шериги Тилек Султангазиевдин 2011-жылдын 28-майындагы өз оозунан чыккан төмөндөгү көрсөтмөсүн сунуш кылабыз:
"Мага берилген суроолорго төмөндөгүчө жооп берем. Мен 2011-жылдын 12синен 13нө караган түнү Өмүралиев Нурлан экөөбүз Бишкек шаарындагы "Фаренденс" клубунда отурганыбызда болжол менен саат 04.00дөрдө биз кетели деп жатканда акыркы бийди бийлеп коюп кетели дегенде эки кыз биздин жаныбызга келип бийлеп калышты. Кыздардын бирөөсү мага келип "менин кызым болот деп айтып койчу" - деди. Ошол учурда ары жактан эки баланын бирөөсү жаныбызга келгенде "менин айылдашым болот" - десем, ары басып кетти. Ошондон кийин эле клубдун экинчи этажынан чыкканда эле эшиктин оозунан ошол эки бала менен Нурлан экөөбүз сөз менен уруша кеттик. Ошондо ичиндеги СБнын эки кызматкери, администратору үчөөлөп бизди ажыратып, эшикке чыгарышты. Клубдан эшикке чыкканча эч кандай мушташ болгон жок, сөз менен эле айтыша кеткенбиз. Эшикке чыкандан кийин мен сүрөттөн көргөн Сулпукаров Таалайбек менен жакалашып уруша кеттик. Мени ургулап жиберди, канча жолу урганы эсимде жок. Ары жакта болсо Өмүралиев Нурланды берки баласы Тургунбаев Данияр өзүнчө сабап жаткан. Болжол менен он беш мүнөттөн кийин Тургунбаев Данияр биздин жаныбызга келип мени бетке бир чаап туруп, бутка тепти дагы досуңду батыраак алып кет деди. Анан СБ балдар менен коштошуп туруп кетип калышты"
Мында көрүнүп тургандай маркум Нурлан Өмүралиевди Данияр Тургунбаев сабаган. Эмне үчүн анда Таалайбек Сулпукаров Данияр менен кошо камалып, жасабаган кылмышы үчүн 14 жыл эркинен ажырашы керек? Эгер Таалайбектин атасы Дүйшөгул Абдысаматов жогору жакка арызданып, акыйкат издебегенде подполковник Абдыразак Тургунбаев баардык күнөөнү карапайым айылдык үй-бүлөнүн баласы Таалайбек Сулпукаровго оодара салып, баласын апакай кылып алып калмак.
Укуругу күчтүү Абдыразак Тургунбаев соттор менен да "тил табышып" алганбы айтор Биринчи Май райондук соту дагы, Бишкек шаардык соту дагы каза болгон Нурлан Өмүралиевдин жанында жүргөн Тилек Султангазиевдин жогорудагы тергөөдөгү көрсөтмөсүнө көңүл бурмак түгүл караган да эмес. Тилек өз көрсөтмөсүндө Таалайбек Сулпукаров Нурлан Өмүралиев менен мушташпаганын айтып отурбайбы. Анын "Ары жакта болсо Өмүралиев Нурланды берки баласы Тургунбаев Данияр өзүнчө сабап жаткан. Болжол менен он беш мүнөттөн кийин Тургунбаев Данияр биздин жаныбызга келип мени бетке бир чаап туруп, бутка тепти дагы досуңду батыраак алып кет деди"-деген сөздөрүн эмне үчүн эске алышпайт? Таалайбек Сулпукаров кылбаган иши үчүн 14 жыл түрү суук түрмөгө кесилиши кайсы акыйкаттыкка жатат? Урматтуу эл башчысы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Башпрокурор Аида Салянова, ИИМ министри Зарылбек Рысалиев, ЖКнын мыйзамдуулук, укук жана тартип, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков бул ишти акыйкат карап, калыс чечип берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Тиленбек АЗЫК