Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айтылбай турган сыр эле

Жолу болбогон жоогазын революциясы…



Ош ентип "жоогазын төңкөрүшүнүн" жети жылдыгы өткөрүлдү. Муну маараке, же эски бийликтин "жаназасы" деп атоого да мүмкүн эмес. Төңкөрүштүн кыймылдаткыч күчү эл болгон менен аны эпчилдер өзүнүн пайдасына гана пайдаланып кетишти. Өлкөдө биринчи президентти "талаадан таап" алып келишсе, экинчисин мантайып "манты" жеп отурган жерден жетелеп келип тактыга отургузулган болчу. Маселенин өңүтү алардын өлкөдөн куулуп чыкканында эмес, алар чирип бүткөн системаны улантууга жана өркүндөтүүгө жасаган аракеттерине байланышканында экенин тарыхчылар кийин тактап чыгар.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин экономика эмне экенин билбеген окумуштуу өнүккөн өнөр жайыбызды толугу менен кыйратты. Өлкөбүздү "жалпыбыздын үйүбүз" деп жарыялаганы менен анын үзүрүн ири чиновниктер гана көрүштү. Алдыңкы ыкма менен иштөөгө ыңгайлаштырылган эсептөөчү машина заводу, истребитель самолёттору чыгарылып кетишине жол ачылды. Кубаттуу Ленин, Фрунзе заводдору кыйратылды. Бүтүндөй жеңил өнөр жай ишканалары банкрот болуп жабылды.
Кыйратуу боюнча мамлекетибизде "социалисттик мелдеш" кеңири жайылтылып, аягы айыл чарба тармактары да алаамат күнгө туш келди. Буга ошол кезде айыл чарба министри Ж.Акенеевдин, ири чарбаларда майдалап бөлүүнүн автору Б.Талгарбековдун кошкон салымдары зор болгондугун кантип жашырабыз? Элибиз үлүш жерин алган менен техникаларыбыздын эскилиги жеткендигин, майда дыйкан чарбалары жерди которуштуруп айдоо, дем алдыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Күйүүчү май, жер семирткич жана жогорку кондициядагы үрөн дыйкандарыбыздын түшүнө да кирбей калган болчу.
Жумушсуздук, жакырчылык, ачарчылык айыл жергесинде өз апогейине жетсе, ири чиновниктердин "ити да чөп жеп", кудайын тааныбай калган учурга жеткирип коюшкан. Ошонун кесепетинен ишке жарактуу жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү Казакстанга, Орусияга тентип кеткен. Демек, ошол кездеги ири чиновниктердин "жоогазын революциясына" салым кошком деп айтууга моралдык укугу барбы? - деген суроо пайда болот. Мына ушулардын көшөкөр кошоматчылыгынан улам Мекенибизде үй-бүлөлүк башкаруу үстөмдүгүн жүргүзгөн эле.
Бийликти түбөлүк сактап калуу максатын койгон А.Акаев "үй-бүлөлүк" "Алга, Кыргызстан" жана "Адилет" партиялары менен ишенимдүү адамдарын депутаттыкка өткөрүп, андан кийин мамлекетти парламенттик башкарууга өткөрүүгө даярдык көрүлө баштаган. Алардын алдыдагы максатын түшүнгөн калкыбыз жер-жерлерде нааразылык акцияларын жүргүзө баштаган. Акыры 2005-жылдын 24-мартында толкуган эл 3 сааттын ичинде Ак үйдү басып алышты. Алгач күч структурасы элге каршы турду, бирок алар аягында элге ок чыгарбай, каршылык көргөзгөн жок.
Ар бир нерсенин чыдоо чеги болору шексиз. Элдин нааразылыгынын күчөгөндүгүн билген айрым чиновниктер "чөгүп бараткан кемеден жээкке качып", толкуган элге аргасыз кошулган. Ошол кездеги премьер-министр К.Бакиев Аксы жергесинде ок атууга буйрукка кол коюп, кызматынан ажыраган. Барар жери жок болгондуктан "тийсе терекке, тийбесең бутакка" принциби менен оппозицияга аргасыз кошулган. Атти-и-иң, ал мезгилде акчага кул болуп калган экенбиз, анын ким экендигин териштирбей эле оппозициянын "лидерлигине" көтөрүп барып отургузуп койдук. Акыры ал максатына жетип, мамлекеттин башчылыгын колуна алды. Мында да бардыгын анын акчасы чечип койгонун (төңкөрүшкө кошкон каражаты үчүн) элден эмнеге жашырабыз? Анын натыйжасында мурдагы үй-бүлөлүк башкаруу тереңдетилип, ага кландык башкаруу дагы кошулду, К.Бакиевдин бир туугандары аягында алакандай кыргыз жерин майда бөлүккө бөлүп, башкаруу жүргүзүштү. Ошол эле учурда алардын ар бири феодалдык мезгилдегидей өздөрүнүн "хандык" зөөкүрлүктөрүн ачык жүргүзүп калышкан. Бул 2010-жылы 7-апрель мамлекеттик төңкөрүшүнө алып келди.
Жогорудагы маалыматтарга талдоо жасаган адамдар бир чындыкты аргасыз моюнга алат. Белгилей кетели, А.Акаевдин "Литер" гезитине берген маегиндеги "2005-жылдын 24-мартындагы "жоогазын революциясы" өлкөнүн саясий турмушунда өкүм-зордуктун вирусун кеңири жайылтты, негизги маселе көтөрүлүш, төңкөрүш жана "көчө" жүрүштөрү менен гана чечилип калды" - деген сөзүн азыр эч ким төгүнгө чыгара албай калды. Себеби, азыркы учурда көпчүлүк адамдар саясий багыттарын жоготуп алгандыгы далилдөөнү деле талап кылбайт. Эски эки бийлик өлкөнүн экономикалык потециалын көтөрүүгө эмес, бийликти жана улуттук байлыкты кантип бөлүштүрүп алуу багытында күрөш жүргүзүп калгандыгына байланыштыруу керек.
Мындан тышкары, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруудан жадагандыктан калкыбыз парламенттик башкарууга өтүүгө жашыл жарык беришти. Бирок мында да элдин үмүтү акталган жок. "Эшигин көрүп, төрүнө өт" - дегендей Жогорку Кеңештин партиялык тизме аркылуу шайланышы деле коррупциянын бир элементи катары пикирди күчөттү. "Акчалууларга жол ачкан" мындай парламенттик шайлоодон кийин депутаттардын тагдырын шайлоочулар эмес, партия чечип калса, муну маңкурттар гана "демократия" дебесе, бул чынында партократиялык түзүлүштү калыбына келтирилиши эмеспи?! Бул далилдөөнү талап кылбас аксиома экендигин эске сала кетели.
"Жоогазын революциясы" бир "фигураны" экинчисине гана алмаштырды. Анын коркунучтуу терс жагы кызматынан ажырагандар эми жек-жаат, урук-туугандарын топтоп, пикет аркылуу кайрадан мансабына ээ болушуна шарт түздү. (Эмне, бул кызмат алардын аталарынан мураска калды беле?). Мажүрө бийлик алардан коркуп, пикеттен кийин аларды ошол ордуна, же ага тете кызмат берүүгө мажбур болууда. Бул жугуштуу илдет жергебизде кеңири жайылып кетти. Өкүнүчтүүсү, бул төңкөрүш "фигуралардын" ордун гана которуштуруп, эски системанын жол-жоболору өзгөрбөгөндүгүндө болуп отурат. Азыр жеке бийликтен менчик партиялардын башкаруусуна барып кептелип, ар бир партия өзүнүн "хандык" башкаруусун күчөтүүгө жан далбас жасап жатат.
Буга качан чек коюлат? Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө эң алгач стабилдүүлүктү сактоо керек. Ал эми күн сайын болуп жаткан митинг, пикеттер жалпы элдин эмес, жеке адамдын кызыкчылыгына байланышып жатса, ага бийлик чечкиндүү чара көрө албаса, анда мамлекеттин жана анын машиналарынын (мамаппараттардын, күч структураларынын жана башка уюмдарынын) зарылдыгы барбы? Иштен бошотуу, же бекитүү үчүн ар бирибиздин макулдугубузду сурап отурсак, анда адамзат мурдагыдай эле үңкүрдө жашап кала бермекпиз. Кызматтан кетирүү, же орун которуштуруу жеке адамдын эрки эмес, бийликтин негизги милдети болорун унутпасак болмок. Бар болгону баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Болбосо, "жоогазын революциясы" жугуштуу илдеттин вирусу катары кала берет.
Эртабылды АТТОКУРОВ




Жемиштүү сапар

Жаратылыш кырсыгы, элет көйгөйү, наристенин төрөлүшү жана өмүрдүн сакталышы


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Ош жергесинде Нооруз майрамын тосуп, ал ортодо, көптөн бери ачылбай келаткан Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун абалы менен жакындан таанышып, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен Нура айылынын тургундары менен жолугуп кайтканын жогорудагы бир сүйлөмгө сыйдырса болот. Бирок, окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн окуяга кыскача токтолуп өтөлү.
Кыштын оор болгонунун кесепетинен стратегиялык мааниси зор унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүп, андан ондогон адамдар набыт болду. "Миң уккандан бир көргөн артык" демекчи, Өмүрбек Токтогулович убактысынын тардыгына карабастан, алгач Ош-Сары-Таш-Эркештам жолуна сапар алды. Ал барганда жумушчулар жолду тазалап аткан экен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып транспорт министри Калыкбек Султанов жолду тазалоо иштери өтө кыйынга туруп атканын, арийне, кандай гана тоскоолдуктар жаралбасын, жол тазаланарын премьерге убада кылды. Айткандай эле, Бабановдун ошол сапарынан кийин аталган аймактын бир тарабы ачылды.
Жаратылыш кырсыгынын залакасы жол каттамдарына гана эмес, жай турмушта күн кечирип аткан адамдарга да тийгизди. Алсак, Нурадагы бир үйдү кар көчкүсү басып калып, жыйынтыгында тогуз жашар кыз мерт кетти. Жума башында өткөн мекемелер аралык жыйында Өмүрбек Токтогулович шейит кеткен кыздын үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан кам көрүлөрүн убада кылган болчу. Башбакан бул сапарында дал ошол кыздын ата-энесине жолугуп, жарактан чыккан үйдүн ордуна коопсуз жайда үй салынарын, ага кеткен чыгымды өкмөт өз мойнуна аларын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар премьерге көйгөйлөрүн айтып алганга жетишишти. Алардын кабарлашынча, Нура айылында медпунктун абалын жакшыртып, керектүү дары-дармек, медициналык жабдыктар менен камсыздоо зарыл экен. Муну уккан өкмөт башчысы элеттиктердин көтөргөн маселеси жерде калбай, бардыгы чечилерин, ошондой эле мал чарбасы үчүн абадай зарыл болгон жем-чөп өз убагында жеткирилерин баса айтты.
Ө.Бабановдун мындай батыл кебине ыраазы болгон тургундар анын 1 -вице-премьер кезинде Нурадагы жер силкинүүсүнөн улам жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө зор көмөк көрсөткөнүн эскеришти. Ошондой эле мындан аркы ишине ийгилик каалап, өкмөттү татыктуу жетектеп, өлкөнү өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртууга тилектештигин билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө Өмүрбек мырзаны эки кызык окуя коштогонун айта кетпесек болбос. Жергиликтүү тургундардын бири башбаканга неберелүү болгонун сүйүнчүлөп калбаспы! Карапайым адамдын кубанычын тең бөлүшүү үчүн Бабанов дароо төрөтканага барып, ымыркайдын ата-энесине жолугуп, наристеге чын жүрөгүнөн чыккан каалоо-тилегин айтты.
Өкмөт курамы кайтарда экинчи окуя орун алды. Вертолётко мына отура берерде, бир аял өтө оор абалда экенин уккан Бабанов аны өзү менен кошо ала келди.
Болот КУБАТ