Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Убактылуу дегениң ушундай экен
Уулуу көмүр менен чуулуу өмүр жараткан Аскарбек Шадиев "акмын" деген арманын айтып бүтпөй жатат. Ал ортодо Аман Тентиевге кылмыш иши козголуп кетти. Ал жигит дагы апакаймын деди. Эми булардын кимиси ак, кимиси кара экенин сот чечет дечи. Бирок, Аскарбектин акталып чыксам кайра кызматыма барам дегени кызык болуп жатат. Эмне, бул мамлекеттик кызматты ал менчиктештирип алганбы же энергетика министрлигин аркалай ала турган эр азаматтар табылбай калганбы? Баш бакан Бабанов бир ирет ушундай ыкма аркылуу кайра кайрылып келди эле, эми бул дагы ошондой оюнду уланткысы келип жатса керек. Өткөндө бир экс-министр менен жолугуп калсам айтып жатат, "мен азыр өкмөттө мүчө болсом Аскарга барып айтмакмын, бардыгыбызды жаманатты кылбай кызматыңды тапшырып кетпейсиңби, жалгыз сенин айыңдан жалпыбыз жаман сөздөрдү угуп жатабыз" деп. Калет жок, калыстык сөз. Дегеле ушул өкмөт " убактылуу" дегенди токтотушу керек. Ушул сөздүн "У" арибин алып койсоң эле "бактылуу" болуп калат экен. Андыктан убактысыз кылып бошотушубуз керек, эгер бошото турган болсок.

Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасын тескемей болду
"Ар-Намыс" фракциясы 23-марттагы жыйынында өз каалоосу менен Айыл чарба министри кызматынан баш тарткан Сапарбек Тынаевдин ордуна айыл чарба министринин кызматына талапкерлерди шайлоо маселесин карап, 7 талапкерлердин арасынан 13 добуш менен 1964-жылы Ысык-Көл областында төрөлгөн, адиси боюнча агроном-мелиоратор Аскарбек Жаныбековду шайлашты. Шайлоо жабык бюллетень аркылуу жүргүзүлдү. Эми А.Жаныбековдун талапкерлиги премьер-министр Ө.Бабановго сунушталат. Премьер-министр 3 күндүн ичинде чечим чыгарып, палатага сунушташы керек.
Айтмакчы, дагы кадрдык дайындоолор орун алып, Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Гүлнара Дербишева, Кыялбек Мукашев Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалышты.

Сүйүн "сүзгөндөн" бери созулуп калды
Камчыбек Ташиев 4-мартта Ош шаарында болгон оппозициянын митингинен кийин түштүккө мурдагыдай шатыра-шатман кирип барчу адатын калтырыптыр. Оштогу ошол митингден соң Ош облусунун ИИБнин башчысы Сүйүн Өмүрзаков Камчыкени кабыргасын бир топ эле кайыштырып койгон окшойт, Жалал-Абадга билинбей келип, билинбей кетип калыптыр. Айтор баягы бакырчаак "баладан" дайын жок. Акча жагынан да, атак жагынан да аксап калган көрүнөт, 16-мартта укмуштуудай митинг өткөрөм деп анысынан дайын жок болду. Эми да жаны тынбай 31-мартта Баткенде 20 миң киши чогултам деп турат, байкап туралык…

Жогорку Соттун кереги жок, Жогорку Кеңеш турганда
Атагы аз, чатагы саз депутат бар эмеспи Исхак Пирматов деген. Ал жигит "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеп турган маалда каржылык мыйзам бузуу фактыларына барып, өкмөткө өтө чоң суммадагы зыян келтиргенин депутат Өмүрбек Текебаев өпкөсү кагылганча какшаган. Өмүкенин айткандары себеп болдубу же дагы кайсы бир далилдүү документтер себеп болдубу, айтор, ага карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголот. Атургай, анын кол тийбестигин алып салуу боюнча парламентке сунуш жолдонот. Ал сунушту "Ата мекен" партиясы колдоп чыкса, "Республика" партиясы өз өкүлүн коргоп чыгат. Натыйжада азыркы парламенттин адаты болуп калган депутаттык комиссия түзүлө калат. Мына ошол беш фракциянын депутаттары кирген комиссия, "депутат Исхак Пирматовго тагылган айыптар тастыкталган эмес, ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон" деген корутунду чыгарат. Ап бали, мыйзам чыгаруу бийлиги болбосоң коё кал! Кылмыш иши мыйзамдуу козголдубу же мыйзамсыз козголдубу аны бир гана сот бийлиги аныктарын эске алсак, мыйзам чыгаруу бийлиги сот бийлигинин ыйгарым укуктарын узурпациялап алганына күбө болобуз. Президент коррупцияга каршы күрөштү колдоп жатса, парламенттин коргоп жатканы эмнеси? Эгер парламент Башкы прокуратуранын сунушун четке какса, анда Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү четке кагылды десеңер болот. Эми Салянованын сунушу суу кечпей калса, албетте, ал айым отставкага кетиши керек болуп калат.


Канат Сыдыков:

"Дүйнө чемпиону болгум келет"


22-марттан 25-мартка чейин Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрү болду. Мында өлкө намысын коргогон кыргызстандык 18 спортчудан мурда спорт чебердигине талапкер Канат Сыдыков үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
- Мелдеш кандай деңгээлде өттү?
- Мелдештин деңгээли өтө бийик болду. Өзүңөр көргөндөй президентибиз Алмазбек Атамбаев өзү келип ачылышын ачып берди. Дүйнөлүк мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өтүп атат. Уюштуруу иштерине чет өлкөдөн келген баардык оюнчулар ыраазы болуп атышты.
- Үчүнчү коло байгеге ээ болом деп ойлодуң беле? Максатың кандай эле?
- Максатым биринчи орун болчу. Үчүнчү коло байге бул Кудайдын буйруганы. Ушуга да ыраазымын.
- Аябагандай курч таймашта Александр Чепиков финалга чыкты. Аны жеңип алууга мүмкүнчүлүктөр бар беле?
- Мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бир кемчилигим аябай чарчап калдым. Дүйнөдөгү эң узун оюн биздики болду. Алты жарым саат ойнодук. Эгер чарчабаганда Чепиковду утуп алууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу.
- Бильярд менен канча жылдан бери машыгып келесиң?
- Тогуз жылдан бери.
- Өзүң жөнүндө айта кетсең, каяктын кулунусуң, ушул деңгээлге жетишиңе кимдер таасир берди?
- Өзүм Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылынан болом. Ушундай деңгээлиме жетишиме ата-энем жана машыктыруучум Дүйшөбаев Каныбектин салымы чоң. КУУда биринчи курста окуйм.
- Алдыга койгон негизги максаттарың?
- Негизги максаттарым, үчүнчү орунду алдык, биринчи кадамды жасадык, эми биринчи орундарды алганга аракет кылыш керек. Кыргызстандын желегин желбирете бергенге болгон аракетибизди кылабыз.
- Каныбек Сагынбаев, Каныбек Сагындыков сыяктуу дүйнө чемпиондору чыккан да. Бизден дагы мыкты жигиттер чыгаарына ишенесиңби?
- Ишенич бар. Биздин федерацияда мыкты ойногон жаш балдар көп. Кудай буйруса бир жылдын ичинде Кыргызстандын командасы эң бийик деңгээлде мыкты команда болооруна ишенем. Көзүм жетет.
- Каныбек Сагынбаевдин утулуп калышынын себеби эмнеде деп ойлойсуң?
- Каныбек биринчилерден болуп ушул мелдешти Кыргызстанда өткөрөбүз деп демилге көтөрүп, ошону уюштурду. Ага чоң рахмат. Ошонун мээнети, эмгеги менен бул мелдеш бизде өттү. Ал акыркы эки ай буту бутуна тийбей чуркап жүрдү. Даярдыгы аз болуп калды, ошонусу менен уттуруп койду окшойт. Антпесе Каныбек деген Каныбек да.
- Дүйнө чемпиондорунан үлгү ала турган жагдайлар болдубу?
- Албетте болду. Көп жагдайлар болду.
- Кимдердин оюну жакты?
- Мага Юрий Пашинскийдин оюну жакты, анан Никита Ливаданын, Тарновецкийдин оюндары жакты. Анан албетте өзүмдүн оюндарым жакты.
Кабыл Макеш "Азаттык"


"Республика", КСДП жана "Замандаш" алдыга чыкты
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 25-мартта шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү. Ага "Республика", "Ар-намыс", "Замандаш - современник", "Ата Мекен", КСДП жана "7-апрель жаштар кыймылы" болуп алты партия, 11 шайлоочулар тобу катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, 16 участканын 16сынан (100%) келген маалыматка караганда шайлоочулардын жалпы тизмесинен алганда 9700 адам же 45, 59% адам шайлоого катышты.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, "Республика" партиясы үчүн добушун 1 243 шайлоочу берген, бул 12,81 пайызды түзөт. КСДП 1 212 добушка ээ болуп, 12,49 пайызды камсыз кылган. "Замандаш - Современник" партиясы 1 051 добуш алып, 10,84 пайыз, "Ата Мекен" 844/8,7 пайыз, "Кыргызстан жаштар кенеши" 641/6,61 пайыз, "Данакер" 524/5,4 пайыз, "Баястан-жыргал kg" 511/5,27 пайыз, "Кумтөр элдики" 497/5,12 пайыз, "Айкөл" 467/4,81 пайыз, "Адилет" 450/4,64 пайыз, "Ар-Намыс" 449/4,63 пайыз, "Мугалим" 369/3,8 пайыз, "Союз коммунальщиков" 332/3,42 пайыз, "Афган" 283/2,92 пайыз, "Бакубат Балыкчы" 242/2,49 пайыз, "7-апрель жаштар кыймылы" 236/2,43 пайыз, "Тазалык" 227/2,34 пайызга ээ болушту. Ал эми баарына каршы 75 добуш берилип, бул 0,77 пайызды түзгөн.

Кыргызстанга Роберт Блейк келет
Кыргызстанга 1 -3-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк келерин АКШнын Мамлекеттик департаменти маалымдады. Маалыматка ылайык, Роберт Блейк Кыргызстандын бир катар өкмөт мүчөлөрү менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзөт. Серепчилер Роберт Блейктин сапары "Манаста" жайгашкан АКШнын Транзиттик борборунун келечеги тууралуу да сөз болот.
Эске сала кетсек, буга чейин 13-мартта Бишкекке АКШнын коргоо министри Леон Панетта келип, Кыргызстан коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Транзиттик борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү жүргүзүп кеткен. Бул жолугушуу туурасында Б.Табалдиев Леон Панетта 2014-жылдан кийин базанын тагдырын чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн апрелде эксперттик топ келерин, ошолор сүйлөшүүлөрдү баштай турганын билдиргенин маалымдаган.

Бишкек-Ош унаа жолу толук ачылды
Бишкек - Ош унаа жолу 26-мартта эртең мененки саат сегизде толугу бойдон ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда экени эскертилди. Учурда дале болсо тоо этектериндеги карды артиллериялык курал менен атайылап атып көчүрүү иштери улана берери айтылууда. Эске сала кетсек, тоолуу аймактарда кар көчкүдөн үч күндүн ичинде, 17 -20-мартта тогуз адамдын өмүрү кыйылып, 20-мартта Бишкек - Ош унаа жолу толук жабылган болчу.