Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Базардагы "бардак"
Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан айтылуу RIOM автобазарында соода-сатык кызуу жүрдү. Соодасы курусун, автобазар жайгашкан стратегиялык мааниси зор кан жолубуз кадимки базарга айланып, жолдун эки тарабы тең унаага толуп кетти. Ары-бери каттагандардын шору шорподой кайнап, бир заматта өтүп кетчү жерден бир далай убактысын коротушту. "Жолдогу базар" Заря базарынан баштап, дээрлик МАИ постуна чейин уланыптыр. Башбакандын базарындагыларга тийишпейли дешкенби демейде ала таягын көтөрүнүп алып, ары-бери чапкылап жүргөн жайнаган МАИчелерден дайын жок. Же бул башаламандыкты базардын башчылары тескеп койгонго жарабаптыр. Эске сала кетсек, "RIOM" премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жана жубайы Ританын ысымдарынын баштамгаларынан куралган.

Кимге кайран, кимге майрам күн…
Өткөн ишемби күнү аз-маз майрамдалымыш эткен 24-март ыңкылабынын күнү айтылуу генерал Абдыгул Чотбаев үчүн өтө оор эскерүүлөргө толгон жагымсыз күн экенин кайсы бир маалымат булагына кабарлады. "24-марттагы окуяны күч структураларынын чечкиндүү уюшкандыктагы аракеттери менен алдын алсак болмок. Бирок экс-президент Аскар Акаев андай каардуу жолго баруудан баш тарткан. Мен ага өз элин аттырбагандыгы үчүн ыраазымын. 2005-жылдын мартына чейин Кыргызстан жай бирок алдыга, өнүгүү жолунда бара жаткан. Андан кийин башка жолго түштү" - деп арманын айтыптыр. Айтканында калет жок деңизчи бирок, өнүгүү жолунда баратканыбыз чындыкка анча коошпой калды. Ал кезде Акаевдин Бермети менен Айдарынын алкымы ачылып, каалаган бизнесин тартып алып, элди эл дебей, көздөрү май басып, өлкө байлыгы менен капчыгын кампайтып атканы ачуу чындык эмеспи…

Кабинетине кирип барышат экен
Кыргызстандын ар кайсы бурчунан чогулган "Апрель баатырлары" өткөн жумада маалымат жыйынын өткөрүштү. "Айрым коррупцияга малынган депутаттар бүтүндөй мамлекеттик башкарууга кедергисин тийгизип, тоскоолдук жаратып атышат"-деп нааразы болушту. Эгер элдин ой-тилеги бийликке жетпесе, активдүү аракеттерге өтүшөөрүн айтышыптыр. "Тынч митингдерди, акцияларды өткөргөнгө акыбыз бар. Керек болсо коррупцияга белчесинен баткан, иштегенге тоскоолдук жаратып аткан депутаттардын кабинетине кирип барып, бетине болгон чындыкты айтабыз"-дейт алардын арасындагы А. Эсенбеков дегени. "Апрелчилердин" октон, оттон коркпогон баатырдыгын 2 жыл мурун бир көрдүк эле, деги абайлагылачы парламенттин паракорлору!..


Акылбектин "паспорту" аброюбузду кетирди
23-март, жума күнү өз эрки менен отставкага кеткен Айыл-чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаевдин ордуна талапкерлерди тандоо учурунда министрдин учурдагы орун басары Кубат Касеинов Акылбек Жапаровдун койлорго паспорт алып берем деген бир кездеги сөзү Айыл-чарба министрлигиндегилердин аброюн эмдигиче түшүрүп атканын кабарлады. "Акылбек Жапаровдун малдарга сүрөтү менен паспортторду беребиз деген демилгеси өзүнүн аброюн кетирбестен, Айыл-чарба министрлигинин кызматкерлеринин аброюн түшүрүүдө. Айыл-чарба министрлигине жарандар паспорт бересиңерби деп кайрылып, бул сөздөрдү тамашага дагы айландырып жатышат" - деп жаңы министрди тандап атышкан "Ар - Намысчыларга" арманын айтып алды. Чынында эле Акылбек Жапаровдун акылга сыйбаган бул демилгеси айыл-чарба кызматкерлеринин гана эмес, учурунда бүтүндөй кыргыз калкынын аброюн түшүргөн. Араң турган айрым коңшуларыбыздын маалымат агенттиктери "кыргыз бийлиги койлорун паспорт менен камсыздайт" - деп шылдыңы көп, мазактаган макалаларын жаадырып алышкан.


"Эл өкүлдөрү адам укуктарына кош көңүл мамиле жасашат"
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети уюштурган парламенттик угууда акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин депутаттары адам укуктарын коргоо маселесине кош көңүл мамиле жасап жатканын сынга алды. Ошондой эле, ал өткөн жылы Акыйкатчы институтун ар кандай деңгээлдеги 17 комиссия текшергенин, Жогорку Кеңештин депутаттары эле үч башка комиссия жибергенин, алардын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттеги талкуу жүргөндө эки жолу добуш берүү болгонун, мындай аракетти ишине бут тосуу катары кабылдаарын айтты.
Белгилей кетсек, Конституциянын 74-беренесине ылайык, Акыйкатчы жылдын 1-апрелине чейин өткөн жылдагы адам укуктарынын абалы тууралуу докладды Жогорку Кеңештин кароосуна коюшу керек. Мындан улам, жогорудагы аты аталган комитетте Турсунбек Акун "2011-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө" Акыйкатчынын ар жылкы докладын тааныштырды. Жыйында бир гана депутат отургандыктан Турсунбек Акун: "Эл өкүлдөрү адам укуктарына кош көңүл мамиле жасайт" - деп сынга алып, жалпы жыйында докладды тааныштырууда 61 депутат катышпаса доклад окубай турганын айтып агынан жарылды.


Европадагы эски кызматына кетеби?
Илгери Бакиев кызматтан айдагандан бери ишсиз жүргөн Аликбек Жекшенкуловдун ойлогону ордунан чыгып, акыры бекерчиликтен кутулганы калды. Биздеги маалыматка караганда дипломатиялык дарамети күчтүү Аликбек мырза илгери Акаев учурунда иштеп кеткен Кыргызстандын ЕККУдагы элчилигине ишке орношкону турат. Эскерте кетсек, Аликбек Жекшенкулов тээ 2003-жылдары Австриядагы, Словакиядагы жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенип кеткен.


Аскер бөлүгүндө мушташ чыгып, 16 адам жабыркады
Бишкек шаарына жакын жерге жайгашкан аскер бөлүгүндө массалык мушташ болуп, 16 катардагы жоокер жабыркады. Мушташка бардыгы болуп 30 жоокер катышып, натыйжасында 16 адам ар кандай жараттар менен санитардык бөлүккө келип түшкөн.
Окуя "дедовщина" көрүнүшүнүн айынан чыгып, дем алыш күндөрү болуп өткөн.
Фабула -пресс