Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Аштык ичкен арыбайт,


Актык ичкен карыбайт"


Кыргыз эл макалы

Сүт тамакты жибитет…
Сүт- кыргыз элинде ак деп саналат жана эң ыйык тамактардын бири катары жогору бааланат. Биз өз турмушубузда колдонуп жаткан сүттөр кубаттуулугу жагынан бири-биринен айрымалангандыктан ар бир жаныбардын сүтүн өзүнчө кароо оң.

Кой сүтү
Койдун сүтү башка жаныбарлардын сүтүнө салыштырмалуу бир аз коюу келет жана өзүнөн мүнөздүү даамы, жыты болот. Кой сүтү пайдалуу заттарга мол. Майлуулугу 6 пайыздан жогору. Бирок койдун сүтүн азыркы учурда биз көп колдоно бербейбиз. Койдун сүтүнөн да жуурат, эжигей, быштак, каймак жасаса болот.

Уй сүтү
Сүттөрдүн ичинен эң эле көп пайдаланганы жана жагымдуусу, ошондой эле эң мыктысы уйдун сүтү. Уйдун сүтүнүн майлуулугу 2, 5 пайыз. Ал эми белок жана пайдалуу заттары 4-5 пайыз, ферменттер, витаминдин баардык түрлөрү, минерал туздар, микроэлементтер жана сууну кошкондо уйдун сүтүндө жалпысынан 87 пайыз аш болумдуу, адамдын организмине пайдалуу заттар бар.

Эчкинин сүтү
Эчкинин сүтү составы жагынан уйдун сүтүнө жакын. Майлуулугу 4,5 пайызга дейре. Эчки сүтүндө белок, минерал туздар, витаминдер абдан көп санда. Ошол себептен эчкинин сүтүн чийки ичкендер көп ооруга чалдыкпайт. Дагы айта турган нерсе эчкинин сүтү адамга да жагымдуу. Өзгөчө каймагы даамдуу болот.

Төөнүн сүтү
Өзгөчө даамы бар төөнүн сүтүндө бардык аш болумдуу заттар менен бирге фосфор кычкылтеги жана кальцийдин тузу көбүрөөк. Андан айран, төө кымызы жасалат. Кальций жетишпегендер ичсе жардамы чоң. Бирок бизде төөнүн сүтү дээрлик колдонулбайт.

Топоздун сүтү
Топтоздун сүтү майлуулгу менен уйдун сүтүнөн айрымаланат. Ошондуктан аны көптөр иче албайт. Өзгөчө дарты барлар.

Бээ сүтү
Бээнин сүтү бизде эң көп колдонулат жана дарылык касиети бар болуп саналат. Бээ сүтүндө азоттун ар кыл кошулмалары 2 пайыз, өзгөчө С витамини көп. Мындан сыркары А, В1, В2 витаминдери да кездешет. Булардан бөлөк темир, жез, марганец, кольбат сыяктуу организмге эң зарыл болгон пайдалуу микроэлементтер, фосфор, кальции сыяктуу минерал заттар бар.
Айрым маалыматтар, Т Бөрүбаевдин
"Кыргыз дамы" китебинен алынды.
Даярдаган Жаркынай Кадыркулова