presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чачыла…
Айпери сынакка даярданууда…
Өзүнүн таланты менен сахнадан өз ордун таап, аз убакыттын ичинде аздыр-көптүр күйөрман топтоого жетишкен айтылуу "Кыз - Бурак" тобунун мурдагы солисткасы Айпери Сыдыкова бала багып энелик милдетин аткаруу менен бирге чыгармачылык жаатта да иш алып барууда. Тактап айтсак, учурда ырчы айымыбыз жаңы ыр жаздырып, ал ырына аранжировка жасатууга бел байлоодо. Мындан сырткары май айында боло турган мамлекеттик сынактарга да даярдык көрүүдө. Себеп дегенде, Айпери быйыл Ош мамлекеттик университетинин акыркы курсунда окуп жаткан. Быйыл дипломдук иш жактап, дипломун колго алганы турат.


Эрнест уулу Санжар тозоктун жолун табат…
"Боз салкын" тасмасы менен эл оозуна алынып, андан бери бир топ мыкты тасмаларды тарткан белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар Абдыжапаров да атасынын жолун жолдоп тасма жаатында жүргөнүн баарыбыз эле жакшы билебиз. Ушул кезге чейин Санжар бир канча кыска жана толук метраждуу фильмдерди кино сүйүүчүлөргө тартуулап келген. Эми болсо, "Тозокко карай жол" деген тарбиялык мааниси аябай зор кино тартууда. Бул кино аркылуу режиссёр коомчулукка аз да болсо туура жол көрсөтүүнү максат кылат. Учурда фильмдин көпчүлүк бөлүгү тартылып бүтүп калды. Буюрса, жакынкы күндөрү тозоктун жолу кайда экендигин Санжардын тасмасы аркылуу көрмөкчүбүз.


Айперинин ушак ээрчигенде…
Көптөгөн мырзалардын арзуусуна арзыган жаш эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы кайсы бир гезитке "көңүлүмө жаккан мырзаны таптым"- деп маек берсе, аны сенсация издеген бир телеканалдын журналистти "Айпери турмушка чыкты"- деп жар салып, натыйжада Кубик Калыковду ыңгайсыз абалга калтырыптыр. Ушул сөздүн чын - бышыгын билүү үчүн Кубик мырза менен байланыштык "Биз, "Ак -Өргө- Сити" командасы менен азыр Баткенде гастролдо жүрөбүз. Айпери турмушка чыкпай эле, менин жанымда. Жалган маалыматты таратып жиберишип, туугандарым мага нааразы болуп жатышат. Калп сөздүн кесепети биздин турнеге да терс таасирин тийгизип жатат. Дагы 20 күндүк концертибиз бар. Ушул кантип болсун. Шаарга барганда, ушундай калпты чыгарган адамдар менен сүйлөшөм. Сенсация деп эле жалганды чын кылыша береби"- деди калп маалыматты тараткан журналисттерге ачуусу келген ырчы.


Эркиндикти эңсеген Жумагүл…
"Бир келип кетчи Ош жакка" деген ыры менен таанымал боло баштаган, жаш эстрада ырчысы Жумагүл Райымжан кызы учурда жаңы жаздырган "Эгемен элим" деген ырына клип тарттырууга даярдык көрүүдө. Аталган ырга клипти апрель айынын башынан тарта баштамакчы. Клипте кыргыз элинин азаттыгы, эркиндиги чагылдырмакчы. Дагы айта кете турган нерсе, кар эрип, жол ачылса ырчы кызыбыз борборго келип, жаңы ырларды жаздыруу менен бирге кызыктуу сүрөттөрүн гезит беттерине берип кетмекчи. Анда күтө туруңуз. Жакында Жумагүлдүн сырдуу сүрөттөрүнө күбө болосуз.


Добр гастролдо…
Кыргыз жигиттеринин намысын ойгото турган патриот темадагы ырлары менен эл оозуна алынып келе жаткан рэпер жигитибиз Добр учурда Кыргызстандын жети облусун кыдырып жеке концерттин берип жүргөн кези. Рэпер жер кыдырууну ушул жылдын биринчи айында эле баштаган. Тактап айтсак, январь айынан тарта түндүктү түрө кыдырып концерт берип, эми кезек түштүк тарапка келиптир. Жакында эле Талас жергесинен гастролдон кайткан Добр, бир аз эс алуудан соң Кыргызстандын экинчи борбору Ошко сапар алмакчы. Андан кийин Баткен, Жалал-Абад облустарына чейин бармакчы.


"Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем-2" көрсөтүлөт…
Көптөгөн жаш, өзгөчө бойдок селкилердин бүйүрүн кызыткан "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" тасмасы апрелден тарта кайра кинотеатрлардан көрсөтүлө баштамакчы. Ал эми көптөрдү күттүргөн тасманын 2- бөлүмүнүн сценарийи учурда даяр болуп, жер көгөрөрү менен алгачкы эпизоддору тартыла баштамакчы. Тасманын экинчи бөлүмү биринчисине караганда кызыктуу болорун тасманын продюсерлери айтышууда. Баса, тасманын биринчи бөлүмүндө башкы каармандын ролундагы Бегимай тасмадан соң эле турмушка чыгып кетти эле, бул сапар кезек кимдики болду экен…


Бегимай эс алуудан бошобой…
Назик үндүү, суйкайган сулуу Бегимай өз теңин таап турмуш жолуна аттангандан бери чыгармачылыкка колу тийбей келет. Жаңы келин болуп барган ырчы кызыбыз, келиндик милдетин аябай катуу аткарып жаткан го десе, жолдошу менен эс алып, жашоонун ыракат көрүп жүрүптүр. Дегеним, жаш жубайлар жакында эле Дубайга барып, эс алышып кайтышыптыр. А Бегимайдын сахнага качан кайтары азырынча белгисиз. Демек, ырчы айымдын күйөрмандары аны көпкө күтүшөт көрүнөт. Азырынча Бегимайдын эс алуудан колу бошобой, чыгармачылыкка чолосу тийбей жаткан окшойт.


Калыс фестивалга барат…
Сахнага эртелеп аралашып, жаштайынан чыгармачылыктын түйшүгүн тарта баштаган жаш эстрада ырчысы Калыс Жакыпов окуу менен алек болбостон жакында Турцияда өтө турган жаштар арасындагы фестивалга да даярдык көрүүдө. Бул фестивалга Калыс "Сейтек" борбору менен бирге бармакчы.
Эмне дейбиз, чыгармачылыкка кадам таштап, алдына чоң максат койгон жаш ырчыга ийгилик жана талбас эмгек!


"Аят" айылдайт…
Башында актёрдук өнөрдү кесип кылып, андан кийин режиссёрлукка кадам таштап, тасма тартуу жаатында да өзүн сынап көргөн "Аят" тасмасынын режиссёру, жаш талант Азамат Арыков өзүнүн тарткан тасмасы Кыргызстанда гана көрсөтүлбөстөн, чет жерде жүргөн жарандарыбызга да жетсин деген максатта апрель айынан тартып "Аят" тасмасын Россиянын кыргыздар иштеген шаарларына коюуну пландоодо. Албетте, коомчулукту туура жолго багыттай алган, патриоттук духу бар тасмаларды бүтүндөй жарандарыбыз көрүп, ошол тасмадан сабак алышса жакшы болмок.

Жаркынай Кадыркулова




Күмүш сырга…

Эртең жаңыланган улутук консерваториянын ачылышы болот


Кыргыз мамлекетинин сыймыгы болгон Кыргыз улуттук консерваториясынын түзүлгөнүнө жыйырма жылга жакындап калды. Белгилүү болгондой улуттук консерваториянын түзүлүшүнүн өзүнчө бир чоң тарыхы бар. Бул консерваториянын түзүп, түптөөдө чоң кыйынчылыктар болгону жалпыга маалым. Ал кыйынчылыктарды консерваториянын негиздөөчүсү, кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири, айтылуу композитор Муратбек Бегалиев татыктуу жеңип чыгып, консерваторияны бутка тургузуп, кыргыз мамлекетинин сыймыгына айлантып койгонун эч ким тана албас. Жыйырма жылга жакын убакыттун ичинде бул жогорку окуу жайдан жыл сайын 100дөгөн таланттар тарбияланып чыгып, кыргыз маданиятына, кыргыз музыкасына чоң салым кошуп жатышат. Андан тышкары, элибизге мурда-кийин ысымдары белгилүү болуп калган кыргыз музыкасынын өкүлдөрү да терең билим алып, өз чеберчиликтерин арттырып, деңгээлдерин жогорулатып жатышат. Муну менен бирге кыргыз музыкасынын сапаты артып жатканын айтсак болот. Кыргыз таланттарына мына ушундай шартты түзүп берүүнүн өзү чоң эмгек эмеспи.
Шарт демекчи көзгө басар улуттук консерваториянын шарты мурункудан да жакшырды. Мындайча айтканда, экономикалык оорчулукка карабастан кыргыз улуттук консерватория толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, толугу менен жаңыланды. Бардыгы заманбап шартка ылайыкталып жасалды. Баса белгилеп айта кете турган нерсе, консерваторияда 500 орунга жакын концерттик зал ачылды. Албетте консерваторияны мынчалык жогорку деңгээлге чыгарууга кыргыз бийлигинин кошкон салымы чоң. Ушундан улам эртең саат 17.00 дө боло турган жаңыланган консерваториянын ачылыш аземи мамлекеттик маанилүү иш чаралардын бири болуп калат десек жаңылышпастырбыз. Себеби, бул иш - чарага экс-президент Роза Отунбаева (айтмакчы, Отунбаевага консерваториянын ардактуу профессору наамы ыйгарылары күтүүлүдө) президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий адамдар жана алыскы жана жакынкы мамлекеттерден да ардактуу коноктор келип катышат экен. Бул тууралуу макалабызды кийинки саныбызда толук бермекчибиз. Анда эмесе, кыргыз маданиятына, кыргыз музыкасына кайдыгер карабаган бардык инсандары жаңыланган консерваториянын ачылыш аземине барып катышып кетсеңиздер болот!
Эсен Абдыкадыров






fabula





??.??