Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке):

"Элүүгө чыкканың түйшүк турбайбы…"


- Илгери Шакем экөөбүз элүүгө чыкканда: "Ии, элүүгө чыккан кандай болот экен?"- деп куттуктамыш этип, аның шылдыңды такымдап турганы эсимде… Ии, элүүгө чыккан кандай болот экен?
- Элүүгө чыккан чынында эле башкача болот экен. Силер элүүгө чыкканда биз жаш экенбиз он эки жашка. Анда биз өзүбүздү эле ойлоп жүргөн турбайбызбы. Андан бери он эки жыл өтүп кетиптир, бала- бакыра чоңоюптур. Аларды кайсы окууга киргизебиз, дагы эмне кылабыз деп баш катырып турганыбыз. Элүү жаш дегендин бир сыры да ошондо го. Болбосо, баскан- турганыбыз, чуркаганыбыз баштагыдай эле.
- Баскан- турганыңа түшүнүп жатам, а чуркаганыңды түшүнө албай…
- Ошол, чуркаган деген эле ошол, балдардын түйшүгү менен чуркайбыз да. Өзүбүз үчүн чуркаган убакыт өтүп кеткен тура…
- Макул ишендим. Ошондо балдардын тагдыры кай жолдо?
- Улуу кызым Мейкин финансы техникумун бүтүп, азыр университетте сырттан окуп жатат. Ага жакшы жумуш таап берейин дейм, ошол жагы чечилбей жатат.
- Ушул маекти окуган досторуң бир нерсе кылар… Андан кийинкисин айт?
- Кийинкиси Керимсел. Буюрса, быйыл мектепти бүтөт. Журналист болом деп талпынып турат. Эми аны эптеп өткөзүп алышым керек.
- Апбали, мунуңду да дос мугалимдериң окуса экен…
- Калган кыздарым мектепте. Мектеп демекчи, ал жерден мугалимдер күндө акча сурайт. Ушундай болот экен элүүгө чыккан турмуш… Эл ойлошу мүмкүн бул юмор жазганына караганда жыргап жашап жатат деп. Жок, андай эмес.
- Мен сени жыйырма жылдай билсем да ушуга чейин сурабапмын, "Кимбайке" деген каймана атты кайдан тапкансың?
- Үч- төрт жаштагы кез. Айылда бир мугалим бар эле кол эмгектен берген. Аты Абылакат деген агай. Ошол агай мени көчөдөн көргөн сайын "Эй, Кимбайке" деп күлүп учурашчу эле. Анан мен барып үйдөн сурайм да "жанагы байке мени эмнеге "Кимбайке" дебатат деп. Көрсө, мен ошол агайдын атын таппай "жанагы кайсы байке эле, ким байке эле" дечү турбаймынбы. Аны угуп калган агайым ошондон соң "Кимбайке" деп атап алган.
- Бул каймана атты качантан колдоно баштадың эле?
- "Асабага" кирип иштеп жүргөндө "Урумке" деген каймана атты колдончумун. Ал атам Урумкалыйдын атынан болчу. Кийинчерек айылдагы иним Төлөбек жанагы Кимбайке дегенди эске салды. Мен чыныда эле унутуп калган болчумун. Сени Абылакат агай Кимбайке дечү эмес беле деп эстеткенден кийин ошол каймана атты биротоло алдым окшойт.
- Төкө, мен билгенден сен юморуң менен сатираңды, тарткан сүрөтүңдү одоно айтканда "сокур ит бок жалаганча" эле бүтүрөсүң. Бул талантпы?
- Бат тартып койгонум, биринчиден, колдун ыгында эмес, техникасында эмес дегеним, ойдун ыгында болот. Оюң жетип турса, тарта коюш дал ошол техниканын иши. Демек, биринчи орунда ой турат экен да. Жазганда деле ошол, оюң толуп турса, ошол ойдун жоокери болсоң, дайым ошол жерден төш тосуп, негизги нерсе- уюткусу даяр болуп турат. Анан колу- бутун чыгара коюш дале болсо техниканын иши. Анткени,мен өзүмдүн жанрымды баягы бир жакты көздөй кеткен машиналар сыяктуу сезем. Ошол жолумда светофорлор жана да жол тосуп суксуңдап турган гаишниктер аз болот экен. Тозгон күндө деле токточудай эмесмин!
- Сенин тарткан шарждарың толтура. Анан таарынгандар канча болду экен?
- Эми андайлар болот. Бирок, түз келип ачык айтпайт, тымызын жек көрөт болуш керек. Анткени, искусствого таарыныш уят да өзү. Себеп дегенде мен деле бирөөнү ачыктан ачык келекелеп сүрөт тартпайм, баары бир искусствого такайм. Сүрөт бир күндүк болуп калбаш керек, көпкө калыш керек. Бул искусствонун бирден бир мыйзамы. Аны бузсаң түз эле өзүңө тийет.
- Илгери сени чыгармачылыгыңа керектүү көрүнүштөрдүн баары бар эле. Азыр анын баары эле чыныгы турмуш болуп алды көрүнөт. Буга эмне дедиң?
- Сатира үчүн материал дайыма болуп турат, бышып турат. Үзүп алып гана жей беришиң керек. Кээде ошондон үзүп жегенден да эринебиз. Турмуш дегениң кайра эле айланып келе берет экен. Бир аз өзгөргөнү менен мазмуну бирдей болуп келе берет, бирөө кетсе аны башка бирөө алмаштырат. Сатира жазгандан терс каармандар оңолуп деле кетпейт. Ошол сатираңды окугандан кийин мурдагыдан куу болуп алышат. Кайра туруп өзүңдү шылдыңдайт. Жашоодо алар сени шылдыңдайт, сен аларды чыгармаңда шылдыңдайсың. Ушундай баланс.
- Төкө, сен бу турмушту сатириктин көзү менен карайт эмессиңби. Ушул азыр, кандай турмуш?
- Эми Баке, ушул жерден баса айтайын, мен кара турмушта сатирик эмесмин. Жөнөкөй эле эл катарымын. Эл күйгөн жерде мен да күйөм, эл сүйүнгөн жерде мен да сүйүнөм. Четте туруп алып сатиранын көзү менен карай албайм. Көзгө, ден соолукка зыян болот экен. Сатира бул менин жылына турган, жан- дүйнөмдү жылыта турган от. Ошол оттун табын окурмандар менен бөлүшкөнгө аракет кылам. Сатирасыз бул дүйнөдө жашоо мен үчүн да, башкалар үчүн да кызыксыз, супсак болуп калмак. Бул жараткандын адамдарга, элге берген бир табериги тура!
- Туура сатира адамдарга берилген белек тура. Башка жан- жаныбарларда ошол сезим болобу? Примитивдүү түрдө?
- Бу жарыкчылыкта баарыбыз эле жаныбарбыз. Бирок, ошолордун ичинен бизди жогорку билимдүү жаныбар кылып жараткан турбайбы. Адамдардын кулк- мүнөзүнө туура баа бериш үчүн башка жаныбарларды да жараткан тура. Адамдын ким экенин мисалы, жаныбарга окшоштурсаң жарк этип чыга келет. Демек, бу дүйнөгө келген жаныбарлардын баары бири бирине терең байланышкан. Бул эми сатиркиктин жеке ою.
- Кое тур, кое тур. Сенин оюңда адам эшектер, адам чочколор да бар экен да?
- Адамды акмак десең арданбайт, чочко десең катуу арданып, айтканды катуу сабап коюшу мүмкүн, кечирим сурабай да коюшу мүмкүн. Чочколорду ошон үчүн жараткан эмеспи! Бирок, алар чынында күнөөлүү эмес… адамдарга салыштырмалуу…
- Азыркы жетекчилердин кимисине сатира арнап, карикатурасын тартар элең?
- Негизинен баарына эле тарткандай болдум. Бирок, дагы эле бар тарта тургандар. Аларды айтпай турайын, сюрприз болсун. Келгендерине аз эле болбодубу, бир аз ойноп- күлүп алышсын…Обу жок оппозицияланбайын.
- Төкө, чакыруу кагазыңды көтөрө келипсиң, аныңа рахмат! Ошондо кандай жыргайбыз?
- Жыргарын жыргайбыз деңизчи… 1- Апрель күлкү күнүнө карата көргөзмө уюштуруп жатабыз. Менин деле антейин деген оюм жок болчу, редакторубуз Чолпон Орозобекова өзү демилге көтөрүп уюштуруп берибатат. Баарын өзү каржылап жатат. Чолпонго чоң ыраазымын!
Кечеге мурда -кийин тартылган шарж сүрөттөр, карикатуралар коюлат. Кимге жагып калса, сатып алса да болот. Бул чыгармачыл кечеге санаалаштар, тилектештер, илгери чогуу иштешкендер, ошондой эле сатира күйөрмандары келишет. Көптөн бери көрүшө электер кезигишип, ушундай күлкү күнүндө черлери жазылып бир жыргап алышат деп ойлойм.
Маектешкен
Баратбай Аракеев