Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сандан сапатка секирик

Коолап-чайлап


кеткен коррупция


Президент А.Атамбаев коррупцияга каршы аёсуз күрөш ачканына кыйла эле убакыт болуп калды. Антикоррупциялык күрөш тыным албай талыкпастан жүрүп жаткандай асер калтырышы мүмкүн. Башпрокуратура, ИИМ, финполиция (азыркы модернизациялаган аты --экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат), улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы антикоррупциялык структура тарабынан көптөгөн алдым-жутум чиновниктердин бетин ачылганы, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгону жөнүндө маалыматтардын ат тезегин кургатпай байма-бай пайда болушу кадыресе көрүнүшкө айланды. Кылтакка илингендердин сан эсеби өскөнү менен диапазону да кыйла кеңейгенин көрүүгө болот. Кылмыш иши ачылган фигуранттардын арасынан мектеп деректирлерин, сотторду, дарыгерлерди (мисалга саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин СПИД, кургак учук жана безгек илдеттерине каршы күрөш боюнча глобалдык фонддон түшкөн 35 миллион долларга жакын каражатты ысырап пайдаланылган, врачтардын ымыркай балдарды соодалап сатып жиберген коррупциялык учурларды көргөзсөк болор), райакимдерден баштап "Альфа Телеком" сыяктанган ири кампаниянын гендиректору менен министрди, депутатты жолуктурса болот. Кылмыш ишинин масштабы эксперттер айткан коррупция мамлекеттик башкаруунун өзгөчө ыкмасына айланганынан б.а. алдым-жутумдук өлкөнүн чиновниктик бүт сферасын туташ чулгап алганынан кабар берет. Бир сөз менен, Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли латын тилиндеги ирип-чирип кетүү деген сөздүн түпкү маанисине толук бап келет десек болор эле.
Коррупциялык күрөштүн жүрүшү дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй коомчулуктун кеңири колдоосу менен бир катар чиновниктер жааматынын ичинде тымызын же ачыктан ачык нааразычылыктарды, бут тосууларды, ал гана түгүл айыгышкан каршылыктарды пайда кылаарын ырастай баштады. "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты К.Талиева 15-марттагы ЖКтин жыйынында чыгып сүйлөп Кыргызстанда жогорку кызматтагы чиновниктердин үстүнөн репрессия башталганына наалыган нааразычылыгын билдирди. Депутаттын айтымында: "Аскар Шадиевге ( кылмыш иши козголуп кызматынан убактылуу четтетилген энергетика жана өнөр жай министри) карата Башкы прокуратура кыянат кылмыш ишин ачты. А.Шадиев Жогорку Кеңешке бир нече жолку депутат болгон, коомдук ишмер, коомчулукка көптөгөн пайда келтирген адам. Ошондуктан аны күнөөсүз жерден күнөөлөгөн чекиликтик болот" -дейт К.Талиева. Депутат Башпрокурор Аида Салянованын үстүнөн парламентте ишеним көргөзбөө процедурасын баштоо зарыл деп эсептейт. К.Талиеванын айтканын экинчи бир депутат Бакыт Төрөбаев да колдоп чыкты. "Кыргызстандын күч структураларынын арасында кимиси көбүрөөк кылмыш ишин козгоо боюнча мелдеш жүрүп жаткандай таасир калат". "Азыркы кезде болбогон эле жерден жазыксыз адамдын үстүнөн кылмыш ишин чүргөө модага айланды" -дейт Б.Төрөбаев. К.Талиева менен Б.Төрөбаевдин А.Шадиевдин апакай экендиги жөнүндөгү пикирлери менен башка депутаттар да макул. Атап айтсак, "Республика" фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев Аскарбек Шадиев радиациялык көмүрдүн Кыргызстанга алынып келинишинде эч кандай күнөөсү жок эсептейт. Иши кылып А.Шадиевдин жазыксыз жерден насыя айыпка жыгылып жатканына күйүп бышкандар депутаттардын ичинде жетиштүү.
Министр үчүн жалындап күйгөн үч депутаттын ар биринин жеке өз караштары бар экенин эч ким жокко чыгара албайт дечи. Арийне, А.Шадиевдин үстүнөн кылмыш иши ачылгандан кийин анын күнөөлүү же күнөөсүз экендигин жөнүндөгү акыркы чекитти сот гана коёрун депутаттар эске алышы керек эле. Аны ойлобой жеке талаптарын коюп чыгуу кечиримсиздик. Ал эми, К.Талиеванын "өлкөдө репрессия башталганы" жөнүндө нааразычылыгына келсек, анысы жөнсүз. Суу кечпеген билдирүү. Коррупциянын тамырын кыркуу үчүн репрессиялык чаралар колдонуудан башка ылаажы жок экени башынан белгилүү. Дүйнөлүк практика аны эбак эле далилдеген. "Пара алып, пара бергениң, ишиңе шалакылык кылып элге залака тийгизгениң жарабайт, коррупциялык схемаларды түзүп алып элдин эсебинен жеп ичкениң уят, башкалардын убалын да ойлошуң керек, эсиң барда этегиңди жапканың дурус" деген сымактагы "кой-ай" менен коррупцияланган чиновниктердин тизгиндеп, алдым-жутумдук өнөкөт адаттан баш тарттыра алышың кыйын экени белгилүү. Коррупцияланган чиновниктердин ичиндеги "түшүндүрүү иштери" менен эч бир натыйжа чыгара албастыгың, бекер эле убаракерчилик болору алаканга салгандай анык. Ошондуктан коррупцияга каршы катаал чараларды көрүүдөн башка арга жок. Экинчиден депутат К.Талиева генпрокурор Аида Салянова ишеним көргөзбөө демилгесин көтөрүү менен саал-паал болсо да кызуу кандуулукка алдырып жиберип жатканын көрүүгө болот. Генпрокурорду кызматка кою жана кызматтан алуу өлкөнүн президентинин прерогативасына кирерин депутат унутпашы кажет эле. Ошондуктан К.Талиева баштаган депутаттар тобунун Башпрокурорго ишеним көргөзбөй аны кызматынан айдайбыз деп канчалык чамынышпасын андан майнап чыгып кетиши кыйын. Непадам, мамлекеттик ар бир чиновник моюнуна тагылган өз милдетин аткарганы дурус. Депутаттар түздөн түз милдети болгон мыйзам иши менен алектенип генпрокурорду өз жайына койгону жөндүү болор эле. Ачыгын айтканда депутаттардын кыпчылбаган жерге кыпчыла берген адаттарын аз да болсо ооздуктаганы артыкбаш болбостур дейсиң. Депутаттардын А. Салянованын моюндаган милдетин жамандыр жакшыдыр аткарып жатканына шүгүрчүлүк кылуудан артыгы жок. Кимдин ким экендигин депутаттар эмес, бийликтин бирден бир булагы болгон эл балаганы, тиги же бу кызматкердин иши жөнүндө эл тыянак чыгарганы изги. Депутаттар, анын ичинде К.Талиева жердеши А.Шадиевдин ишин саясатташтыруу менен коррупцияга каршы күрөштү үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүп жатканын байкоо кыйын эместир.
Азырынча коррупцияга каршы күрөш өзүнүн чечүүчү этабына келип жетти деп айтууга болбойт. Андай тыянакка келүү шашкандык болор эле. Антикоррупциялык күрөш өзүнүн алгачкы этабын башынан кечирип жатат десек ашкере деле болбостур. Реалдуу антикоррупциялык иштер баштала элек дешкендердин пикиринде кантсе чындыктын үлүшү жатат. Бул жагдай болсо коррупцияланган чиновниктерден арылуу бир күндүн иши эмес экендигин дагы бир жолу ырастай алат. Экинчи жагынан антикоррупциялык күрөш талыкпаган саясый эркти талап кылаарын да далилдеп турат.
Коррупцияланган чиновниктердин үстүнөн көп сандаган кылмыш иштери козголгону чындык. Тануу кыйын. Бирок да, кылмыш иши козголгон коррупционерлердин бири да өзүнүн адекваттуу (татыктуу) жазасын ала электиги да ошондой эле чындык экендигин моюнга алууга туура келет. Мамлекеттик казынага чеңгелин батырып жибергенден же бутунан туруп кете элек бечера ишкерлердин тапкан-ташыганын боздотуп туруп тартып алгандан туйтунган алдым-жуттумдар тизесине басып алган макрөө байлыктарын кайрадан бюджетке жана өз ээлерине кайтарып берген фактылар азырынча жок экени калп эместир. Азыркы кезде коррупцияга каршы күрөштүн басымдуу бөлүгү тергөө амалдарын жүргүзүү менен чектелүүдө. Сотко ашырылган иштер жокко эсе. Диалектиканын жол-жобосуна ылайык сандык көрсөткүчтөр жетишерлик түрдө топтолгону менен ал сапаттык деңгээлге секирик жасай электиги моюнга алууга аргасызбыз. Качан гана коррупционер тиешелүү жазасын алып б.а. колу менен жасаганын моюну менен тарта баштаганда, антикоррупциялык күрөш орто жерде арабөк калбай аягына чыга турган болуп калды деген коомдук пикирде бир жаңсыл ишеним түзүлгөндө гана антикоррупциялык күрөштүн бурулуш этабы башталды айтса болор.
Антикоррупциялык күрөштүн жүрүшүндө көптөгөн мүчүлүштүктөр бар экени акырындап болсо да аныктала баштады. Атап айтсак коррупцияны болтурбай коюу боюнча алдын ала көрүлгөн чаралар жеткиликтүү түрдө иштелип чыгылбаганы баамдалат. Коррупциянын негизи булагы кызмат абалынан кыянат пайдаланууну экени белгилүү. Ал булакты жоюу үчүн чиновниктердин арасында таза, ошону менен бирге профессионалдык жөндөмү жогору кызматкерлерди иргеп алуу үчүн сынак өткөрүү процедурасын зарылдыгы эске алынбай келгени коррупциянын өрүп өсүп отуруп кеңири масштабга жетишине өбөлгө болгону анык. Алдым -жуттумдукту жоюу аракеттери негизинен экономикалык кылмыштуулукка каршы багытталып келет. Ошол эле мезгилде саясый коррупция деп аталып кеткен майлуу кызмат ордун акчага сатып алуу, же торпок болсо өз тууганын, өз кишисин ишке алуу өңдөнгөн трайбалисттик өнөкөт ооруу унутта калтырылганын байкоого болот. Саясый коррупцияга каршы ачык күрөш жарыяланган жок деп ачык айтышыбыз керек. Ал эми, кадрлар саясатындагы коррупция келечекте өз кесепетин тийгизбей койбостугу анык. Коррупцияланган чиновниктин үстүнөн кылмыш ишин ачып иштен четтетүү аздык кыларын баары билип турушат дечи. Анткени, бир коррупционерден кутулган менен анын ордун ошондой эле алдым- жуттум экинчиси басышы этимал. Кепилдик берүү кыйын. Эгер, бир коррупционердин ордун дагы бир коррупционер ээлей турган болсо анда тарых башынан түшүп кайталана бериши турулуу иш. Ошондуктан жалпы экономикалык коррупцияга каршы күрөш таза кызматкерлердин келишин камсыз кылуу менен коштолушу талап.
Коррупцияга күрөштүн эң татаалы жана опурталдуусу соттук териштирүүлөргө кезек жеткен экинчи этабында башталчудай. Коррупциялык иштер кыргыз фемидасынын карамагына берилгенден кийин көптөгөн каскактар келип чыгаарын күтсө болот. Сот туташ коррупцияланганы б.а. ирип чирип бүткөнү жашыруун эмес. Сот системасы боюнча реформа башталганына эки жылга аяк басса да көрүнөөрлүк жылыштар боло электиги баарыбызга дайын. Азыркы сот системасы сакталып турганда коррупцияны жоюу мүмкүн эместиги айтпаса түшүнүктүү. Коррупцияланган сот менен коррупцияга каршы күрөшүүнүн өзү эле абсурд. Козголгон кылмыш иштери сотко келип жеткени менен анда отурган паракор судьялар тиешелүү ооз майламалайларын алгандан кийин бүттү-бүттү кылып таштаары б.а. ийлеп-ийлеп итке сала берген адаттарын улантып антикоррупциялык күрөштү үзгүлтүккө учуратары турулуу иш. Азыр "чөнтөк соттордун" карапайым элдин убалына карабай калган учуру. Калыстыктан тайган соттор четтен чыгат. Мыйзамдын сакчыларынын өздөрү көз көрүнө "караны ак, акты кара" деп турушканы, ачыктан ачык кыянаттыкка барып жатышканы үчүн элдин ишениминен биротоло чыгышкан. Сот системасында өзгөчө коррупциялык схема иштелип чыкканы деле жашыруун эмес. Ал ишти саамыктатып чексиз созо берүү, ошону менен доогерди же жоопкерди пара берүү мажбурлоо менен байланышат. Азыркы сот системасы менен антикорупциялык күрөш жүргүзүп бир майнап чыгаруу кыйын. Мүмкүн да эмес. Ошондуктан соттор корпусун түп тамыры менен тазалап чыгуудан башка арга жок. Конкурс жарыялап квалификациялык жана антикоррупциялык сынактын (тестирлөөнүн) негизинде жаңыларын албаса эскилеринин оңолушу кыйын. Алардан түңүлүп койсо деле болчудай.
Үсөн Касыбеков