Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тасма тааласында...
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:

"Айтматовдун: "Кызыл жоолук


жалжалын" тартайын деген оюм бар... "


- Эрнест байке, сиздин коомчулук жакшы кабыл алган кинолоруңуздун бири "Уурунун махабаты " аттуу киноңуз пираттык жол менен дисктерге чыгып кетиши учурда көп сөз болууда. "Боз салкын" да ушундай тагдырга туш болду эле. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- "Уурунун махабаты" тартылып бүткөнүнө 3 жылдай болуп калды. Ошончо убакыттан бери чыгарбай колдо кармап турдук. Бирок болбой эле чыгып кетти. Себеби, колдон колго өтүп, республиканын булуң-бурчтарында көрсөтүлдү. Кайсы жерден, ким тарабынан пиратка чыгып кетти, аны табуу кыйын болуп атат. Жакында эле "Көк-Салкын" деген жаңы тартылган кино пираттык жол менен эмес, башка жол менен элге тарап кеткенден кийин, артынын "Уурунун махабаты" чыгып кетти. Негизи буга чейин пираттык иштер менен акча тапкандарына өздөрүнүн мыйзамдары, келишимдери бар болчу. Ал келишим кыргыз кинолоруна тийишпей, Голливуддун кинолору аркылуу акча табышмак. Кыргыз кинолорун болсо, "Кыргызпатентке" кайрылып, мыйзамдуу түрдө уруксат алышып, анан дисктерге чыгарышмак. Бир топ убакыттар бою ушундай жол менен иштеп келишти. Бирок акыркы жылдары кыргыз киносу катуу жандана баштаганда, пираттык жолдор менен иштегендер мурдагыдай "Кыргызпатент" менен иштешпей, өздөрү билгендей иштеп калышты. Пираттарга каршы, рейддер жүрүп, бир катар иштер жүрүп жатканына карабастан алгылыктуу натыйжа чыкпай жатат.
Негизи менин оюмча, буга каршы мыйзамды өзгөртүү зарыл. Биз 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна кирип атканда, бул маселе боюнча да келишимдер түзүлүп, авторлордун укугун коргоо, алардын чыгармаларына башка жакта колдонулса, көрүлсө аларга акча төлөп берүү жагы каралып, кийинчерээк ошол жолго акырында түшө баштаган. Анан 2004-жылы биздин бир белгилүү эстрада жылдызыбыз бир ресторанда олтурса, ал жердеги ырчылар анын ырын ырдап калышат. Ал ырчы, аларга барып: "менин ырымды эмнеге уруксат албай ырдап атасыңар"- деп жаңжал чыгарат. Ошентип ал иш сотко чейин өтөт. Ал эми ресторанда ырдагандардын туугандары чоң депутат экен. Ал депутат тууганына болушуп: "сөзсүз эле уруксат сурап ырдаш керек бекен, мен силерге көрсөтөм"- деп бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип салат. Өзгөрүү киргенден кийин, бул маселе коомдук кылмыш эмес, жеке кылмыш иши катары каралып, күчүн жоготуп калды. Ошон үчүн мамлекеттин да, органдын да иши жок болуп калган. Өзүң далилдемейинче, эч чара көрүлбөйт. Көрүлсө да, административдик айып 500 сомдон 2000 сомго чейин эле төлөйт. Ушундан улам пираттык иш бизде аябай өнүгүп, биздин өлкөдө пираттарга жакшы шарт түзүлүп калды. Мисалы, Казакстан, Өзбекстанда бул маселе катуу көзөмөлгө алынган. Авторлордун укуктары жакшы корголот. Ошон үчүн ал жакта пираттык жол менен акча тапкысы келгендер, биздин өлкөгө келип, кайсы бир кинолорду, же ырларды пачкалап көчүрүп алышып, бажыга бир аз акча ыргытып, анан өз өлкөлөрүнө барып чоң пайда көрүшөт.
- Бир маегиңизде "Уурунун махабатына" 200 миң доллардан ашык акча сарпталды дедиңиз эле. Кеткен акчаңызды канчасы акталды?
- 200 миң доллар деп жалпы эсебин айтканбыз. Ал эми накталай акча 100 миң доллардын тегерегинде жумшалды. "Кыргызфильмдин" жардамы да көп болду, андан тышкары демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу: техникалык базанын, машинелердин акысын, ( боевик жанры болгондон кийин жардыруу, курал-жарак көп колдонулду) куралдардын, үйлөрдүн ижарага алган акыларын, бир эпизоддогу тарыхый эпоханы чагылдырууга, айтор бардыгын эсептегенде кинонун жалпы бюджети 200 миң долларга чейин чыгып кетет. Жакынкы аралыкта өзүм деле даярдап дисктерге чыгарайын деп аткам, тилекке каршы пираттык жол менен, автордун эмгегин жегендер менден биринчи үлгүрүп кетишти. "Боз салкынды" пиратка чыгаргандардын (бир жыл бою тынбай сатылып атты, күнүнө 1000 дисктен кем эмес) 3, 4 айдын ичинде көргөн пайдасын орто эсеп менен божомолдоп эсептеп көрсөк, миллионго долларга жакын акча табышкан экен. "Уруунун махабатына" сарпталган акчанын ашып кетсе, 20 миң доллары кайтарылды десек болот.
- "Уурунун махабатынан" кийин "Күкүк шахраны" тарттыңыз. Ал тасманын ийгилиги кандай болуп атат?
- Кудайга шүгүр, жаман эмес. Элге бир сыйра көрсөттүк, эми жакын арада дагы бир ирет көрсөтөлү деген оюбуз бар. Учурда бул кинону чет өлкөлөрдө көрсөтүүгө аракет кылып атабыз. Балким жагып калса, конкурстарга, фестивалга чакырып калышабы деген үмүтүбүз бар. Чынын айтыш керек. бул киного "Боз салкынга" же "Уруунун махабатына" жумшалгандай көп сумма жумшаганыбыз жок. Ал кинодо кымбат нерселер, кымбат көрүнүштөр көп чагылдырылган жок, мындайча айтканда реалдуу турмуштан алынды. Кыскасы, кино тартууда акчаны чача бербей биз дагы үнөмдөгөндү үйрөнүп калдык. Айтор, ал киного жалпы 20 миң доллар кетти.
- Эми кандай кино тартайын деп атасыз? Келечектеги ойлоруңуз менен бөлүшө кетпейсизби?
- Кудай буйруса Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасын быйыл тартсакпы деген ой бар. Бул максатыбызды мамлекет колдойт го деген ниеттебиз. Анткени эмдиги жылы Айтматовдун 85-жылдыгы эмеспи. Ошого чейин жетишип калсак жакшы болот эле.
- Мурда мамлекеттик кино агенттиги эле, азыр министрликтин алдындагы департамент болуп калды. Мына ушул департаментке бөлүнгөн акча менен канча кино тартса болот?
- Кеп агенттик же департаментте эмес, кеп жетекчиде. Жетекчиден көп нерсе көз караанды. Быйыл кино жаатына 30 миллиондон ашык акча которулуптур. Былтыр деле ушундай көлөмдө болчу. Бирок мамлекеттик акча менен "Белгисиз маршруттан" кийин кино тартыла элек. Негизи бул акчанын уюштуруу , наркы-берки чыгымдарды алганда, калган акча менен биздин шартта 10дой кино тартса болот.





"Баарын кайра баштайлычы!"


Кыргыз элинин жашоосун таамай чагылдырган "Белгисиз маршрут" киносу менен кыргыз киносуна жаңылык киргизген Темир Бирназаров жакында "Баарын кайрадан баштайлычы!" аттуу көркөм тасма тартып бүттү. Мына ушул жаңы тасма тууралуу Темир мырза менен тасманын продюсери Эмир Сарпашевди кепке тарттык.
- Темир мырза, сиз көрөрмандарды кайдыгер калтырбай турган кино тартарыңыз жалпыга маалым. Бул жаңы киноңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Биринчиден мен Эмир менен бир топ убакыттан бери бирге иштеп келатканымды айта кетейин. Аз убактан мурун мага 28 миң долларга камера сатып берди. Бул кымбат камералардын бири. Бизде эң кымбат камера 34 миң доллар, ал Садык Шернияздыкы. Буйруса экинчи орунда меники болуп калды. Ал эми бул жаңы кинонун идеясы да, сунушу да, материалдык жагы толугу менен Эмир Сарпашевге таандык. Буйруса бул кинону тартып бүттүк. Бул кинону белгилүү акын, жазуучу Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" аттуу романынын негизинде тартылды. Сценарийин ал киши экөөбүз биргелешип жазып чыктык. Чынында эле бул чыгарма бизге бир топ таасир калтырды. Окуялардын өнүгүшү өзүнчө эле укмуш. Социалдык көйгөйлөр терең сүрөттөлгөн. Андай көрүнүштөр адамды кайдыгер калтырбайт деген ойдомун. Мисалы, Самаган деген бир каарман бар, көрүп олтурсаң ушундай жиниң келет, андан өткөн шүмшүк киши жок. Бул кино мелодрама жаатында. Биздин эле эл үчүн, эл аралык конкурстарга ылайыкталып тартылган жок. Менин максатым эл жакшы кабыл алса болду.
- Канча убакытта тартып бүттүңүздөр жана роль жаратышкан актёрлор тууралуу айтып берсеңиз?
- Даярданган убакытты кошо эсепке алсак бир жыл убакыт кетти. Эмир кээде мага: "башкалар бир жылда эки, үч кино тартып атышат, сен болсо эзилип олтурасың"- деп жини келет. Чынында мен антип, кыска убакыттын ичинде "ляп-ляп" кылып бүтүрүп, товар жасап көнгөн эмесмин да. Баары оригиналдуу болсун деп атам. Ал эми актёрлордун сунушу менен айрым башкы ролдорду эстрада ырчыларынан арасынан тандадык. Продюсердин сунушу эске алынып, бир чети акча табуунун максатында ырчылардын арасында кастинг жарыяладык. Кастингде Азизаны жана чет өлкөдөн мисс наамына жетишкен Назира аттуу кызды тандап алдык. Ал экөөнүн роль жаратышы мага ачылыш болду. Себеби ал экөө бул кинодо дагы бир башкы ролду жараткан КРнын эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевден кем калышпай ойноп беришти.
- Эмир мырза айтсаңыз, кино жаатына аралашууга эмне түрткү болду?
- Мен бала кезимен бери эле кино дегенде ичкен ашымды жерге койгон, кинонун фанатымын. Бирок качандыр бир убакта кино жаатына аралашып калам деп ойлогон эмесмин. Кесибим бул тармакка эч тиешеси жок. Өзүм математикмин. Азыр көрүп атабыз, Темир айткандай "ляп-ляп" тартылган сапатсыз кинолор көбөйүп кетти. Мен киного эки максат менен аралашып калдым. Биринчиси кыргыз киносунун деңгээлин көтөрүү, көрүүчүлөрдүн табитин жогорулатуу десем болот. Экинчиси акча табуу кызыкчылыгы менен бирге сапаттуу кинолорду элге тартуулоо.
- "Баарын кайрадан баштайлычы!" тасмасына канча каражат жумшадыңыз?
- Азырынча ачык айтпай турайын. Эсеби толугу менен чыга элек. Азыр бул кинону рекламалоонун үстүндө иштеп атам. Ага кеткен каражат да жалпы чыгымга кошулат да. Негизи: " бул киного мынча кетти, тиги тигинче кетти"- деп айтып аткандардын көбүнүкү туура эмес. Бирөө өйдөлөтүп, бирөө ылдыйлатып айтып коёт. Кудай буйруса, бул кинону апрель айынан баштап көрсөтө баштайбыз.
- Темир мырза, бул кинодон башка дагы бир кино тартып жатканыңызды эшиттик... Ошол тууралуу да окурмандардын кулагына күмүш сырга кылып койбойлубу?
- Ал кинонун азырынча жумуш формасындагы аталышы "Түбөлүк колукту". Бул кинонун философиялык - автордук деп атасак болот. Элдин кабыл алуусу кандай болот билбейм, ал тема бир топ оор. Мен ал кинонун үстүндө 4 жылдан бери иштеп келатам десем болот. Чынында ал кинону тартууда бир топ кыйынчылыктарга туш болдум. Баш каарманга ылайыктуу актёрлорду таппай, акча маселеси чечилбей дегендей... "Кыргызфильмдин" сынагына катышып, жеңип алганбыз. Аталган студия бул киного 1 миллион сом бөлдү. Киного кетчү каражаттын 60 пайызын Эмир көтөрүп атат. Эми кудай буйруса бул кинону жакын арада тартып баштайбыз. Актёрлорду да тандап бүттүк. Буйруса бул кино адамзатты ойлонто турган философиялык кино болот деген ойдомун.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев