Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Учур маек...
Мухамметкалый Абулгазиев,
Соцфонддун төрагасы:

"2012-жылга пенсияларды эки этап менен жогорулатуу каралууда"


- Мухамметкалый Дүйшекеевич, Соцфондго жетекчи болуп келгенден бери кандай иштерди аткардыңыз?
- 2010- жылы өткөн окуяларга карабастан, ошол жылы камсыздандыруу төлөмдөрдү пландагыдай топтоп, пенсияларды үч жолу жогорулатууга жетиштик. Пенсиялар үзгүлтүксүз өз убагында төлөндү. 2010-жылга белгиленген иш чаралар толук аткарылды десек болот.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бүгүнкү күнү жеке эле пенсионерлердин проблемалары менен чектелбестен, биздин келечектеги жарандардын да пенсияга чыгуу шарттарын түзүү боюнча да иш жүргүзүлөт.
2010-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 12083,9 млн. сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы окуяларга карабастан Социалдык фонд берилген планды 102,7 пайызга аткарып, 2009-жылдын жыйынтыгынан 1277,8 млн. сомго камсыздандыруу төгүмдөрүн көп топтогон.

Ал эми 2011-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү 2010-жылга салыштырмалуу 4121,1 млн. сомго көп, б.а. 16205,0 млн. сом өлчөмүндө чогултулду. Анын ичинен:
- Чарбалык субъектилерден камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча жетишкен ийгиликтер Социалдык фонддун төлөөчүлөр менен алып барган ишинин жемиштүү жана максаттуу болушунун жыйынтыгы.
- Бюджеттик мекемелердин жумушчуларынын 2011-жылдын май айындагы айлык акыларынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрүн көп чогултууга жетишкен.
- Өткөн жылга салыштырмалуу камсыздандыруу полистерин сатып алып жеке ишкердик менен алектенген жеке жактардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү көбөйгөн. Себеби текстиль жана тигүү өнөр жайында иштеген жеке ишкерлерди жана алардын жалданган жумушчуларын ачыкка чыгаруу иши Социалдык фонд тарабынан жакшы жүргүзүлгөн.

- Пенсияны көтөрүү багытында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Инфляция шарттарында пенсионерлердин жашоо деңгээлин колдоо максатында пенсиялар үзгүлтүксүз жогорулатылып жатат. Татыктуу пенсия менен камсыз кылуу маселесинин үстүнөн такай иштеп жатабыз.
2011-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулатылды:
- 1-майдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү, айрым категориядагы пенсионерлер үчүн үстөк акылар жогорулатылып, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүктөрү 1500 сомго жеткирилди. Ошондой эле, пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүү коэффициенттери жогорулатылды. 2011-жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде 3796 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2012-жылга пенсияларды орточо эсеп менен 12 пайызга жогорулатууну пландаштырып жатат.
2007-жылдан 2009-жылга чейин пенсиялар бирдей принцип менен жогорулатылып келди. Ушуга байланыштуу аз өлчөмдөгү пенсияларга караганда чоң пенсиялар туруктуу жогорулай баштады. Ошондуктан 2010 -2011-жылдары чоң пенсияларга караганда аз өлчөмдөгү пенсиялар көбүрөөк жогорулатылды.
Ал эми 2012-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн туруктуу белгиленген суммада жана дифференцияланган пайыздык ченде жогорулатуу сунушталып жатат.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 Токтому менен кабыл алынган "2012-2014- жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо Стратегиясынын" алкагында айрым категориядагы пенсия алуучулардын пенсияларына (багаар-көрөөрүнөн айрылгандыгы боюнча пенсия, 3-топтогу майыптардын пенсиялары жана толук эмес стажы үчүн пенсиялар) этап этабы менен пенсиянын бирдиктүү базалык бөлүгүн белгилөө каралган.
Азыркы тапта 2012-жылга пенсияларды эки этап менен жогорулатуу каралууда. 2012-жылдын 1-майынан тартып камсыздандыруу бөлүктөрдү көбөйтүү менен пенсиялар 11 пайызга жогорулатылат, муну менен ар бир пенсионердин пенсиясы 400 сомго көбөйөт. Бул үчүн 1 млрд. 800 млн. сом бөлүндү.
Пенсиялар экинчи этап менен 2012-жылдын 1-октябрында жогорулатылат.
Пенсияларды жогорулатуунун бардык варианттары чоң пенсияларды колдоого алуу менен, аз өлчөмдөгү пенсияларды жогорулатып, аны менен бирге орточо пенсиянын өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирүүгө шарт түзүүдө.
- Учурда ар бир тармакты реформалоо зарылдыгы айтылып келет. Бул багытта сиздер кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Пенсиялык системаны реформалоо максатында 2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан пенсиялык системасына топтоо компоненти киргизилип, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыз өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрү белгиленди. Бирок 2012-жылдын, январь айынан баштап иштеген пенсионерлер жана 1964-жылдын 1 январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969- жылдын 1 январынан мурда төрөлгөн аялдар топтоо фондуна 2 пайыз өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн бошотулушту.
- Акыркы кездеги "Кумтөр" компаниясынын айланасындагы Соцфондго байланыштуу чыккан маселенин тегерегинде болгон окуяга токтолуп өтсөңүз?
- 2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки аралыкта "Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелиниши, өз убагында төлөнүшү жана жекече (индивидуалдык) эсепке алуусунун тууралыгы текшерилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылдын 12 айын текшерүү мезгилинде жумушчулардын айлык акыларына кошуп төлөнүүчү коэффициенттерге камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелинишинде жана төлөнүшүндө 302 705 560 сом 59 тыйынга четтетүү (отклонение) табылып, 2011-жылдын 30-июлунда Акт түзүлгөн.
Анда "Кумтөр Голд Компани" ЖАК менен тоолуу аймакта иштеген жумушчуларга айлык акысына кошумча эсептелинген райондук коэффициентти төлөп берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуудагы келип чыккан келишпестиктерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция Комитетине, "КГК" ЖАКнун аталган төлөмдөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептебей жаткандыгынын мыйзамга шайкеш келүүсүн карап берүү жөнүндө кайрылуу кат жөнөткөн.
2011-жылдын 3-февралындагы №К-203 катар сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетинин жообуна ылайык айлык акыга кошумча эсептелинген райондук коэффициент "айлык акынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана ага камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелинет". Ошондой эле, 2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген "Кумтөр" проектиси боюнча жаңы шарттар" макулдашмасынын шарттарына ылайык "КГК" ЖАКу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамына жараша тоолуу аймакта иштеген жумушчуларга айлык акысына кошумча эсептелинген райондук коэффициентти төлөп берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө милдеттүү.
Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, 2011-жылдын 4 ай аралыгында (сентябрь айынан декабрь айына чейин) "КГК" ЖАКу тоолуу аймакта иштеген жумушчуларга айлык акысына эсептелинген райондук коэффициентти төлөөдө 2010-жыл үчүн 302,7 млн. сом (ай сайын 75,7 млн. сомдон) кошумча эсептелинген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп берди. Ал эми 2011-жыл үчүн 437, 1 млн. сом кошумча эсептелинген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп берди.
- Соцфондго тиешелүү миллиарддан ашык каражаттардын Бакиевдердин тушунда түзүлгөн ЦАРИ тарабынан жок болуп кетти деген маалыматтар айтылды эле. Ушул тууралуу так маалымат бере кетсеңиз?
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен ЦАРИнин ортосунда эч кандай байланыш болгон эмес. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун "АзияУниверсалБанк" ААКдагы 1521,3 млн. сом өлчөмүндөгү каражаты тоңдурулуп, ал кийин "Залкар Банк" ААКка берилген.
"Кыргыз Республикасынын финансылык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №544 кабыл алынган токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен "Залкар Банк" ААКнын ортосундагы 2011-жылдын 23-июлундагы №122 карыздарды жоюу келишимине 2011-жылдын 12-октябрындагы №1 кошумча макулдашуунун негизинде карыздар жоюлууда.
Ошентип, 2011-жылдын башынан тартып Социалдык фондго жалпы жонунан 1350,0 млн. сом суммасында карыз кайтарылган. 170,0 млн. сомдон ашык "Залкар Банк" ААКда калган карыздар макулдашылган график боюнча 2012- жылдын апрелине чейин түшүшү күтүлүүдө.
- Келечекте кандай маселелерди чечүүнү максат кылып жатасыздар?
- Социалдык фонддун орто мөөнөттүү келечекте чече турган маселелери:
1) Пенсиялык системанын туруктуулугун камсыздоо;
2) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жогорулатуу;
3) Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын топтоо компонентин өнүктүрүү.

Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун чыңдоодо төмөнкү иш чараларды аткарууга көңүл бурулат: 1) Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базасын кеңейтүү; 2) Социалдык фонддун активдерин башкарууну жакшыртуу; 3) Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун жоюу; 4) Дыйкан (фермер) чарбалары жана базарларда иштеген жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин кайра карап чыгуу; 5) Жергиликтүү айыл өкмөттөрүн жана базар жетекчилерин камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноого тартуу; 6) Пенсиялык фондго жана ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга төлөм жүргүзүү менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына эмгек мигранттарын тартуу.

Пенсиялык системанын эффективдүүлүгүн колдоо үчүн төмөнкү иш чаралар белгиленүүдө:
1) Жыл сайын инфляциядан кем эмес өлчөмдө пенсияларды жогорулатуу;
2) Пенсионерлер арасында жакырчылыкты жоюу үчүн майып пенсионерлерге жана багаар-көрөөрүнөн айрылган пенсионерлерге стажына карабастан пенсиянын базалык бөлүгүн чектөө менен пенсиялык камсыз кылуу ченемдерин жана стандарттарын белгилөө;
3) Түшүнүктүү пенсиялык формуланы түзүү, пенсия дайындоодо берилген жеңилдиктерди азайтуу; 4) Инфляциядан коргоо максатында жарандардын жеке камсыздандыруу эсебиндеги пенсиялык салымдарын индексациялоо механизмдерин өнүктүрүү.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу