Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Учур мерчеми

Экономикалык туруктуулук -


эң башкы маселе!



Мамлекеттик кызматкерлердин санын 20 пайызга чейин кыскартып башкаруу системасын оптималдаштыруу, ошонун негизинде 1 миллиард сомго дейре бюджеттик каражаттарды үнөмдөө иши өкмөттө арбытып жибербесе да арабасын кылдыратып жүрүп жаткансыйт. Тилекке каршы, парламентте өкмөттөгү иш аракеттерди колдоо байкалбайт. ЖКте "офистик планктондордон" арылуунун чыпчаң аракети жок десе болор эле. Парламенттеги жүнүн жеген бюрократиялык чиновниктерди оор топондоп болсо да кыскартуу ишинде байкаларлык жылыш болгон жок.

Депутат И.Исаковдун сунушу менен кыскартуу иши эки айга кийинкиге жылдырылган. Ошо боюнча кыймылдабай турганы турган. Башкасын айтпаганда да конституциялык нормага, деги эле карандай логикага сыя бербеген ар бир беш фракциядан көрсөтүлгөн беш вице-спикерди жоюунун эмдигиче башы ачылбай келатканына караганда ЖК дегеле кыскарайын ою жок. ЖКтин 2-чакырылышынын вице-спикери Иса Токоевдин айтымында: "мыйзамда 1 спикер, 2 орун басары болушу керек деп айдан ачык жазылып турат. Ар беш фракциядан 5 вице-спикер дегениң толук абсурд. Парламентарийлер өздөрү кабыл алган мыйзамды өздөрү бузуп жатышат". Сыягы депутаттар аппаратты кыскартып оптималдаштыруу ишин жүрө-жүрө унуткарып кетүүнү көздөп жатышкан түрү бар.
Коррупцияга каршы күрөш жарыяланганы бир далай убакыт болуп калды. Коомдук уюмдардын чыгарган эсебине караганда коррупциялык иштердин жеми болгон каражаттар 30 млрд. сомду чапчыйт. Опсуз чоң сумма. Эгерде ошо каражаттардын агымынын бир кулагы эле мамлекеттик казынага бурула турган болсо финансылык-экономикалык жагынан өлкө кадыресе жеңилденип, эс ала түшөрү айтпаса да түшүнүктүү.
Тилекке каршы, коррупцияланган чиновниктердин ичинен тузакка илингендер негизинен төмөнкү жана орто звенодогулар. ЖКтин коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбековдун: "укук коргоо органдарынын коррупциянын бетин ачкандары жөнүндөгү ат тезегин кургатпай күн сайын жарыялап жаткан отчёттору майда паракорлорго таандык. Отчёттордо айтылгандар коррупциялык системага олуттуу таасир бере албаган катардагы эле мыйзам бузуулар болуп эсептелет. Ошол кезде ири коррупционерлерди шилилеп колго түшүрүү боюнча көрүнүктүү иш жасалды деп айтууга болбойт" -деген пикиринде акыйкаттын үлүшү чоң. Ошондуктан антикоррупциялык иш чаралардан улам казынаны толуктай турган финансылык эффект өз натыйжасын берип жиберди деп айтуу кыйын. Бери болгондо антикоррупциялык күрөштүн негизинде канчалык каражат республикалык бюджетке келип түшкөнүн так эсептеп көрүү кыйын. Бир үмүт коррупцияга каршы келишпес күрөш жарыялаган президенттин иштин аягына чыгарууга саясый эрки жетишээринде. Башталган иш адаттагыдай ортодо арабөк ташталып калбасына, коррупциялык күрөштөн майнап чыгарына ишеним артуудан башка арга жок.
Жаңы өкмөттү турбуленттүү зонадагы өкмөт деп мүнөздөп жүрүшөт. Өлкө социалдык-экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан кыйын кычыктуу тилкеде түзүлгөн министрлер кабинети экени да ырас. Улуттук статкомитеттин январь-февраль айларына карата тараткан маалыматына караганда өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү 10,5 пайызга туура келди. Экономиканын өнүгүү темпинин түшүп кетиши "Кумтөр" алтын кениндеги өндүрүштүн кыскарышына байланыштуу дейт улуттук статком. Ал эми, "Кумтөр" бюджет түзүүчү компаниялардын катарына кирерин, андагы өндүрүштүн кыскарышы бюджет кирешелеринин азайышына алып келерин эске алсак бюджетке өз залакасын тийгизбей койбостугу анык. Ошентип "Кумтөрдөгү" жайсыз абал өкмөткө кошумча кыйынчылык алып келип, кошумча сыноону башынан кечирүүгө мажбурлап жатканын анык.
Өкмөттүн "Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо" программасында алдыга коюлган орчундуу милдеттердин бири 2012-жылдын бюджетинин негизги параметрлеринин ичинде бюджеттин таңсыктыгын 5 пайызга дейре түшүрүү болуп эсептелет. Эгер, өлкө социалдык-экономикалык кыйын кычыктуу учурду башынан кечирип жатканын эске алсак ал милдет оңой олтоң эле жүзөгө ашып кете тургандай иш эмес экенине көзүбүз жетпей койбостур.
Макроэкономикалык туруктуулукту сактап туруу башкы мүдөөлөрдүн бири. Бул максат үчүн республикалык бюджетти ысырап пайдалануу б.а. ыксыз чыгымдан сактануу талап кылынаары белгилүү. Бюджетти оптималдуулугуна жетишүү милдети турган кезде популизмге жол берүү кечиримсиздик болор эле. Ошондуктан бюджеттик бекем тартип орнотуу зарылчылыгы турат. Финансы министри Акылбек Жапаров быйылкы жылы пенсиялардан тышкары, оозуңардан айлансын мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөт деп үмүт артпай эле койсоңор болот деп түз эле айтканы бекеринен болгон жок. Бюджетте быйыл жаңы мектеп куруу иши каралбаганын эскертип келип, "Кыргызстанда 12,5 миллиард сомдук курулушу башталып, акырына чыкпай калган объектилер бар", ошондуктан "улам бир курулушту баштап коюп, аны акырына чыгара албай жаткан" адатты ташташыбыз керек дейт министр А.Жапаров. Иши кылып министрдин "мурунга карап чүчкүргөн оң болору" сыяктуу эле бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карата иш кылган лазым экендигин каңкуулап турганын баамдоого болор.
Республикалык бюджеттин орунсуз ысырап болуп чабылып-чачылып кетишине жол бербөө макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо үчүн өбөлгө. Бюджеттин оптималдуулугуна жетишүү үчүн коррупцияга каршы күрөштү туруктуу улантуу менен бир катар фискалдык реформанын ишке ашыруу талап этилет. Бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү үчүн фискалдык жаңы булактардын көзүн ачып чыгуу иши колго алынышы кажет. Кийинки кездери финансы министри Акылбек Жапаров бир катар фискалдык жана макроэкономикалык стабилдештирүүнүн демилгелерин көтөрүп чыкты. Алардын катарына мамлекеттик баалуу кагаздарды (8 млрд. сом өлчөмүндөгү векселдерди чыгаруу) банктарга жайгаштыруу, мобилдик байланыштар жана алтын өндүргөн компаниялардын жогорку кирешелеринен (сверхдоходы) алына турган салыктарды киргизүү планын көргөзсө болот. Экономикалык эксперттер министрдин демилгесине оң көрүнүш катары баа берип жатышат. Булар дүйнөлүк практикада макроэкономикалык туруктуулук түзүүдө кеңири колдонулуп жүргөн иш чаралардын бири, эч бир эрөөн төөнү жок дешет. Тескерисинче бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүүгө алып келе турган оптималдуу аракеттер деп эсептешүүдө.
Финансы министри жакында пресс-конференция өткөрүп Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы Афганистанга жардам берүү программаларына Кыргызстан кошула турган болсо тышкы карыздарынан кутулууга кеңири мүмкүнчүлүк ачыларын белгиледи. Кур дегенде тышкы карыздардын 50 пайызга чейинкисин кутулууга болор дейт А.Жапаров. Эксперттер БУУ программасын катышууга өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жетиштүү деп эсептешет. Айрыкча, Афганистандагы социалдык инфраструктураларды калыбына келтирүү ишинде Кыргызстандын потенциалы жетишет. Мисал катары Кыргызстан Афганистанга цемент, шифер, айнек сыяктуу курулуш материалдарын, айыл чарба продукцияларын, электр энергиясын экспорттоо менен программага салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет. Мына ушунун негизинде тышкы карыздарды аз аздап жоюуга болорун жокко чыгарууга болбойт. Эгер тышкы карыз 3 млрд. долларга чейин чаап чыгып ИДПнын 47 пайызын түзүп калганын, тышкы карыздан кутулуу үчүн жыл сайын 120 миллион доллардын тегерегинде бюджеттен каражат бөлүнүп жатканын эске алсак БУУнун программасын кошулуунун мааниси чоң. Асыресе, кептин баары ошо жөрөлгөлүү демилгелер жүзөгө ашып кетишинде турат эмеспи. Бул үчүн бөйрөктөн шыйрак чыгарып өкмөттүн отставкасын талап кылган оппозиция орунсуз дооматтарын токтотушу кажет. Өлкөдө саясый стабилдүүлүктүн сакталып турушу абадай керек. Өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткандар, ачыгын айтканда, өлкөнүн бир жаңсыл туруктуу өнүгүшүн каалабаган кыянат саясый күчтөр экени анык.
Үсөн Касыбеков