Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

СИЗО-1дин сүрү өзгөрдү,
"общактын" ооматы кетти
Ушул жылдын 16-январында Бишкектин "централы" атыккан, "кара дүйнөнүн" Ак үйү СИЗО-1де көп жылдан бери салтка айланып калган эски тартиптин бузулушуна караманча каршы чыккандардын тополоңу болгон. Бул СИЗОнун "положенеци" Дамир Сапарбековду "жылуу ордунан" козгобогула, "общактагылардын" камераларын ачык койгула деген сыяктуу талаптар айтылган. Ошол окуядан кийин бул СИЗОго начальник болуп барган Марс Жусупбеков "knews" маалымат агенттигине маек берип, бул абактын учурдагы абалы жөнүндө айтып берген экен.

Камчы Көлбаевдин камерасы жок кылынды
Мурунку жетекчиликтин учурунда СИЗО-1дин экинчи кабатындагы эки камера, үчүнчү кабаттагы үч камера дайыма ачык турчу. Андагылар ээн-эркин кирип-чыгып, СИЗОнун ичинде акча тоноп, ар кимди сабап, өлтүрүп, өз билгенин кылып жүрүшкөн. Мунун баарын жаптык. Ошондой эле СИЗО-1деги мурунку "положенец" Дамир Сапарбеков отурган № 342 жана Камчы Көлбаевге деп даярдалып аткан № 252 камералар да жок кылынды. Азыр СИЗО-1де биздин кызматкерлердин 100 пайыз үстөмдүгү орноду. Мурда "общактын" кысымына кабылгандар үчүн алар кире албаган өзүнчө "закрывашка" деп аталган камера болгон. Бирок ал камерага кириш үчүн да абактагылар түрмө кызматкерлерине акча берип турушкан. Мен бул "закрывашканы" да түп орду менен жок кылдым, себеби баардык камералар жабык, аларга эч ким тийише албайт.

"Общактын" 2,5 миллион долларлык казынасы бош калды
СИЗО -1де "положенецтер" болгон жана боло берет, бирок алар мурдагыдай өзгөчө роль ойнобойт. Буга чейин "ворлордун казынасына" бир жылда 2 миллион 500 миң доллар түшүп турган. "Общактардын" камералары жабылгандан бери бул акчалардын изи кан буугандай буулду. Абактагылардын туугандары бизге кайрылып, азыркыдай тартипти орноткондугубуз үчүн ыраазычылыктарын билдирип атышат. "Эми биз туугандарыбыз аман калышы үчүн "общакка" акча төгөбүз деп үйлөрүбүздү, буюм-тайымдарыбызды сатпай калдык" -деп телефон чалгандардын, келип рахматын айткандардын саны көп. 2011-жылы эле СИЗО-1де 9 адам көз жумган. Алардын экөөсү дал ошол "общактагылардын" ур-тепкисинен улам каза болгону ачыкталды. Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Калгандарына да физикалык жана моралдык кысым кылып турушкан.

Маньягы да, масы да
бир камалат
Кыргызстанда күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги эле колониялар бар. Эл аралык норма боюнча негизи төрт түрдөгү жаза өтөө мекемеси болуш керек эле. Жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө режимдеги колониялар. Жалпы режимдеги колонияга анча чоң эмес же орточо оордуктагы кылмыш жасап, түрмөгө биринчи жолу түшкөндөр камалыш керек. Күчөтүлгөн режимдеги колонияларга - оор кылмыш боюнча биринчи жолу соттолгондор, катуу режимдеги колонияга - өзгөчө оор кылмыш кылып, биринчи жолу абакка түшкөндөр жана кылмышкер -рецидивисттер, өзгөчө режимдеги колонияга-өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурушу керек эле. Бирок бизде мындай жок. Биринчи жолу соттолгондор күчөтүлгөн режимдеги колонияга, рецидивисттер (эки же андан көп жолу соттолгондор) катуу режимдеги колонияга камалат. Ошондуктан мал уурдап абакка алгачкы жолу түшкөндөр адам өлтүргөндөр менен чогуу отурушат. Негизи мындай кылганга болбойт. Түрмөдөн чыккандан кийин нормалдуу жашоону баштагысы келгендер күчөтүлгөн режимдеги колониядан алган жаман таасирлеринен улам, кайра эле кылмыш кылып камакка алынат. Учурда өмүр бою абакка кесилгендер катуу режимдеги үч колонияда мөөнөтүн өтөп атышса, 66сы СИЗО-1де.

Турсунбек Акун "положенецтер" менен гана сүйлөшөт
16-январдагы СИЗО-1деги тополоңдо түрмө кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун айтып чыккандан кийин укук коргоочу менен сүйлөшкөм. Мен акыйкатчыдан эмне үчүн мындай жалган маалыматты таратып жатканын сурасам, анын жумуш ошондой экенин, коомду дүрбөлөңгө салып туруш керек экенин айтты. Менин оюмча Турсунбек Акундун ал жерде кандайдыр бир кызыкчылыгы болгон болуш керек. Абакта тополоң болгонго чейин, тополоң учурунда Турсунбек Акун жөнөкөй абак адамдарына эмес, "положенецтерге" келип, ошолор менен гана сүйлөшчү.

Жоокерлер менен кары-картаңдарга караганда зэктерге акча көп бөлүнөт
Эркинен ажыратылган бир адамды бакканга мамлекет тарабынан күнүнө 78 сом бөлүнөт. Бир айга 2 миң 418 сомду түзөт. Кургак учук менен ооругандарына күнүнө 138 сом, айына 4 миң 278 сом каралат. Эркинен ажыратылган энелерге суткасына 150 сом, айына 4 миң 650 сом бөлүнөт. Ал эми жоокерлерди жана карылар үйүндөгү кары-картаңдарды кароого мамлекет тарабынан суткасына 50 сом гана бөлүнөт. Жазаларды аткаруу мекемесинин (ГСИН) ардагерлерине жана кызматкерлерине суткасына 34 сомдук "пайковой" төлөнөт.
Кыргызчалап иштеп чыккан
Тиленбек Азык




"Жал-Артистеги" афёра…
Адыл Бакиев менен Конгантиев "крыша" болушкан…

Бакиевдик үй-бүлөлүк бийликтин көшөгө артындагы көмүскө сырлары али күнчө толугу менен ачыкка чыга элек. Ошондой жашырылып келген сырларынын бири - бул "Жал - Артистеги" афёра экенин айтсак болот. Ал афёралык иштерге кимдер катышкан жана кандай негизде ишке ашканына төмөндө көз чаптырып көрөлү.
2005 -жылы бийликке жаңы келген Бакиев "үй куруу жаатында курулушту өнүктүрүү" тууралуу программа иштеп чыгарууну буйруйт. Ал программанын аткарылышын ошол кездеги мандемдеш тандемдеши өкмөт башчы Феликс Кулов көзөмөлдөп, бул боюнча токтом чыгарат. Куловдун токтомунун негизинде Бишкек мэриясы азыркы Жал-Артис кичимикрайонунан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкесин бөлөт. Ал эми Мамлекеттик курулуш башкармалыгы түштүк кореялык "Хюментек Курулуш" аттуу фирма менен ал жерге үй куруу боюнча келишим түзөт. Ал келишимде аталган кореялык фирма инвестор катары 3 жылдын ичинде 1410 квартира куруп берүү милдетин алышат. Келишимде баштапкы взнос катары 30 пайызын төлөө көрсөтүлгөн, калган 70 пайызы 15 жылдын ичинде 10 пайыздык үстөк менен төлөнүп бүтмөк экен. Үй салууга бөлүп берген жердин акысына кореялык фирма өкмөткө социалдык кызматкерлер үчүн 400 квартираны ар бир квадрат метрин 460 доллардан куруп берүүнү убада кылышат. Бул миллиондор агылган бул ишке президенттин Иш башкармалыгы да киришет. Жогорку бийлик мамлекеттик кызматкерлерди жаңы салынып жаткан үйдү ипотекалык жол менен алууга кезекке мажбурлап тургузат. Бирок кореялык фирма өзүнө алган милдеттемелерин аткарбай, өз билгендерин кыла башташат. Келишимде аларга квартиранын баасы 30 миң доллардан 40 долларга чейин көрсөтүлсө, кийин бул баа эки эсе өсүп кетет. Социалдык кызматкерлерге делген 400 квартиранын 93ү гана берилген айтылып келет, калганы кимдерге, кандай жолдор менен берилгени белгисиз.
Мындай жоопкерсиздикке бул долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык схеманын ишке ашышына жана чоң саясаттагы конкреттүү фигуралардын аралашы себеп болгон өңдүү. Мисалы, Курманбек Бакиевдин иниси Адыл Бакиев бул коррупциялык долбоордун башында турган. Анын жакын санаалаштарынын бири ошол кездеги Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев аталган кореялык фирманын мурунку жетекчисин өзүнө кеңешчи кылып, күбөлүк берип, машинесине "МВД 15" сериясындагы номер берген экен. Ал кореец болсо күбөлүк менен номерге таянып, көрүнгөнгө мактанып, өз билгенин кылып жүргөнү да айтылат. Булардын ортолорунда эмне "келишим" бар экени азырынча өздөрүнө гана маалым. Бирок ал кандай келишим болсо да, өзөгүн акча түзгөн жеке кызыкчылык келишим экени айтпаса да белгилүү эмеспи. Бирок бул "коррупциялык долбоор" тууралуу али күнгө чейин эч ким жооп бере элек? Конгантиев жыргап улак тартып жүрсө, Адыл Бакиев качып жүрөт. Нарбаев болсо, кайра эле ошол кызматта олтурат. Кыскасы баары жым-жым...

Бийлик өзү менчиктеп…
Ошентип кыргыз бийлиги менен кореялык бийликтин ортосунда түзүлгөн үй куруу тууралуу бул келишим коррупциялык схемага айланат. Курулуп бүткөн үйлөрдүн баасы асманды чапчыйт. Ал эми кыргыз өкмөтү 2008-жылдагы курулуп бүткөн үйлөрдөн мамлекеттин эсебине, тактап айтканда мамлекеттик үлкөн мекемелердин кызматтык колдонуусунда деп бир топ үйлөрдү алууга көрсөтмө берген №122 токтому чыгат. Ал токтомдо:
- президенттин администрациясына 2, өкмөткө, ЖКга 2, Конституциялык сотко 2, Жогорку Сотко 2, Башкы прокуратурага 1, (ачылган кылмыш ишин жапкандыгын үчүн берилген деген божомол бар) Улуттук статистика комитетине 1, Акыйкатчыга 1, бардык министрликтерге 2ден, бардык мамлекеттик комитеттерге 2ден, бардык мамлекеттик агенттик кызматтарга 2 ден, Мамлекеттик күзөт кызматына 2, каржы полициясына 1, (козголгон кылмыш ишин ийгиликтүү жапкандыгы үчүн дешет) ӨКМга караштуу мамлекеттик өрт өчүрүү кызматына, премьер-министрдин резервине 1 квартира бөлүнгөн экен. Бирок бул токтом кийин гана ачыкка чыккан, эски бийлик мындай "квартира бөлүштүрүү" долбоорун эмнегедир жашырып келген. Эң эле таңкалыштуусу эски бийликтин мындай "коррупциялык долбоорун " эмки жаңы бийлик терең иликтеп чыккан жок. Бул тууралуу ЖКнын депутаттары жакшы билишет. Бирок баягы эле кургак сөз менен талкууламыш болуп коюшат. Жыйынтык болсо мурункудай эле 0 эсебинде .
Бул "коррупциялык долбоордун" чоо - жайына кийинки сандарыбызда да кененирээк токтолмокчубуз.
Айбек Шамшыкеев