Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…

Тоо томкорсоң


да топук кыл


Дүйнөдөгү бардык улуттун эместир, бирок, көпчүлүк улуттун жеке өзүнө гана тийешелүү менталитети, кулк-мүнөзү болот. Маселен, орустарда айкөлдүккө жакын кенендик бар, немистерде тактык бар, казактарда мактанчаактык бар, грузиндерде колу ачыктыкка байланышкан кенендик бар, япондордо кээде аша чаап кеткен сылыктык бар, кавказ элдеринин бир катарында тартынбастык бар, түрктөрдүн ачкөздүккө жакын сезими бар, цыгандарда уялуу сезими жок ж.б.

А бизде болсо, эң негизги өзгөчөлүгүбүз тобо келтирип, топук кылып турган мүнөзүбүз ыйманыбызды аныктап келген эмеспи. Жеке мактансак башка кеп эле, улутубузду мактагандан тартынбайлы да тажабайлы. Ойдон чыгарып айтсак бир жөн, баскан жолдон алып айтып жатканыбыз, чыныда эле кыргыз деген эл улуу эл экен. Ошол улуу деген маанинин ичинде таптаза ыйман, айкөлдүк, берешендик, боорукердик, тайманбастык сыяктуу мыкты делген сапаттар бар го.
Мезгил өткөн сайын эскини жаңы жеңип турат экен, жараткандын адамзатка багыштаган айыгыс жолу ушундай тура. Бирок, маселе, кайсы эскини кайсы жаңы жеңип тургандыгында. Салтка айланган мыкты сапаттарыбызды кайсы бир элден келген, же жөнсүз адамдардын дилинде жаралган жөрөлгөлөрдөн турган жаңы салттар биздин нукуралыгыбызды жеңип турса анда иштин өлгөнү экен! Маселен, "Валентин күнү" деп акылы аз кыздарыбыз көчөдө туруп алып жигити менен өбүшүп жатканы… үйлөнүү үлпөтүндө "ачуу эле ачуу" деп бакырып жатканы… ушул жерден "тфу" деп салбасак болбостур!
Кыргыз элинин кийинки баскан жолу анча жакшы болбой турганын көрүп жатпайбызбы, жакшысына караганда жаманы арбып барат. Ага ким күнөөлүү деп суроо берип коюп эки-жакты карайбыз. "Күнөө ушул менде болуш керек" деген кайдан ойго келмек?! Даанасын айтып өлсөк, күнөө деген менде, сенде анан тигиде. Ошону моюнга албай турабыз. Кой, бул кылганым эп эмес деп азга бетти кызартып, жасап салган жаман ишиңди эртең кайталабаганга аракетти кайдан кылмакпыз?!
Азыркы турмуштун четин айт: бирин-бири алдаган турмуш. Базарга барсаң абийирсиз алып-сатарлар каалаган баасын коюп карапайым элди кууратып жатат. Ошол чандыйган катын менен эркекте эмненин ыйманы?! Алардын ыйманы акчага барып такалган, бүттү, андан аркы нерсе жок, ошону менен өлөт. Аларга "уят эмеспи" дегенди айтсаң, бу кайсы жинди дейт, болбосо, беттен алат, көчүктөн ары бир тебиши бар. Алар топук кылбай калышкан, топук кылбагандан кийин иштин баары ойрон болгону ошол: актыгың да, адамдыгың да, боорукерлигиң да, айкөлдүгүң да… баары-баары жок болду деген кеп! Баладан карыга чейин суксуңдап, жулунуп, бир жерден бир нерсе жалмап калууга, өндүрүп калууга, шыпырып калууга, жулуп калууга, кесип калууга, кемирип калууга, кымырып калууга жандалбас. Жашоонун жаркын жери алар үчүн ошол жерде, ошол аракеттеринде. Эми аларга адам дилине керектүү делген баалуулуктардын кереги жок! Бийликте олтургандардын сүрөтү да жогорудагыдай эле тартылат… Балакет дал ошол жерде!
Эки кабат үйдү куруп коюп, тигил-бул жерде дүкөндөрүн, саунасын иштетип койгон илимдүү, билимдүү немелер сүйлөсө, жазса асмандын башынан алат кеп башатын, анан Аристотель, Платон, Конфуций, Макиавелли… Сервантес, Толстой, Пушкин, Маркс менен Энгельс… Кыдыр аке, Садыр аке ж.б. толгон адамдар минтип айткан дейт. Анын айтканынын кылыктары кыйсыпыр түшүп жаткан кыргызга кандай жардам болорун деле айтышпайт. Баарынан да Манасты оозунан түшүрбөйт. Кечээ эле анын жанында жүргөнсүп, жанында Бакайы болуп олтургансыган, кырк жигитинин бири болуп жүргөндөй сүйлөгөн ары жоктор арбыды. Манасты түптүз эле чоң атасы кылып алгандар чыгып жатат жинди болуп. Ал биринчи иретте эпостун каарманы экенине мээлери жетпей жатат… Заман бузулганда көзү ачыктар көбөйдү, алар көчүгү ачык кыздардан ашып түштү…
Биздин мамлекет коррупциянын сазына небак баткан, кылмыштын курчоосунда калган, анысы аз келгенсип эми саясат дегендин туткунунда. Буга салпетек катындан баштап мамлекетибиздин жетекчилерине чейин кирип кетишкен. Мейли, жөн адам билген намазын окуй берсин, бирок, мамлекет, өкмөт башында тургандар саясаты менен кошо элимдин курсагын тойгузайын, алар да адамча жашап калышсын дегенди алдыңкы планга алып чыга албай жатышат, экономика маселесин экинчи планга калтырып жатышат. Аларга бийликте турганы эсеп, ошол бийлигин бирөөгө алдырып жибербегенге жандалбас. Биздей кенедей мамлекетти багып алыш терең ойлосоң, оңой эле нерсе экен.
Бүгүнкү күн кул ээлөөчүлүк доор эмес, феодалдык да доор эмес. Азыр капитализмдин биз окугандай эмес, кандайдыр бир классикалык эрежеси жок формация түзүлүп турат. Экономиканын мыйзамдарынын баары ачылып-айкындалып бүткөн. Атактуу экономисттердин жана катуу өнүгүп кеткен мамлекеттердин баскан жолу азыркы экономисттерге белгилүү. Маселен. Кытайдын, Сингапурдун, Люксембургдун ж.б. мамлекеттердин. Канткен күндө кризистик абалдан качууга болот, канткен күндө бюджет дефицити жок ишке ашат, канткен күндө экспорт импорту артка таштайт ж.б. маселелердин нечен бир окуулары, алардын практикага ашкан мисалдары толтура. Демек, өкмөт тараптагылар велосипед ойлоп тапканга баш катырбайт, Американы да ачышпайт, даяр жолго түш да кыбырай бер. Ошондо эл күткөн жакшылык келбей койбойт.
Туура, адам баласы башка айбандардай эмес, курсагы менен кошо дили тоюп туруш керек. Антсе да кара курсактын айы акыркы маселе эмес экендигин адамзат турмушу тастыктап келет.
Экономикасы өнүккөн мамлекеттердин маданияты да өнүгүп келет экен, экономикасы өнүккөн мамлекеттердин эли да тынч, бейпил жашаганга аракет кылат экен. Моюнга алганыбыз оң го, азыр бүлөдөгү чыр-чатактардын дээрлик бардыгы каражат маселесине барып такалат, "а жетпейт менен бу жетпейттен" башталат экен чырдын баары.
Президент быйылкы жылды үй-бүлөнүн жылы деп жарыялады. Бир нерсени жарыялап салуудан жеңил эч нерсе жок. Маселе ошол жарыя элдин турмушунун оңолушуна, бейпил болушуна салым кошо алабы, кеп ошондо эмеспи.
Пенсия менен айлык көбөйүп жатканы менен анын баа-баркы кыкка тете болуп жатпайбы. Анткени, баа деген, биринчи иретте тамак-аштын баасы асмандап баратат. Башкасын кой, чайга кант салып ичүү, күндө нанга жетип туруу чоң проблемага айланып жаткан бүлөлөр толтура. Анан да мал киндиктүү деген аты бар калк эт жегенге зар болуп жатат. Айылдарда бирөө каза болсо, атайын эт жейм деп барчулар толтура. Айла кеткенден ошентип жатышпайбы. Адам организми эт жегиси келип жатат. Жакшы адамсыңбы, жаман адамсыңбы организмге эт керек, нан керек, кант керек, жашылча-жемиш керек… А биз, ошол бизге ишенген куураган организмибизди бага албай жатабыз. Тигине, кээ бир мамлекеттерде мөөнөтүнөн бир күн өтүп кеткен тамактарды дароо ыргытат экен. Биз чирип кетсе да ыргытпай калалы! Бир сугунуп өлгөнүбүз артык!
Ушуну айткандан заарканасың, бир туруп уяласың: биз этти четке экспорттойт экенбиз да Кытайдын этин импорттойт экенбиз. Бул көрүнүш өкмөттүн чабалдыгынан, ишти уюштура албагандыгынан болуп жатат. Жанагы "ичип-чычар" айыл чарба министрлигинин кимге кереги бар?! Таптакыр мээбиз жетпеди. Алар тияк-бияктан келген акчаны да оң бөлүштүрө албай жатпайбы. Мен канча фермер, жөн адамдар менен маектешем, бири дагы айыл чарба министрлиги жөнүндө дурус сөзүн айтпайт. "Жоюш керек" дегенден башка баасы жок. Өгүнү телевизордон ошол министрликте кеңешчи дейби, айтып жатат "баланча деген миллион бөлүнсө момундай иштерди жасайбыз" деп. Ошол миллиондорду түздөн түз эле дыйкандарга берсе иш оңолмок…
Бизде адам баласынын жашоосуна эмне керек болсо ошонун баары бар экен: алтын, күмүш, темир, сымап, көмүр, мунайзат. Өзгөчө, алтын менен темирибиз көп. Алтындын баасы дүйнөлүк рынокто күндөн күнгө өсүп жатат. Биздин аны менен деле ишибиз жок, канадалыктарга алдатып коюп оозубузду ачып олтурабыз. Нарын тараптагы темирди өндүрсө, жалаң эле ошондон түшкөн киреше менен бир ууч элибизди мыкты багып алса болот экен. Көмүрүбүздүн чети оюлбай жатса, жеп-жутар желмогуздар Казакстандан ташыйт, ташыганда да радиоактивдүү көмүрүнөн ташыйт! Акча берсе, элиңдин өмүрү бир тыйын экен да!
Туризм деген тармакты жакшыртса, укмуштуудай киреше берет экен. Биздики аны пайдалана албай олтурат. Көл жээгиндеги пансионаттардын дээрдик көбү менчик, алар мыйзамдуу түрдө салык төкпөйт, эптеп эле ырымдап коюшат. Аны тескеген адам жок! Тескегендер барып тоюнуп алып кайра баса беришет!
Коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз дейт, бир айыл өкмөткө барып справка сурап көрчү, көрбөгөндү көрөсүң. Коррупцияга күрөштү күчөтүп жатса, ал ого бетер күчөп жатат.
Президент дагы, спикер дагы, премьер дагы эртең менен ойгонору менен "бүгүн элимдин курсагы ачпаса экен" деген тилекти айтышы керек. Ишинин түйшүгү ошону менен болушу керек… Кийин Американын базасын шашпай чыгарып аларбыз… Ушундай эле жөнөкөй иш.
Леонид Ильич Брежневдин заманын көрүп калбадыкпы. Раматылык ошол киши "Дың жер" деген китебинде "Нан болсо-ыр да болот" деп айткан эмеспи. Аны далай жыл афоризм кылып айтып жүрдүк го. Ырасында эле, наның болсо ырың болот экен. Кайсы жинди курсагы кынжыйып, күкүм нан көзүнөн өтүп турса, шатыра-шатман ырдамак. А биздин жетекчилер "ыр болсо-нан да болот" деген принципти карманып алышканбы деп да шектенип кетесиң… Уюшкан кылмыштуулукка кашы күрөшүп жатышат, коррупцияга кашы күрөшүп жатышат, баңгизаттар менен шугулдангандарга каршы күрөшүп жатышат ж.б. Ошолордун баарын бириктирип туруп "ачкачылыкка каршы күрөш жүргүзүшү" керек боло жаздады окшойт.
Бабановдун өкмөтү ар кыл интригалардан алыс-алыс болуп эң биринчи иретте кээ бир ишканаларды калыбына келтирсин, жаңы кендерди иштетсин. Казактардан көмүр ташыбай өзүбүздүкүн пайдаланганга өтсүн, туризм маселесин колго алсын. Элге эт жедирсин…
Мен карапайым элдин мүдөөсүн жаздым. Аларга Рокфеллер менен Ханттын кандай байыганынын кереги жок, Гейтстин канча акчасы бары менен деле иши жок, Абрамов "Челсини" канча миллионго сатып алганына деле кызыкпайт, а турсун Бабанов мырзанын өтө эле кедей экендигине деле боору оорубайт… карапайым эл өзүнүн, бала-чакасынын токчулук жашашын, кийими бүтүн болушун, анан алар болсо ыйманы таза болушун тилейт. Ошондо сен, урматтуу өкмөт менен партия, элиңдин курсагын ачырба, көңүлүн тойгуз, көңүл деген китептен, театр менен кинодон, ыр менен күүдөн тоёт. Сен ошол тармактагыларга аз-аздан жардам берип койсоң, ал байкуштар калганын өздөрү эле бүтүрөт, аларды "жылаңач баатыр" деп коёт…
Бийлигим, элим, элим дей бербе, сен элиңе алып келип бер! Элиң болсо, сен көрсөткөн тарапка кадам таштай берет…

Баратбай Аракеев