Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Берчи мага жарым кашык музыка

"Көрүнбөгөн жан дүйнө согушун


кантип жеңип чыгабыз?"


Азыркы убакта Маданият жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн көркөм кеңеш тууралуу искусство кызматкерлеринин арасында чоң талаш-тартыштар жүрүп жатат. Көркөм кеңештин курамы тууралуу айтсам, кеп курамында эмес, кеп алардын иштеп кетүүсүндө. Көркөм кеңеш көп жылдардан бери тоңуп жаткан идеология музун эритүүгө аракетин баштады. Оор иштер али алдыда.

Азыркы учурда, эгемендикке ээ болгон 20 жылдан бери мамлекетибиз, коомубуз, Руханий өнүгүү багытында оор кыйынчылыктарга туштугуп турат. Ушунча жылдан бери мамлекетибиз, коомубуз, Рухий дүйнөбүз жакырланып, ата-бабаларыбыз кылымдардан бери көздүн карегиндей сактап келе жаткан нарктуулугубуздан, улуу салттарыбыздан айрыла баштадык. Тагыраак айтканда жаштарыбыз элдик, салттык музыкаларыбызды этибарга албай, батыштын эң жаман үлгүлөрүнө сугарылып калышты. Азыр дүйнөдө жаңы көрүнбөс жан дүйнө согушу жүрүп жатат. Бул билинбеген согуштун аты глобализация, (бизче алмаштыруу) демократия, массалык-маданият.
Эми ушул ааламдаштыруу согушунун затын чечмелейли: чү дегенде эле Рухий дөөлөттөн баштайт. "Алардын Рухий дөөлөттөрүн шек алдырбай башка дөөлөттөр менен алмаштыргыла" -дейт. Көрсө адамдын мээси, аң-сезими өзгөрүлмө, өзгөртүү менен, мурда кылымдардан бери келаткан баалуулуктарды (мисалы: ата-салты, эне-тили, маданияты, нарк-насили, дили ж.б.) жасалма нерселер менен алмаштырып өзгөртсө болот экен. Мына адабиятта, искусстводо, кино-театр, теле-радио, видео салондордо, адамдагы эң пас, мыкаачылыкты, уурулукту, баңгиликти, саддизмди, паракорлукту, саткынчылыкты, сойкулукту, оюна эмне келсе ошону эч тоскоолдуксуз жасай бергенди, кыскасы ыйманга эмне каршы болсо, ошону искусствонун туу чокусу кылып жайылтып жатпайбы. Ушуну билип туруп биздин кээ бир инсандарыбыз, анын ичинде драматург, режиссёр Жаныш Кулманбетов "Азыр эркин демократия, ким кандай ырдаса, жазса, кино тартса өз иши"- дейт. Аллен Далестин , "мен жогоруда көрсөткөндөй ишкердүүлүктү көрсөткөндөргө акчаны аябагыла" деген жери бар. Элибиздин, айрыкча келечек муундарыбыздын аң-сезимин уулаган, ар кандай адепсиздикке үйрөткөн жазмакерлер, киночулар, өздөрүн композитор сезишип ар кайсы элдердин ырларын интернеттен көчүрүп алып, өзүнүкү деп көрсөткөндөр булар кимдер? Булар "Рух дөөлөттөрдү шек алдырбай алмаштыргандардын" күжүрмөн солдаттары эмеспи? Мына ушундай категориядагы инсандарга көркөм кеңеш жакпайт. Себеби булардын былыктары чукулганы турат жакында. Канча жылдардан бери элибиздин алдынкы интеллигенциясы ушул проблемаларды көргөзүп "айта алышпасын" эч кандай мамлекет тарабынан да, Маданият министрлиги тарабынан да, эч бир реакция болгон эмес. Мына эми министр И.Жунусов бул ишти акырындап баштады эле ызы-чуу башталды. Эмне үчүн биз, искусство ишмерлери, элибиздин каймактары болгон интеллигенциябыз көп жылдардан бери кооптонуп, колубуздан келишинче күрөшүп келдик? Себеби "Музыка" бул коркунучтуу курал. Чечмелейли: "Музыка" адамдын психикасына чоң таасир берет. "Музыка" адамзаттын рухий байлыгын угуу сезими аркылуу тарбиялайт жана адам мүнөзүнө зор таасир бере турган ачкыч. Ошон үчүн "Музыкалык тарбиясыз акыл-эстин толук өнүгүүсү мүмкүн эмес" делинет.
Байыркы Кытай медиктери "адамдардын ар бир органы тигил же бул музыка менен байланыштуу, музыканын таасири менен денеде химиялык реакциялардын кайра түзүлүүсү болуп өтөт жана физиологиялык, психикалык абалдын мүнөздөмөсү өзгөрөт" дешиптир. Көптөгөн эксперименттерде мисалы жаныбарлардын формаларында классикалык музыканы угузушканда тооктор жумуртканы көп берип, уйлар сүттү көбүрөөк беришкендерин байкашкан.
Окумуштуулар айткандай үндүн спираль түрүндөгү траекториясы көптөгөн микробдорду жок кылат. Кыскача айтканда ар бир музыкалык аспаптардын адамдын органдарына кандай таасирлери бар экенин изилдеп чыгышкан. РОК-музыка адамдын денесиндеги көптөгөн органдарынын ыргагын бузат. Ошон үчүн РОК-музыка менен көп таасирленбеш керек дешет. РОК-музыканын таасирин жаныбарларга изилдешкенде тескери реакция берген. Ал түгүл бак-дарактар бүрүшүп, өсүп турган гүлдөр соолуп калышкан. Айрыкча жаштарыбыздын РОК- музыка менен шугулданышкандары келечекте эмне болорун сезип жатасыздарбы? Рух дөөлөттөрдү "шек алдырбай алмаштыргандардын" негизги багыты жаштар. Анткени жаштарыбыздын музыкалык табити калыптана элек, сезимдери назик. Ар бир нерсени бат кабыл алууга жөндөмдүү. Эми карагылачы мектеп партасынан музыкага тарбиялоо системалык түрдө кыйрады. Атайын жасалгандай. Эгемендик алган жылдардан бери бир да "Музыка" китеби чыккан жок. Музыка сабагы кыскартылып, көпчүлүк "Музыка" мугалимдери айлыгы өтө эле аздыгынан иштерин таштап кетип калышы. "Музыка"" мугалимдеринин улутубуздун Рухий асыл-нарктарын, маданиятын, тилин, дилин жаштарыбызга үйрөтүүдө, тарбиялоодо, аларды коомубуздун, мамлекетибиздин келечегин калыптай турган уютку катары чоңоюусуна баа жеткис иштерди жасашса да "музыка" мугалимдери бааланбайт. Өз баасын ала албаган, кемсинтилген бул инсандар ошон үчүн иштерин таштап жатышат. Республикабызда азыркы убакта миңден ашык "музыка" мугалимдери жетишпей экен . Музыкалык тарбиянын жоктугунан, коомубуз Руханий жактан жакырланып, жаштарыбыздын тарбиясы начарлап, өз тилин , дилин , каада-салт, маданиятын чанган жаштарыбыз көбөйдү. Чөнтөктөрү калың, жан дүйнөсү жарды жаштарыбыз пайда болду. Буларга Руханий дүйнөбүз жөнүндө кеп кылсаң, аларга иттин үргөнүнөн да жаман угулат. Сенин насаатыңа караганда, бир да сөзүн түшүнбөгөн батыштын РОК-музыкаларын жата калып угушат. Жанагы биздин жасалма "жылдыздарыбыздын" хит-параддарын музыкага болгон табити бузулган, бүгүнкү заманга жеңил желпи мамиле кылган жаштарыбыз барышат. Ал эми өзүбүздүн Рух дөөлөттөрүбүздүн, салттуу музыкабыздын асыл жактарын кымтыган концерттерге бекер чакырсаң да келишпейт. Тыянагында 15 жаштан 35 жашка чейинки бүтүндөй бир муунду жоготуп жатабыз. Ушул муун, кыргыздын нукура асыл-нарктарына кайдыгер болуп жатышса, кийинки муунга, биздин небере-чөбөрөлөрүбүзгө эмнени үйрөтүшөт да эмнени кылдырышат. Ошон үчүн кыргыз улуту жакынкы 50 жылда жок болуп кете турган улуттардын арасына кошулдук. Улутту улут катары, мамлекет катары кармап турган бул маданияты. Маданияты болмоюн эч бир мамлекет өнүгө албайт жана Рух дөөлөттөрүнөн кол жууган эл, эл болуудан , мамлекет болуудан калат. Буга көптөгөн тарых булактары күбө. Ошон үчүн дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгы улуттук маданиятына, алып жүрүүчү өнөр адамдарына өзгөчө көңүл бөлүп келишет. Биздеги өнөр адамдарына жасалган мамилелерди айтпай эле коёлу.
Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдө жаштарды тарбиялоодогу "музыка" сабагына өзгөчө көңүл бурушат? Мисалы: Балтика өлкөлөрүндө "музыка" сабагына жумасына 6 саат бөлүнсө, Россия , Белоруссия, Украинада 4 сааттан, коңшу Казакстан, Өзбекстанда 3 сааттан, ал эми бизде 1 сааттан анысы да 7 класска чейин эле. Японияда баардык мектеп окуучуларына милдеттүү түрдө чоор үйрөтүшөт жана мектеп канча жылдык болсо ошончо жылга "музыка" сабагы өтүлөт экен. Ушундай система көптөгөн өлкөлөрүндө калыптанган. Эмне үчүн?..
Биздин мектептерде балдарга "музыка" адиси эмес башка предметтин мугалимдери сабак берээри жашыруун деле эмес. Дагы айтаарым биз улуттук жүзүбүздү жоготпой, Өзүбүздүн Рух дөөлөттөрүбүздү жаштарыбыздын кан -жанына сиңирип тарбиялап өстүрсөк ал мамлекетибиздин келечеги. Жаштарыбыз салттык музыка менен бирге эле, дүйнөлүк музыкадан да кабардар болуп, музыканы түшүнө жана талдай билип үйрөнсө, ошондо биздин келечектеги муундарыбыз көптү билип, көп жактуу билимдүү болуп чоңоюшат. Азыркыдай "көркөм кеңеш" проблемасы болбойт…
Эми кайрадан Жаныш Кулманбетовдун статьясына келели. Себеби Кулманбетовдой ойлогон инсандар толтура. "Көркөм кеңеш адамдарды чыгармачылык укугунан ажыратат, бул конституцияны бузуу "-деп эсептейт экен. Ж. Кулманбетов (20 жылдан бери ким эле конституция менен жашап калыптыр) Анда эмне ЦРУнун экс-шефи Аллен Далестин "доктринасы" менен жашасак анда конституциябыз бузулбайбы? .
Элибиздин, айрыкча жаштарыбыздын аң - сезимине бүлүк салып жаткан, бетпактыкка, баардык ыплас нерселерге үгүттөгөн "шедевр" чыгармаларга бөгөт коюлса ал конституцияны бузуубу? Сизге урматтуу Ж. Кулманбетович жана дагы "демократиялап" оозунан көк түтүн буулангандарга айтаарым, демократиянын шарданы менен экономикабыз талкаланды. 1 млн дон ашык элибиз кара курсактын айынан сыртта жан багып жүрүшөт. Демократиянын шарданы менен Улуттук түшүнүгүбүз алсырап, мораль деградацияга, ыйман товарга айланды. Кылмышкерлер, наркомандар, сойкулар көбөйдү. Улуттук ыйык түшүнүктөрүбүздү рынок стандартына салып, акча жана акча деп жатып чоң катастрофага тушукканы калдык. Карылар үйүндө кыргыз улутундагылар батпайт, көчөдөгү бомждардын көпчүлүгү кыргыздар, тоталитаризм, сталинизм, ленинизмдин тушунда ушулар бар беле?
Демократиянын шарданы менен азыркы жаштарыбыз улуттук колориттеги музыка обондорду жаза албай калышты. Өткөн кылымдын 60-70-80-90- жылдарындагыдай бардык жагынан төп келишкен, оригиналдуу обондор азыр жок. Мунун себебин мен жогоруда түшүндүрүүгө аракеттендим. Азыркы менчик радио-телелерде кино-театрларда, видео салондордо кандай музыка уктурулуп көргөзүлүп жатат, эч кимдин иши жок. Иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жатпайбы. Жаңы "Көркөм кеңеш" мына ушуларды башташ керек. Жогорку кеңеш мына ушундай негативдик көрүнүштөргө бөгөт коюуга, ооздуктоого, мыйзам чыгарып, "Көркөм кеңештин" иштерин мыйзам менен бекемдеп бериш керек.
Мамлекеттик идеология тезирээк түзүлүшү жана иштеши аба менен суудай эле керек болуп турат. Мамлекеттик идеология түзүлбөшүнө, иштебешине кимдер кызыктар? Кимдер бөгөт болушууда? Булар Рух дөөлөттөрдү шек алдырбай алмаштыргыч, глобализация демократиянын күжүрмөн солдаттары" эмеспи?

Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген
артисти, Рыспай
Абдыкадыров
атындагы сыйлыктын
лауреаты Композитор,
обончу, комузчу
Атайбек Бөдөшов.