Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тибиртке чыккан тилибиз, көтөрүп чыкчу кимибиз?
Мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик кызматка келе албайт!
2004-жылы Мамлекеттик тил бо­юнча мыйзам кабыл алынып, анда "Кыргыз Республикасында мамлекеттик, расмий, коомдук-саясий иш-чаралар, (курултайлар, сессия, жыйналыштар, кеңешмелер) мамлекеттик тилде өткөрүлөт жана расмий тилге далма-дал которуу менен камсыздалат" -деп жазылган. Расмий тилге далма-дал которуу кызматы мыйзам чегинде так аткарылганы менен, мамлекеттик тилге болгон мамиле итке сөөк ыргыткандай абалда. Мамлекеттик тил мыйзамы бир канча ирээт бузулуп, эчен жолу тепсендиде калса дагы эч бир чара көрүлгөн эмес. Баягы эле байкуш Мамлекеттик тил комиссиясы чырылдап чыкканы менен, чара көрүүгө укугу жок. Колу, буту тушалган. Мисалы, аталган мыйзамдын 27-беренесинде "Кыргыз Республикасында көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар, жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат. Башка тилдеги текстин ариби мамлекеттик тилдин арибинен чоң болбоого тийиш" деп жазылса дагы, ушул күнгө чейин көрнөк жарнактар башка тилде каалагандай жазылып, илинип турат. Мыйзам бузулганы менен чара көрүү укугу эч кимге берилип, айып салуу каралган эмес. Мисалы, мыйзамдуу өлкөдө жашап аткандан кийин кайсы багыттагы мыйзам болбосун, ал бузулган күндө бузган тарап жоопкерчиликке тартылуусу керек. Жол эрежесин бузгандар үчүн айып салынып, айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Каражат коротуп, айыбын төлөйт. Ошол себептен айдоочулар мыйзамды аттап, эреже бузуудан сактанышат. Ал эми тилди тепкилеп, канча жолу бузсак дагы көрмөксөнгө салып келдик. Бул олуттуу көйгөй көптөн бери көмүскөдө жаткан. Эми Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева аталган мыйзамга толуктоолорду киргизип атат. Мында Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптары аткарылбаган учурда, бузган тарапка айып акчасын төлөтүү, чара көрүү каралып атат. Бул мыйзам долбоору учурда талкууда каралып, 1 айдан кийин Жогорку кеңешке сунушталат. Эгер депутаттардан колдоо таап, добушка алынса Кыргызстанда чоң бурулуш болоору бышык. Ачыктап көрсөткөндө мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилди билбеген Кыргызстандын жараны жогорку кызматка, Жогорку сот, министр, губернатор, статс-катчы кызматына келе албайт. Мамлекеттик тилди билбеген аталган кызматтагылар кызматынан чегинүүгө аргасыз болуп, 1000-2000 сом ортосундагы айып акчасын төлөйт. Эгер төлөөдөн баш тартса сот аркылуу чара көрүлүп, көзөмөлгө алуу укугу Мамлекеттик тил комиссиясына берилет. Ал эми көчө жарнактары үчүн мыйзам бузган учурда, жарнама кылган ишкана же компанияга 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат.


Урмат Аманбаева, ЖК депутаты:
- Кыргыз тилге басым кылуу башка тилдерди басмырлоого жатпайбы?
- Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланышына жолтоо болбойт. Мамлекеттик тилге болгон мамилени жакшыртуу, Кыргыз мамлекетинин титулдук улутун түзгөн кыргыз элинин тилинин өнүгүшүнө кам көрүү эч кандай башка тилдерди басмырлоого жатпайт. Бул мамлекеттик тилге болгон урмат-сый.
- Өткөн жолу да тил маселесин көтөрүп, "фашист" аталып кеттиңиз эле, бу сапар да сындагандар чыгып атса керек?
- Айттым го, титулдук улуттун тилине кам көрүү эч качан, эч убакта улутчулдук эмес. Андан чочуп, коркпой эле коюшубуз керек. Эгерде бул мыйзам кабыл алынып калса, чоң бурулуш болот. Ал эми зарылчылык болмоюн тилди эч ким үйрөнбөйт. Чынын айтыш керек Кыргызстанда кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрү эмес, кыргыз жарандары да жакшылап билбегендери бар. Кыргызстандын жарандары мамлекеттик тилди үйрөнүп алса эч качан ашыктык кылбайт. Башкалардан тилди үйрөнүү талабын койбой туруп, алгач өзүбүз тилди урматтап алышыбыз зарыл.
Тиленбек Азык






Эртең элдик курултайга эки жыл болот
Мындан туура эки жыл илгери 17-мартта Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү кезектеги Элдик курултайга чогулушкан. Бакиевдин бийлиги чектен чыгып, эл мына-мына жарылам деп турган. 6-апрелге чейин Бакиевдик бийликке электр жана жылуулукка болгон тарифтер арзандасын, Исмаил Исаков баш болгон саясий туткундар эркиндикке чыксын, Жаныш, Максим Бакиевдер кызматтан кетсин деген өңдүү талаптары менен бийликке 6-апрелге чейин мөөнөт беришкен. Туптуура 20 күндөн кийин Бакиев элине ок аткан, Кыргызстандан куулган.17-март күнү өлкөбүздө ушундай тарыхый окуя болгон. Бирок Бакиевдер куулганы менен алардын "куйруктары", ошол кандуу бийликтин камчылары, чабармандары дагы деле бийик жерде. Акылбек Жапаров, Акматбек Келдибеков, Аалы Карашев, Камчыбек Ташиев… Тизме дагы көпкө уланат.
Акматты эми атышат
Акмат Бакиевди качыруу ишине аттуу-баштуу адамдар катышып, миллиондогон акчалар жумшалганы ачык айтыла баштады. Агасы ажо кезинде бүтүндөй түштүк аймагына көмүскө кожоюн аталып, миллиондоп зыян келтирген бул адамдын качышына Бакиевдин Ак үйдөгү айрым куйруктарынын тиешеси бар экени кабарланып келген. Акматты абакка түшүргөн ИИМ министринин орун басары Мелис Турганбаев ушул жуманын башында парламентке барып, "Биринчи жолу кармаганыбызда мыйзам алдында жооп берсин дегенбиз. Эми кармасак, жанында курал болсо, атабыз! Балким бул азыркыдай маселени жаратпайттыр" -деп агынан жарылды. Турганбаевдин мынчалык күйүп атканын да түшүнсөк болот. Өмүрүн тобокелге салып кармап келсе, тигилери каратып туруп качырып ийип атышса, анан кантмек эле…
Ширин да ачууланды
"Ата-Мекендин" айымы Ширин Айтматова да Акмат Бакиевди качыргандарга парламенттен каарын төгүп, президент Алмазбек Атамбаевге ачуу сөзүн айтты. "Кыргызстанда мамлекеттик масштабдагы кылмыш болуп жатса, эмнеге президент эч нерсе билбегенсип унчукпайт? Бул окуя кандайча болуп кеткенин мен өз президентимен уккум келет. Мындан бир аз мурда эле төштөрүн койгулап жаткан бардык революционерлер, эмне унчукпайсыңар?" - деп жаны кашайды.
Шалаакылык эмес, кыянаттык кылдыбы?
Ууланган көмүрлөр боюнча айыбы ачыла баштаган Аскарбек Шадиевди мурунку "Ак жолдогу" кесиптештери жан алы калбай коргоп киришти. Бирок "Кулангейтте" министрлик кызматын убактылуу тапшырган Аскарбек Шадиевдин кулагы даана эле көрүнүп турат. Куландан ташылып келинген көмүрлөрдү тендерге катышкан компаниялар техникалык экспертизадан өткөргөндө радиациялык өлчөмү нормадан ашып, уулу экени ачыкталган. Бул боюнча "Электр станциялар" ААКнун жетекчиси Аман Тентиев министр Шадиевге айтыптыр. Бирок Аскар мырза Амандын айтканына көнбөй, тендерин өткөрүп, ууланган көмүрдү таптаза деп Атамбаевди алдап, токтомду токутуп алган экен. Тендер дегендин чиновниктердин арасындагы кыргызча тергелиши "теңин бер" дегенди түшүндүрөт. Балким Шадиев ошол тендердик тартипти колдонуп, капчыгын кампайткан окшойт. Шадиевге "Шалаакылык" эмес, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айыптын тагылып атышы да бекеринен эмес.