Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чач сулуулуктун- көркү…


Фен
Чачыңыз жибектей болуп кулпуруп, жалтырап турушун кааласаңыз эч качан фен менен кургатпаңыз. Өзгөчө фендин өтө ысыгы менен кургатууга мүмкүн эмес. Бул чачтын өңүнүн өчүшүнө жана бузулушуна алып келет. Эгер чачыңызды фени жок кургата албасаңыз, анда чач менен фендин ортосунун аралыгы 50 см болушу шарт. Чачты жуугандан кийин сүлгү менен аарчып кургаткан эң жакшы. Мында чачыңыз табигый өңүн жоготпой, аз да түшөт.
Шампунь
Чачка кам көрүүдө чачыңызды жууп жаткан каражаттар да зор роль ойнойт. Чачты эч качан самын менен жуубаш керек. Самын чачты кургатып, өңүн өчүрүп жиберет жана чачтын какачташына алып келет. Чач жуучу каражаттарды сатып алуудан мурда сиздин чачыңызга кандай шампунь туура келерин билип алганыңыз оң. Маселен, чачыңыз кургак болсо, кургак чачка арналган каражаттарды алуу керек. Дагы бир белгилей турган нерсе, шампунь менен чач бальзам бир фирманыкы болсо, чачыңыздын кайратуу болушуна жакшы таасир этет.
Маска
Эгер чачыңыздын кулпуруп турушун кааласаңыз жумасына бир жолу маска жасап туру керек. Маскаларды даяр эле базардан да сатып алсаңыз болот. Бирок колго жасалган маскалар даяр маскага караганда бир топ натыйжалуу жана зыянсыз. Анда сизге үйдө жасала турган табигый маскалардан сунуш кылабыз.
Сабиз маскасы
Бул маска ашыкча майлуу чачтарга арналган. Эгер сиздин чачыңыз ашыкча майланышып, күнүгө жууну талап кылса анда бул масканы колдонуп көрүңүз. Ал үчүн сабиздин кыргычтан өткөрүп, аны марлиге салып, согун чыгарып алабыз да, ал ширени чачтын түбүнө сүртөбүз да эки-үч саат коюп коёбуз. Андан кийин жылуу суу менен жакшылап шампундап жууп коёбуз. Бул масканы жумасына бир жолу жасоо талапка ылайык.

Пияз маскасы
Эгер чачыңыздын бекем болуп жана жылтылдап турушун кааласаңыз төмөнкү масканы колдонуңуз. Ал үчүн пиязды кыргычтан өткөрүп, алынган боткодон эки-үч аш кашык шире сыгып аласыз. Ширени чачтын түбүнө сүртүп, сүлгү менен жылуулап жаап коёсуз. Чачыңыз кургак болсо, бир сааттан кийин, нормалдуу болсо бир жарым сааттан кийин, майлуу болсо, эки-үч сааттан кийин шампундап жууп коёсуз. Бул чачтын түбүн бекемдейт, какачтан арылтат жана жибектей жылтырак кылат.
Бал маскасы
Эгер чачыңыз түшүп таз болуп бара жатсаңыз, анда балдан жасалган масканы колдонуңуз. Ал үчүн бирдей өлчөмдөгү пияздын ширеси менен балды аралаштырып, таз болуп бара жаткан жерге сүртүп, бир сааттан кийин аны нымдуу салфетка менен аарчып гана коюу керек. Бул масканы күн сайын, 2 айга чейин жасоо керек.
Лимон маскасы
Төрт лимондун кабыгын бир литр сууга кайнатып, таза жуулган чачты чайкасаңыз, какачты кетирет. Ал эми бир литр кайнаган сууга бир аш кашык лимон ширесин аралаштырып, чачты чайкаса, жылтырап калат. Эгер чачыңызды тармалдатам десеңиз, бигуди коёрдон мурда чачка апельсин ширесин сүртүп коюу керек. Ошондо өзүңүз каалагандай формага ээ боло аласыз.
Жаркынай Кадыркулова