Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Картаңбектин каралагысы келген кимдер?


Быйылкы жылы коррупцияга каршы күрөш болуп көрбөгөндөй күч алып, бир топ жетекчилердин былык иштери билине баштабадыбы. Бирок коррупцияга каршы күрөшөбүз деген шылтоо менен кээ бирлер күнөөсү жок, калк карасындагы кадыры бийик адамдарды да баса калып, жалган жалааларды жаап атканы да жашыруун эмес. Мисалы, Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Мусаев Картаңбекке пара алган деген жалган жалаа жабылып отурат. Албетте коррупционерлердин биринин артынан бири кармалып, мамлекетибиз жеп-ичкичтерден тазаланып атканына биз дагы кубанып, мамлекет башчыларынын, күч органдарынын бул ишине маалыматтык кызуу колдоо көрсөтүп келдик. Бирок Мусаев Картаңбектин мисалында коррупцияга каршы бул күрөш теңирден тескери кеткенине күбө болдук. Аламүдүн районунун мамкаттоо кызматынын жетекчиси Мусаев Картаңбек тескерисинче коррупционерлерге каршы турам деп, алардын былгытма ишине бөгөт коём деп, кайра өзү алардын капканына түшүп отурат.
Эске сала кетсек 17-февраль күнү Аламүдүн районунун мамкаттоо кызматынын башчысы Картаңбек Мусаевди жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаевди Абдрасул Осмонов аттуу жарандан 29 миң доллар акча өндүрдү деген айып менен кылмыш ишин козгоп, камакка алышкан.

- Окуя боюнча Чүй облусунун мурдагы губернатору, белгилүү коомдук - саясий ишмер Сагынбек Абдрахманов төмөнкүлөргө токтолду.
- Мусаев Картаңбек мурда Бакиевдин убагында Көк-Жар айылынын айыл өкмөтү болчу. Кийин 2006-жылы ноябрь митингинде биринчилерден болуп элдин алдына чыгып "Бакиев кет" -деп кыйкырган. Ошол кездеги оппозициянын ана башчыларынын жанында жүргөн. Калган айыл өкмөттөрү унчуга алышкан эмес. 7-апрелде Бакиевдер элди кыра баштаганда ич кийимине чейин кан болуп, өзүнүн машинеси менен жарадар болгондорду, каза болгондорду ташып жүрдү. Кийин мен Чүйдүн губернатору болуп турганда Алмазбек Атамбаев менен кеңешип туруп, Аламүдүн районун мамкаттоо кызматына койгонбуз. Бирок азыркы "Кыргызгаздын" чоңу Тургунбек Кулмурзаев өзүнүн бир тууган иниси Кадырбекти ушул кызматка коюп бер деп, бир нече жолу суранганда мен болбой койгом. Ошентип мен кызматтан кеткенден кийин Картаңбек Мусаевге да "кызматтан кет" -деп кысым кыла башташат. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Кармышовго кысым кылат, ал бул жакка кысым кылат. Ревизия, комиссия жиберишет, прокуратура менен келип иш козгошот. Бирок эч кандай илинчек таба албай, айлалары кетет. Эми минтип ири өлчөмдөгү пара менен кармалды деп бүтүндөй Кыргызстанга жайып ташташты. Картаңбек Мусаевди, анын таза, акыйкат адам экенин жакшы билген Аламүдүн районунун эли бүгүн бул окуяга кыжыры кайнап турат.
- Эч кандай илинчек таба алышпагандан кийин, пара алды деп күнөөлөп атышат дедиңиз? Пара бергендер атайын жасаган десек болот турбайбы?
- Пара берген бала дагы, 50 миң доллар доолап атат деп арыз жазган киши дагы көкжарлыктар. Тааныйбыз. Арыз жазган Осмонов деген неме Акаевдин кудасы. "Кара-Жыгач айылынан тендер менен жер тилкелерин алганбыз" - деп 2008-жылдан бери төрт Мамкаттоо кызматына кайрылган экен. Бирок алар "бул жерлер мыйзамсыз. Бергенге болбойт, ээлери бар" -деп баш тартып коюшкан. Анан Абдрасул Осмонов Картаңбек Мусаевге да келип, жерлерди каттап бер деп кайрылган. Экөө кошуна турушат. Картаңбек макул болбой койгон. Кийин Осмонов "акчасын деле берелик, каттап берип койсунчу" - деп Картаңбектин Жаныш Омуркулов деген уруулаш агасын ортого салат. Ал агасы жаман ою жок Картаңбекке "каттап берип койчу" - деп барат. "Ал жерлер мыйзамсыз, бергенге болбойт" -деп Картаңбек агасын да кагып коёт. Айласы кеткен Абдрасул Осмонов Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаевге барып, "Сен Мусаевге барып сүйлөшүп көрчү, болбосо акчасын деле берем" - деп аны көндүрөт. Бирок Мусаев көнбөй койгон. Экинчи жолу дагы барат. "Кара-Жыгач айыл өкмөтү бул жерлер мыйзамсыз деп токтом токуп атпайбы. Сен эмне өзүңдүн токтомуңа каршы чыгып атасың. Ал жерлерди бергенге болбойт" -деп анда да кабинетинен чыгарып иет. Ошол эле күнү кайра кирип, "эми байке жакшылап караштырып көрбөйлүбү" -дегенде "мейли 18-февралда жер ченегичтерди жиберейин, ал жерлер мыйзамсыз экенин өз көзү менен көрсүн" -дейт. Ал чыгаары менен эшикте Осмонов Абдрасул тосуп алып, "ме ушул акчаларды бүгүн бергин" - деп чөнтөктөрүнө долларларды тыга баштайт. Айыл өкмөт Мырзабаев кайра кирсе, Картаңбек Мусаев "эмне келдиң, жаңы эле түшүндүрбөдүмбү" - дегенде "мунусун алып келдим" - дейт. "Абдрасулду мен жакшы билем, бала кезден чогуу чоңойгонбуз. 100 сом алсаң 100 жолу сасыйт, жолобо ага" - деп сөгүп, кабинетинен кууп чыгат. Ал чыгар менен оперлер кирип келип, кылмыш иши козголгонун айтып, кана акча дейт. "Кайсы акча?" - деп Картаңбек алакан жаят. "Жаңы эле бербеди сага" - дешсе, "мен эч кимден акча алган жокмун" - дейт. Ал эми айыл өкмөт бакыт Мырзабаев кетип бараткан жеринен тепкичтен кармап, Картаңбектин кабинетине алып киришет. Айыл өкмөттүн чөнтөгүн тинтип, 29 миң долларды алып чыгышат да, монтаждап туруп мына Картаңбек Мусаев 29 миң доллар пара алып аткан жеринен кармалды деп элге жарыя кылып атышат.
Анан акыйкаттык кайда деп биз ары-бери чуркап, милицияга барсак, алар "үстүбүздөн кысым кылып атышат"-дейт. Ким десек, Кулмурзаевди айтышты. Сотто да "биздин да алыбыз жетпейт калды" - дешти. Ошол замат камалсын деген соттун чечими чыкты. Картаңбек байкебиз ага чейин эле кант диабети болуп, жүрөгү ооруп больницага жатып чыккан. Сотко бүт справкаларды көрсөтсөк да макул болбой, жанагыдай камалсын деген чечим чыгарды. Ошол жерден Картаңбек байкенин жүрөгү кармап, сот залынан кулап калды. Больницада да колуна кишен салып, кроватка байлап коюшту. Биз Бакиевдин кордугун жакшы эле көрдүк, бирок мынчалык болгон эмес да. Реанимацияда жаткан кишиге кишен салып койгону кандай? Бул эмне деген акмакчылык? 87 баланы өлтүрүп коюп, жүрүшөт го жанагылар үй камагы деп коюп.
- Кара-Жыгачтын айыл өкмөтү эмне болду?
- Бакыт Мырзабаевди СИЗОго камап коюшкан. Аны да былчылдатып сабап атышыптыр. "Менден акча алган эмес"- деген көрсөтмөңдү өзгөрт деп кысым кылып атышат. Ал мен Картаңбек Мусаевге акча берген эмесмин деп көрсөтмө берген, видео тасмада да Мусаевдин акча албаганы айдан ачык көрүнүп турат.

P.S. Биздин колубузга тийген документтерде жана видеотасмада Картаңбек Мусаевдин эч кандай акча албагандыгы айдан ачык эле көрүнүп турат. Баарын ачыктап, далилдеген ал тасманы Биринчи Май райондук соту дагы, Бишкек шаардык соту дагы кароодон баш тартып, Картаңбек Мусаев 15-апрелге чейин камалсын деген чечимин чыгарып койду. Бул жерде Картаңбек Мусаевди каралап, темир тор артына тыгууга кызыкдар болгон күчтөрдүн бар экендиги ачык эле көрүнүп турат.
Тиленбек Азык





Кыргыз республикасынын
президенти Алмазбек Атамбаевге

Жолдошум ак жерден күйүп олтурат


Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге кайрылган адамдар бүгүнкү күндө аябай эле көп. Анткени, мыйзам бузуулар көп болуп жатат. Акчасы барлардын сөзү гана өтүмдүү болуп, акчасы жоктор жаман иштерге кириптер болуп жатат, жасабаган кылмыштары үчүн жооп берип да жатышат. Ошондон улам Сизге кайрылгандар көп. Мен да ошолордун биримин.
Алмазбек Шаршенович, менин жолдошум Таштанбек Мамбетказиев да жасабаган кылмышы үчүн кармалып, аны кармагандар сот жообуна тартабыз деп турат. Ошондон улам Сизге кайрылып жатамын.
Бишкек шаарынын Свердлов раймилициясынын тергөө бөлүмү жолдошум Мамбетказиев Таштанбекке төмөндөгүдөй күнөө коёт: Мамбетказиев Таштанбек Осмонович жеке ишкердик кылып бирөөнү алдоо жолу менен 2001-жылы 22-августта 0с00 "Азия -Транзит-Экспресс" менен ( деректири К.Керимбеков) 94 тонна күрүчтү алып отуз күндүн ичинде килосун 14 сомдон сатып, акчасын бермей болот. Келишим түзүлгөндөн кийин Т.Мамбетказиев аталган көлөмдөгү күрүчтү алып кетет. Аз өтпөй "Азия -Транзит-Экспресстин" кассасына 44 000 сом төгүп, 16 140кг күрүчтү кайра алып келет. Калган 74 646 кг күрүчтү Бишкек шаарынын базарларында сатып акчасын өзүнө кириштеп алат.
Мына ушундай жалган күнөөнү коюшкан. А чынында иш башкача болгон.
Жогорудагы "кылмыш иши" дегенди 2003-жылы 15-августта Свердлов райсоту карап, жолдошум Мамбетказиевди үй камагына кесип, ишти кайрадан райондук прокуратурага жиберген болчу. Анткени, соттогу суракта жолдошум чынында эле күрүчтү алып -сатканга келишимге кол койгондугун, бирок, таза күрүч деп алганы сечка экендиги билингенден кийин кайра өткөзүп берген. Ошондо алгач сатылган акчадан Керимбековго дароо бере албай калып, аз убакыттан кийин бермек болгон.
Сотто К.Керимбеков да суралган. Анын айтымында Мамбетказиев менен аны өзүнүн жакын таанышы Ж.Сейитбеков деген тааныштырган. Ошондон кийин Мамбетказиев менен күрүчтү алып-сатуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бирок товарды эмне кылышты Сейитбеков жеке чечкен.
Кийин Керимбеков ошондо "мен Мамбетказиевди таппай койдум" деп калп айтып милийсага кайрылган. Свердлов раймилициясы да жеке Керимбековдун кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишти алып барып жатабыз, иштеп жатабыз дегенчелик кылып 2003-жылы 15-декабрда менин жолдошума издөө салат да Свердлов райпрокуратурасынын санкциясы менен аны камоого чечим алат.
Жолдошум Мамбетказиев эч кайда жашынбай эле ошол жылдан ушул жылга чейин өз үйүбүздө жашап келди, "Шумкар" деген акционердик коомдо шоопур болуп иштеди. Анан жашынбаса, эмне үчүн издөө жарыялайт да 7 жыл өткөндөн кийин келип кармап кетет. Мунун баары Сиздин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп жатканыңыздан кийин биз да иштеп жатабыз деп отчёт берүү үчүн болуп олтурат деп ойлойм.
Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында жөнөкөй эле кийинген адамдар келип жолдошумду алып кетишти. Эки сааттан кийин келет деген, жибербей эле камап коюшуптур.
Эми болгон иштин баарын майдалап, түрдүү цифраларды келтирип Сиздин убактыңызды алгым келген жок. Кайдагы бир алдамчылардын тузагына илинип, жөн эле жерден жоопко тартылганы турган жолдошумдун ишин туура иликтетеби деп кайрылдым. Сиздин туура жүргөнүңүз, туура чечим чыгарып турганыңыз жана да карапайым адамдардын кызыкчылыгын алдыга койгон принцибиңиз үчүн кайрылдым.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, менин сөзүмдү жерде калтырбай, тиешелүү кызматкерлериңизге тапшырып чара көрөт го деген чоң ишеним менен, Сизди терең урматтап
Жунушалиева Салтанат