Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Каргашалуу түн...
Асыран Айдаралиев, финдердин өлкөсүндө арагсыз жашап калган эркин журналист:

"АБИЙИР СОТУ МЕНЕН АРБАК


ЭЧ КАЧАН КЕЧИРБЕЙТ"


...Келдибеков менен Ташиевдин чамынып чыккандары алардын жосунсуз жоруктары. Бакиев бийлигинин камчысын катыра чапкандардан түзүлгөн партия экенине карабай эң алдыңкы орун менен парламентке келишти. Жөн эле мандат алышпай партиясы коалициялык топтун башында, Келдибеков парламенттин башында башкарып отурду. Бир жыл бою ызы-чуу салып...

- Асыран мырза, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши акырына чыгат деп ишенесизби?
- Ишенич болуп жаткан. Бирок кечээ жакында Акмат Бакиевди качырып жиберишкенден кийин ишенбей да калдым. Колдорунда турган Бакиевди түзүктөп жазасын бере алышкан жок, анан тээ Минск менен Лондондогусун, кай жерде жүргөнү белгисиз жаналгыч Жанышын кантип таба коюшат да, кантип кармап келип жазага тартышат деген ой келбей койбойт экен. "Биз кармайбыз, алар качырат" деп Мелис Турганбаев туура айтты. Атамбаевдин бийлиги кармап, жазалайлы демиш болот, а азыркы бийликтин "денесине" сиңип, тамырлап терең кирип алган Бакиевчилер ага макул болгусу жок, таптакыр каршы чыгып, ачыктан ачык эле бут тосуулар болуп жатпайбы. Азыр темир торго түшүп, "жазаланат" деп аткандар жалаң кылмыштын аткаруучулары. Булар албетте жазасын толугу менен алышы керек баары тең, кылган күнөөсүнө жараша. А бирок эң башкы жоопкерчилик Бакиевдерде. Бакиевдер жазаланмайынча жүздөгөн курман болгондордун, миңдеп жабыр тарткандардын жана элдин көксөөсү эч качан суубайт. Ошентсе да бул чуулгандуу кылмыш акыры аягына чыгып, "ар бир күнөөкөр тийиштүү жазасын алат" деп ишенгим келет.
- Алдын ала маалыматтарда анын өлүмүнө мурунку бийликтин көпчүлүк өкүлдөрүнүн тиешеси бар экени айтылууда. Алардын жазага тартылаарына ишенесизби?
- Канчасынын тиешеси бар экенин иликтеп, териштирип жатышпайбы. Түздөн-түз болбосо да кыйыр тиешелери бар. Генерал Замир Молдошев деле ошол бийликтин өкүлү да. Жаныш Бакиев максаты эмне экенин аларга ачык айтпаса да кимиси болбосун "кыңк" дебей ошонун гана буйругун аткарып калышкан ал учурда. "Жат десе жатып, тур десе деле кайра жата калышып", өйдө тургандан айбыгып калышканы жалган беле? Эртеңки күндү, "бийлик колдун кири" дегенди эстеринен чыгарып, көздөрүн чылк май баскандын аягы ушул болду. Алардын баары жазага тартылабы, жокпу азыркы бийликтин ал-күчүнө, саясый эркине жараша болот. Кандай болгон күндө да талап катуу коюлуп, азыркы бийлик керек болсо тээ Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүнөн бери казып, тиешеси барлардын бирин калтырбай жазага тартып, элдин бийлик адамдарына болгон үмүтүн, ишенимин кайра жандандырышы керек, антпесе азыркы бийликтин деле баркы жогорулабайт. Мына, Аксы окуясына он жыл болуп отурат. Жакындарынан айрылып, кан жуткан байкуштар бүгүн да акыйкаттык таппай, канкакшап, боздоп келишет.
- Ошол кездеги ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахам Маудумаровдун жоопкерчилиги канчалык деп ойлойсуз?
- Жоопкерчилиги кантип болбосун. Сөзсүз булардын жоопкерчилиги бар. Мадумаров Коопсуздук кеңешин тейлеп, Конгантиев ИИМдин башында туруп эчтеке билбейм, уккан-көргөн жокмун дегендери уят. Кабардар болгон, сопсонун билишкен. Болгону эрктери жетип, ачык айта алышкан эмес, коркушкан. Бул ошол учурдун ачуу чындыгы. Туптуура бир айдан кийин, 12-апрелде Садыркуловдун сөөгүн Байтиктеги көрүстөнгө жашыруу аземи болуп жатканда жогорку даражадагы эки гана адам келген жок. Бири Президент Бакиев, экинчиси Мадумаров. "Шектүү шекшинет" деген ошол да. Болбосо адамды акыркы сапарга узатууда кайдагы саясат да, кайдагы кек-таарыныч. Орус болсо да И.Чудинов өкмөт мүчөлөрүн шагыратып ээрчитип келип адамдык парзын аткарып кетти. Азыр жөн эле "баатыр" болуп күпүлдөгөндөн көрө кечээки реалдуулукту моюндарына алып, ачык айтышса куп жарашмак. Элестетип көргүлө, аз күн мурун эле Ак үйдө Бакиевдин оң колу болуп отурган адамдын тагдыры алеки саатта чечилип, чымынга теңелбей жатканын угуп-билип туруп, ушулардын "аа" деп ооз ачкандай алы бар беле? Андай тагдыр чынында ар биринин маңдайында сөөмөй кезеп "эй, ач көзүңдү" деп турган. "Бизге деле жашоо керек да, Жаныштан коркчубуз" деп эми кантип айтышат? Айта алышпайт. Актанып, танышат албетте. А бирок эң жооптуу, бийликтин бийик күч түзүмдөрүн башкарып туруп ушундай шалакалыкка, кылмыштуулукка жол бергендиктери үчүн, коён жүрөктөрү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.
- Медет Чокановичтин каза болгонун 3 жыл мурун ушул күнү кимден уккансыз, кандай абалда болдуңуз эле?
- Келмем оозуман түшүп, катуу "шок" болгом. Мен эле эмес бул күнү бүтүндөй кыргыз коомчулугу элейип, "шок" болушуп, аябай эле дүрбөлөң түшкөнү эсимде. Ал күнү эртең менен мага таң атпай бир таанышым чалып, "байке, досуңузду өлтүрүп кетиптир, интернеттен окудум" дейт. Түшүнгөн жокмун, "эй кайсы дос, кимди, качан?" десем, "Медет байкеңизди" деп коюп койду. Таптакыр ишене алган жокмун. Кечээ эле жолугуп сүйлөшүп, ал киши жакшы максаттары жөнүндө ойлорун айтып, Алматыга жөнөп кетпеди беле. "Жок, андай болушу мүмкүн эмес, ал киши азыр Алматыда, бул жөн эле жаңылыштык болсо керек" деп өзүмдү жооткотуп жаттым. 12-мартта эртең менен жолукканда абдан жакшы баарлашуу болуп, анан ал кишиден чыккандан кийин кесиптешим Аслан (Сартбаев) менен жолугуп, жакшы тилек ойлорубузду бөлүшүп отуруп, "бул күнүбүз ийгиликтин башаты болсун" деп жакшылап белгилеп да койгонбуз. Кашайып андай болбой калды. Бир түндө бир эмес үч адамдын жанын алып тынышты "жаналгычтар". Аягы жакшы болуп, жыргап деле кетишкен жок. Арбак эч убакта кечирбейт, булар укум-тукумдары менен каргышка калышты.
- Азыр чет өлкөдө жүрөсүз, Кыргызстанда болуп жаткан азыркы кырдаалга сырттан караган адам катары кандай баа бересиз?
- Катары менен эки жолу оор окуялар болду. Эки президент тең эл ишенимин тебелеп качып жоголушту. Бул албетте эгемен өлкөбүзгө, элибизге аброй алып келген жок. Аны эми ошол экөөнүн абийирине койгондон башка айла жок. Бүгүн эми мыйзамдуу жол менен биринчи жолу шайлоодо жеңген адам бийликти өткөрүп алып иштеп баштады. Кемчилик болбой койгон жок, толтура, а бирок баары бир убакыт керек. Көч бара-бара түзөлөөрүн эстен чыгарбасак. Бир айда эле, ал эмес бир жылда баарын өзгөртүп, гүлдөтүп ийиш эч кимдин колунан келбейт. Он, он беш жылдан бери таланып-тонолуп, жалаң келемиштер кемирип келген өлкөнү өйдө көтөрүп, оңдоп-түздөш үчүн он жыл болбосо да үч-төрт жыл керек го акыры? Ал күн деле эртең эле келет, ошондо оркойгон кемчиликтерди бирден санап, көзгө сайып көрсөтүп чыгышса ким кой демек. Эчтеке боло электе эле элди кайра дүрбөтүп, өздөрүн оппозициябыз деп оолуккандардын талабы азыр дегеле жүйөөсүз. Мадумаровду түшүнсө болот, парламенттик шайлоодо да, былтыркы президенттик шайлоодо да катуу жыдып, эч кимден колдоо таппай калгандагы ыза жүрүштөрү деп койсок таарынбас. Ал эми Келдибеков менен Ташиевдин чамынып чыккандары алардын жосунсуз жоруктары. Бакиев бийлигинин камчысын катыра чапкандардан түзүлгөн партия экенине карабай эң алдыңкы орун менен парламентке келишти. Жөн эле мандат алышпай партиясы коалициялык топтун башында, Келдибеков парламенттин башында башкарып отурду. Бир жыл бою ызы-чуу салып, мушташып, ашыкча чыгым кылып, айылчылагандан башка эмне иш жасай алышты. Алышкан жок. Алардын андай жосунсуз жоруктарына ким митинг жасап жиберди? Бала болуп башына түк чыкканы Келдибеков, Ташиевдер чоң болуп, дегеле "чокудан" түшө элек го, азыр да алдыларында бийик трибуна, колдорунда мандат. Ошол мандатты аларга эл "митинг уюштургула" деп берген жок да? Атамбаевдин коррупцияга каршы ачык согуш жарыялаганы далай "калбырлуулар" менен моюну жоон "мыкчыгерлердин" түн уйкусун бузуп, алдын ала ар түрдүү ыкмалары менен сез көрсөтүшүп, элге апакай көрүнүү максатында, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн жолдорун издеп, далбастап баштагандай түрлөрү бар. Ак-карасына, кызмат даражасына, чоң-кичинесине карабай ушул баштаган күрөшүнүн аягына чыгып, коррупциянын тамырын кыркып, алсыздатып жиберсе Атамбаев бийлигинин саясый эрктүүлүгүнө эл-журт тикелей түз баасын берет жана өзүнүн "өлкөнүн өнүгүү жолуна салам" деген максатына өтө чоң өбөлгө түзүлүп, шарт-мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Электрондук байланышка чыккан
Эрнис БАЛБАКОВ