Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…

Жакшы турмушка ушул


бийлик тушунда жетебизби?..


Өтө эле ары барып тереңдебейли, феодалдык деген коом болгон экен, анын классикалык үлгүлөрүн Европа мамлекеттери көрсөткөн. Андан кийинки коомдун аты капитализм болуптур, дале болсо европалыктардын мисалында айтабыз. Анан да падышачылык Россия басып алганда биздин ата-бабалар көрүптүр ошол
турмушту.

Кийин мурунку социалисттердин идеясын мыктылап өздөштүрүп, коммунисттик идеяны кошуп бир камыр кылып жууруп туруп Ленин атабыз социализм деген заманды алып келди. Анын идеясы мыкты экен, бирок, ала жери көп экен… Андан соң же капитализмге, же социализмге окшобогон формация-коом келип, аны кай жеринен кармаарды билбей, бир трактирди төрт-бешке бөлүп турдук …а бирок, накта эркиндик деген келди да дедик! Эркиндик турганда бүтүн трактирдин эмне кереги бар?!.. Талгарбековдор жүрдү элди талаалатып…
Абсолюттук эч нерсе болбогондой эле, абсолюттук эркиндигиң да болбойт экен. Ошол, мындан жыйырма жыл мурун эркинбиз деп жинди болгон немедей катуу кубанып туруп эле мамлекетибизди жилбик кыла жаздадык, андан аман калып, курсагыбыз тойсочу… Эркиндик деген курсак тойгузбасын, жашоонун уланышы үчүн тамак керек экендигин ушунда бир билдик …Азыр кээ бир мамлекеттерге көз карандылыгыбыз бар.
Эми элдин баары билген нерсенин баарын тизмелей берсем болбос, айта турганым ушул болду-эркиндик алган кыргыз дегениңдин баары эле бийликте тура бергиси келе берет экен, бийликке тургузуп койсо шапар тээп, элдин акчасынан дароо эле жеп жиберет экен, жеп жибергендерди жоопко тартабыз деп коюп тийбейт экен, кылмышкерлерди бири кармаса, экинчиси бошотуп турат экен… Сөз кыскасы, башаламан бийлик, кээде туруп анархиябы же хаоспу деп башың жетпей да турат.
Эмне үчүн ошондой?! Анткени, мыйзамдын диктатурасын орното албай жатабыз. Мыйзамдар куру сөз түрүндө жашап жатат, мыйзамдар кээде туруп бийликтегилердин тукуруусу менен жөнөкөй адамдардын шорун катырып жатат… тескерисинче болуш керек эле. Ии, түшүнүп алгыла…
Дагы кыскарта тарталы, Бакиев бийлигине тоюп кетип аны кууп салдык. Жөн кууган жокпуз, ошого жеткиргени үчүн куудук. Анан эмне болду? Анан ошол Бакиевдин тушундагы, андан мурун куулган Акаевдин тушундагы мамлекетибиздеги түзүлгөн абал, тигилер түзүп кеткен система кадимкидей жашап жатпайбы!
Коррупцияга каршы күрөш ачып президент Атамбаев катуу ишти баштады, ажыдаардын куйругун кырча басты. Эми ага оңой болбойт, ар кыйындык жолун торойт, ажыдаар дегениң оңой менен өлбөй калсын!
Ошол күрөштүн жыйынтыгы шашпай келер. Ага да мейли, бирок, чыгабы деги? "Баланча сом дегенди жеп коюптур" деп жүздөгөн адамдардын аттары саналып жатат, "сениби, камабасак элеби" деп сөөмөй кезелип да жатат. Жыйынтыгы кечигип жатпайбы?! Иштин башталганына оңой нерсе жок, маселе, жыйынтыгында!
Жумагулов, Шеримкулов, Сыдыков, Кулов, Баекова, Силаев, Танаев, Кулмырзаев, Сарыгулов, Чынгышев, Талгарбеков, Костюк, Шаршеналиев, Абышкаев, Чудинов, Жумалиев, Сааданбеков, Ибраимов, Мадумаров, Кадырбеков, Абдыраимов, Чолпонбев, Түлеев, Сатыбалдиев, Сулайманов, Ташиев, А.Жапаров, Келдибеков, Султанов, Р.Жээнбеков, Исаев, Сыйданов, Суталинов, Балкыбеков, Малабаев, Конгантиев, Гаипкулов, Рахманов, Ширшов, Ташбаев, Елисеев, Надель, Болотбеков, Айдаралиев, Курманалиева, Байтереков, Бекназаров, Пирматов, Арапбаев… сыяктуу азаматтарыбыздан коррупцияга каршы күрөш жүргүзөбүз деп жаткандар "коррупционерлериңер барбы" деп сурап көрсө, бирде-жарымы чыгып калат беле дейм да…
Логика ушундай болуш керек го: бир бийлик куулгандан кийин, ошол бийлик менен иштешкендердин баарын кийинки бийликке жолотпош керек. Жолодубу, жаңы бийликке кедергисин тийгизет. А бизде кандай болду? Болушунча болуп турбайбы: бийлик тарапты бир карап өтчү, урматтуу окурманым, акаевчилер менен бакиевчилерден баш адашат. Эми бакиевчилер толугу менен биригип алып Атамбаев менен Бабановго чабуул коюп турганы. Ошондой болмок. Аларды эч качан бийлик тарапка, парламент тарапка жолотпош керек эле.
Бакиевдер тушунда жана алар куулуп жатканда күнөө кылгандар, элди аткандар жана аттыргандар эмдигиче соттолбой турат. Соттолмок турсун күндөн күнгө үндөрү катуу чыгып "уруп койбойбуз" деген кебетелери дааналанып жаткандай… Тигине, эптеп эле соттолумуш эткен Акмат Бакиеви акырын гана баса берди. Малеванная сыяктуу бир топтору да качып кеткен. Жаныш дегени каалаган мамлекетине барып ойноп-жойлоп жүрөт, аны чындап издеген бирөө жок сезилет. Курманбеги болсо, 3 млн долларга үй сатып алыптыр го…
Дал ушундай абалда, тезинен Конституциябызды оңдоп, президентке бийликти кадимкидей бериш зарылдыгы болуп турат. Ошондон соң Атамбаев далайдын "шорун кайнатып", далайды дайны жок кутуртпай орду-ордуна коёт эле.
Ал аңгыча кылмыштуулук өсүп жатат. Эң жаманы кылмыш кылгандардын жашы уламдан-улам жашарып барат. Демек, эртеңки келечегибиз коркунучтуу экен да! Жаштардын баары эле кылмышкер болбойт дечи. Мына ошолорго аябагандай кыйын болгону жатпайбы!
Мектептерибиз болсо, күндөн күнгө жакшы эмес жолго түшүп турат, ага бөгөт болчу саясат табылбайт. Деректири баш болуп коррупционерге айланып жатса, эмненин оңолгону?!
Конституцияда жазылып турат, мамлекет менен дин эки башка деп. Азыр молдокелериң телевизордон түшпөй мамлекеттик маанидеги маселелерди "чагат", шайлоолордо үгүттөп жүргөндөрү канча… Ал ал болуп турсун, далай адамдар башка динге, секталарга кетип жатат. Мурун азга уялгансып, жашырынып турушчу эле, азыр ачыктан ачык эле чыгып жатат. Бул деген "билгениңерди кылып алгыла" деген көрүнүш!
Ошентип, мамлекетибиз түз жол менен кете албай турат. Президент, спикер, премьер-министрдин бийлигинин даана чеги билинбейт, үчөө үч жактан аракет кылып жаткандай… жыйынтык көрүнө элек!
Эл дегендин жаманы жок, Анан бийлик деген болот экен, андан келип чыккан мамлекеттүүлүк деген болот экен, алардын башында олтургандар болот экен. Элдин жакшы же жаман жолдо бара жатышы ошолорго жараша экен… Азыр болсо биздин бийлик бизди жакшы жолго алып баратабы, же… деген суроо ар-ар кимибиздин жүрөгүбүздү өйүп турат…
Кызыгы, элдир-селдир эс тарткандан эле "кийин жакшы жашайбыз" деп келдик. Кийинки ушул бийлик тушунда болсо болот эле!
Баратбай Аракеев