Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Карга баласын аппагым дейт...
Кенжегүл Шырдакбекова,
күнөөлүү делинип, камакка алынган Нурлан Жаныбек уулунун апасы:
"Уулумдун башын айлантып,
үстүнө киргизип алып бир кызды өлтүрдү..."

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кылмыштуу бул окуя былтыр кышында болуп өткөн. Анда Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен Мамытова Уулжан аттуу айым денесине бычак жеп көз жумган. Ошол аялды өлтүрдү деп учурда Жалал-Абад шаарынын СИЗОсунда жаткан Жаныбек уулу Нурландын апасы бизге буларды айтып берди…
- Кенжегүл эже, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан айтып берсеңиз?
- Өзүм Нарын шаарынын тургуну болом. Жалгыз боймун, эки уулум бар. Улуу балам Нурлан 1990-жылы, кичүү балам 1991-жылы туулган. Нурлан мектепти аяктагандан кийин Нарын шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, кызматын ийгиликтүү аяктады. Балам аскердик милдетин өтөп келгенден кийин, иштеп акча таап келгени Россиянын Екетеринбург шаарына жөнөдүм. Балам мени аэропортко алып келип учакка салып ийди. Екетеринбурга барып, ашпозчу болуп иштеп баштадым. Көп өтпөй эле уулум телефон чалып, "апа мен Нарынга барбай эле, Кой-Таштагы Аскердик гарнизонго жумушка орноштум"-деп сүйүнчүлөгөнүнөн, орношсоң жакшы болуптур деп кубангам. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин эле, байкемдин баласы телефон чалып, Нурлан он күндөн бери үйгө келбейт, телефон чалсам албай жатат деди. Көрсө уулум Имербаева Айжан деген кыз менен таанышып, "бул менин сүйлөшкөн кызым" деп аны менен байкемдин баласын да тааныштырыптыр. Аны байкемдин баласы мага кийин айтты. Ошентип, уулум дайынсыз жок болгонунан издөө сала баштадык.
Мен Россиядан келдим. Мен келгичекти эле, кыздын ата-энеси Нарында жашагандыктан, туугандарым Нарынга барып уулубузду таап бергиле деп Айжандын энесин Бишкекке алып келишиптир. Келсе Айжан уулумду ээрчитип, Жалал-Абадка качып кеткен экен. Ал учурда балам, мага айтпай эле банкка салган 3 миң доллардан ашык акчамды алып, эки жарым миң долларга голф-2 үлгүсүндөгү машина сатып алыптыр. Айжан "женский" жагынан ооручу экен аны ооруканага жаткырып дарылатыптыр. Мен кургур, "энеме ишенип эрсиз калдым"- дегендей балама ишенип, тапкан акчамдын баарын банка салып турчумун.
- Жалал-Абадка эмнеге качышыптыр?
- Качкан себеби уулум өлтүрдү делип аткан Уулжан Мамытова деген кыз Жалал-Абадда жашачу экен. Ошонукуна барып жашайбыз деп Айжан уулумдун башын айлантып ээрчитип кеткен окшойт. Биз милицияга кайрылып издейли десек, "кызым муунуп өлүп калат, балаң жоготкон акчаны мен төлөп берейин" деп Айжандын энеси караманча каршы чыгып болбой койгон. Көрсө уулум Айжанга азгырылып эле Жалал-Абадда жүргөн экен.
- Уулуңузду кандайча Уулжанды өлтүрдү деп күнөөлөп атышат?
- Түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтып берейин. Уулжан менен Айжан убагында Россияда бирге иштеп жакшы тааныштардан экен. Айжан Россияга барып, жөн жүрбөй бирөөлөрдүн сөйкө-шакегин уурдап, депортацияланып келиптир
Бул жактан биз уулумду издеп жатканды угуп, жогоруда айткандай Айжан уулумду алдап, машинеси менен кошо 2010-жылдын 27-декабрында Жалал-Абадка алып кетет. Ал жактан, Уулжандын бир бөлмөлүү үйүн ижарага алып жашап калышат. Уулумдун биринчи соттук көргөзмөдө айтканы боюнча ал күнү Уулжан үйдүн ижара акысын алуу үчүн үйгө келип, Айжанга атырылып, үйдүн ижара акысын төлөгүлө деп кыйнай баштайт. Ортодо Айжан экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уулум Уулжанды бычак менен төшкө саят. Көрсө Айжан сайып салып," эки айлык боюмда бар, бала керек болсо күнөөнү мойнуңа алып, мен сайгам" деп кой деп уулумду алдаган экен. Анын үстүнө ошол учурда айрым милиция кызматкерлери да Айжан бир нерсе болсо, сен эки адамды өлтүрдү болуп 102 берененин негизинде өмүр бою кесилип кетесиң деп коркутушуптур. Ошондуктан уулум күнөөнү толугу менен мойнуна алганга аргасыз болгон экен.
- Айжан уулуңуздан кичүү беле?
- Жок, уулум Айжандан кичүү. Айжандын уулум менен тең эки иниси бар. Бишкекте жашап жүргөндө инилери менен чогуу уулум, Айжан болуп эле бир бөлмөлүү батирде жашап жүрүшчү экен. Батирдин ижара акысынын баарын мен берген акча менен уулум төлөчү экен. Кыскасы Айжан баламдын башын айлантып эле, үстүнө киргизип алыптыр.
- Азыр уулуңуз мен өлтүргөн эмесмин деп жатабы?
- Ооба, азыр Айжан боюмда бар дегенинен эле мойнума алгам деп жатат. Экспертизага текшертсек Айжандын эч кандай боюнда жок экен. Учурда улуум 19 жылга эркинен ажыратылып, Жалал-Абадда СИЗОдо отурат. Айжан болсо, 7 жылга камалып, Бишкектеги абактардын биринде жазасын өтөөдө. Тергөөчүлөрдүн көбү эле уулуңузда күнөө жок, күнөөнүн баары Айжанда экен, уулуңуздун башын айлантып алганы үчүн эле мен өлтүргөм деп жатат деп айтышты. Уулум "Айжан өлтүргөн" деп айтты, ага болбой эле Жалал-Абад шаардык соту күнөөнүн баарын бизге оодарып, Айжанды актап, эртерээк түрмөдөн бошотуунун аракетин кылууда. Учурдан пайдаланып, Башкы прокурор Аида Саляновадан жардам сурап кетээр элем. Сот ишин кайра баштан карап чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопко тарттырса жакшы болоор эле.
Дардаган
Мирлан Алымбаев




Жашыруун сырлар ачылууга тийиш


Сот отурумунда адилет чечим чыгарууга ар бир ооз сөз, даярдалган документтер кылдат каралууга тийиш, Бирок бул талаптарды биздин соттордун сакташы күмөн экендигине атайын бир жарандык иш боюнча маалыматтарды топтоодо ишеним туулду. Буга чейин үй талаш маселесинде Свердлов райондук, бишкек шаардык жана КРнын Жогорку Сотунун чечимдериндеги калпыстыктын айрым жактары талдоого алынган болчу. Жогорку Соттун чечимине "даттанууга болбойт" дегенибиз менен жаңы кырдаалдарга ылайык ушул эле иштер кайрадан соттордо каралып жаткандыгына да токтолгонбуз. Себеби, соттор айрым учурда официалдуу документтерди жараксыз деп таап, ал эми чечимди А.Шекербековдун ал үйдө каттоодо тургандыгы жана эки адамдын ич ара тил каты аркылуу чыгарылгандыгы, экинчи тараптын мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын соттук териштирүүдө "жок" деп белгилеп, тиркебей койгондугу да көргөзүлгөн. Жогорку Сот да бул ишеним кат биринчи инстанциялык сотто караганда "жок" болгондуктан буга көңүл буруудан баш тартканы акыры барып алардын бир тараптын кызыкчылыгна кызмат кылган го деген күмөн оюбузду ачык айткан элек. Ушундан улам бул маселеге байланыштуу дагы башка далил документтерди топтоо менен дагы бир жаңы жагдайга туш болдук.
"Агын ачып, акчасын чачып" сатып алган үй үчүн талаш-тартыштар өз апогейине жетет. А.Шекербековдун Бишкек шаарындагы Сүйүнбаев көчөсүндөгү 321 үйгө убактылуу каттоого алынышы канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин аныктоо максатында Т.Жаманкуловдун арызын караган. Бишкек шаардык район аралык соту 2010-жылдын 2-апрелинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорт столунун А.Шекербековду убактылуу каттоодон өткөрүшүн мыйзамсыз (Дело №АД-537/09Мбс 9 с 4 с 8) деп табат.
Белгилей кетели, А.Шекербековдун арызы менен Свердлов районунун РИИБиси КРынын Кылмыш Кодексинин 166-беренеси боюнча Т.Жаманкуловдун үстүнөн кылмыш ишин 2007-жылы 31-декабрда козгогон экен. Ушул эле райондун прокуратурасы Т.Жаманкуловдун арызы менен бул иш боюнча 2010-жылдын 30- апрелинде токтом кабыл алат. Натыйжада, Т.Жаманкуловдун үстүнөн козголгон иш токтотулат жана Свердлов РИИБисинин паспорт бөлүмүнүн кызматкери А.К.Асыпбаеванын А.Шекербековду убактылуу каттоодон өткөргөнүн мыйзамсыз деп чечет. Бул тиешелүү документтер да сот отурумунда эске алынбаган сыяктанат.
Жанына күч келгенде канаттуу да корголоого "караган-бутак" издейт турбайбы. Адилеттүүлүктөн үмүт үзгөн Т.Жаманкулов акыры Жогорку Кеңешке таттанууга аргасыз болот.Анда Свердлов райондук соту К.Садыковго үйдү убактылуу "арестке" алуу өтүнүч каты жоопсуз калгандыгы тууралуу айтылып, ушул маселе боюнча көмөк көргөзүү өтүнүчү болгон экен. Парламенттин коомдук бирикмелери, адам укуктары жана теңчилик мүмкүнчүлүктөрү боюнча комитеттин төрагасынын орунбасары Г.Жамгырчиева бул маселе боюнча 2011-жылдын 30-декабрда 124 - 08/36 катар санындагы катты Свердлов райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып жаткан Ж.Төлөевге кат жолдойт. Көпкөнчүлүкпү, же тоготпотукпу, айтор бул катка "ыңгыранган" соттун төрагасы Ж.Төлөевдин жооп бербегендигин Г.Жамгырчиева 2012-жылдын 2-февралындагы 124 - 08/36 жообунда белгилейт.
Сот реформасы маселеси курч мүнөздө коюлуп жатканда, мамлекетибиз парламенттик башкарууга өткөн шартта ЖКнын комитетинин катын тоготпогон сотторубуз колунда жок карапайым калкыбыздын арыз-муңун угуп, калыс чечим чыгарарына ишенүүгө болобу? Ж.Төлөевдин тоготпогондугуна караганда, анын "таянган тоосу бийик" көрүнбөйбү? Ушундай шартта К.Садыков менен Ж.Төлөевдердин маселени адилеттүү чечерине ишеним көргөзө алабызбы? Ушул үй талаштагы соттордун "ишмердүүлүгүн" сот отурумундагы протоколдор, тиркелген документтер аркылуу териштирип чыгар уюмубуз барбы? Анда алар эмнени карап отурат? Мында сот инстанциялары мыйзамды эмес, "карга карганын көзүн чукубайт" принцибин гана кармап келгенин айгинелеп жаткан жокпу?
Парламентибиз ири чиновниктер кайрылса шыр эле комиссия түзүп, баса калып текшерчү эле, эмне үчүн бул маселе боюнча комиссия түзүлгөн жок? Бүтпөгөн талаштын кайсынысында чындык, кайсынысында бармак басты, көз кысты басымдуу болгонун тактоого бүтүндөй каралган ишти суратып алуу, талдоо жасоо аркылуу айыптууларына жаза берилиши керек эле го, ошондо гана соттор кызматынан ажырап калбоо үчүн калыс чечим алууга мажбур болбойт беле? Сот системасында мындайлардан арылбай, сот реформасын жүргүзүү зарылдыгы барбы? ЖК ушул калпыс ишке барган сот өкүлдөрүн чакыртып, сессияда карап, алардын мындай камырабастыгы үчүн кызматтан кетирүүгө чейин маселени койбосо, соттордон мурда ЖКнын селдесине чок түшөт эмеспи? Маселе ушунда эмеспи, мамлекетти башкаруучу парламент!
Эртабылды АТТОКУРОВ