Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Байтерековдун


баскынчылык аракети


дагы эле токтой элек


(Башы өткөн санда)

Кочкор районунун администрациясы 2001-жылдагы №40-буйругуна шилтеме кылып Байтереков Курманбектин наамына 2007-жылы Кочкор раймамкаттоо башкармалыгы Шахта Туздан 11 аталыштагы 36 кыймылсыз мүлк бирдигин каттоодон өткөрүп техпаспорт түзгөн. Мисалы, Байтереков ошол аким кезинде: республикада стратегиялык зор мааниси бар санатория, зарядный цех, спелеолечебница, Шахта "Чоң-Туз", медпункт, контора жана башка кыймылсыз мүлктөрдү оңой эле менчиктеп алууга умтулуп, кызмат абалынын кыянаттык менен пайдаланыптыр. Байтереков мамлекетке жасаган мындай кыянаттыгы үчүн мыйзам алдында жооп берген эмес. Ал эми Байтерековдун Туз кенине карата баскынчылыгы төмөнкүчө:
Чолпон айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Жусупбеков Нурбек "Чоң-Туз" санаториясын баалатпай жана айыл өкмөтүнүн балансына кабыл албай туруп, жеке ишкер Байтереков Курманбекке 25 жылга ижарага берет. 2000-жылдын 25-январында түзүлгөн ал келишимдеги "Биринчи тараптын" (Чолпон айыл өкмөтүнүн) милдетиндеги 2-пунктунда: "25 жыл ижара мөөнөтүнүн ичинде өзүн-өзү актагандан кийин жеке ишкер Байтереков Курманбек Анарбековичтин жеке менчигине өтөт" деп так көрсөтүп, "өзүм билемдик " эреже киргизилет. Бул келишимде Байтереков Курманбек өзүн "Кочкор районундагы "Чоң-Туз" санаториясынын жетекчиси" деп көрсөтөт дагы кайра эле ошол жерде "Жеке ишкер" деп көрсөтөт жана келишимди "Чоң-Туз" дарылоо өндүрүштүк фирмасынын жана "Сары-Булак" дыйкан чарбасынын мөөрү менен бекиткен. Жусупбеков Нурбек болсо мындай өзүм билемдик мыйзамсыз иши үчүн ушул кезге чейин жоопко тартылбай келет. Анткени, Байтерековдун "Чоң-Туз" кенин менчиктеп алуусуна анын жардамы чоң. Эл-журт менен эсептешпеген Жусупбеков бүгүнкү күндө да айыл өкмөт башчы болуп былкылдабай иштеп атат.
Келишимде боюнча Байтереков "Чоң-Туз" спелеолечебницанын ижара акысына жалпысынан 35000 сомдон жана мындан тышкары бюджетке жыл сайын 20000 сомдон төлөп туруу милдети көрсөтүлгөнү менен, ал өзү бул санаторияны ижарага алып иштеткен 10 жылдын (2000-жылдан 2010-жылга чейин) ичинде бюджетке бир да тыйын төлөбөстөн, келишимдин шартын бузуп, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген.

11 үй-бүлөнү зордук-зомбулук менен көчүрүп...
Ушул эле келишимдин "Негизи" деген бөлүмүнө: "Чоң-Туз дарылоо өндүрүштүк фирмасынын оор экономикалык абалга дуушар болуп, банкрот болуу астында тургандыгын жазып, Байтереков Чоң-Туз спелеолечебницасын толук ремонттон өткөрүп, ал ремонтко 824000 сом сарпталганын бакыйта көрсөтөт. Мындан тышкары ичине катуу жана жумшак инвентарларды 300000 сомго сатып келип, спелеолечебницага койду..." -деп карандай калпты жазып коюшкандыгы айтылууда. "Чолпон" айыл өкмөтүнүн башчысы Жусупбеков Нурбектин дагы бир мыйзамсыз иши мындай: ал 2000-жылдын 25-октябрындагы өзүнүн №17-чечими менен Иманбаева Мадинага Чоң-Туз санаториясынан (80 гектар кендин ичине кирген жерден) там салууга 15 сотых жер участогу берилсин деген чечим чыгарат. Негизи кен жайгашкан жерден үлүш жер бөлүп берүү эч бир мыйзамда каралган эмес. Мындай аракетин улаган айыл атка минери Жусупбеков 2001-жылдын 6-февралында өзүнүн №5-чечими менен Байтереков Курманбекке "Чоң-Туз" шахтасынын аймагынан санатория жана турак үйлөрдүн курулушун курууга 1,40 га жер аянтын бөлүп берген. Кыскасы, ал Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан "Чоң-Туз" кенин мамлекеттик менчик катары коргоп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарына пайдалануунун ордуна, тескерисинче кенди өзүнүн жеке менчиги катары эсептегендигин ушундан улам эле билсе болот. Ал эми Байтереков болсо айыл өкмөттүн шахтанын аймагынан 1,40 га жер аянтын бөлүп берүүсүнө себеп кылып Чоң-Туз айылындагы 11 жашоочунун тамдарын сатып алгандыгын ал 11 үйдүн ээлеринин эсине салат да, аларга Туз айылынан жер кесилип берилгендигин айтат. Негизи Жусупбеков Ал 11 үй кызматтык үйлөр экендигин эсинен чыгарып койгон жана Байтереков Курманбек сатып алгандыгын тастыктаган бир да документ көрсөтүшкөн эмес экен. Кыскасы Байтереков кандай жол менен сатып алгандыгы "купуя сырга" айланат. Жыйынтыгында Байтереков ал 11 тамда жашап жаткандарды зордук-зомбулук менен тез аранын ичинде көчүп кетүүгө мажбур кылат.

"Менин жеке менчигим..."
Жусупбеков дагы бир келишимде: "Байтереков 1999-жылдын февраль айынан июнь айына чейин жалаң санаториянын курулушун жүргүзүп астма, бронха, аллергия ооруларын дарылоочу жайларды өз күчү менен, өз каражаты менен салдырды" деп көрсөткөн. Бирок Байтерековго 1,40 га жер бөлүнүп берилгенге чейин эле 1999-жылдын февраль айынан июнь айына чейин андай объектилер эч кандай уруксаты жок эле курулуп бүткөндүгүн жана алар 2 жыл мыйзамсыз абалда болгондугун Жусупбеков Нурбек өзү көрсөтүп жатпайбы.
Негизи ал объектилер 1999-жылы ЛПФ " Чоң-Туз" мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуп, Кочкор раймамадминистрациясынын 1999-жылдын 3-сентябрындагы №231- буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиясы тарабынан мамлекетке кабыл алынган экен. "Менин жеке менчигим" деп объектилер 3,60 га жер аянтында жайгашкан. Жогоруда көрсөтүлгөндөй Байтереков Курманбек бул объектилер жайгашкан 3,60 га жер аянтынын 1,40 га жерин жеке менчигине мыйзамсыз каттатып алса, калган 2,20 га жер аянтын жана ал жерде жайгашкан курулуш объектилерин өзүм билемдик менен жеке менчигине басып алып өз жеке кызыкчылыгында пайдаланып келген.
Кочкор районунун акими Т.Айтбаев 2001-жылдын 13-февралында өзүнүн №40-буйругу менен тескерисинче Жусупбеков Нурбектин № 5-чечимин бекитип, өзү мыйзам бузууга барган жайы да бар экен.
Эске сала кетчү нерсе Байтерековго (ЛПФ) жоюлбастан, кандайча жана кайсы мыйзамдын негизинде "жеке менчик" болгон "лицензия" "Чоң-Туз" ЖЧК НМ-101-03 жана НМ-102-03 лицензияларын Бакиевдин убагында кылган күнөөлөрү үчүн издөөдө жүргөн К.Курманалиев бере салган экен. Байтереков Курманбектин жеке кызыкчылыгына гана пайда алып келген ушул сыяктуу шарттардын түзүлүшүнө чоң өбөлгө түзгөндөрдүн бири бухгалтер Арсыбаев Марат болгон. Кыскасы, Байтерековдун өзүм билемдик иштерин мындан ары да улантсак болот. Бирок азырынча ушул жетиштүү болоор.

Байтереков качкандан кийин…
2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин кандуу Бакиевдик режимдин ишеничтүү кадры катары жана аким болуп турганда элге ыдык көрсөткөн мамилесине татыктуу жооп алуусунан жана элдин каарынан корккон Байтереков Курманбек "Чоң-Туз" кенин таштап салып, белгисиз тарапка, белгисиз мөөнөткө кетип калган болучу. Ошол кезде Кочкор районуна эл тарабынан аким болуп шайланган Р.Сарыбаев токтоп калган өндүрүштү жандандыруу максатында жергиликтүү элдин колдоосу менен "Чоң-Туз" шахтасынын андан ары иштеп кетүүсүнө чоң салым кошуп, бул мамлекеттик ишкананын абалын өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. Аким Р.Сарыбаевтин баардыгы мыйзам чегинде болсун деп койгон талаптарынын негизинде бул "Чоң-Туз" кенин иштетүү максатында "Кочкор Кара-Туз Шахтасы" коомдук бирикмеси түзүлүп, областтык юстиция башкармалыгынан 2010-жылдын 20-августунда күбөлүк берилет. Жаратылыш ресурстар министрлиги өзүнүн 2010-жылдын 12-ноябрындагы № 162-АН-10 протоколу менен ОсОО "Чоң-Туз" ЖЧКсына берилген НМ-101-03 жана НМ-102-03 лицензияларын жокко чыгарып, 2010-жылдын 8-декабрында "Кочкор Кара-Туз Шахтасы" коомдук бирикмесине туз казып алуу үчүн №2883ТЕ лицензиясын жана дарылоо үчүн №2884ТЕ лицензияларын берген экен. Азыркы күндө "Кочкор Кара-Туз Шахтасы" ушул лицензиялардын негизинде натыйжалуу иш алып бара баштады. Өндүрүштү жогорулатып, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылып, райондун бюджетине да чоң салым кошууга чоң аракеттерди көрүп жатышкан экен.
Бирок, 2011-жылдын 4-августунда "Чоң-Туз" кенин мыйзамсыз менчиктеп алган Кочкор районунун мурунку акими Байтереков Курманбек Нарын ОИИБнын тергөөчүсү Касымалиев Күнболоттун түздөн-түз уюштуруусу жана жетектөөсү менен, Туз айылындагы өзүнүн бир нече жактоочулары менен колдоосу-көмөгү аркылуу "Кочкор Кара-Туз Шахтасы" коомдук бирикмеси тарабынан мыйзамдуу иштетилип жаткан "Чоң-Туз" шахтасынын кеңсесине басып кирип, аны күч менен ээлеп алып, өзүн "Чоң-Туз" шахтасынын генералдык директорумун деп жарыялап, уюштуруу иштерин жүргүзүп, бул мамлекеттик ишкананын бухгалтерлигине Арсыбаев Маратты, башкы инженерликке Ниязов Иманды, коопсуздук-кароол кызматынын башчылыгына Касымалиев Адилетти дайындайт.
Ал гана эмес, укук коргоо органынын өкүлү катары мыйзамдардын негизинде иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон Нарын ОИИБнын тергөөчүсү Касымалиев Күнболот тескерисинче мыйзамдарды өзү одоно бузуп, "Чоң-Туз" кенин жеке ишкер Байтереков Курманбекке өткөрүп бердим" -деп акт түзүп, өзү жасоол, өзү сот, өзү аткаруучу болгону анын бул жерде жеке чоң кызыкчылыгы бар экендигин айныксыз далилдеп турбайбы.
Укук коргоо органдарынын ушундай эркелеткен мамилесине эрдемсип жана кандай гана кылмыш кылбасын эч кандай жоопко тартылбастыгына бекем ынанган "Бакиевчил" Байтереков Курманбек азыркы күндө шахтаны иштетип жаткан "Кочкор Кара-Туз Шахтасы" коомдук бирикмесине катуу чабуулга өтүп, байлык жана бийликтин күчүнө салам деген " өз билемдигин" карматып жатат. Бул маселе боюнча бийлик тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл.

Айбек Шамшыкеев