Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Менин милициям мени коргойт...
Мелис Турганбаев Ички иштер министринин орун басары:

"Алар мамлекет ичиндеги


мамлекет болуп алышыптыр..."


- Мелис мырза, Оштогу митинг жана шайлоого карата он күндөн ашык Ош шаарында болуп келдиңиз. Түштүктө кандай окуя болбосун жогорку бийлик сизди жөнөтөт. Бул жолу бул маселе кызуу талкууга алынып жатат. Өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?
- Биздин кызмат жарым аскердик кызмат эмеспи. Ошон үчүн жетекчилик кайсыл жакка жиберсе, ошол жакка жөнөп, өз кызматыбызды аткара беребиз да. Апрель революциясынан кийин биз милицияны элдик милиция кылууга бардык күчүбүздү жумшап, милиция менен элдин ортосундагы мамилени чыңдоо үчүн алгылыктуу аракеттерди көрүп жатабыз. Ушундан улам жетекчилик кызматта олтурган ар бир милиция кызматкери эл менен тыгыз байланышта иштеши бүгүнкү күндүн талабы. Элибиз да бизге жардам берип, элдик кошундар менен дайым иштешип келе жатабыз. Мисалы, 4-март күнү Ош шаарында болуп өткөн шайлоодо 1500 адамдан турган элдик кошундар тобу бизге жардам берди.
- Ташиевдин Курсан Асановду бетке кармап, сизди Ошко келтиргиси келбегенин себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Түштүк аймагы боюнча Курсан Асанов орун басар болгону менен, мен ал жакта оперативдик кызматтарды жүргүздүм да. Бизге түштүктө ар кандай окуялар, айрыкча улуттар аралык мамиленин келишпестиги чыгып кетиши мүмкүн деген оперативдик маалыматтар түшкөн. Мына ошол маалыматтардын чын-төгүнүн текшерип, улуттар арасындагы мамилеге, ынтымакка байкоо салып келдик. Ал жактагы ИИМдин диний - экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча 10-башкы башкармачылыгын, Уюшкан кылмыштуу топко күрөшүү башкармалыгын жана Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгын мен өзүмдүн функциям боюнча көзөмөлдөйм. Мунун өзү менин түштүктө саясий окуялар болсо да, болбосо да ишим арбын экенинен кабар берип турат. Ал эми айрым учурларда болуп аткан саясий окуяларды биз өз кызматыбызды күчөтүүгө мажбурбуз. Себеби биз коомдогу ар кандай окуяларды алдына алып, жалпы элдин коопсуздугуна камкордук көрүүгө түздөн -түз милдеттүүбүз. Ошто митинг тынч мүнөздө өттү. Ал эми Ташиевдин ал митингде мен тууралуу айтканына чынында таңкалдым. Баарыбыз эле түндүк түштүк маселесин жоёлу деп ураан чакырып, колдон келген аракетибизди көрүп келатабыз. Бирок эл өкүлү деп эсептелген Ташиев ошол эле жерден: "Курсан Асанов турса, Турганбаев эмне үчүн Ошко келет"- деп айтканы туура эмес. Мен эмне Африкадан же Кытайдан келдим беле? Мен дагы Кыргызстандын жаранымын, кыргыз элинин ынтымагы, коопсуздугу үчүн күйүп - бышып жүргөн кыргыздын патриот инсанымын. Кыскасы, кандай сүйлөсө да, өзү билсин. Саясатташтырып айткан сөзү болсо керек. Бирок, сүйлөгөндө да терең ойлонуп, абайлап сүйлөө абзел.
- Улуттар арасында коопсуздануу маселеси дагы да болсо бар деп жатпайсызбы, Бул маселе тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере болот"- деп айтылгандай, биз Оштогу бүгүнкү негизги абалды жашырбай ачык айтышыбыз зарыл. Мен Ошко барып, эч кандай саясий окуяларга кийлигишкен жокмун. Өзүмдүн милдетим боюнча карапайым элге жолугуп, улуттар арасындагы ынтымакты, мамилени байкап, өзбектер көп жашаган махалляларды кыдырып, эл менен пикир алыштым. Чынында улуттар арасында бир топ эле кооптонуу бар экен. Бул маселени биз өз убагында алдына-ала алышыбыз зарыл. Мен кайсыл жерге милициянын толук өздүк курамдарын түзүү керектигин иликтеп чыктым. Бул маселени эл да суранды. Мисалы, Он-Адыр кичи районунда жашаган 65 миң адамдын дээрлик баардыгы өзбек улутундагы адамдар экен. Алар шаар жакка көп түшүшпөй өздөрү менен өздөрү болуп калышыптыр. Мындайча айтканда мамлекет ичиндеги мамлекет болуп алышыптыр. Ал жердеги участкалык кызматта 5 гана милиция бар. Бирок бул жетишсиз. Жергиликтүү эл да ал жерге милициянын толук кандуу бөлүмүн ачып берүүнү суранышты. Керек болсо алар ошол келечекте курула турган милиция имаратына жардамыбызды беребиз деген ойлорун айтышты. Ошондой эле Бир - Адыр, ылдый жактагы Амир-Тимур кичирайондору да чоң экен. Ал жакта 56 миң адам жашайт экен. Андан сырткары, Шайыт-Дөбө, Фурхат, Жийде деген жерлерде да улуттар аралык ынтымак анча эмес экенин байкоого болот экен. Мен эки жыл катары менен Жалал-Абадда көп жүрдүм. Оштогу абалды Жалал-Абад менен салыштырып айтканда бир топ эле оор экен. Мен бул маселени келгенде министрге да айтып бердим. Эми чынында бул маселе жөнөкөй маселе эмес, эң көйгөйлүү маселе болгондон кийин президентке чейин жеткизип, талапка ылайык иш-чараларды өз учурунда жүргүзүшүбүз зарыл. Эгер бул маселени алдына албасак, кайра кайталанып чоң чыр чыгып, эл аралык саясатка айланып кетиши мүмкүн. Андай чоң чатакты кыргыз эли эми көтөрө албайт.
- Оштогу абал оор экен деп жатпайсызбы. Муну атайы курчуткан күчтөр да болушу мүмкүн да. Мүмкүн Батыров, Салахидинов өңдүү биз биле элек көпөстөр өз билгендерин кылып атышкандыр?
- Аларга окшогон көпөстөр 2010-жылдагы окуянын учурунда эле өлкөдөн чыгып кетишкен. Ал жерлерде өзбекстанда туугандары жана колунда жоктор калган. Көпөстөрдү айтпаганда да, жөнөкөй эле карапайым, соодагерлердин, жөнөкөй адамдардын деле көз караштары анча жакшы эмес экенин байкадык. Негизи улуттар аралык ынтымак маселесинде биринчи кезекте жергиликтүү бийлик иш алып барышы зарыл. Алар улуттар ортосунда идеологиялык иштерди байма-бай жүргүзүп, аны салтка айлантып улам тереңдетиши керек зарыл. Мисалы, кичинекей Дагестанда 102 улуттун өкүлү жашайт. Ал жакта эч кандай улуттар аралык араздашуу жок экенин жакшы билем. Себеби Дагестанда досторум көп. Кээ бир учурларда барып турам. Кичинекей өлкөдө ошончо улуттардын өкүлү ынтымакта сонун жашап жаткандан кийин, биздеги эки улуттун өкүлдөрү деле ынтымакта жашаса болот. Ал үчүн биз ортодогу ынтымакты гана күчөтүшүбүз керек. Эгерде биздин саясатчыларыбыз улуттар аралык маселеде өтө аяр мамиле кылбаса, эң биринчи мүшкүл карапайым элге түшөт. Мына Ош окуясында ким көп куурады? Албетте карапайым эл куурады! Ошон үчүн айрым бир саясатчылар элди бөлүп-жарбай, курал катары колдонуудан алыс болушса...


"Генерал башым
менен Ташиев менен кыйкырышып
жүрмөк белем..."
- Азыр Сүйүн Өмүрзаков менен Камчыбек Ташиевдин митингден кийинки "разборкасы" кызуу талкууга алынып жатат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Негизи кандай саясатчы болбосун, сүйлөгөндө оозуна карап, абайлап сүйлөп, эч качан жеке адамдын аброюна шек келтирбеши керек. Мен Сүйүн Өмүрзаковдун кадамын биринчилерден болуп колдоп чыктым. Өмүрзаковдун Ташиевге карата коюп аткан талаптары эң туура. Ким болбосун, намыс үчүн ошондой кадамга бармак. Мен деле Ташиев менен сүйлөшөйүн дедим, бирок генерал башым менен Ташиев менен кыйкырышып жүрмөк белем. Анан кимиси кимисинен кечирим сурады мен аны көргөн жокмун. Көрсөм ачык эле айтмакмын. Кыскасы, аягында экөө тең бири-бирин түшүнүштү окшойт. Ташиев да туура эмес сүйлөп алганын түшүндү окшойт.
- Ташиевдин "тизгинди коё берсек чатак болот" - деп Өмүрзаковго айткан сөзү көпчүлүккө карата айткандай болуп калды. Бул сөзгө тажрыйбалуу тартип сакчысы кандай баа бердиңиз?
- Башкасын айтпаганда да, Ташиев айткандай чатак болсо кимге биринчи чатак болот? Алар ошол жерде карапайым элди көтөрүп атышат. Демек чатак чыкса, биринчи кезекте карапайым элдин башына түшкөн чатак болот да. Дагы бир жолу айтайын, сөз деп эле айта бербей, сөздүн маанисин терең түшүнүп туруп айтсак жакшы болот эле.
- Оштогу митингге элдин арбын келгенине жана шайлоодо Мырзакматовдун партиясынын жеңип чыкканына негизги себебин чоң акчага байланыштырып жатышат го...
- Колунан кармап албагандан кийин, жетиштүү далилдер жок болгондон кийин, бул маселени бышыктап айта албайм. Негизи биз жыйырма жылдан бери эле "дейт, дейт" менен эле жашап келатпайбызбы. Ошондой болсо да, митингге чыккандардын акча менен келгендигин угуп эле аттык. Жасалма билдирүү кагазы менен жана акча менен кармадык. Бул биз кармаган негизи эки факт "Республикага" жана "Улуттар биримдигине" тиешелүү болуп чыкты Карусел ыкмасы да бир топ колдонулганы байкалып эле турду. Кыскасы, бир топ эле мыйзам бузуулар болду. Өзгөчө кыргыз айылдарында анча - мынча өз билемдиктер орун алып, биз андай жерлерге кошумча күчтөрдү жөнөтүүгө мажбур болуп аттык. Айтор, биз шайлоонун ички мыйзам бузууларын кийлигишпей, өз милдетибизди аткарып келдик.
(Уландысы 8-бетте)


(Башталышы 7-бетте)
- 15-мартта кайрадан митинг болот деп айтылып атат. Бул маселе тууралуу да оюңузду уксак...
- Чынын айтканда мен 15-мартта митинг болот деп, талаптарды коюп жатышканына көңүл деле бурган жокмун. Бир гана Ташиевдин мага карата айтканы көңүлүмдү бурду. Ошол жерден элдин алдына чыгып, Ташиевге жооп узатып, өзүнө суроолорду берейин деген ниет бар болчу. Бирок жанымдагылар ага болбой койду. Мисалы, мен элди бөлгөн жокмун. Өзү баштап бөлүнүү тууралуу сөздөрдү айтып алды. Эми Ташиев менден кичүү, ал деле туура эмес сүйлөп алганын түшүндү болуш керек. Ташиев деле МЧСтин генералы, экөөбүздүн ортобузда сый мамиле бар. Эч качан кыйкырышып урушкан эмеспиз.
- Сиз Ошто жүргөндө бул жакта Акмат Бакиев качып кетти. Ал кишини сиздер көп эмгек, көп түйшүк менен кармадыңыздар эле. Анын качып кетиши боюнча да көп божомолдор айтылып атат. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Чынында Акмат Бакиевди колго түшүрүү биз үчүн чоң кыйынчылыктарга турган. Ал киши биз кармаганда эле ооруп жүргөнүн байкаганбыз. Балким анын качышына соттордун ал кишиге аз мөөнөт беришкени, тергөө иштеринде да "пробелдер" болгондугу да себеп болсо керек. Бул жерден эми өзүңүздөр билесиздер, биз кармай беребиз, кээ бирлер качырып коё берет. Балким соттордонбу, же болбосо тергөө маалындабы, анча-мынча жакшы каралбай калган жерлерине байланыштуу кылмыш жазасын азыраак алганы, ооруканага жатканы да мен үчүн таң калыштуу болуп жатат. Бирок бизден чет өлкөгө качып кеткендерди бул жакка алып келүү кыйынга туруп атат. Себеби биздин ар бир эле мамлекет менен ортодо каралган атайы келишимдердин жоктугу биздин ишибизге тоскоолдук жаратууда. Мисалы, Жанышты, же Курманбекти Белоруссиядан алып келүүдө да ушундай кыйынчылыктар бар. Ал мамлекеттин Башкы прокуратурасына биз дагы , УКМКда, Башкы прокуратура да, Интерпол да издөөдө жүргөндөгү кагаздарды жөнөткөн. Алардан бир да жолу оң жооп ала алган жокпуз. Эми алар караса карап, карабаса карабай коёт.
-Чек арадан чыккан жок деп айтылып жатат. Кармоо процесси канча убакытка созулуш мүмкүн?
- Чек арадан чыккан жок деп айтылганы менен, биздин чек арадан кимдер гана чыгып кеткен жок? Чынында чыгып кете турган жолдор көп. Контрабанда деле өтүп жатпайбы. Мурат Суталинов деле "чек арадан келген жокмун, бул жакта эле жүргөм" деп бет тырмарлык кылып атпайбы. Акматтын акчасы көп, акча берсе деле чыгып кетет да. Балким паспорт жасатып алгандыр. Акмат эмес, ди-джей баланы өлтүргөн Максат Эралиев дегендин бир эмес, төрт паспорту бар экени аныкталбадыбы. Ошон үчүн азыр ал кандай жол менен качып кеткени жана канча убакытта кармаларын айтуу кыйын. Колония поселениядан качып кеткенден кийин издөөнү биринчи ирет Жаза аткаруу кызматты жарыялап, алар да издөө салат. Биз да өз алдынча издеп, кайра кармап олтургузууга болгон аракетибизди көрөбүз.
- "Бакиевдерди коргоп-колдогондор Ак үйдө деле отурат. Аларга маалымат ташыгандар атайын кызматта, тартип коргоо органдарында бар" деп айтылып келет. Ушундай маалыматтарды тастыктай алдыңыздарбы?
- Туура, бул кеп да бекер жерден чыккан жок да. Биздин арабызда да, дагы башка түзүмдөрдө да андайлар бар. Алар дагы эле Бакиевдер менен байланышып, ар кандай маалыматтарды берип турат. Чынында бакиевчилерден биз тазалана элекпиз да. Алар тымызын жана ачык түрдө да өз саясатын жүргүзүп жатышат. "Кыңыр иш, кырк жылда" дегендей, андай адамдар ачыкка чыгарабыз.
- МЧСтин өлүмүнө байланыштуу Адахан Мадумаров да суралат деп көптөн бери айтып келесиздер? Бул маселе коомчулукка канча кызык болгон сайын, ошончо созулуп бара жаткандай сезилип атат...
- Ар бир кылмышка байланышкан тергөө ишинин өз кызыкчылыгы жана ирети болот. Биз МЧСтин өлүмүнө байланышкан кылмышты ирет, ирети менен жүргүзүп атабыз. Ар бир нерсенин өз кезеги жетет. Былтыр бул кылмышты ачканда, бул иш эмки жылдын аягына чейин созуларын айтканбыз. Мунун аркасы менен алдыда дагы башка кылмыштар да чыгып калыш мүмкүн. Ошон үчүн биз тергөөнү өтө кылдат жүргүзүп атабыз. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр биз көп нерселерди ачыкка чыгара албайбыз. Мисалы, Конгантиев бүгүнкү күндө суракта жүргөнү менен анын ден соолугуна байланышкан кагаздарды алып келип беришти. Ошондон улам ал киши азырынча сурактан бошотулду. Дагы бул кылмыш боюнча беш, алты адам издөөдө жүрөт.
"Бир эле жерден 200 миң доллар пара
сурады..."
- ИИМдин коррупциялык кылмыштар тууралуу эмне айта аласыз? Ага каршы күрөштө кандай кыйынчылыктар болууда?
- Жыл башынан бери 28 пара алган кылмыштын бетин ачтык. Жөнөкөй адамдар эмес, жалаң жетекчилик кызматтагы адамдар. Анын ичинде 29 миң доллар, 15 миң доллар алгандар бар. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган 39 кылмыштын бетин ачтык. Бул боюнча бизге каражат керек. Паракорлор акча сураганда, биз акчаны берип туруп кармашыбыз керек да. Мисалы, бир эле жерден 200 миң доллар пара сурады. Бизде андай акча жоктугуна байланыштуу бере алган жокпуз, ошонун негизинде кармай да албай алдык. Андан тышкары мыйзамдарга, тактап айтканда Уголовный кодекске бир аз өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Ошондо коррупция менен күрөшүү бир топ жеңилдейт эле. Ар бир орган өзү ачкан кылмышты аягына чейин, соттон жазасын алганга чейин өзү көзөмөлдөсө жакшы болмок. Анткени кайсы кылмышты ким ачса ошонун жыйынтыгына ошол тарап кызыкдар болот да. Ортодогу ар кандай "оюндарга" жол бербейт эле. Болбосо биз кылмыш бетин ачабыз да, каржы полициясына, же прокуратурага өткөзүп беребиз. Ал кылмыштын жыйынтыгы кандай бүткөнүн билбей да калабыз. Же болбосо айрым учурларда биз такыр күтпөгөн жыйынтыктар да чыгып калып атат.
- Мелис байке, акыркы суроо болсун. Кылмыштуулуктун деңгээлин тууралуу да айта кетсеңиз?
- Кылмыштуулуктун деңгээлин мурункуга салыштырмалуу бир топ төмөндөттүк. Буга жалпы коомчулук өзү күбө. Бирок кылмыштуулукту түп -тамыры менен жоюп жибере албайбыз. Албетте саясатка, коомго тийгизе турган таасирин өстүрбөйбүз. Дүйнө жүзү боюнча андай практика жок. Кылмыштуулуктун уюгу болгон түрмөлөрдө эмне үчүн бунт болуп атат? Себеби ал жактагы коррупциялык схемаларды жоюп, общякка кирип аткан акчалардын агымын токтотуп, абакта жатып алып эркиндикте жүргөндөргө акыл үйрөтүп, мыйзамсыз талаптарын коюп аткандардын баарын сындырдык. Биздин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармачылыгы менен Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен бирге түрмөлөрдөгү беш адам өлтүрүүнүн бетин ачты. Учурда биздин балдар ЖАК бирге көп иштерди жүргүзүп атышат. Мындай аракеттерди мындан ары да уланта бермекчибиз. Эң негизги маселе бүгүнкү күндөгү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы турат. Биз азыр мыйзамдарга толуктоолорду киргизип, жөнөтүп атабыз. Кудай буйруса, муну ишке ашырышыбыз керек. Болбосо, кылмышкерлер түрмөдөн 5-10 жылдан кийин чыгып келгенден кийин кайрадан эле кылмыштуу көйгөйлөрдү жаратышып, барыбызга баш оору болуп атпайбы!
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев