Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…

Мадумаров Каркыраны сатканбы?


Ташиев элдик бийлик орнотобу?


Мындай окуяларга биз өңдөнгөн журналисттер, реакция жасап турушубуз керек, антпесек, эмнебиз журналист. Ал эми мамлекет башында тургандар "… кербен жүрө берет" деген маанини курал кылып туруп күндөлүк ишин аткарганы пайдалуу эмеспи. Мен жанагы Ташиев, Мадумаровдор уюштурган Оштогу митингди айттым. Алардын жанында Келдибеков, Масалиев өңдөнгөндөр, бийликке илинбей калып жер сүзүп тургандар жүрөт. Келдибеков бийликтен куулса, Масалиев депутаттыктан кеткен эмеспи. Анан алардын барар жери митинг да…
Митинг уюштургандардын баары Бакиевдин жана Бакиевдердин кадрлары, кыргызча мааниге салып айтсак, камчы чабарлары. Бакиев куулгандан кийин кээ бири шымын булгап турду эле Убактылуу Өкмөттүн былбырак-былжырактыгынын айынан мына эми, дегеле, кудайды карабай көөп жатканы. Азыркы бийлик дале болсо, "көп эле теңеле бербейли" деп жатканы. Анысы да туурадыр. Бирок, ошол "тууралыгы" башына камчы болуп чабылбайбы.
Бийликтин ашкере гумандуулугу түндүк менен түштүктү бөлүп-жарууга дагы да кенен жол салып жатат окшоду.
Мадумаров айтып жатат: "Мен 30-октябрдагы шайлоодон кийин эле бул бийликти тааныбайм жана бул бийлик менен иштешпейм деп айткам" деп жатпайбы. Мадумаров азыркы бийлик менен иштешкенде кандай пайда болот эле? Ал бийлик тарапта армансыз эле иштеди го. Ар нерсени айтардан мурун аз- аз жигиттик намыс жөнүндө ойлонуп койгондун өзү жигиттик эмеспи. Мадумаров деген мамкатчы болду, вице-премьер болду, спикер болду, коопсуздук кеңештин катчысы болду, айбанчылыгы ашынган Курманбек Бакиевдин кеңешчиси да болду. Пайда келтиргени ошол- Каркыраны саткандардын башында туруп берди. Муну эл билет жана эч качан унутпайт. Эми дагы иштеп кайсы жерибизди саттырат экен?! Бир нерсени сүйлөөрдөн мурун артынын тазалыгын текшерип коюш керек го. Ал тараптагы жытты кайда катмаксың?! Баарынан дагы адам өлтүргүч Жанышка тебетей кийгизип турганын айтпайсыңарбы. Садыркуловду өлтүргөндө Коопсуздук кеңешинде эле, билсе да билмексен болгонун карабайсыңарбы. "Ак жолу" менен бүтүндөй парламентти ээлеп алган зордугу деле унутулбайт. Ошончо кызматта иштеп тургандагы бийлиги мыкты экен да, айбандын көбү айдалган бийлик жаман экен да! Логика деп ушуну айтыш керек!
Ташиев айтып жатат "катуу күрөш жүргүзүп, элдик бийликти алып келем" деп. Ал кандай болгон элдик бийлик экен? Атамбаев, Жээнбеков, Бабановдор эч себеби жок эле популизми менен эмоциясы башынан ашып айтып койгон Ташиевге бийликти берип коёт экен да! Ташиев антип ойлосо, чоң, өтө чоң жаңылышат. Атамбаевди өзүндөй көрөт го…
Митингде Алмазбек Атамбаевдин аябай сынга алышты. Тышкы саясаты аябай жаман болуп жатат дейт. Жок, жаман болгон жок, биз дагы суверендүү мамлекет экенибизди Россияга барып жакшылап түшүндүрүп келди го. Акаев өңдөнүп жалжаңдаган жок, Бакиев өңдөнүп келесоолонгон жок. Американын базасын чыгарарды айтты. Керек болсо, Канттагы орус базасы да чыгышы мүмкүн деди. Абалды билип-билбей туруп эле адыраңдай берген кимге керек. Тигилер айтып жатпайбы, Канттагы база кетсе бизди ким коргойт деп. Кудай анын бетин нары кылсын дечи, эгер Кытай басып кирсе Канттагы базадагы самалеттор учуп-уча электе жок болот! Экинчиден, биздин абадан коргонуучу күчтөрүбүздүн (ПВО) ракеталык куралы тээтиги өткөн кылымдагы ракеталар. Мына мен Москва алдындагы ПВОдо кызмат өтөгөм. Ошондо азыркы биздин асманды коргомуш этип жаткандай "СС" деген маркировкасы бар ракеталар болчу. Андан бери кырк жыл өтүптүр, ракеталар эскирди, азыркы төртүнчү "муундагы" деп аталып жаткан истребителдерди атып түшүрө албайт, мисалы, орустардын МиГ-29, СУ-31 жана Американын Фантомдорун. Бизге бирөө согуш ачкандан кудай өзү сактасын дегенди айталы. Жыйырма-сакалчан кирип келсе, генералыбызга чейин колго түшүп айлабыз алты кеткенин унутуп калбайлы. Азыр биз чек арабызды аскер менен жакшы бекитип алсак ошонубуз улуу жеңиш, ошол чоң жетишкендик. Биринчи иретте, афган апийимин киргизбейли, өзбек мусулман кыймылынын террористтерин киргизбейли, Суталиновдой же Мун дининдеги бир кореецтей болуп чет жактан келсе, алар чек арадан кантип өткөнүн билбей калбайлы. Биздин аскерлер ошондой иштерге эле жарап берсе болду…
Оозуна эмне келсе ошону оттоп турганды ушул митинг көрсөтүп койду: пара алып камалып, анан камакта муунуп өлдү делген Эшпаевдин өлүмүнө Атамбаев күнөөлүү экен. Ушундай да абийирсиздик болобу?! Атамбаевдин кайдагы бир пара менен кармалган генерал эмес маичи менен кандай жумушу болмок?!
Ташиев митингде "Американы ачып" турду го: "Россия деген биздин стратегиялык партнер" деп. Эмне Атамбаев Россияны танып жатабы? Мисалы турат го, Москвага барды да Медведев менен да, Путин менен да жакшынакай сүйлөшүп келди. Алардын сүйлөшүүлөрүнүн баары айтылбайт, а балким "Кой, Камчыке таарынып жүрбөсүн" деп, Атамбаев аны чакырып баарын төкпөй-чачпай айтып берер. Ага чейин эмнеге шашып жатат десең?!
Атамбаевдин Россияга баргандагы "кандан, бектен кайра тартпаган" жүрүштөрүнө Ташиевдер гана эмес, орустун кээ бир чолок саясатчылары, шовинизми жанын койбой соймолоңдоп жаткандарына да катуу тийген экен, колдорунан келишинче Атамбаевдин саясатын жер менен жексен кылышканга жанын үрөп жатканы. Намысы бар кыргыздын баары түшүндү Атамбаев деген элин эч кимдин алдында тизе бүктүргүсү жок экен.
Атамбаев бир улуу чындыкты дагы да бир жолу эскертип турат: майда улут болобу, чоң улут болобу, дүйнөлүк масштабда бирдей укукка ээ. Бул чындыкты Акаев менен Бакиев айта алды беле?
Баарыбыз эле билебиз, "реваншизм" деген термин бар. Бул коркунучтуу маани. Маселен, Германияда Гитлер жеңилгенден кийин да чыккан реваншисттер. Алар азыр деле "неофашизм" деген маани менен аралашып өкүм сүрүп келет.
А бизде болсо, Бакиев куулгандан кийин бу жерде калган жөкөрлөрү кандай жол менен реванш алып, Бакиевин алып келердин айласын таппай турушпайбы. Эми алардын ою ишке ашпас!
"Бийликтин баарын аркалыктар басып алды" деген үндөр ачык эле чыгып жатпайбы. Эгер кудай болсо, күбө болуп тургандыр, Акаев бийликтен кеткенде өзүнүн жөкөрлөрү эле ичи ачышпаса, баарыбыз эле жүрөк жарыла кубанбадык беле. Акаевден өткөн айбан Бакиев кеткенине эмнеге кубанбайбыз?!
Туура, азыркы бийлик кемчилиги жок эле сыдыргыга салгандай иштеп жатат десек чоң жаңылышабыз. Коррупцияга күрөш дегениң биз күткөн жыйынтыкты бериши арсар болуп турат. Анткени, бүтүндөй мамлекет коррупцияга баткандан кийин ага каршы күрөш жүргүзүү аябагандай кыйын болот тура. Бирок, аракет кылганды токтотпошубуз керек. Тигине, Атамбаев жана башка бийлик лидерлери уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ачты эле, жыйынтыктарын берип жатат. Ал жактагы күрөш дагы басаңдабашы керек. Рысалиев, Турганбаев, Асанов, Байзаков сыяктуу азаматтарга кудай өмүр берсин деп туралы.
Экинчиден, бу бийликтин келгенине аз эле убакыт болду, чирип бүткөн же чирип бараткан абалды ошол кыска убакытта оңдоп салбайт деп күнөө таккандар, мамлекетибиздеги абалды түшүнбөй эле, түшүнсөк да түшүнгүбүз келбей, амбицияга алдырып, популизмге алдырып, жеке кызыкчылык алдыга чыгып адыраңдап жатканы.
Кээде туруп ойлонуп да кетем, дегеле түндүк-түштүк деп бири-бирибизге баркыбызды кетиргендин ордуна экиге бөлүнүп алып, бири-бирибизге мейманга барып- келип, түштүккө өзүбектер менен тажиктер тийишсе түндүк барып жардам берип, түндүккө казактар тийише турган болсо, түштүктүктөр келип жардам берип… жашай бербейбизби деп. Кийин Вьетнам менен Германиядай болуп биригип алат элек да. Бирок, ал кантип болмок?!
Оппозиция дегендин мамлекетинин экономикалык да, социалдык да абалын көрө билген, алдыга өнүгүү жолун да көрө билген, жүргүзүп жаткан саясатын , анан да эң негизгиси мурун эч жерде булганбаган адамдардан түзүлүшү керек го. Мурун ит абийири кетип булгангандар, кызмат тийбей калып айласы түгөнүп тургандардан кандай конструктивдүү жүрүштөрдү күтмөк элек.
Ооба, оппозиция болушу керек, бирок, Ташиев баштаган эмес, аз-аз мамлекетинин биримдигин көздөгөн жана жакшылык качырган оппозиция болушу керек го. Ташиевдер деле биздин жигиттер. Алар деле бийлик көздөп турат …деги аман болгулачы!
Баратбай Аракеев