Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Конуш жайлуу болсун Каныбек Капашович, бирок...
Эбин тапкан айрым эл өкүлдөрү эки жылга жетпеген убакыттын ичинде бир топ эле байлык "бастырып" койгону байма-байма айтылып келет. Мисалы "Ар-Намыска" жабышып отуруп, парламенттен жылуу-жумшак орун тапкан Каныбек Иманалиев. Акаевдердин аркасы менен агарып-көгөрүп, саясатка аралашып калган Каныбек Капашевич жыл башында Бишкектин чок ортосунан карапайым калктын түшүнө кирбеген акчага заңгыраган үй сатып алган экен. Депутаттардын расмий айлыгы 40 миң сомдун тегерегинде экенин эске алсак, Каныбек мырза жаңы батирин кайсы акчасына алды деген суроо туулуп отурат. Парламентчилерибиз түзүп аткан комиссиялардын көбүндө мүчө болуп жүрчү эле, балким ошолордон олжолуу болгондур...

Мыйзамчыларга
мыйзамдын
кереги жокпу?
Конституциябызда вице - спикерлик кызмат оппозициялык гана фракцияга берилет деп жазылган экен. Демек, ЖК төрагасынан бир гана орун басары болуш керек эле. Бирок башкы мыйзамчыларыбыз Башмыйзамга баш ийчүдөй түрү жок. Бул тууралуу ата мекенчи Өмүрбек Абдрахманов да айтып чыгып, "Эгер депутаттар өзүбүз мыйзамды бузуп атсак, башкалар жөнүндө сүйлөбөй эле коёлу" - деп агынан жарылды. "Балык башынан сасыйт" -демекчи, мыйзам чыгарган эл өкүлдөрүбүз элге акыл айтаардан мурун өздөрү акылга келишсе жакшы болмок.

Жапаровдон жаңылык
ХИПИКке кирбей калганыбызга эмдигиче кейип жүргөн Акылбек Жапаров Каржы министрлигине жакында жаңы жаңылык киргизем деп турат. Министрдин айтымында коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү "Око" деп аталган атайын бөлүк түзүлүп, ага юристтер, каржы аналитиктер мүчө болушат экен. Алар мамказынага кол салгандардын колун сындырып, коррупцияга укмуштуудай бөгөт коюшат экен. Мындай мыкты ишти "баракелде" деп бир ооздон колдойт элек, бирок акыркы беш-алты жылдан бери эсеп-чотубузду башкарып келген Акылбек Жапаровдун жасаган ишин көрүп эле жүрөбүз. Кимди, кантип кармайт түшүнүксүз болуп турат. "Ууру ууруну карма" деп кыйкырып аткандай элес калтырып атат эмнегедир, Байкап көрөлүчү...

Адахамдын жаңгак
капына капа болду
Эл өкүлү Дастан Бекешов мурдагы күнү илгери Адахам Мадумаров спикер болуп турганда ЖК имаратын каптайм деп алып келген жаңгак каптарына кызыкты. "Угушума караганда алынып келинген баалуу жаңгак капынын жарымы чирип жарабай калган. Калганы жарымы кайда калды болду экен, эгер керектен чыга элек болсо пайдаланбайлыкпы" -деп жүз миңдеген акчанын башын жуткан Адахамдын ошол каптарына кабатыр болду.





Ангела Меркель, Хиллари Клинтон жана Роза Отунбаева
"The Newsweek" деп аталган атактуу америкалык журнал "Дүйнөнү дүңгүрөткөн 150 баатыр айым" аттуу тизмесин түзүп чыкты. Ааламдык атак - даңкы бар мурдагы президентибиз Роза Отунбаева дагы жер планетасындагы эң таасирдүү айымдардын катарынан орун алды. Отунбаевадан тышкары бул тизмеге КМШ аймагынан белгилүү укук коргоочу Светлана Ганнушкина, опералык ырчы Анна Нетребко жана чуулгандуу "Человек без лица: невероятное восхождение Владимира Путина" деп аталган китептин автору белгилүү журналист Маша Гессен да кирди. Ошол эле тизмедеги 150 баатыр айымдын арасында Германиянын канцлери Ангела Меркель, АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон, Либериянын президенти Эллен Сирлиф, теннисчи Серена Уильямс, тележылдыз Опра Уинфи, киножылдыз Анжелина Жоли жана ырчылар Леди Гага, Адель да бар.

Ажаан катындар да айымдар!
Үсөн Сыдыков баштап берди делинип жүргөн ажаан катындардан түзүлгөн айтылуу ОБОНчуларга ЖК депутаты Айнуру Алтыбаеванын жаны ачыды. "ОБОН-бул социалдык проблема. Анын мүчөлөрү биринчи кезекте айымдар. Бул проблеманы чечишибиз керек" -деп чыкты. Айнуру айымдын айтканы туура деңизчи, бирок бул маселени аяр чечүүгө мүмкүн эмес го. ОБОНчуларга мыйзам тарабынан катаал чара көрүп, бири-бирине байланышпаган бир нече митингде ажылдап, беттен алган "айымдарды" сот жообуна тартсак, ошондо бул маселе чечилет беле.


Катар тараптан жылуу кабар
5-март күнү башбакан Өмүрбек Бабанов, орун басары Жоомарт Оторбаев баш болгон делегация эки күндүк иш сапары менен Катар мамлекетине барып кайтты. Аймагы биздин кичинекей облусубуздун аймагы менен тең болгон бул мамлекет учурда жер жүзүнө жүздөгөн миллиард доллар инвестиция жумшап аткан дүйнөлүк каржы борборлорунун бири. Жаран башына ИДП көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. "Forbes" журналынын баасында ар бир катарлыктын орточо кирешеси 88 222 АКШ долларын түзөт.
Акчасы ашып-ташып аткан Катар мамлекети абсолюттук монархия экенине карабай жаңычылдыкты жактаган, демократияны колдогон өлкө. "Араб жазын" башынан өткөргөн Тунис, Ливия өңдүү өлкөлөргө да акчаны аянбай берип, мусулмандык боордоштугун кылып аткан экен. Балким Орто Азиядагы биринчи парламенттик мусулман республика деп бизге да боор тартып жатса керек.
Кандай болгон күндө дагы Катар Кыргызстанга назарын бурду. Эки өлкө ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлуп, өлөсөлүү экономикабызды жандандырууга эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эң эле башкысы Дохада Кыргызстандын элчилиги ачылып, элчиликтин имаратынан тартып, эмерегине чейин Катар тарап өз моюндарына алышты. Мындан тышкары 1 миллиард долларлык бюджети бар "Хасат" компаниясы Кыргызстандын айыл-чарба азыктарына кызыгуусун арттырды. Эгер катарлык бул компания менен иштешип кете турган болсок картошкасы менен капустасын сата албай, айласы куруган дыйкандарыбыздын маселеси чечилип калмак.
Тышкы эмгек ресурстарын тартуу боюнча иш алып барган "Салатик" фирмасы да кыргыз жумушчуларына кызыгып, ал гана эмес окутуп-чокутуп Катарга алып кетүүгө макулдугун беришти. Негизинен алар техникалык адистиктегилерге, тейлөө жана коммуникация тармагында иштей ала тургандарга кызыгууда.
Мындан тышкары Катар жана Кыргызстандын ортосунда тоо-кен, туризм, айыл-чарба, транспорт ж.б. бир топ тармактарда бирге иш алып барууну максат кылууда. Мунун баары жакын арада Кыргызстанга келүүсү пландалып аткан Катарлык делегация менен болгон жолугушуулардан кийин толугу менен чечилмекчи.

"Ата мекенчиге" кылмыш иши
козголду
2010-жылдын Апрель окуясынан кийин Калкты каттоо департаментинин башчысы болуп отурган "Ата-Мекен" партиясынын ардагер мүчөсү Дүйшөн Сатыбалдиевге кылмыш иши козголуп, үй камагына алынды. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Азыркы Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынан убагында кеткен экен. Болбосо ким билет? Бирок Алмамбет мырза революциялык деми бар, таза, акыйкат иштейм деген жигиттерден...

Чүйдүн Үсөн акасы Тургунбек
Кулмурзаевби?

Айтылуу Үсөн Сыдыков көшөгө артындагы көмүскө иштердин дасыккан адиси катары каралып, далай былгытмаларда аты атала калып жүрөт. Ал эми азыркы "Кыргызгаздын" чоңу Тургунбек Кулмурзаев андан кем калбай чалмакейди чалган сасык саясатынан улам Үсөн ака деген атка конуптур.

Акматты качыргандар качан
жазаланат?
Акмат Бакиев бийлигиңди шылдыңдап туруп басып кете берди. Качыргандар эч нерсе болбогонсуп, дагы деле кызматында. Өткөндө Литва парламентинин спикери жол кырсыгына кабылып калганы үчүн кызматта калууга моралдык укугум жок деп, өз эрки менен жумуштан кеткен. Биздикилер мамлекеттик маанидеги кылмышкерди каратып туруп качырып ийип эч нерсе болбогондой басып жүрүшөт. УКМК башчысы Атаханов, ЖӨМК башчысы Байзаков жана башка жооптуу аткаминерлер тез арада кызматын тапшырышы керек. Муну коомчулук да талап кылышы керек. Айрым маалыматтарда Акмат Бакиев белгилүү эле саясатчылардын көмөгү менен Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстандын аймагына кирип кеткен. Кетээринде Адахам Мадумаров, Камчыбек Ташиев өңдүү колуна суу куюп жүгүрүп жүргөндөр, бир да жолу түрмөгө басып келбегенине жини кашайып, силерге көргүлүктү эми көрсөтөм деген имиш.


Чырайын чылап
ичмек белек?
Өткөн жумада А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "Алтын Кыз" деп аталган сулуулардын сынагы болуп өттү. Андагы кыздардын чырайында кеп жок, бирок чымындай да акылы жок экени көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылды. "Таттыбүбү Турсунбаеваны билбеген, Кыргызстандагы аял саясатчылардын кимди билесиң десе, Отунбаева дегенден башка ооз ача албаган, Атамбаев 2012 - жылы 1-декабрда президент болуп шайланган" - деген сулуу кыздар чогулушуптур. Өкүнүчтүү...