Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Укук

Жалган жалаанын курмандыгыбы?


Биз ар качан сот адилеттиги, адам укуктарынын сакталышы тууралуу сулуу сөздөрдү көп айтабыз, коррупцияны жок кылуу маселесин учурдун башкы маселеси катары көтөрөбүз. Бирок ушуларды ишке ашыруунун туура жолун али таба албай келе жаткандыгыбызды ачык айтсак болот. Буга мисал катары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата автобекетин жетектеген М.Кулмаеванын адилеттик издеп, мамлекеттик бардык мекеме уюмдарына кайрылып, учурда чындыктын барына ишеничин жоготкон деңгээлге жетип отурганын белгилесек болот.
М. Кулмаева ишмердүүлүгү негизинен автожүргүнчүлөрдү тейлөө тармагында өткөн экен. Анын көп жылдык иш тажрыйбасы эске алынып, акыры Чолпон-Ата бекетинин башчысы болуп бекитилет. Ошентип, 2005-жылы бийлик алмашылганда М.Кулмаеванын орду бирөөгө керек болгонбу, М. Кулбаевага бар болгону 950 (тогуз жүз элүү) сом "растрата" жасагандыгы боюнча иштен бошотулат жана иш тергөөгө өткөрүлөт жана КРнын Кылмыш Кодексинин 1-бөлүгүнүн 353-беренеси менен сот өзүнүн токтомун токуйт. Бул растрата М. Кулмаеванын маалыматына караганда иш кызыкчылыгына карата китептерге жана канцеляриялык муктаждыгына жумшалат. Текшерүү капысынан болуп, тиешелүү документтер даярдалбай калат .
Айрым документтерге караганда бул "растрата" жасалма мүнөзгө да ээ болушу мүмкүн эле. Аргументти келтирели. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу иштери башка коммуникациялык каражаттардын жоктугунан улам жалаң автоунаалар колдонуларын эске алсак, автобекеттер кирешелүү тармактын бири болуп саналат. Кейпи, Чолпон-Ата автобекетин "прихватташтырууга" М.Кулбаева тарабынан катуу каршылык көргөзүлгөн сыяктанат. Буга анын 1993-жылдан бери А.Акаевге, Танаевге, К.Бакиевге автобекеттин Чолпон-Ата районуна киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жазган каттарын көргөзсөк болот. Анын мындай аракеттери, албетте, бул тарапка көзүн кызарткандарга жакпай калгандыгы себепкер болгондой таасир калтырат. Коррупциянын күчтүүлүгүн карачы, миллиондорду жегендер сотто кутулуп, тоок жегендер тутулган ошол кезде М.Кулмаеванын "кылмышы" океанга кошулган тамчы суудай болбогондугу ачык эле көрүнүп турат. Бул жөн эле парадокспу, же коррупциянын гүлдөшүбү, буга карама-каршы чыгарылган аткарылбаган чечимдерди да далил катары көргөзөлүк.
Өз укугун коргоо максатында М.Кулмаева ушул мезгилге чейин 40 ашуун сот процессине катышат. Ошентип, бул иш акыры 2005-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып, иш М.Кулмаеванын пайдасына чечилет. Соттун чечимине ылайык ошол кездеги КРнын транспорт жана коммуникациялык министрлигинин министри Н.Сулайманов М.Кулмаеваны мурдагы кызматына коюуга, 1992-жылдан берки аргасыз прогулга маянасын төлөп берүүгө жана 2005-жылдын 19-октябрындагы 2-параграфтагы №218-К/1 буйруктун күчүн жоготкондугун белгилеген буйругун чыгарат.
Албетте, ошол кезде бул орунда иштеп жаткан автобекеттин директору С.Токтосунов 2006-жылдын 14-мартында Биринчи май сотуна М.Кулмаеванын ишин кайра карап, катуу чара көрүү маселесин көтөрөт. Ошол эле учурда С.Токтосунов бул маселе боюча Ысык-Көл район аралык прокуратурасына М.Кулмаеванын үстүнөн жазылган арызына прокуратура тарабынан М.Кулмаеванын ишинде кылмыш курамы жок деген жообуна макул эместигин көргөзөт. Таң каларлык көрүнүш, соттун чечими күчүнө киргендиги, тиешелүү министрлик тарабынан буйрук чыгарылганын эске алсак, С.Токтосунов эмне үчүн ушул ишти кайра кароого кат жөнөткөндүгү табышмактуу сыр болуп отурат. Эскерте кетели, бул кат ишти кайра кароого негиз боло алабы? Соттун чечими күчүнө киргенден кийин ал эмне үчүн кассациялык кайрылуу эмес, өтүнүч кат менен кайрылып отурат? Ошентип бул иштин чатагы ушул кезге чейин аягына чыгарылбай келет. Кайрадан соттошуулар, кайрадан "чоңдордун" босоголорунда саргайып кезек күтүүлөр башталган. Ушул кезге чейин бийликтин жогорку инстанциялары да бул адамды куру тил эмизүү менен алдап келишет.
Бул иштер боюнча М.Кулмаева мыйзамдуу укугун пайдалана албай калды. КРнын Жогорку Сотунун төрагасынын биринчи орун басары К.Момбеков да 2008-жылы Жогорку Соттун коллегиясынын 2008-жылы 30-октябрындагы кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча токтомунда ката кеткенин моюнга алып, бирок Жогорку Соттун чечимине даттанууга болбосун көргөзөт (10.12.08. №К-05-1367) жана М.Кулмаеванын даттануусунун айрым бөлүгү аткарылганын белгилейт.
М.Кулмаеванын даттанууларынын жана анын автобекеттердин кирешелүү тармак катары сактап калуу демилгеси туура экендигин турмуш өзү тастыктады. Натыйжада, бул маселе "Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан каралган жана аталган органдын жообуна ылайык бүгүнкү күндө Кыргыз Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-октябрындагы №294 токтомунун негизинде" акыры жогорудагы автобекеттин мамлекетке кайруу маселеси сотто каралып жатканын КРнын Өкмөтүнүн аппараты М.Кулмаевага билдирген (2012-жыл 21-январь №К-204).
"Ак ийилет, сынбайт" демекчи, нечендеген жылдар бою чечилбеген автобекеттин тагдыры акыры чечилиптир, ал эми эски бийликтин курмандыгына айланган М.Кулмаеванын ушуга себепкер болгонун ойлонор жетекчилер барбы? Анын мыйзам чегинде акталуусу, 49 жыл эмгегинин акыбети кайтабы? Учурунда 1000 сом айлык алып, бир тармакта иштегендиги эске алынабы жана эмгек ардагери наамына жана мыйзамдуу түрдө кызматына ээ болобу? Же болбосо ар кандай жалаалар менен соттордон сотторго сурак берип жүргөндүгү үчүн мыйзамдуу жеңилдиктерден ажыраган боюнча кала береби? "Иштеген тиштейби", же башкалардын ич күптү көрө албастыгынан М.Кулбаева жалган жалаанын курмандыгы боюнча кала береби? Бул баарынан мурда биздин бийлик бутактары бул маселенин калыстык менен чечилишине көзөмөлдүк кылышабы, бул алардын абийиринде деп күтө туралы.

Эртабылды АТТОКУРОВ




Ыр дестем

менен арнаймын!


Жаз менен келчү бактынын,
Жаркып турган жаштыгың.
Жанды жеп жалган айтпайлы,
Жакшысы силер жакшынын.

Жалындын кайда ысыгы?
Жаштыктын кайда кызылы?
Жаркылдап турган силер бар,
Жашоонун болуп кызыгы?

Жүз бурсаң, кантип ачмакпыз,
Жүрөккө түшпөйт башка ачкыч
Жүгүрсөк дагы дүйнөдөн,
Жүз жылда сендей таппаспыз.

Күч берип күндө күү болуп,
Күүгүмдө калсак, күн болуп,
Күйгөн аз бизге силердей,
Күжүрмөн чекте бир болуп

Кызгалдак гүлдөр топ болсун,
Кыш эмес кыздар сөз болсун.
Кыргызды жоодон сактаган,
Кыз Сайкал, Жаңыл көп болсун.

Эч кимди кырсык тоорубай,
Эзели эне соолубай.
Алдейлеп турган баласын
Аялдар жүрсүн оорубай.

Кош колдон сунсам кызыл гүл,
Санааңа бүлүк саламбы.
Ыр дестем менен арнаймын
Жакшы ой, жакшы санаамды.

Бактыбек Жусубалиев
милициянын полковниги




Эскерүү…

Эмгеги элдин эсинде


Кыргыз эли балакет-баскан болгонбуз деп төш кергенибиз менен бизге социалисттик революциянын алып келген жакшылыгын кантип унутмакпыз. Тээ кылымдар мурун билимдүү болгон экенбиз, революция болгон жылдары саналуу адамдарыбыз эле Казандан же башка жерден окуп келбесе, дээрлик бардыгы тамга таанычу эмес да. Анан да жашы келген Совет бийлиги көзүбүздү ачып, жетим калгандарды канатына калкалап, аларга жогорку деңгээлде камкордук көрдү. Мына ошондой Совет бийлигинин тушунда жетим болуп жетилгендердин бири Султан Мусабаев агабыз. Ал үч жашынан ата-энесинен жетим калып, Каракол шаарындагы жетимдер үйүндө чоңоёт.
Жашынан зээндүү өскөн Султан агабыз борбор шаарыбыздагы Фрунзе атындагы айыл-чарба машиналарын жасоочу заводдун алдындагы ФЗОго кирет. Аны ийгиликтүү бүтүрүп, эмгек жолун аталган заводдо иштөөдөн баштайт. Заводдо мыкты иштегени көпчүлүккө угулуп, мактоого арзып, кыска убакыттын ичинде эле кызматта бир тепкич жогору көтөрүлөт. Ал тууралуу тараган жылуу пикир Кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликов таасир этип, аны заводго издеп келип, аны менен таанышкандан кийин, ага арнап: "Кичинекей Султан" деген чыгармасын жараткан. Заводдун жетекчилиги Султандан келечекте мыкты адис чыгарына көзү жетип, аны Токмоктогу рабфакка жиберет. Аны да эң жакшы баалар менен аяктагандан кийин, борбор шаардагы Айыл чарба институтунун зоотехникалык бөлүмүнө өтөт.
Жогорку билимге ээ болгон Мусабаевди жогорку бийлик Баткен районунун айыл-чарба бөлүмүнүн башкы зоотехниги кылып дайындайт. көп өтпөй Өзгөндөгү айыл-чарба кызматкерлерин даярдоочу бир жылдык курстун директору болуп эмгектенип жатканда, Ата-Мекендик согуш башталып, өз арызы менен согушка аттанат. Ал аскердик байланышчылар бөлүгүндөгү взводдун командири катары 1945-жылдын декабрь айына чейин кан майданда ок аралап, от кечип жүрдү. Капитан Мусаев кызмат өтөгөн 1945-жылдын 19-январында Батыш Пруссияда душман менен болгон кармашта чоң ийгиликке жетишет. Ошол көрсөткөн эрдиги үчүн "Кызыл Жылдыз" ордени менен сыйланат. Ошондой эле Сталиндин колу коюлган ыраазычылык катын да алган.
Мусабаев согуштан аман-эсен кайтып, Талды-Суу районунда айыл-чарба бөлүмүнүн башкы зоотехниги болуп дайындалып, өз кесибин улантат. Бул райондо ал бир топ убакыт иштеп, иш билги адис катары эл көзүнө көрүнөт. Кийин аны жогорку бийлик Шалба МЖСине башкы зоотехник кылып жиберет. Андан кийин Пржевальск мамлекеттик асыл тукум чарбасында башкы зоотехник болуп эмгектенди. Андан кийин өз айылы Талды-Суудагы Орджоникидзе атындагы колхоздо башкы зоотехник болуп иштеп, чарбанын малынын санын жана анын азыктуулугун көтөрүүдө чоң салым кошту.
Ал 1970-жылдардан тартып Талды-Суу орто мектебинде уландарды баштапкы аскердик сабагы боюнча жетекчиликке өтүп, өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоодо чоң салым кошкон. Бул кызматта 15 жыл тынбай эмгектенип, 1985-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Жердештери аны иш билги адам катары Талды-Суу айылдык кеңешине бир нече ирет депутаттыкка шайлашат. Эл үчүн өтөгөн ак эмгеги эске алынып, бир топ орден, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана Эл агартуу министрлигинин Ардак грамоталары менен да сыйланган. Өмүр бою өз эли үчүн ак кызмат өтөгөн Султан агабыз 1985-жылы каза болгон. Султан агабыз өзү өлсө да, элдин эсинде алгылыктуу эмгеги калды.
Мындай адамдар эмгекчилдиги, патриоттуулугу кийинки муундарга үлгү болуп каларынан шек жок.
К. Асаналиев