Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айымдардын майрамына


карата…


Эшикте жаз. Ала шалбырт… күн жылмыңдап, кар эрип, жашоо кызык тарта баштаган мезгил… Жаздын келиши менен мырзаларды түйшөлткөн айымдардын майрамы да күлө багып кирип келди. Эки күндөн кийин 8-март. Белек алыш керек. Мм… кандай белек?... Бул суроо көп жигиттерди ойго салса керек. Эмесе, төмөндөгү элге таанымал болгон адамдарыбыздын жоопторуна көз жүгүртүп көрүңүз, балким, сиз дагы өз сурооңузга жооп таап калышыңыз ыктымал.
Гүлдү сүйгөн Нена, ыр арнаган Акбар, белек тандабаган Назира…


- Белектин баасына жана сапатына көңүл бурасызбы?
Назира Айтбекова, алып баруучу:
- Эгер өзүм кимдир бирөөгө белек сатып алсам, албетте, анын сапатына, кооздугуна карайм. А берилген белектердин акчасына, сапатына такыр көңүл бурбайм. Кандай белек болбосун кубануу менен чын көңүлдөн кабыл алам. Чынында өзүм белек алганды сүйөм. Мага жөн эле жакшы сөзүн арнап койсо деле жетет. Ошого эле кубанып калам. Ырас, сөздөн өткөн барктуу белек барбы. Адамды өстүргөн да, өлтүргөн да сөз эмеспи. Андыктан мен такыр белек тандабайм. Мен үчүн чын көңүлдөн берилген белектердин баары баа жеткис.


- Алгачкы жолу алган белегиңиз?
Элина Абай кызы, актриса:
- Мм… Азыр, ойлоноюн… А эстедим, мектепте окуп жүргөндө алгам. Анда да кичине кезимде. Менимче, 1- класста болсо керек. Бир партада отурган классташым 8-мартта открытка белек кылган. Ал дагы колго жасалган. Мектепте 23-февралда мырзаларга, 8-мартта айымдарга белек бермей салты бар эмеспи. Негизи колго жасалган буюмдар сонун көрүнөт го. Мага колго жасалган оригиналдуу белектер жагат.


- Өзүңүздүн эсиңизде калган эң оригиналдуу белегиңиз?
Назым Меңдибайыров, актёр:
- Ушудай татаал суроо бердиңиз. Мм… азыр… Биз студент кезде акчабыз деле жок болчу. Көп учурда белек бергенге акча таба албай, өзүбүз бир нерсе ойлоп таап, жакындарыбыздын көңүлүн көтөрүп койчубуз. Бир жолу да 7-мартта биз менен театрда иштеген эжебиздин юбилейи болуп калды. Жаныбызда акча жок. Куттуктабай койгонго да болбойт. Марат Козукеев экөөбүз эмне алып барарыбызды билбей, кечке отурдук. Анан театрдын тигүү цехине барсак, жарым метрдей, материал калыптыр. Ошону сурап алып, Марат экөөбүз узундугу 15 см болгон кичинекей чапан тигип, башыбызга ак калпак кийип, эжебизге чапан жаап коёлу деп, аким болуп тойго барып, "Эже, биз айылдын акими катары сизди мааракеңиз жана 8-март майрамыңыз менен куттуктайбыз. Биздин атыбыздан бул чапанды кийип коюңуз. Келиңиз сизге чапан жаап коёлу"- деп жанагы кичинекей чапаныбызды алып чыгып, эжебиздин далысына жаап койгонбуз. Ошондо эже "Менин бүгүн алган белектеримдин арасынан эң мыктысы болду. Эң сонун белек"- деп аябай ыраазы болгон. Мына ошол чапанды азыркыга чейин сактап жүрөт. Ушул белегибиз эң оригиналдуу болгон деп эсептейм. А жубайыма болсо, менин ар бир берген белегим өзгөчө таасир калтырат деп ойлойм.


- Мырзалардан кандай белек күтөсүз?
Нена, ырчы:
- Гүлдү сүйөм. Майрамдарда кучак толо гүл алганды жакшы көрөм. Канчалык көп гүл алсам, ошончолук жыргайм. Анан оригиналдуу белектер жагат. Өзгөчө күтүлбөгөн жерден берилген белектер мени абдан кубандырат. Күтүлбөгөн жерден белек берген мырзаларды да аябай баалайм. "Бүгүн 8-март. Кана бизге белек?"- дегенден кийин, ойлонуп анан белек камдоого киришкендерди баалай бербейм.


- Аргасыздан белек берген учурларыңыз болду беле?
Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
- Менде мындай учурлар көп эле болот. Кээ бир тааныштарыма даталуу күндөрү айла жоктон белек бергенге тура келет. Бербей коёюн десең дагы болбойт. Анан эмне кыласың, бересиң да…
Дайыма чын жүрөгүмдөн белек берип келген адамым- менин апам. Апама ар бир майрам сайын ыр арнайм. Ыр белек кылам. Бул адатым тээ бала кезимден эле бар. Апам ырымды угуп эле аябай кубанып калат. Азыр ойлосом, ага андай деле чоң белек бере элек экем. Быйыл да апамдын 8-март майрамына карата жакшы ыр жазып жатам. Апама айтайын деген жакшы сөздөрүмдүн баары ошол ырымда камтылган. А жубайыма болсо… Муну азырынча сыр кыла турайын. Сюрприз болсун ээ.

- Апаңызга биринчи жолу берген белегиңиз?
Турусбек Жумалиев,
КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Негизи белек берген, белек алган эң сонун нерсе. Керек болсо, бирөөгө жакшы сөз арнап койгондун өзү эле сонун. Арабызда жакшы сөздөрүн аяган, жакшы жагыңды көрүп туруп, көрмөксөн болгондор да бар. Мен андай эмесмин, тескерисинче, адамдардын жакшы жактарын көрүп, ошону аларга айта бергенден тажабайм. Апама да майрамы болбосо деле жакшы сөз арнап тургандан такыр тажабайм. А биринчи жолу берген белегим туурасында айтсам, Москвада 1- курста окуп жүргөндө апама япон жоолугун белек кылгам. Ошол кезде япон жоолуктары аябай мода болуп жаткан. Апам ошондо аябай кубанган.


- Айымдарга көбүнчө кандай белек бересиз?
Азамат Арыков, актёр:
- Мырзаларга салыштырмалуу айымдар белек алганды, жакшы сөз укканды жактырышат эмеспи. Өзгөчө майрамдарда, кадимкидей тааныштарынан белек күтүп калышат. Мына ушул нерсени эске алып, мен колумдан келишинче жакындарыма майрам күндөрү белек бергенге аракет кылам. Менин билишимче, айымдар гүл алганды жактырышат. Бирок мен өз колумдан жасалган белектерди бергенди жакшы көрөм. Көбүнчө өзүм белек жасап, анан жакындарыма берем. А алыс тааныштарга жакшы сөзүмдү арнап коём. Бул деле жакшы да. Көңүл да деп коёт го…


- Белек бергенди жакшы көрөсүзбү же алгандыбы?
Айбек Карымов, ырчы?
- Оо, жакшы суроо экен. Белек алганды ким жакшы көрбөсүн. Баарыбыздын эле алгыбыз келет, бергибиз келбейт да (тамаша). Белек алганды да, бергенди да жакшы көрөм. Эми кеп белекте деле эмес, кеп адамдын көңүлүндө. Маселен, бирөөгө гүл берсең, ал аябай ыраазы болуп калат. Мен да көбүнчө гүл белек кылам. А жубайыма болсо атыр. Анткени анын кандай атырды жактырарын билем да. Айрым учурларда жубайыма эмне зарыл экендигин билип алып, ага айтпай ошону сатып келип, белек кылып коём. Андайда жетине албай, кубанып калат.
Суроо салган
Жаркынай Кадыркулова