Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Рыспай ИСАКОВ, Манасчы:

"Кыргызда Катаган


деген акын болгон эмес"


Редакциядан: Кыргыз-казак акындарынын ортосунда айтышка жакында манасчы Рысбай Исаков жетектеген делегаттар барып кайтышкан. Айтышка айтылуу Жеңишбек менен Аалы катышып, анын артында бир кыйла калпыс кеп-сөздөр чыкканын элибиз жакшы билет. Ушул чалкеш маселе боюнча казак-кыргызга таанымал чыгаан жазуучу Муктар Шахановдун сайтында Рысбай Исаков менен өткөрүлгөн маек берилиптир. Бул гезит окурмандарыбызды кайдыгер калтырбайт деген ишеним менен гезит бетине жарыялоону туура таптык.

- Айтышка канча акын алып келдиңиздер?
- Экөө.
- Айтыш казак менен кыргызга орток көрүнүш деп жатабыз. Ушул сөз өнөрү сиздин элиңизде кандай өнүккөн?
- Айтыш орток делгени менен ушул жерден көрүп отурабыз, эки элдин айтышында айырмачылыктар бар.
- Жашыруун болбосо мунун сыры эмнеде?
- Биринчиден, айтыштын эрежелеринде айырма бар. Биздин эреже боюнча алгач тандоо болот. Андан кийин акындар кезегин карайт. Чүчү кулак ыкмасы колдонулат. Анда ким менен айтыша турганы аныкталат. Ошол жерде каршылаштардын айтышы башталат. Ал эми бул жерде аны калыстар чечет экен. Эгерде ким менен ким айтышары алдын-ала такталып койсо, бул элди алдоо эмеспи? Угармандарга жасалган кыянатчылык ушунда десем болот. Ал эми чүчү кулак аркылуу чыгып айтышуу бир башка. Чыныгы таланты ошондо белгилүү болот. Бул жагынан бизде адилеттүүлүк бар.
- Анда казак акындары ким менен айтышарын билип отурат дегиңиз келип турабы?
- Албетте, билип отурат. Аны жергиликтүү акындар айтышууда. Мисалы, ушу айтышка эки ай мурун кабар берилгендигин уктук. Мен сиздерде чыгаан акындар жок деп айта албайм. Бар. Бирок айтышты шоуга айландырып жиберүүгө болбойт. Кээ бир акындарды көрүп отуруп, жаттап алган деген жыйынтыкка келдим. Кийинки айланмага чыкканда жини чыккан бакшыдай "оозунан сөзү, колтугунан бөзү" түшкөндөй сөзүнөн чаташып кара баспадыбы. Бул кебибиздин жүйөөлүү экендигин эч ким танбас.
Ачыгын айтсам, Кытайдан, Монголиядан келген акындар менен айтыштар күчтүү болду. Көпкө топурак чача албайм, сөз табуу жагынан Кытайдан келген акындар кыйын көрүндү. Ал эми четтен келген акындар менен казак акындарынын айтышына келсек, бирөөнүн күнөөсүн көтөрүүгө болбос, бирок менде күдүк ой бар. Азыркы учур техниканын заманы, каршылашы ким болорун уюлдук телефон аркылуу билип, даярдык көрүүгө шарт түзүлгөндөй таасир калтырат. Көпчүлүктүн көзүнчө чүчү кулак (жребий) ыкмасы пайдаланылбаса, күдүк ойдун жаралышынан кутула албайбыз.
- Айтышты шоуга айландырбоо деп калдыңыз...
- Ооба, айтышты бизнеске айландырууга болбойт. Бул өнөр кыргыз менен казакта гана калды. Бул чоң өнөр. Аны соодага салып, арзан атак жыйноого каршымын. Байге адамды кызыктырат. Акындар көбөйөт. Ошондон кийин байге көп болгон сайын акындарга талап да күчтүү болууга тийиш. Акындар ошондо гана өсөт. Эгер көптүн алдында чыккандар жазганын жаттап келип, сыдыргыга салгандай ырдаса, анда өнөрдүн куту качат. Домбура менен комуз кармагандардын баары акын болгусу келген ушунун кесепети. Сиздерде айтыш ушундай өтөбү? Аны бүгүнкү жагдайларыңыздар көтөрө алабы? Бизде мындай жагдайга жол берилбейт, бирок мүчүлүштүк болушу мүмкүн.
- Байгеге эмне коюлат?
- Мамлекеттик деңгээлде айтыштарга милдеттүү түрдө автоунаа коюлат. Жеке адамдар акчалай сыйлыктарды сайышат. Бирок бизде бет тырмоочулук адат акындарда болгон эмес.
Кечетен бери байкаганым казак боордоштордо ыйык сахнада отуруп, кудуреттүү сөз өнөрүнүн кадырын качырып, жеңиш үчүн бирин бири аябай маскаралоого чейин барышы көңүлүбүзгө жаккан жок. Жеке адамдын табигый кемчилигин, кыял-жоругун шылдыңдоо акынга аброй алып келбейт. Одоно сөз шылдыңдоого гана керек. Мисалы эгемендүүлүккө карата уюштурулган айтышта казак акындарынын "торсойгон", "боорсуган", семиз", "арык", "кыйшык көз", "кылыр көз", "жүн баскан бет", "чөп баскан бет" сыяктуу салыштырууларын угуп отурдум. Бул мыкты табылга эмес. Тетирисинче бул акындын маданиятсыздыгын гана айгинелеп отурат. Мисалы Монголиядан келген акынды бир жаш бала эмнеге ойлонуп отурасың деп кекетти. Ал акын оорулуу болсо, бир көзү сокур болсо кантмек. Бул жаш акындын ой өрүшүнүн төмөндүгүн көргөзүп берди. Калк ишеним артып жатканда оюна келгенин оттоо наадандык эмеспи.
- Жалпы акындардын бийликти болбосо да, анын башчыларын мактоосуна көз карашыңыз кандай?
- Толугу менен каршымын. Акын ар дайым акыйкаттын жарчысы болушу шарт. Акын ошонусу менен кадыр-баркка ээ. Антпесе, ал акын эмес. Бизде андай акындарды кошоматчы (Арзымат) акындар дейт. Бир кезде хандын, бектердин акындары болгон. Бул күндө аларды эч ким билбейт. Мисалы кыргыз акындары бийликти өкүртө сындап ырдайт. Андан алардын баркы төмөн түшкөн жок. Канчалык кыйын кырдаалда болсок да, өлкөбүздө акындардын айтышы өтүп турду. Калк алардын ырына кулак төшөп угуп турду. Акын акыйкатты гана айтат деген түшүнүк кыргыздарда калыптанып калды. Кыргыз акындарынын айтышында Манас чыгармасынын мазмуну бар. Казак акындарынын деңгээлин салыштырмалуу түрдө ушундан байкоого болот.
Казак акындары обондору өтө жай, алар обонго катуу көңүл бөлөрү байкалат. Ал айтылчу ойго салмак салат. Акырында сөздүн маанисине терс таасирин тийгизет. Обонду кубалаганда айтылчу ойго маани берилбей калат сыяктанат. Обон керек, эгерде ырдын сөзү менен айкаша келсе. Манастын обону акындарыбызды алга сүрөп, сөздү таамай айтуу чеберчилигин көтөрөт. Казактарда мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Тек гана аны алар колдонбой жатышкан көрүнөт.
- Казак акындарына көңүлүңүз толдубу?
- Көңүлгө толгондору бар, ага кудайга шүгүр дейли. Болгону айтышка жазган ырын жаттап чыккандарга гана багыттап жатам. Бүгүнкү Аманжол менен Саранын айтышын мурда укканмын. Ошондогу айтылган ойлорун, тамаша кептерин, көтөргөн маселелерин кайталап чыкканына таң калдым. Алар мурунку айтыштагыларды гана калкка тартуулашты. Ал эми Балгынбек деген акынга көңүлүм толду. Бекарыс, Бауржан, Айбектер өз үнү бар акындар экени белгилүү.
- Кыргыз акындарына карата айтылган сынга ынанасызбы?
- Биз канча тууганбыз деген менен казак акындарынын ичинде кыргыздарга тескери көз караштар, тирешүүлөр бар экендиги көрүндү. Байге бөлүштүрүүдө ошол көрүнүштөр кайталанганы ачык эле белгилүү болду.
- Сүйүнбай менен Катаган акындардын айтышын кандай баалайсыз?
- Биринчиден айтарым, муну казактар кайдан таап алганын билбейм. Кыргызда Катаган деген акын болбоптур. Сиздердин Акан деген обончуларыңыздардын Катаган менен Сүйүнбайдын айтышы деген ырын укканым бар. Ошондон улам сураштырып эч жерден мындай акын бар экендигин кездештире албадым. Бир билгеним, Арыстанбек менен Сүйүнбайдын айтышы болгон экен, тарыхта. Казактар ошол Арыстанбекти Катаган деп далилдөөгө аракет кылышат, бирок бул ишенимдүү эмес. Арыстанбек элибизге таанымал эң күчтүү акыныбыз. Анын атын өзгөртө турган себеби да жок. Ошол Арыстанбек Сүйүнбай менен Кененсарынын салгылашуусунан көп өтпөй айтышып келишкен экен. Айтышта бирде Арыстанбек жеңсе, бирде Сүйүнбай жеңип, кийин казак-кыргыздар экөөнө тең мыкты акын экен деп байгени тең бөлүштүрүп берип келген экен.
Которгон
Эртабылды АТТОКУРОВ