Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Биздикилер оңой эмес...

Камчы Көлбаев дүйнөлүк аренага чыккан тура


Кээ бир информациялык булактар билдиргендей АКШнын финансы министрлиги мурунку СССР курамына кирген өлкөлөрдөн чыккан уюшкан кылмыш топторунун жети мүчөсүнө жана япондук эки "якудзага" санкция киргизген. Эл аралык уюшкан кылмыш тобуна каршы күрөш жүргүзүү үчүн чыккан указга АКШ президенти Барак Обама кол койгондон кийин мындай окуя биринчи ирет болуп олтурат.
АКШнын финансы министрлигинин билдирүүсүндө "Братский круг" деген көп улуттуу кылмыш биримдиги. Алардын курамына мурунку союздук республикалардын криминал лидерлери кирет жана алар мурунку союздук республикаларда, Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Латын Америкасында аракет кылышат.
"Братский круг" бир канча кылмыш бирикмелеринин ишин координациялап турат, алардын арасындагы талаштарды, ыр-чырды жөнгө салып көзөмөлдөшөт экен ж.б.
АКШ финансы министрлигинин "кара тизмесине" "Братский кругдан" Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Бириккен Араб Эмираттарында аракет кылган топторго лидердик кылган жети адам кирген. Алар: Владислав Леонтьев (каймана аты "Белобрысый" же "Белый"), Василий Христофоров ("Вася" же "Воскрес"), Камчы Көлбаев ("Камчы Бишкекский" же "Коля-киргиз"), Гафур Рахимов, Лазарь Шайбазян. Ал эми Александр Мануйлов ("Саша Самарский") менен Александр Зайцев аталган тизмеге Леонтьевдин жигиттери катары киргизилген.
Леонтьев менен Христофоров баңгизаттарды контрабандалоо, россиялык кылмыш чөйрөсүнө баалуу металл иштеткен ишканага көзөмөл кылууну талашып, ок атышкан ж.б. бир канча кылмыштарды жасаган деп айтылат.
Леонтьев 41 жашта, Горький шаарында туулган, Венесуэланын, Гананын жана Грециянын паспорттору бар дешет. Ага россиялык бийлик издөө салган.
Христофоров белгилүү "вор в законе" Аслан Усояндын ("Дед Хасан") жакын адамдарынын бири. Россиялык маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө 40 жаштагы Христофоров 2011-жылы май айында Украинада кармалып, Россияга алынып келинген экен. Бирок, ошол эле жылдын июнь айында Эмираттарда "ворлордун" саммитин уюштурган. Кантип бошонуп кеткени түшүнүксүз. Килейген Россия империясы да өздөрүнүн "ворлоруна" алы жетпей жаткандыгын күбөсү жогорудагы окуя болуп эсептелбейби. Баса, Саакашвили кууган Грузиядагы грузин "ворлорунун" көбү да азыр Россияда. "Биз деген Россияга "ворлорду" гана экспорттойбуз деп айткан Саакашвилинин айтканы да өзүнчө баа…
Биздин Камчы Көлбаев болсо "Братский кругдун" Борбордук Азиядагы "смотряшийи" катары мүнөздөлөт. Өткөн жылдын июнь айында Көлбаев АКШда "эл аралык наркобизнестин" таасирдүү адамы катары бааланган. Белгилүү болгондой Көлбаев Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштары үчүн издөөгө алынган.
Америкалыктардын билдирүүсүндө Христофоров, Көлбаев жана Леонтьевдер Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.
Гафур Рахимов АКШнын финансы министрлигинин билдирүүсүндө өзбек кылмыш тобунун анабашчыларынын бири. Ал Борбордук Азияда баңгизаттарды өндүрүү жагын тейлейт, аны менен бирге героинди контрабандалайт" деп жазылат пресс-релизде.
Зайцев дегени Ленинградда туулган, Гананын паспорту менен жүрөт. Ал Санкт-Петербургда ар кандай "пирамидаларды" түзүп алдамчылык менен шугулданган.
Сөз кылынып жаткан пресс-релизде билдирилгендей жогоруда аты аталгандардын АКШда акча эсеби тоңдурулат, ар кандай операцияларды жасатпайт, америкалыктарга алар менен ар кандай алакаларды түзүүгө тыюу салынат.
АКШнын финансы министринин орун басары Дэвид Коэн айткандай "аты аталгандарды кармоо жана сураган өлкөлөргө кармап берүү алардын милдети эмес, аларды тийешелүү органдар чечет".
АКШнын президенти Барак Обама өткөн жылы дүйнөдөгү ири төрт кылмыш тобуна санкция колдонууга кол койгон. Алар япондордун "Якудза", италиялыктардын "Каморра", мексикалыктардын "Лос-Зетас" жана сөз кылынып жаткан "Братский круг" дегенге. Ошондон кийин эксперттер "Братский круг" дегендин жогорудагы тизмеси киргенине түшүнбөй да калышкан, анткени, мурун андайды угушкан эмес экен.
Нью-Йорк университетиндеги Эл аралык борборду башкарган Марк Галеотти "Голос Американын" орус редакциясына "Братский круг" деген менен тааныштыгы жоктугун, жана анын тизмеге кирип калганына таң калганын айткан. "Братский круг" деген термин кези менен орустук-советтик кылмыш дүйнөсүндө кездешип келгени менен, ал эч качан конкреттүү бир топко тиешелүү болгон эмес. Анан калса, аталган терминди орустардын укук коргоо органдары деле пайдаланганын уккан жокпуз" -дейт профессор Галеотти.
Кандай болгон күндө да Камчы Көлбаев дүйнөлүк аренага чыгыптыр да…
Биздин укук коргоо органдары бул жөнүндө жакшы билет эмеспи.
Даярдаган
Баратбай Аракеев




Камчыбектин кейпине сүртүмдөр

Камчыбек үкөм, билгениңен биле элегиң көп



Ушу Камчыбек Ташиев парламентке адашып келип калганбы дейм!? Болбосо, Темир Сариев айткандай, кыргыздын каймактары топтолгон парламентте Ташиев ошол "каймактардын" көзүнчө, анан бүт кыргыз элинин көзүнчө эки Сулаймановду тырайта чаап, "атагы чыкпагандан кийин жер өрттөп", акыл-эстүү кишилерге шерменде койдун чүкөсүндөй болбойт эле. Бул анын урушарга жоо таппай калгандагы аргасы, болбосо 1992-жылы 24 жашында "Мээрим-Ай", 1993-2002 -жылдары "Томас" өндүрүш-соода фирмасында жана "Элет-Кенч" ар тармактуу кооперативинин мүдүрү болуп турганда, карамагындагыларды канкакшатып, муштумдун күчү менен келип, 2002-03 -жылы өкмөт башчынын аппарат жетекчисин орунбасарынан түз эле Бишкек шаарынын акиминин орунбасарлыгына, 2005-07 -жылдары депутаттыкка, андан 2007-2010 -жылдары Закиржан (Курманбек) Бакиев акесинин амири аркылуу генерал-майор чини менен өзгөчө кырдаалдар министри болуп бакыйып отуруп калбайт эле. Ошондо телевизор эмес, үтүктү сайсаң да Ташиевдин Пиночетти кейиптенген генералдык кейпи көрүнүп туруп албадыбы. Ал кезде аны "Бакиевдин желдети" деген да кеп кетти эле, МЧСтен 40 миллионбу, же 100 миллионбу ап деп ийген деп айыптоочулар аркасынан түшкөндө, сыйлуу орундан сыйгаланып түшө качты. Айыптоочулардын аны ала жатпаганы биерден да кызылдай акчанын башы кылтыйып турганын каңкуулайт.
Анан түштүк окуясында "баатыр" болуп чыга келгени, бая жыйырма жыл мүдүр болуп жүргөндөгү зөөкүрдүк жүрүштөрү менен жүрөктөрүнүн үшүн алгандан корккон калктын анын кыжырына тийип, балээсине калбайлы деген эле жан соодасынан болгон кур секирик. Анан ошонун аркасы менен шадыраңдап алган Камчыкең кыргыздай кой маарек калкты кың дедирбей кармап турбаса, баш аламандыктын баштоочу болгон демократияны жамынып алган тукургучтар кындырына кысып берген акчанын арты менен катынына таарынгандар деле кыр көрсөтө берип (пикетчилер), аларга алы жетпеген жетекчилердин шайын оодарганга боору ооруп, Пиночеттин ыкмасы менен калкты кан сийдире кармап туруу үчүн ажолук жарышка, "эл дүрбөсө кошо дүрбөйт" болуп, 80 кишинин сүрмө тобуна кошулганы да ошондон. Бирок эл да түшүнүп калды - ал келсе кактабай каныбызды алат деп, Ташиевдин таштаган "жеминен" жеп тоюнгандан кийин шайлоого жеткирбей шайын оодарган соң, элдин тетириленип калганын сезер замат шерменде боло электе куйругун түйдү.
Анан ошонун баарынын өчүн депутат болгондо алмакчы болуп, бирок бийликке илинбегенден кийин, анын үстүнө "бригаданын" мүчөлөрү (Келдибеков, Ташиев, Жапаров, Султанов) Крыловдун тамсилиндей, ар кимиси ар кай жакка тартып, аптыракаты менен акчаларынан ажырагандан, анан Келдибековдун кесепетинен бийлигинен биротоло кол жуугандан кийин карапайым эл өкүлү болуп, жели чыккан топтой бырбыйып отуруп калды. "Камчысы бек болсун" деп, ата-энеси жакшы тилек менен койсо, аны Ташиев түз маанисинде түшүнүп, "урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай", бая Сулаймановдорго колу тийип кетип, элге жаман көрүнгөндөн кийин, кур дегенде шайлоочулары иштеп аткан экен деп айтсын деп, кимиси болсо да ала жатайын деп, майга жетпеген мышык сасык дегендей, жетпей калган ордуна Бабанов күнөөлүү сыяктуу ага жөнү жок асыла баштады. Тийишкени эле казактардын "Кулан ТБ" ууктурма көмүрдү өктөбүрдө эле "Бабанов ташып кетебиз дебеди беле, декабрга чейин сөзүнө турбады. Шадиев 20 күн анын уулуу экенин аныктоого туруп калды десе да болбой кашайып, бузулган патийпондун табагындай кайталай бергенде, Бабанов чыдай албай: "Күнөөлүү болсом, отставкага кетүүгө даярмын, Далилдей албасаң, мандатыңды сен тапшыр" - десе, Аракеев айткан жигиттин гүлү Ташиев бетин табактай кылып отуруп берди. Болбосо ошол эле Шадиевдин: "Казакстандык "Кулан ТБ" компаниясынын көмүрүн тендерге катыштыруу боюнча экс-төрага Акматбек Келдибеков тараптан телефон чалуу болгон" - деп безилдеп атса, уулуу көмүрдүн келгенден кийинки кесепети эмес, келе электеги "кызыкчылыктын" башында Келдибеков турганын козгогон жок. Себеби "бригаданын" бир мүчөсү болгон Келдибеков менен "оту күйүшпөй" калгандыктан, бирдеме десе эле ал Ташиевди баса калганы турат. Анткени шайлоо алдында самандай сапырган акчалар кайдан келгенин, айтор, анын "иттигинин" баарын билет. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабай калганы" ошондон, анан Келдибеков төрага болуп турганда, ага быркыйып койгону да себеп. Каапыр, сүзөөнөк бука кейиптенген Келдибековдун сүрү жаман. Ошон үчүн текилдеп сүйлөгөн Дербишалиевди бүт Кыргызстандын көзүнчө кагып койду эле, 120 депутат ага болушканга жарабай, бүк түшүп отуруп берди.
Ташиев таптакыр айласы кеткенде, кур дегенде айранга талкан көөлөп жеп турайын деп, өзү да "жанындай көргөн энелерге" асыла баштады. Жок, максаты деле ал эмес болчу. Ташиев Бабановго тиши өтпөгөндөн кийин "апасы түрк" экен деп чыкты. Камчыбек кыргыздарда Манас бабасынан калган айкөлдүк сезим бар экенин билбейт шекилди. Зөөкүрлүк жагынан Ташиевден ашып түшкөн Сталин деген зулум бир нече миңдеген кавказдыкты Орто Азияга айдаган. Ошолордун ичинен миңдеген чечен, түрк, күрт Талас өрөөнүнө баш калкалап келгенде, боорукер адамдар үйлөрүнө кийрип алган. Атам Борке да эки бөлмө үйүнүн бирин эки бүлө түрккө бошотуп берип, алар менен тамак-ашыбыз аралаш өстүк. Атүгүл апам төрөгөн он үч баланын көбү чарчай бергенде, мени ырымдап түрк эненин эмчегин эмгизип, аман алып калган экен. Мени жаш кезимде жеңелерим да "түрк" деп тергешчү. Аман жүргөнүм үчүн мен аларга өзүмдү милдеткер сезип кетем. Өмүрбек Бабановду ушул убакка чейин көрбөсөм да жактап жүргөнүм - түрктүн эмчегин эмгеним үчүн эмес, кыргыз элине кылып жаткан адал кызматы үчүн. Биздин айылдын мүрзөсүндө кырктай түрк-күрттүн бейити калган. Балдары кээде алыскы Кавказдан келип, айылдыктарды чогултуп, мал союп куран окутуп турушат. Элүүнчү жылдары тирдене баштагандан тарта кеткени кетип, кетпегени алиге экинчи мекени катары кыргыз менен кыргыз болуп жашап жатат. Биздин айылда Мамет, Абрахман деген эки жетим калган. Кыргыздан аял алып, бала-чакалуу болушкан, аларды түрк деп жээриген жан жок. Токтогул Бабанов да 1957-жылы түрк кызы Анипаны күйүп-сүйүп үйлөнгөндө, жердештери жээригенден ачуулары тараганча деп, Ош областынын Кызылкыя шаарына көчүп кетишет. Жети баланы төрөп, учурунда "Россия" колхозун республика гана эмес, союздагы мыкты чарбалардын деңгээлине жеткирип, СССР Жогорку Советинин депутаты болгон Токтогулдун жолун улаган балдарды бапестеп өстүргөн Анипанын арбагынан айланбай шүк жүрсө болмок жанагы Ташиев деген машаяк.
Ээ, айланайын, Камчыбек, зоот айырдай заңкайганың менен сен эле таза кандуу дейсиңби? Манастын урпагымын дейсиң, түпкү апаң Каныкей - тажик, Алманбеттен башка чоролордун баарынын катыны ошондой. Билесиңби, аларды кыркалекей тизип алып, катарында тизилип турган отуз тогуз тажик кызга кимиң туш келсең, ошону аласың деген. Кыркынчысы гана Арууке казак кызы болгон, демек, ал сенин кайнежең, Алманбет болсо - жездең. Казак катыныңан туулган балдарыңды бирөө эле кемсинтип турса, сен анын колуна өлүп бербейсиңби! "Ойлобой сүйлөсөң, онтобой өлөсүң" деген кеп бар, оозуңа алың жетпесин билгенден кийин кур дегенде "Манасты" бир сыйра карап койбойсуңбу.
Курманбек кудайың болсо дуңган, чыныгы аты Закиржан, ал Аксыда төрөлүп, жети жашында Тейитке тентип келсе, сен аны сартакем бир тууган кылып атпайсыңбы. Татьяна жеңең болсо, жөөт болчу, ошон үчүн өзүн еврей туткан Максим Бакиев Березовский баштаган жалаң жөөт достору менен Кыргызстанды майкандап кирерде, чыныгы Манастын урпактары, Чолпонбайдын инилери көкүрөгүн окко тосуп, сага окшогон тегин билбегендерге эркиндик алперип отуру. Бул сени оозуна келгенди оттой берсин деген кеп эмес.
Билгиң келсе, совет доорунун башында Уланов (Ленин) акеңдин саясаты менен караңгы чет жаканы көтөргүлө деп, "жыйырмабешмиңинчилерди" жөнөткөндө, карапайым эле жумушчулары бизге чокчоңдоп чоң болуп албады беле. Ошондо "там где татарин, еврею делать нечего" деген куйтулар кыздарын: "барып чоңдоруна тийип алгыла" деп жибергенден улам, бизде кеңеш өкмөтүн түптөгөн чоңдордун дээрлик баарынын катыны татар болгон. Катынынан корккондор "баялин", "саманчин", "нуртазин" деген түстүү жоолуктарды салынганы менен кыргыз мамлекетинин кышын кынашкан. Кыргыздарды үч жүз жыл бийлеген калмактар болсо, эми дагы бир ирет тооруп көрөлү деп, кыздарына "үй бере турган исполкомдорго тийгиле" деп жөнөткөн. Алар кой маарек кыргыздарды киши кылды, эми төбөлөрүнө чыгып алып, тансабайт этип жатыры. Турдакун, Мамбетакун, Сабитакун, Алмакун деген уйгурлар эчак кыргыз болуп алышкан. Бирок алар сага окшоп, тынчып калган элди козутуп, ыркын кетирип, ичкен кудугуна түкүргөн жок. Кыргыз байкуштар сени "ичтен чыккан ийри жылан" болгонуңан араң түтүп туру, болбосо, "өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло" деп, сенин жолдо жок жоруктарыңа ичинен ириң өтүп араң чыдап турган, кези келсе кыныңа киргизип коёр дагы бир оён тургандыр...

Бөкөнбай Боркеев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер