Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кечирээк от алган Исмаил Исаков


...Исаковко окшогон коррупциялык күрөшкө көмөк түзүүнүн ордуна аны үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн күчтөр пайда болгону өкүндүрбөй койбойт. Тилекке жараша, И.Исаковдун "демилгесине" каршы чыккан Токон Мамытов (Ар-Намыс) Мыктыбек Абдылдаев (Ата-Журт) сыяктанган депутаттар бар экенин эскере кеткенибиз жөндүү болор...

21-февралдагы коррупцияга каршы күрөштүн азыркы кездеги чоо-жайын талкуулаган парламенттик үч комитеттин биргелешкен жыйынында, КСДПнын депутаты Исмаил Исаков сөз алып сүйлөп, капилеттен эле УКМК алдындагы антикоррупциялык кызматты жоюп жиберүү сунушу менен чыгып жибербеспи. Анын оюнда мындай структуранын барынан жогу артык. Ачыгын айтканда үч уктаса ойго келбеген алда немедей болгон көз карашты билдирип жатат И.Исаков. Парламентте антикоррупциялык кызматты кууп таркатуу талабы пайда болоорун чынында депутаттардын көбү күткөн деле эместир дейсиң. И.Исаковдун пикирине карап баскаң коррупция менен күрөшүүнү мыйзамдын негизинде иштеп жаткан азыркы күч структуралары менен мамлекеттик органдардын милдети болушу керек экен. "Соцдемократтын" түшүнүгү боюнча УКМК менен антикоррупциялык кызмат күч структурасы менен мамлекеттик органдын катарына кирбейт имиш.

И.Исмаиловдун антикоррупциялык кызматтын көзүн тазалоо боюнча койгон дооматы кеч от алган саясатчынын жоругун элестет. Неге өз маалында антикоррупциялык кызматты жоюу маселесин кабыргасынан койгон жок, буга чейин ал эмне кылып жүргөн деген суроо туулбай койбостур. Депутаттын кылыгын карап туруп "көсөөнүн акылы түштөн кийин" деген сөздө кантсе чындык бар окшобойбу деген ойго түшпөй койбойсуң. УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен өткөн, 2011-жылдын декабрь айында түзүлгөн эле. Ал бара-бара прокуратура, ички иштер министрлиги, каржы полициясы менен бирдикте алдыңкы катардагы антикоррупциялык күчкө айланган. 2012-жылдын 30-январында президент А. Атамбаев коргоо Кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы келишпес күрөш жарыялап, атайы резолюция кабыл алынгандан кийин антикоррупциялык кызмат легитимдүү статуска ээ болуп, ага кеңири укуктар берилген болчу. Ошондуктан антикоррупциялык кызматтын мыйзамга туура келбестиги жөнүндөгү И.Исаковдун берген пикири суу кечип кете албагандай жорук болуп чыгат. Антикоррупциялык кызмат түзүлгөндөн бери үч айдын жүзү болду, бирок, бир да саясатчынын оозунан антикорупциялык кызматтын мыйзамдуулугуна шек келтирип, кууп таратуу боюнча талаптарды коё элек болчу. Исмаил Исаков биринчиси. Тилекке каршы Исмаил Исаков жалгыз эместиги байкалбай койбостур, ага окшогондордун дагыңкысы дагы чыгаары толук этимал.
Коррупцияга каршы күрөш акырындап жүрүп отуруп өзүнүн олуттуу фазасына кирди десек болот. Масштабы кыйла кеңейгенине күбөбүз. Көптөгөн алдым-жуттум чиновниктердин бети ачылып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгону жөнүндө Кудайдын куттуу күнү жаңы маалыматтардын пайда болушу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Экинчи жагынан антикоррупциялык күрөштүн деңгээли өсүп отуруп ЖК депутаттарына чейин чаап жетти. Генпрокуратуранын парламентке, айрым алдым-жуттумдукка малынган депутаттарды иммунитетинен ажыратуу талап-өтүнүчү менен кайрылган фактысы айтканыбызга ачык далил болуп бере алат. Башкысы, башталган иш ушуну менен токтоп калбасында. Келечекте дагы уланаары кажетсиз. Себеби депутаттардын бардыгы болбосо да көбү коррупцияга чалынганы эл журтка жашыруун эместир.
Адегенде коррупцияга каршы келишпес күрөш жарыяланганда паракорлор, алдым-жуттумдар, "бозомтук схемалардын" "мастерлери" колду бутту кенен сунуп коюшуп бейкапар жатышкан эле. "Боло жүргөн көнүмүш көрүнүш, мындайдын канчасын башыбыздан кечирген жокпуз, канча жолу коррупциянын тамырын кыркабыз деп чамынып чыгышты, биринен да майнап чыгып жарытып жиберген жок, азыркысы деле мурункулардын таз кейпин кийет, кийбей койбойт" деп ойлошкон түпкүрүндө. Анан акырындап отуруп коррупцияга күрөш тамаша эмес, олутту жараяң экендигине көздөрү жеткенде кадыресе сестене түшүштү. Дүмөктүү көрүнүш экенинен шектене башташпадыбы. Бир далайынын кыйпылдабаган жери кыйпылдап, бүлкүлдөбөгөнү бүлкүлдөп кирди. Төтөн, мамлекет башчысы А.Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөштө артка чегинүү болбостугун, иштин акырына чыкпай койбостугун, ага саясый эрк жетишерин ачык көргөзгөндөн кийин коррупционерлердин лагеринде дүрбөлөң чыгып, атүгүл кымкуут түшүп калды десе болчудай.
Депутат И.Исаков антикоррупциялык кызматты жоюу боюнча жеке өзүнүн пикирин айтып жаткан жок. Жалпы эле бейпайга түшө баштаган коррупцияланган чиновниктердин чочулоосун туюндуруп жатат десек болор эле. Балким, бир жагынан, жеке өзүнүн кооптонуусу да болушу мүмкүн. Аны жокко чыгарууга болбойт.
"Соцдемократ" И.Исаковдон тышкары коррупцияга каршы күрөштүн мындан ары улантылышына каалабаган, тымызын каршы турган күчтөр бар экени талашсыз. Саясатчылардын арасында, ошол парламенттин өзүндө "эгер ушинтип жүрүп отурсак, анда Кыргызстандыктардын көбүнөн кол жууп калабыз, себеп дегенде, өлкөнүн 100пайызы болбосо да 80пайызы коррупцияланып кеткен" деген туш-туш тараптан чыккан "пикирлер" байма бай айтыла баштаганын баамдалат. Бир чети алардын айткандарынын жөнү бар сыяктуу, чынында эле Кыргызстан туташ коррупцияга чалдыкканы ырас эмеспи. Асыресе, өлкөнүн бүт жумурай журту коррупцияланып кеткен дегендери аша чаап кеткен ашкерелик.
Россиянын премьер-министри В.Путин программалык макалаларынын биринде "тайный полициянын" башчысы болгон Бенкендорф менен Николая I дин ортосунда болгон аңгемени эскерет. Царь Бенкендорфко "паракор чиновниктердин тамырын кыркуу керек, аянуу деген болбосун" деп кайрылса, анда Бенкендорф:" Улуу урматтуу, царь Сиз анда ким менен каласыз?" деп жооп берген экен. Бир караганда чындап эле Кыргызстанды коррупция тегиз чулгап алганы, алдым-жуттумдукту жоёбуз деп элибизден кол жууп калбайбызбы деп чочулагандардын жүйөсү бар сыяктанып кетет. Асыресе, өлкөдө кыбырагандын баары тең коррупцияга чалдыккан дегендик аша чапкандык болоор эле. Мындай кеп сөздүн пайда болушу, элдин көңүлүн башка нукка буруу амалы менен, бирөөнүн тебетейине кийгизе койгонго машташкан коррупциялык мандемдүүлөрдүн жасаган амалынан улам чыгууда. Коррупция качан гана чиновник кызмат абалынан кыянат абалынан кыянат пайдалана баштаганда пайда болору белгилүү. Демек ал колунда бийлиги бар мыкчыгер чиновниктерге таандык көрүнүш. Карапайым калктын коррупцияга эч кандай тиешеси жок. Эл болгону коолап чайлап кеткен коррупциянын курмандыгы гана. Эгер, паракор чиновниктер менен эсирип кеткен бюрократия оор топондолуп алардын көзү тазалана баштаса жакырчылыкты башынан кечирип жаткан элге гана пайда болмок.
УКМКнын башчысы Шамил Атаханов коррупцияга каршы күрөштө эффективдүү мыйзам базасы иштелип чыгарылбаганына көңүл буруп келет. ЖКте антикоррупциялык мыйзамдардын жаңы муунун иштеп чыгуу, колдо турганына толуктоолорду киргизип өркүндөтүү багытында кенедей иш жасала элек экендигин моюнга алууга туура келет. Жаңы мыйзамдар пакетин иштеп чыгууну мындай кой, депутаттардын ичинде И.Исаковко окшогон коррупциялык күрөшкө көмөк түзүүнүн ордуна аны үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн күчтөр пайда болгону өкүндүрбөй койбойт. Тилекке жараша, И.Исаковдун "демилгесине" каршы чыккан Токон Мамытов (Ар-Намыс) Мыктыбек Абдылдаев (Ата-Журт) сыяктанган депутаттар бар экенин эскере кеткенибиз жөндүү болор.
И. Исаковдун чуулгандуу билдирүүсү Интернет-форумдарда кызуу талкууланып жаткан кези. Депутаттын дарегине "антикоррупциялык кызматты эмес, ириде И.Исаковдун өзүн жоюу кажет" деген ачуу сындар айтылууда. Ошентип, президент баштаган коррупцияга каршы күрөш жараяңы коомдук пикирдин жапа тырмак колдоосуна ээ болуп жатканына күбө боло алабыз. Ал эми, бул болсо коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгаарынан үмүт жаратпай койбостур
Үсөн Касыбеков