presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Биз билип-билбеген


түрмө турмуш


(Башталышы өткөн санда)
Борбор калаага коркунуч туудурган жай
Экинчиден: бул тергөө абагында түрмөгө кесилгендер жана өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын өтөшөт. Үчүнчүдөн: соттун чечими чыгып, жазасын өтөөгө кетип жаткандар ушул жерден башка түрмөлөргө бөлүштүрүлөт. Бирок, бул абактын өзгөчө шарты: кармалып тургандардын бардыгы, мейли иши тергелип жаткандар болсун, мейли соттолгондор болсун, жабык камераларда гана отурууга тийиш.
Бул СИЗОну кыдырып жүрүп, бир көргөндө эле камактагыларга өтө аз гана шарттар түзүлгөнүн байкоого болот. Бишкектин төшүндө, атап айтканда, Ибраимов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бул эски имаратта кылмышка шектүүлөрдүн кармалып турушу коомдук коопсуздукка дайыма коркунуч туудурарын дайыма айтып жүрүшөт. Анткени, буга чейин абактын кайтаруучуларын өлтүрүп качып кеткен окуялар болгон. Былтыркы тополоң эле айлана-тегеректегилерди эмес, бүт Бишкекти солкулдаткандай болду.
Бирок, Ош шаарындагы СИЗО андан да эски. Ал 19-кылымдын акырында Курманжан Датка энебиз курган имаратта жайгашкан. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандагы абактардын баары эскилиги жетип бүткөн, алар бара-бара тарыхый эстелик болуп калчудай.
Жогоруда айткандай, бул тергөө абагында 1400 адам кармалууда, ал эми өзү 1325 адамга ылайыкталган. Отургандардын 900 жүздөн ашыгы иши тергелип же соту жүрүп жаткандар. Алардын 80и кыз-келин, бири эмчектеги баласы менен отурат. Ал эми 146 адамга сот чечими чыгып, жазасын ушул абакта өтөшүүдө. Мындан тышкары, бул тергөө абагында кылмыш топторунун колу жетпеген, катуу кайтарылган камералар да бар. Аларга оор беренелер менен түшкөндөр, же мамлекеттик кызматкерлер суранып отура алышат. Ушул тапта бул "закрывашка" деп аталган камераларда 50 чакты адам отурат дешти.

Кадырбеков:
Тирүү калуу мүмкүнчүлүгү жок эле
Жогоруда айткандай, экс-депутат, Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы төрагасы, учурдагы Борбордук шайлоо комиссиясыныны мүчөсү Ишенбай Кадырбеков аталган СИЗОдо 2008-жылдын апрелинен 2009-жылдан апрел айына чейин толук бир жыл отуруп, ага кызматынан кыянат пайдаланды деген айып тагышкан. Кадырбеков өзү ошол кезде саясий куугунтук болгон деп санайт. Ал тергөө абагындагы "общактын" олчойгон салыгына туш болуп, үй мүлкүн, ири өлчөмдөгү акчасын тарттырып жиберген экен.
- Ал жерде жатканда баары болду. Урган учурлар да болду. Бардык оокаттарды, акчалай да, кызымдын үйүн да, батирлерди жана машиналарды да тартып алышкан. Бүт болгон нерселердин баарын алышкан. Ал кезде Жаза аткаруу тутуму Юстиция министрлигине карачу. Ал жактан комиссия келип текшергенде, денемдин баары көгала болчу. Бирок, ал кезде шарт башка эле, билип турасың бийлик менен кылмышкерлердин бир команда экенин. Эгерде комиссияга сабалгандыгыңды айтаң, алар угуп, жазып кетишет. Бирок, мен болсо түнү менен кайра эле камакта калам. Ал жерде адамдын тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок болот. Ал жердин өзүнүн саясаты болот, алар менен бийлик тыгыз мамиледе болчу.

Ушул эле тергөө абагында саясий куугунтук менен мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков да болгон. Бирок, ал бул абакта аз гана убакыт отурган жана өзүнүн айтуусуна караганда, кысымдарга кабылган эмес.
Жогоруда айткандай, мамлекеттик кызматта иштегендер, ишкерлер же паракорчулук, салыкты жашыруу сыяктуу беренелер менен түшкөндөр "общактын" бөтөнчө назарында болот. Алар кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан сумманын 10 пайызын "уурулардын" орток казынасына төгүп берүүгө милдеттүү. "Ворлордун" орток бюджетин толтуруунун башка да амалдары бар. Ал салыкты даражасына карабай, абакта отургандардын баары төгөт. Бир сөз менен айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн казынасынын басымдуу бөлүгү ушул абактагы "общактын" күчү менен жазылбаган мыйзамдары аркылуу толтурулат.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, №1 СИЗОдогулардын жарымы биринчи жолу соттолуп жаткандар. Андыктан, "общак" мүмкүн болушунча аларды көбүрөөк "саап" калууга далалаттанат. Акыйкатчы Турсунбек Акун да №1СИЗОну кылмыш дүйнөсүндө өзгөчө орду бар деп сыпаттады.
- Бүт криминалдардын очогу ошол жерде. Кыргызстандагы бардык абактар ошол жерден башкарылып, көрсөтмөнүн баары ошол жерден таралат. Ошол жерден сындырылып, тонолот.
Акыркы кездеги "положенец"
Акыйкатчынын да, Жаза аткаруу кызматынын да айтымында, акыркы мезгилде №1 СИЗОдо Дамир Сапарбеков аттуу адам "положенец" болуп келген. Дагы бир жоромол боюнча, абактагылар Сапарбековду жана аны менен чогуу 17 адамды Ысык-Ата районунун Алга айылындагы 50-абакка которулганына каршы болуп ачкачылыкка барган имиш. Бирок, Дамир Сапарбековдун адвокаты анын уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү дегенди четке какты. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Сапарбеков буга чейин 5 ирет соттолгон.
Өткөн жылы Кыргызстандын абактарында 7 адам киши колдуу болуп каза тапкан экен. Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Сапарбековдун 2011-жылдын 1-майында №1 тергөө абагында киши колдуу болуп каза болгон Айдарбек Шамурзаевдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип жатат. Айдарбек Шамурзаевдин жубайы Махабат Карагулова жолдошу чыгарына эки күн калганда өлтүрүлгөнүн айтат.
- СИЗОнун контролерлору берген көрсөтмөдө түн ичинде саат 12лер чамасында "положенец" Дамир, өзүнүн жанындагы Малик, Яша, Азамат, Адилет, Артур, Арсен, Эркин жана башка балдар менен темир эшиктерди ачып келишкен деп жазылган. Коридордо ары-бери басып жүрүшүп, бир маалда 358-камераны ачып бер деп суранышты. Мен ачпайм деп, аркы жакта турган улук котролерду чакырдым, ал Дамир менен ары басып, сүйлөшүштү. Андан кийин улук контролер макулдугун берип, ачып кой дегенден кийин мен ачтым деп жазган.

Каза тапкан Шамурзаев мыйзамсыз курал алып жүргөн деген шек менен камакка алынып, бирок күнөөсү далилденген эмес. Аны актаган соттун чечими чыгып, абактан бошооруна эки күн калганда өлтүрүлгөн экен. Бирок, Айдарбек Шамурзаев башка бир кылмыш тобунун мүчөсү болгон деген да маалыматтар бар. Ал эми 14-февралда Шамурзаевдин өлүмүнө шектүү катары дагы бир адам-№1СИЗОнун мурдагы жетекчиси Илмир Аллаяров камакка алынганы маалым болду. Ага кызматынан кыянат пайдаланган абактагы кылмыштуу топ менен биргелешип, мыйзамсыз иштерге барган деген айыптар коюлууда.
Ушул жерде айта кетүүчү жагдай, айрым маалыматтарда Камчы Көлбаев менен Азиз Батукаев Кыргызстандагы "мыйзамдагы ууру" титулун алып жүргөн адамдар катары саналып, бири-бирине сөөк өчтү душман болуп келатышат. Азиз Батукаев ушу тапта Нарындагы абакта жазасын өтөп жатат. Ошондуктан, бул абак өткөн айда дээрлик бардык түрмөлөрдөгү нааразылык акцияларды колдоого алган эмес. Ал эми Камчы Көлбаевге тартип коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган, учурда анын Бириккен Араб Эмираттарында жүргөндүгү айтылып келатат.
Өмүр бою соттолгондор
№1СИЗОдо өмүр бою соттолгондор да отурат. Кыргызстан боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 258 адам болсо, алардын 64ү ушул үч кабаттуу тергөө абагынын биринчи кабатында. Алардын бирине баш бакканыбызда, камерадан ысык илеп бетке уруп, аны менен кошо каңырсыгын жыт да мурунду өрдөдү. Ар бир камерада экиден адам кармалат экен, ичи ысык болгондуктан, анда отургандар жеңил футболкачан жүрөт. Өмүр бою соттолгондордун бири Максат-32 жашта. Отурганына алты жыл болгон. Кудайдан үмүтүн үзбөй, намаз окуп жатканын, күнөөсүз кесилип кеткенин айтты.
- Мен бир адамдын айдоочусу болчум. Өлтүргөндөр болсо башкалар болгон. Бирок, мени уюштуруучу жана өлтүрүүчү кылып, баарын мойнума илип коюшту. Биринчи өлүм жазасына кескен болчу. Кийин кайра өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырышкан. Бишкек шаардык Свердлов райсоту кескен.

Ал эми улуту өзбек Акрамжандын отурганына 14 жылдын жүзү болуптур. Ал террорчулукка катышы бар деп өмүр бою соттолгон. Өзү Кытайдан жараны экендигин, Кыргызстанга конокко келгенде кармап, күнөөсү жок эле соттоп жибергенин даттанды. Анын айтышынча, орус тилин түшүнбөйт, бирок сот орус тилинде өтүп, тилмеч да берилген эмес. Ал адилеттиктен күдөр үзбөйт.
- Отурганыма 14 жыл болду, террорист деп соттолгом. Кыргызстан менин тарыхый ата-мекеним. Бул жакка конокко келгенде кармап, мени мыйзамсыз соттоп жиберишти. Орус тилин түшүнбөйм, бирок, тергөө, сот иштери баары орусча жүргөн. Сабыр кылып, Алладан тилеп жатабыз. Акаевдин, Бакиевдин режими суранычыбызды аткарбай кетти. Отунбаевадан да күттүк, ал да акыркы ишин бүтүрбөй, Атамбаевге өткөрүп берди. Эми Алладан сабыр кылып, чындык болсун дейбиз. Биз төрт киши соттолдук. Эркиндикте жүргөндө алардын бирин да көргөн эмесмин. Мени мыйзамсыз соттоп жиберишти.

Кыргызстанда жалпысынан 32 абак бар. Алардын 15и жатак колония, ал эми 12си кадимки түрмөлөр. Мындан тышкары, 7 тергөө абагы бар. Тергөө абактарында иши сотто каралып жаткандар отурса, жатак колонияга соттолгондор жумасына бир ирет келип, катталып коюп кете берүүгө укугуна ээ. Кыргызстан боюнча жаза өтөп жаткандардын саны ушу тапта 14 миңге жакын, алардын ичинен 8 миңдейи түрмөлөрдө отурат. Мамлекет ар бир соттолуучуга тамак ашына деп күнүнө 78 сом, ал эми кургак учук менен ооругандарга 138 сом бөлөт. Абактагылардын тамак-ашы начар дегенге кошулса да, кошулбаса да болот. Балким, 78 сом бир күнгө аздык кылар. Ал эми армиядагы аскерлерге деле 90 сомдун тегерегинде, ал эми карылар үйүндө жашагандарга болжол менен 60 сомго жетпеген каржы бөлүнөрүн айтышууда.
Абакта жаткан бойдон көз жумгандар да арбын. Өткөн жылы Кыргызстанда 70 адам абактан каза тапкан, алардын жетөөсү киши колдуу болсо, калганы кургак учуктан жана ВИЧ илдетинен көз жумган. Жаза аткаруу кызматынын алдындагы Медициналык-санитардык бөлүмдүн башчысы Акылбек Асанов ВИЧтен каза тапкандар арбып баратканын маалымдады.
- Эгер карап көрсөк, кургак учук менен ооруп каза тапкандардын саны кыскарып баратат. Бирок, ошол эле кезде ВИЧ менен ооруп каза тапкандардын саны көбөйүүдө.
Түрмө жөн адамды кылмышкер кылат
Талдоочулар Кылмыш кодекси жана Жазык-аткаруу кодекси өзгөрүүгө муктаж экендигин, аны гумандаштыруу зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын оюнча, түрмө адамдарды түз жолго салуу ордуна,тетирисинче бул жарыкчылыктан жалаң жамандыкты күткөн адам кылып чыгарат. "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, түрмөдөгүлөрдүн саны өлкөдөгү калктын санына эсептегенде абдан көптүк кылат. "Ошондой эле күнөөсүз соттолуп кеткендер да арбын" дейт укук коргоочу.
- Колдон келсе азыр, жакшы адвокаттарды, сотторду алып алып, керек болсо түрмөнүн ичинде сот жүргүзүшүбүз керек. Ошондо түрмөнүн 50 пайызы өзү эле кетет. Анткени, жакыр жана күнөөсүз, укуктары тепселген адамдардын бюрократиядан улам үндөрү жетпей жатат. №1 СИЗО барганда кээ бир балдар "акыйкатчы да, укук коргоочулар да, башкалары да келип жатат, бирок каттарыбызды, айткандарыбызды эч ким укпай жатат" деп ыйлап жатышты.

Мындай ойго №1 СИЗОдо отуруп, түрмөнүн тирчилиги менен аз да болсо тааныш болуп калган Уран Рыскулов да кошулат. Ал тергөө абагындагылардын көбү түрмөгө жок жерден эле отурат деп эсептейт.
- Күнөөсү бар-жогуна карабай, биринчи эки айга камакка алган тажрыйбаны токтотушубуз керек. Мисалы, №1 СИЗОдо жаткан 1300 баланын миңин чыбык менен жамбашка чаап эле чыгарып жиберсе болот.

Мамлекет бир кылмышкерди багуу үчүн айына жок эле дегенде 2,5 миң сом коротот. Бир жылда бул 20 миңден ашат экен. Ошондуктан, тоок, казан аяк, уюлдук телефон, дегеле 5-6 миң сомдук зыян келтирип кармалган кылмышкерди соттоонун зарылчылыгы барбы деген да суроо кабыргадан коюлууда. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.
- Мисалы, бир адам 3 миң сомдук телефонду уурдап алса, ал мыйзам боюнча 3 миң сом айып пул же 3 жылга эркинен ажыратылат. Биз ал баланы эркинен ажыратып, биринчиден келечегине балта чаап жатабыз. Экинчиден, бекер багабыз, Үчүнчүдөн ал түрмөнүн таасиринде калат. Эгер биз "дознанияны" киргизе турган болсок, үч миң сомдук келтирген зыянын төлөп берет, мамлекетке тишелүү айып пулун төлөйт. Бирок, ал бала соттолбойт, биричиден, экинчиден жабырлануучу тарап телефонун алат. Үчүнчүдөн бекер аны багып, өкмөткө да зыян келбейт. Ошондой эле баланын келечеги да аман болот.

Рысалиев ал эми ушкан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн жазаны күчөтүү керектигин сунуштоодо.
- Алар он жылга кесилип түрмөгө түштүбү, он жыл толук отуруш керек. Ал адамдарга мунапыс, мөөнөтүнөн мурда бошотуу дегендер колдонулбаш керек. Ошондой эле жатак абакка которуп коёт, ал да колдонулбаш керек.

"Атактуу" Молдовановкада...
Ал эми Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү абагында учурда миңге жакын адам кармалып турат. Эрнис Алымов бул абактын башкы ашпозчусу.
- Каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракет кылган деп соттолгом. Отурганыма үч жыл болду, 2020-жылы бошойм. Бул жердин шарты жакшы эле, курсак ток. Кыштын суугунда от жагып, жылуулук менен чыгып жатабыз. Ачкачылык болгондо тамак ичпей, ачка жүрдүк, ачкачылыкты колдоп. Ооруларга гана тамак жасап жаттык, башка эч ким тамак ичкен жок. Бош учурда эс алабыз, телевизор көрөбүз.

Бул түзөтүү колониясында союз мезгилинде өндүрүш шакылдап иштеп турчу дешет. Бир тарабы литейный цех болгон, андан тышкары тракторлордун шаймандарын да чыгарышчу. Бошонуп кетип жатып, ал жерде иштеп тапкан акысына машина сатып алгандар да болгон экен. Азыр анын жыты да жок. Болгону жайкысын гана иштөөгө ылайыкташкан кыш завод калган. Бирок, жай мезгилинде ал жерде эң көп болгондо 90 кишиге чейин гана иштей алат. Молдовановкадагы бул абактын жетекчи орун басары, майор Азамат Адашпаев соттолгондордун көбү иш дегенде эки көзү төрт дейт.
- Бүгүнкү күндө ал өндүрүштөрдүн баары жок. Ал эми соттолгондордун баарынын тең эле иштесек деген каалоолору бар. Бул жерде жөн эле жата берсе кылмыштуулук да көп болот. Алар бир нерсе менен алектенип, убактылары чектелүү болуп турса, түрмөдө кылмыш да азаймак.

Жазык-аткаруу мыйзамына ылайык, соттолуучулар жылына эки кыска жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга акылуу. Кыска жолугушуулар күндүзгү убакка белгиленип, төрт саатка чейин созулат. Ал эми узак мөөнөттүү жолугушуулар үч күн. Бирок, узак мөөнөттүү жолугушууларды ата-энелери, бир туугандары, мындан сырткары нике күбөлүгү бар жубайлар гана ала алышат. Узак мөөнөттүү жолугушуулар телевизор, жумшак эмеректер менен жабдылган атайын бөлмөлөрдө өтөт. Алмаз алыстан колуктусу келип, үч күнгө жолугушуу алган экен.
- Келинчегим келип, үч күнгө жолушуу алгам. Бул жерде шарттар абдан жакшы түзүлгөн. Бир жылда төрт жолу келип-кетип турат. Меники алыстан, Ош облусунан келет. Нике күбөлүгүбүз бар.

№1 колонияда мечит бар. Мындан тышкары, православ чикөөсүнө да бөлмө бөлүнүп берилген. Намазга жыгылгандардын саны күн санап өсүп жаткандыгын аталган мекеменин жетекчи орун басары Азамат Адашпаев белгиледи.
- Азыр мечитке баргандардын саны көбөйө баштады. Учурда 50дөй адам беш маал намаз окуйт. Ал эми жума намазга баргандардын саны 200-250 адам. Соттолгондордун арасынан өздөрүнүн имамы бар.

Жети балалуу айым
Кыргызстанда аялдардын эки абагы бар. Алардын бири Бишкектин түндүгүндөгү Степное айылында. Бул Жаза аткаруу кызматына караштуу №2 түзөтүү колониясы деп аталат. Ушу тапта мында 300дөй аял бар. Алардын 150ү тикмечилик менен алектенет. Мындан тышкары, нан завод да иштейт. Ал нан завод менен өздөрүнөн тышкары, 19 колонияны да камсыздашат.
Бул жерде кармалып тургандардын ичинен 10 аялдын баласы бар. Алардын бири атын атагысы келбеген айым жакында бошонорун айтты.
- Кантта кармалып турганда төрөгөм. Бул жакка кызым үч ай болгондо келдим. Азыр кызым 2 жаш 7 ай. Жакында комиссиянын чечими менен бошонуп чыкканы жатам, эки жума калды. Бул жерде болсо, 2009-жылдан бери турам. Кызыма болсо кааласам манты, кааласам пельмен, плов жасап берем. Бул жерде сүт берет, каша, буламык да жасап берем. Эми чыксам үйгө барам. Өзүмдүн 6 кыз, бир уулум бар.

Аялдар түрмөсүндө отургандардын эң жашы он алтыда, ал эми эң улуусу 81 жашта. 81 жаштагы бул айым карылар үйүндө жашап жатып, адам өлтүргөндүгү үчүн кесилген экен.
Кыргызстандын түрмөлөрүндө акыл-эси кем адамдар да бар, алардын саны бүгүнкү күндө 40тай киши. Бул адамдар түрмөнүн ичиндеги коопсуздукка коркунучтуу, түрмө кызматкерлерине кол салышы мүмкүн деген кооптонуу менен №3 абакта обочо кармалып турат.
Бул материалдын үстүндө иштеп жатып, жүрүм-туруму жакшы деп, абактан мөөнөтүнө мурда бошоп жаткандарды да кезиктирдик. Ылайым, ошол адамдар кайра темир тордун артына кайрылып келишпесин.
Заирбек Бактыбаев,
Мирлан Токталиев, Азаттык.






fabula





??.??