presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ак-караны ажыратып алган изги

Кайсынысы чын да,


кайсынысы жасалма?


Профессионал митингчилер пайда болду. Кудайдын куттуу күнү митинг, пикет, жөө же атчан жүрүштөр сыяктанган нааразычылык акцияларды өткөрүшбөсө ыраазы болбогон өзгөчө топ чыкты. Моюнуна "Баланчаев Түкүнчө кетсин", же тескерисинче "Түкүнчөев Баланча келсин" дешип маркер менен чампалап жаза койгон такта барак плакаттарды моюндарына илип алып арты түшкөн аюудай айкырып тургандар кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Саясый митинг -пикеттердин эрөөн-төрөөнү болбой калган кез. Нааразычылык акциялары өлкөдөгү күн сайын кезиге турган демейдеги көрүнүштөргө айланган.

Кыргызстандагы кадрлар саясатын аныктоого талаптанган "көчө демократиясына" чет элден келгендер гана көңүл буруп кызыгышпаса, жанынан кыя өтүп бара жаткан жергиликтүү калктын ичинен аларга барсыңбы-жоксуңбу деп көңүл буруп койгондору жокко эсе. Элдин көбү кайдыгер. Башка коңшу өлкөлөрдөн айырмалап турган Кыргызстандын өзгөчөлүгү митингдердин жайнап кетиши десе болчудай. Жер жайнаган митингдер граждандык коомдун саясый сезиминин ойгонушу, элдин көйгөйлүү социалдык таламдарын активдүү түрдө чыпчаң коюп жаткандыгы катары түшүнүшүбүз керекпи? Же болбосо Кыргызстандын митингдерин саясый бизнестин бир түрү дегенибиз туура болор беле?
17-февралда өткөрүлгөн пресс-конференцияда элдик-париоттук кыймыл деп аталган "Апрель Байрагы" аттуу коомдун, ИИМдин маалыматына шилтеме жасап билдиргенине караганда апрель революциясынан кийин баш аягы болуп 1500 митинги өткөрүлүптүр. Ал акциялардын ичинен 5-6 гана Кыргызстан үчүн мамлекеттик мааниси бар болбосо, калгандары тар тармактык мүнөздө же тагыраак айтканда жеке адамдын кусаматынан улам пайда болгон жалданган митингдер дейт "Апрель Байрагы". Митингдердин кайсынын мамлекеттик мааниге ээ, кайсынын мамлекеттик мааниге ээ эмес, жеке кызыкчылыктарга байланып калганы боюнча өз өзүнчө ранжирге бөлүп баа берүү "Апрель Байрагынын" өзүнүн иши дечи. Асыресе, өлкөдөгү болуп өткөн митингдерди кайсы критерийлерге таянышып түрдүү "сортторго" бөлүштүрүп жатышканын ачыкка чыгарышпаганына байланыштуу коомдун тараткан билдирүүсүнөн ачык так түшүнүк алуу кыйын экенин белгилеп кетүү ашыктык болбос эле.
Деген менен, өлкөнүн конституциясы ар бир жаранга нааразычылык акцияларын өткөрүүгө кепилдиги берерин унутпашыбыз кажет. Эгер карапайым калктын укугу кысымчылыкка алынса, мыйзам бузулуп калыссыздык кетирилип жатса ким гана болбосун нааразычылык акцияларын өткөрүп митингилер аркылуу коомчулукка өз көз караштарын, көйгөйдө орноп турган эс дартын туюндурууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл. Мисалы Бишкек калаасында, деги эле жалпы эле Кыргызстандын ар кайсы булуң бурчунда үч-төрт күн катары менен электрэнергиядан кур жалак караңгыда там сүзүп калган калктын көчөгө төгүлүп чыгып жол тосконго чейин барган ондогон нааразычылык акцияларын мамлекеттик мааниге ээ эмес "тармактык" деп бааланышы бери болгондо калыссыздык. "Апрель Байрагы" коому пресс-конференцияда апендинин кызындай мактап жаткан өкмөт моюнунда турган социалдык милдетин аткарбай койгонуна байланыштуу өлкөдө "энергетикалык" нааразычылыктар пайда болбодубу. Же жалганбы? Энергетикалык кризиске жол бергени үчүн министрлер кабинети менен энергетика министри А.Шадиевдин ишине (т.а. шалакылыктарына) каршы акцияларды өткөрбөй, кайра алардын башынан сылаш керек деген суроо туулбай койбостур.
Деген менен, кеп башкада. Кеп мына ошол ар бир жараңдын көйгөйүн туюндуруп, көз карашын билдирүү боюнча нааразычылык акцияларын өткөрүү укугу жеке бир адамдын керт башынын кызыкчылыктар үчүн кыянаттык менен пайдаланып жатканында турат. Айталы, жогорку кызмат оордун ээлеген бир мыкчыгер иштен сынып калды дейли, ошо замат, кайдан жайдан экени белгисиз нааразычылык акциялары пайда боло калышы адат. Тилекке каршы, митингчилердин өз ыктыярлары менен уюштурулган, элдин көкөй өйүгөн пикирин бийлик укпагандан, калкты каакы ордуна көрүп тоотпой койгондон улам аргасыздан көчөгө чыккан акциялар эмес. Ошондуктан азыркы сандаган митингдердин бары жогунун баарын тең эле кыргыз демократиясынын бир кубулушу деп айтууга оозуң барышы кыйын. Басымдуу бөлүгү ошо митингди тымызын шыкактаган көшөгөнүн артындагы саясатчынын чөнтөгүнөн төлөнгөн б.а."заказ" аркалуу уюштурулган жасалма нааразычылык акциялары. Максаты деле чектелүү: бийликке кысым жасоо. Эгер нааразычылык акциясы оңунан чыгып калса "айыбы жок" кишини алып келип кайрадан өз ордуна отургузуу, болбой эле баратканда "күнөөсүз жерден күйүп кеткени" жөнүндө коомдук пикир түзүү мүдөөсүн көздөйт. Митингдердин көбү бийлик талаштан келип чыккан примитивдер. Бийлигин алдырып реванш алууну көздөгөндөрдүн же чөнтөгү калың, бирок менде бийлик азыраак деп эсептегендердин кылгылыкты кылып кыл жип менен буугандары. Мындай кезде программалык негиздеги саясый конкуренция жөнүндө сөз козгоп кереги жок. Митинг өткөрүп топтолушуп турушкандардын формалдуу лидерлеринин лексиконунда "бийликтин кыянаттыгы", саясый оппоненттеринин "насыя каралап, тымызын өч алып жаткандыгы", "кимдир бир "чоңдун" кимдир бир "байкушту" "ак жерден күйгүзүп кеткендиги" жөнүндө сөздөр жыш кезигет. Алардын эки сөзүнүн бири эле адам укугунун адилетсиздик менен бузулушуна каршы чыгып жаткандары. Ошентип митингдердин көбү эчен курдай сыноодон өтүп "акыбетин берген" даяр сценарий менен өнүккөнүн байкоо кыйын эмес.
Митингчилер ашкере агрессивдүүлүгү менен айырмаланат. Лидерлеринин эки сөзүнүн бири мыйзамдын чегинде иш кылабыз дешкендери. Бирок иш жүзүнө келгенде таптакыр башкача. Мыйзам бузууларды кадам сайын кезиктирсе болот. Нааразычылык акцияларында колдонулган арсенал кыйла көп жана ар кыл: сот процесси жүрүп жаткан имаратка чабуул жасоо, соттолуп жаткандын адвокатын келекелөө, эки бөлүнгөн топтун бири-бири менен ажылдап айтышуусу, жол тосуу, жумуртка жаадыруу, ОБОНду айдактап каршылаш тарапты тытмалатып таштоо (Үсөн Сыдыков ойлоп тапкан ОБОН саясый технологиянын көз карашынан алганда эч бир дүйнөдө кезикпеген, чынында эле новатордук табылгасы болгонун баары тең моюнуна алышат. Ошону менен эле бирге ОБОН саясый каршылаштарды сындырууда караөзгөй долу катындарды каражат катары колдонулганы менен кыргыздын дүйнөгө "даңкын" чыгарып, эл-жерди жер каратканы да жалган эместир ). "Заказ" митингдерден, албетте, конструктивдүүлүктү күтүп кажети деле жок.
Ошентип, митингдердин кайсынысы граждандык коомдун таламын талашканын, кайсынысы акча төлөнүп чагым салуу үчүн саясый курал катары пайдаланып жатканын ажыратып алуу муктаждыгы бар. Митинг өткөрүүгө адистешкен "дүжүрлөрдөн" турган "заказ" акцияларга каршы катаал чаралар көрүлсө артыкбаштык деле болмок эмес. Башкасын айтпаганда да Бишкектеги кандай гана акциялар өткөрүлбөсүн көзгө үйүр алып көнүп калган баягы "мордалар" жүргөнүн байкасаң болот. Алар профессионал митингчилер экенин баамдап билүү кыйын эмес. Эгер ушуларга окшогон митингчи-бузукулар кынына киргизиле баштаса коомдук пикир тарабынан деле мыйзамдуулукту коргоо, мыйзамдуулукту бекемдөө катары кадыресе кабыл алынмак эле.
Үсөн Касыбеков






fabula





??.??