presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Таш менен урганды, аш менен урган" ары жоктугубуз калбайт го!


Элин катыны экөө, бала-чакасы кошулуп каалаганча эзип, итке мингизип туруп качып кеткен Аскар Акаев, Кыргызстандын Улуттук Академиясынан ай сайын стипендия алып турат экен. Бул туурасында knews.kg изилдеп туруп жарыя салды.
Акаевдин стипендиясын анын балдызы Санаткүл Жамакеева алат экен, ишеним кат боюнча. Ардактуу академиктин стипендиясы 10 000 сом болсо, Жамакееванын колуна 8 100 сом тийет экен, калганы бюджетке кетет.
Аталган маалымат агенттигине жогорудагы маалыматты Академиянын башкы бухгалтери Миргүл Султангазиева билдирген.
Куулган президенттин бул жерден стипендия алып турушунун мыйзамдуулугун каржы министрлиги менен эсеп палатасы текшерип чыккан. Эсеп палатасы бул жерде жашабай туруп стипендия алууга болбойт деп Академиянын жетекчилигин эскерткенде, анын жетекчилиги Президиум чакырып, маселени добушка коёт. Добуш боюнча Акаевдин стипендиясы ордунда калат. Академиктердин айтуусунда Акаев жыл сайын жасаган иштери туурасында аларга отчёт берип турат экен. Анын жасаган ишинин Кыргызстанга кандай пайдасы бар деп сураганда, академиктер "дегеле жалпы илимге кошкон салымын эсепке алышыбыз керек" деп жооп берген тура.
Маселени изилдегендер Академиянын президенти Шарипа Жоробекованы таппайт, бир жума бою ооруп жатып калыптыр.
Академиянын башкы бухгалтери, кийин мурунку айткандарын танып, Акаевге стипендия 2011-жылы ноябрда эле Президиумдун чечими менен берилбей калган дейт.
Акаев куулган 2005-жылы марттан баштап, 2011-жылдын ноябрына чейин 650 миң сом стипендия алыптыр.
Маселенин эсеп-кысап жагын токтотуп, моралдык, этикалык жагын алсак, анда эли кууп салган академиктин, деле балээ болуп кетсе да элдин акчасынан алууга акысы жок болушу керек эле. Ал деген элдин акчасынан каалашынча алган! Аны менен бирге элин эл дебеген, элин кул кылууга аз калган, бүтүндөй бир мамлекетти коррупцияга, кылмышка матырып-батырып кеткен кылмышкер. Соттогондун ордуна стипендия берип жатканды карабайсыңарбы! Бул ары жоктук деген аталыштан өйдө көтөрүлө албачу абийирсиз окуя болуптур. Эгерде Акаевдин өзүндө адамдык сапаттан бир кенедей бүдүрү болгондо ошол стипендиясынан баш тартмак, же болбосо, кайсы бир жетим балдар, кары-картаңдар үйүнө котортуп салмак.
Эми болору болуптур, жанагы 650 миң сом кайтарылбаса да ала качкан миллиондор кайтарылышы керек!
Баратбай Аракеев




Кылмыш-кырсык окуяларынан...

Нарындык эки катын бир чалды


муунтуп өлтүрдү


Кочкор районунун 63 жаштагы тургуну Б.О. дегендин 7-февраль күнү Көбөгөн-Сай участкасындагы үйүнөн өлүгү табылган. Муунтуп өлтүрүлгөн экен. Көп өтпөй кылмышка шектүү делинип 1980-жылы жана 1989-жылдары туулган Кочкор районунун тургундары М.А. жана О.И. аттуу аялдар колго түшүрүлгөн. Тергөөнүн алдын-ала жыйынтыктарына караганда бул үчөө арак ичип отуруп араздашып кетишкен жана эки катын баса калып муунтуп салышкан.

Таластык зөөкүр аял секелек кызды
өлтүрдү
Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылынында 15 жашар кыздын өлүмү менен коштолгон тири шумдук окуя катталды. 12-февраль күнү бул айылда кызы менен жашаган жалгыз бой аялдын үйүнө 40 жаштардагы эски таанышы келген. Азырынча белгисиз себептерден улам, короого чыккан кызды союл менен башка чаап өлтүрүп, 50 жаштагы энесин көгала койдой сабап таштаган. Ал эми зөөкүр аял ошол жерден изин жашырып качып кеткенге үлгүрүп, бирок эртеси Кайыңды айылынын аймагынан Бишкекти көздөй бара жаткан автобустан кармалган.

Балка менен башка чапты
Былтыр 29-декабрь күнү "Аламедин -1" кичи районундагы батирден 20 жаштагы сокулуктук жигиттин өлүгү табылган. Кылмыш болгон жерден TOSHIBA жана ALIENWARE үлгүсүндөгү кымбат баалуу эки ноутбук, НТС НD2 уюлдук телефону, CАSIO кол сааты жана 350 доллар жана 2500 сому бар капчык жоголгон. Бул кылмыш иши боюнча 7-февраль күнү шектүү адам кылтакка илинип, ал маркум менен былтыр август айында "Дизель-Форум" сайты аркылуу таанышканын айткан. Ошол каргашалуу күнү ал базарга барып атайын балка сатып алып, кечки саат тогуздарда ноутбук сатып алам деген шылтоо менен маркумдун батирине барган. Коюнуна ката келген балкасы менен байкуш баланы башка чаап өлтүрүп, жогорудагы буюмдарын алып кеткенин милицияга айтып берди.

Энеси таяктап...
Ушул жылдын 20-январь күнү Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну 1985-жылы туулган Д.А. аттуу келин 7 жашар уулу Ж. Султанды инисинин сүтүн ичип койгондугу үчүн башка чаап жиберген. Натыйжада 7 жаштагы наристе эсин жоготуп 10 күн жаткан. Врачтардын айтымында ал баш мээсинен өтө оор жаракат алган жана оң ийниндеги сөөгү сынып кеткен. Учурда Султан эсине келгени менен сүйлөөсү калыбына келе элек жана денесинин көп жеринде жараттары бар. Бул жарааттар мыкаачы эненин дайыма ур-соккуга алып келгенин белгиси дейт ак халатчандар. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, мыкаачы эне сурак берүүдө.

Тоногондор кылтакка илинди
- Чүй облусунун Москва районун жашоочуларын карактап, акча чөнтөк телефон, сөйкө-шакек ж.б. буюмдарын тартып алып жүргөн беш жаран кечээ жакында Чүй облустук ИИБ кызматкерлери тарабынан колго түштү. Алар Ош облусунда туулган 23 жаштагы М.С. 24 жаштагы Д. Х. 18 жаштагы А. Т. 20 жаштагы К. Д. 18 жаштагы А.Ж. учурда аталган жарандар. Эске сала кетсек аталган жарандар өткөн жылдын 24-декабрында 17 жаштагы өспүрүм баланы коркутуп, баасы 4500 турган чөнтөк телефонун тартып алышкан. Ошондой эле 32 жаштагы жаранды да карактап кетишкен. Учурда кылмышкерлер колу менен жасаган күнөөсүн мойну менен тартып, сурак берип жатат.
Ошондой эле аталган райондо дагы бир кылмыш катталды. Анда аталган айылдын 25-30 жаштардагы жаранын 6 -февралда белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.





"Кыргызтелеком" кайрадан бутада...


Акыркы кездерде "Кыргызтелеком" ишканасынын менчиктештирүүгө кызыкдар болгон күчтөр кайрадан катуу аракет көрө баштаганы айтылууда. Мындай аракет бир жылдан ашык убакыттан бери тынымсыз жүрүүдө. Башкача айтканда, Бакиевдин учурунда "Кыргызтелеком" ААКсынын акцияларынын мамлекеттик пакети 4 юридикалык жактан турган консорциумга 40 млн долларга сатылып, бирок 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин "Кыргызтелеком" ААКсынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча өткөрүлгөн инвестициялык конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан мамлекетке кайтарылгандан бери тымызын тынымсыз жүрүп келет. Бул көрүнүш акыркы учурларда ачык көтөрүлө баштады. Мунун артында 2010-жылы 7-апрелге чейин ишкананы ала турган болуп калышкан баягы эле чет элдик шылуундар турат деген пикирлер күч.
Алар ар кайсыл жолдор менен "Кыргызтелекомду" менчиктештирип алууга жан үрөп аракет кылышууда. Бул жагдайды кийинки убакта телерадио сигналдарды таратуучу ишкананы (РПО МТР) бөлүп алып калуу менен, "Кыргызтелекомдун" өзүн сатуу маселесинин көтөрүлүп жатышынан баамдоого болот. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Шамил Атахановдун айтуусунда, өлкөбүздүн каржы агымдарын басып алууну көздөгөн күчтөр "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасын бөлүп-жарып сатып алууга далалат кылып жатат. Мындай аракет тынымсыз жүрүп жатканын каңкуулады. Мындан улам, УКМКнын жетекчиси стратегиялык объект катары мамлекеттин карамагында турган "Кыргызтелекомду" менчиктештирип, колдон чыгарып жиберүү өлкөнүн маалымат коопсуздугуна коркунуч туудура турганын эскертти. Тилекке каршы, "Кыргызтелекомду" мамлекеттен ажыратуу демилгеси Акаевдин учурунан тарта токтобой келет. Учурда, өкмөт аталган ишкананы сатуунун максаттуулугун карап жатат. Ал эми адистер болсо бир бүтүн эки нерсени бөлүп-жаруу аркылуу, коомчулуктун көзүн буйдамалоо менен сатуу, "Кыргызтелекомдун" стратегиялык маанисине доо кетирерин белгилешүүдө. Экинчиден, Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна кедергисин тийгизет. Ошондуктан, өкмөттүн бюджеттин 17 миллиард таңсыктыгына шылтоолоп, "Кыргызтелекомду" бөлүп-жаруу сыяктуу, көз буйдамалоо жолу менен сатуусуна жол бербөө зарыл. Буга мүмкүнчүлүк көп.
Анткени, азыркы өкмөт бул маселени өз алдынча чече албайт. Мамлекеттик мүлктү сатууга макулдук берүү укугу 2011-жылы кайрадан парламентке берилген. Демек, Жогорку Кеңештин макулдугу жок "Кыргызтелекомду" сатуу мүмкүн эмес. Андыктан, "Кыргызтелекомду" тагдыры парламентте чечилет. .. Кандай чечилет, аны убакыт көргөзөт. Негизги, "Кыргызтелекомду" мамлекеттин карамагында гана кармоо боюнча чара көрүлүүгө тийиш.




Майдын баасы арзандайт


Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов: "Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы арзандайт. Баанын арзандоосу бажы төлөмдөрүн азайтуунун эсебинен болот" - деп маалымдады. Мындан улам, ички чарбалык маселени саясатташтырып, элди дүрбөлөңгө салуунун кажети жоктугун белгиледи. Кубанычбек мырзанын айтуусуна караганда, учурда Россиядан чыккан баасы 240 доллар турган күйүүчү, майлоочу майлар, Кыргызстанга 680 доллардан кирип, ортодо күйүүчү-майлоочу майларды ташыган ортомчу уюмдар миллиондогон долларга туйтунуп жатат. Бул деген мурунку оффшордук компаниялар болуп саналат. Мындан улам, Бажы кодексине киргизилген өзгөртүүлөр өлкөбүздүн аймагындагы күйүүчү, майлоочу майлардын баасын арзандатууга гана алып келүүгө тийиш. Эмнеси болсо дагы, оозун май деп туралы.
Ал эми Жумакадыр Акенеев болсо, Бажы кодексине киргизилген өзгөртүүлөр "Газпром" компаниясынын Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу тармагын тейлөөнү монополдоштуруп алуусуна алып келет деген жүйөөнү карманууда. Анын айтуусуна караганда, "Газпром" компаниясынын Кыргызстан боюнча 109 бензин куюучу жайлары (АЗС) бар болсо, калган 520сы башка компанияларга тиешелүү. Андыктан, эгер күйүүчү-майлоочу майлар Россиядан түз эмес, ортомчулар аркылуу ташылып келе турган болсо, 5 пайыздык бажы төлөмүн киргизүү туура болбой калат. Анткени бул күйүүчү майлоочу майларды Россиядан түз алып келген "Газпром" компаниясынын монополдоштурууга шарт түзөт. Себеби, башка кыргыз компаниялары күйүүчү-майлоочу майларды Россиянын заводдорунун түз алып келе алышпайт. Демек, жергиликтүү компаниялар 5 пайыздык бажы төлөмүн төлөөгө туура келип, россиялык компанияга конкурент боло албай калат.



fabula





??.??