Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…

Кылмышың күчөйт да, ыя?!


Ушундай кептин ооздон чыгышы да өтө кыйын, бирок, айтпаска да болбойт - аз жылдар өтсө биздин кенедей мамлекет, түбү Улуу делген, ыйык делген мамлекетибиз крим мамлекеттердин тизмесин баштап кала турган жолу болуп турат, бүгүнкү шилтенген кадамы ошого алып баратат окшоду.

Жогорудагы жаман ой ай-талаадан келмекпи, турмуштун өзүнөн сузулуп жатпайбы. Прокуратура деген бар, милийса деген бар, коопсуздук кызматы деген бар, каржы полициясы деген бар… мына ошолор жеп-ичкендерди, ууру кылгандарды, алдагандарды, бирөөлөргө кол салгандарды, банк тоногондорду, адам өлтүргөндөрдү, зордуктагандарды, коркутуп акча өндүргөндөрдү ж.б. кармап жатат, анан да эң жаманы - жогоруда аты аталган күч структуралары бири-бирин да кармап жатат. Маселен, милийсаны прокуратура, прокуратураны коопсуздук кызматы дегендей … Аталган коркунучтуу процесстин басаңдай турган түрү жок, тескерисинче, күчөгөндөн күчөп турат. Баарынан жаманы, коррупционерлер бийлик тарапта толуп алганы болуп жатпайбы. Бул маселенин логикасы ушул го - бийлик тараптагылар таза болмоюн, маа демектен коррупцияга күнү-түнү көз ирмебей күрөш жүргүз, майнабы болбойт!
Ошондо эмне кылуу керек? Мына деп турбайбы жообу: биринчи иретте бийликтеги коррупционерлерди айдаш керек, жоопко тартуу керек. Аларды тапканга "лупанын" деле кереги жок, көз майды коротуп да керек эмес, баадырайып даана көрүнүп турат аты-жөндөрү. Карма да, кама!
Бизде мыйзам бузгандар толуп жатат, аларды кармагандар да жетишердик, анан эле жооп бергендер бирин-серин. Бул эмнеден болучу? Бул деген бүтүндөй мамлекет коррупцияга малынып калгандан болучу!
Акчанын азгырыгынан, адамдардын айбандыгынан Казакстан тараптан алынып келинген радиоактивдүү делген көмүр эми кайра артка жеткирилет. Чыгымдарды көмүр берген тарап - "Кулан ТБ" деген төлөп берет дейт, 220 миң доллар өлчөмүндө. Эми бул ишти жасагандардан бул жакта жоопко тартылабы? Бул дагы килейген суроо болуп турат, эртеңи көрүнбөй…
Жогорудагыдай фактылар толтура. Башка жерге барбай эле Бишкектеги Жылуулук электр станциясынын ишин тескеп жиберсе, миллиондогон акчалардын эсеби булт эле дей түшөт. Чындап текшерген бирөө жок.
Кылмыш болсо өсүп жатат. Айласыз, санайлычы да аз күндүгүнүн чет-бучкагын эле…
ИИМдин маалыматы боюнча аз эле күндө пара өндүрүү боюнча алты кылмыш катталган.
Сокулук районунун салык кызматынын кызматкери 3000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган; Бишкек шаарынын Свердлов райсоцфондусунун кызматкери бир жеке ишкерден 20 000 сом пара алгандыгы үчүн кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган; Бишкектеги бир райондун каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери ашкере чоң суммадагы пара - 50 миң доллар менен колго түшкөн; ушул эле кызматтын Аламүдүн районундагы кызматкери менен Кара-Жыгач округунун кызматкери 29 миң доллардык пара менен кармалышты; Бишкектеги №13 лицейдин деректири Гүлайым Алиева деген мектепке кабыл алынган ар бир баладан 20 000 өндүрчү экен, кармалды; Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү деректирлигинин кызматкери бир кылмыш ишин жасап бер деп милийсага 150 миң сом пара берип жатка жеринен кармалган; Бишкек шаарынын бир районунун сот аткаруучусу 300 доллар жана 1000сом пара алып колго түштү. Бул тизме улана берет…
Биз коррупция кейпиндеги окуялардан гана азын санап койдук. Ал эми башка кылмыштар: ууру кылуу, тоноо, куралдуу кол салуу, зордуктоо, адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштар көбөйгөндөн көбөйөт. Азыр бизде жай турмуш жок. Күндүз да бир аз коркпой жүрөсүң, ал эми түн киргенде кайсы жерден жыга чаап туруп, чечиндирип кетет деп элеңдебеген адам жок. Ошо түн ичинде эшигиңди талкалап түптүз эле үйгө кирип тоноп кетип жатпайбы, өлтүргөнүн өлтүрүп.
Жазып жатабыз, айтып жатабыз, изилдеп чыгышыптыр - аз өтсө азыркы жаш балдардын үчтөн бири (!) кримдүйнөгө аралашат экен! Бул өтө коркунучтуу келечек.
Азырынча гумандуулук дегенге көп алдана бербей, андан көрө кылмыш кодексин күчөтүш керек, өлүм жазасын тезинен киргизиш керек. Антпесе болбойт. Гумандуулук дегениң экинчи кезекте болсун. Бул тарапта чечкиндүү чараларды көрбөсөк, таламандын дал түшүндө адамдарга бычак уруп кете берчү Бразилия сыяктуу мамлекеттердин алдыңкы сабында болуп калышыбыз мүмкүн!
Аз эле күн мурун бир аялды тоноп, сабап, зордуктаган төрт айбан: Маргуч Гамзалаев, Измир Караибрагимов, Арстан уулу Мунарбек жана Кубанычбек уулу Урмат дегендер кармалышты. Эми алар биздин эсептен тамак ичет, даяр төшөккө жатат, укугун талашат… Ал айбандарга эмненин укугу болуш керек?!
Азыр "Мегакомдун" гендеректири Азамат Мурзалиев камакта жатпайбы. Мына ошол кайраның өзүнө 700 миң(!) сом айлык койдуруп алыптыр. Айына беш миң доллардан турган үч машина сатып алса болот экен! Мына көпкөндүк деген! Мурзалиев "Мегакомдун" мурунку гендеректири Андрей Силич түзүп кеткен жеп-жутар системасын эч өзгөртпөптүр да.
Мектепте мугалим болуп иштеген кызым айтат. "Биринчи класстагы бир окуучум дептери жок келиптир дейт. Дептериң кана десем, үйдө акча аз эле дейт, аз болгондо канча сом десем, нан алабыз деген эле жыйырма сом эле бар деп мени жашытты" деп жатпайбы. Зээним кейигенимди айтпа! Буга окшоп эптеп нан таап жеген бүлөлөр миңдеп саналып жатпайбы. Эми ошолорго Мурзалиев дегендердин турмушун салыштыр…
Азыр Генпрокуратура тарапта коррупциялык иштер толуп кетти деп жатышат, карап чыкканга убакыт жетпейт экен.
Мурунку Генпрокурор Кубатбек Байболовдун үстүнөн да кылмыш иши козголуп анысы жылбай турат, аялы Нуржамал Байболова өзүнө тийешелүү менчик үйдү жана обүектилерди "Альфа Телеком" менен байланышы бар "Сарамжал Транс" деген фирмага ашыра баада сатты деп кылмыш иши козголгон, ал турат экен кебелбей.
Азыр камакта жаткан "Азия-Курулуш" компаниясынын деректири Адина Турдубаева деген азыр №1 абакта жатат. Мына ошол айымды үй камагына чыгарганга жардам берем деп Акыйкатчы Турсунбек Акун 8 миң доллар алган экен. Анан чыгаруу колунан келбей калып, 4 миң, 300 долларын кайра кайтарып бериптир. Муну абакка барган журналисттерге Турдубаеванын өзү айтып берип жатпайбы.
Турсунбек Акун иним тазалык, адамдык, укук жөнүндө тээтиги асмандын башын сүйлөйт, кылыгы тиги…
Далайды сызга олтургузуп келген Рыкунова-Качиева деген неме өзүнөн пара алган далай адамдардын атын айтып жатты эле, ал тарап жымжырт.
Парламенттин экс-төрагасы Келдибеков Малайзияга жоон топ адамдарды ээрчитип барып 10 миллиондон ашык сомго чыгым тарттырган. Аны тескеген киши жок.
Эң негизгиси Бакиевдер, Ширшов, Белоконь, Елисеев, Балкыбеков ж.б. жеп кеткен миллиондогон доллардын кайтарылышынын үмүт деле болбой турат. Алардын даана издегени деле билинбей жатат.
Кээде "дыркырата" сүйлөп койчу Рамазан Дырылдаев бир гезитке айтты го: "Турциядан Батыровду жолуктуруп, эмне сени Интерпол издеп жатпайбы десем, эч ким издебей эле турат, мына жүрбөймүнбү деп жооп берди" деп. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенине кепил болуу кыйын бирок, бир балакети бар го…
Өткөндө каржы министри Акылбек Жапаров жарыя салбадыбы "прокуратура кылмыш ишин козгош үчүн жабыр тарткан тараптан акча өндүрөт, ар иштин ставкасы бар" деп. Анын айткандарын Генпрокуратура жанталаша четке каккан жок, андай эмес го… деңгээлинде күңк-мыңк этишти…
Жөн адамдын кыжырын кайнатчу көрүнүш, маселен, эми эле адам өлтүрүп чыккан адамды кармаса, туугандары ал көркоону коргоп пикетке чыгып жатышпайбы...
Аз эле убакыттын ичинде коррупцияга каршы 57 кылмыш иши козголгон!
Коррупцияга каршы жаңы түзүлгөн кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевдин айтымында ал тарапта иш кызуу жүрүп жатат экен. Ал жакшы, бирок, көп күттүрбөгөн жыйынтык чыгып турушу керек. Анткен менен, биздин угушубузча, кудайдан коркпогондой жүрчү далай коррупционерлер "кудайлап" калышыптыр дешет го… Атамбаевдер гана басыгынан жазбаса болду!
Баратбай АРАКЕЕВ