presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ордолуу Оштогу шайлоодон
Акыркы жумаларда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго карата шаардыктардын маанайы пастай түшкөнү байкалат. Башкы себеби Мелис мырза өзбек ашыналарыбыздын добушун арбын топтоо максатында жарнамалык баннерлерин кыргыз, орус тилинен тышкары өзбек тилинде да жайнаткан экен. Мындай саясий өнөктүктөрдө өлкөбүздө кыргыз тили менен орус тили гана колдонулаарын билчү элек, Мекебиздин бул аракети чын эле аша чапкандык болуп калган окшойт...

Канатбек Исаев эмнеден чочулап жатат?
Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев: "Эгер Жогорку Кеңеш таркай турган болсо, бул жакшылыкка алып барбайт. Парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши зарыл", - деп, парламенттин тарап кетишинен санааркап жатканын, кайсы бир гезитке маалымдаптыр. Сыягы, Канатбек мырза эл парламенттин тарашына аябай эле кызыкдар экенинен чочулап жаткан окшойт. Чынын айтканда, интригадан арыла албай, комиссия түзүү менен чектелип жаткан парламент тарап кетсе, эч кимдин кылы кыйшайбайт. Болгону миллиондогон каражаттарын чачып эптеп депутат болгондор мандатсыз калат, андан башка нерсе болбойт. Демек, "жакшылыкка алып барбайт" деген былжырак сөз. Тескерисинче, эл парламенттин тарашын чыдамсыздык менен күтүп, Жогорку Кеңешке татыктуу депутаттар келсе дегенге эки көздөрү төрт болууда.

Өкмөттүн өктөм үнүнө, ЖоКеден жооп...
17-февраль күнү башбакан Өмүрбек Бабанов "Өкмөттүн айрым демилгелерин, мисалы визасыз режимди алып таштоо өңдүү маселелерди парламент узак мөөнөт карап жатат" - деп өктөм үнүн чыгарган экен, парламенттин басма сөз кызматы дароо жообун берди. "90 күндүк визасыз жүрүү" тууралуу Өкмөттүн мыйзам долбооруна чекисттерибиздин өзгөчө пикири бар болгондугуна байланыштуу артка кайтарылган. "Учурда парламенттин мыйзам долбоорлорунун портфелинде каралуусу кечиктирилген бир дагы маселе жок" - дейт ЖКнын басма сөз кызматы.

Парламент паракорлорунан арылабы?
"Бийликтин эң бийик бутагыбыз, кол тийбеспиз" - деп атышкан айрым паракор парламентчилердин башына кара булут айлана баштады. Кечээ жакында президент Алмазбек Атамбаев ЖК спикери баш болгон баардык фракциялардын лидерлерин чакырып, жабык эшик артында көпкө кеңеш курган экен. Башкы маселе ЖКнын кээ бир депутаттарына кылмыш ишин козгоо жана аларды кол тийбестик макамынан ажыратуу тууралуу болгон экен. Президент өз кезегинде фракция лидерлерине кайрылып, жакын арада Башкыпрокуратура тарабынан айрым депутаттардын кол тийбестигинен ажыратып берүүнү өтүнгөн кат жөнөтүлөөрүн айтып, алардан саясий эмоцияга алдырбай, прокуратура тарабынан жиберилген фактыларга таянып, калыс чечим чыгарып берүүнү өтүнүптүр.
Эгер эл өкүлдөрү жеп-ичкени айныгыс фактылар менен далилденген кесиптештерин калкалай турган болсо, анда эле парламент "коррупциянын уюгу" аталары ажеп эмес.

Жапаровду "жайлайбыз"- дешти...
Жума күнү быйылкы жылдын бюджетин талкуулаган парламенттик жыйын учурунда, Каржы министри Акылбек Жапаров эски кесиптештерине арманын айтып даттанды. "Кечээ УКМК алдында митинг өтүп атканда, белгисиз бирөөлөр келип "эгер акча бөлүп бербесең жайлайбыз" - деп коркутушту. Анан да эртең эле жумуштан алып ыргытаарын эскертишти" - деди. Бирок, ким, эмнеге, кайсы акча үчүн жайлайм дегенин ачык айткан жок. Өткөндө да "Башкы прокуратурадагылар кылмыш ишин козгоо үчүн жабырлануучудан 1 миң доллар шапке сурашат. Мисалы менден 5 миң доллар сурашкан" - деп жыландын башын кылтыйтып коюп, ким сураганын ачык айтпай койгон. Милицияга да арыз жазган жок. Айтор, бирөөсү жайлайм деп, бирөөсү жашылбай сурап Акылбектин айласын кетирип атышыптыр! Байкуш Акылбекке болушчу бирөө жарым табылаар бекен ыя?

Орус тили официалдуу болбой калды
Латвияда жашаган орустар тээ көптөн бери тилибизди официалдуу кылчу элек деп аракет кылып, референдумга чыгарууга жетишкен. Күн мурун референдум өтүп, ага катышкандардын 78пайызы "орус тили жөн эле турсунчу" деген чечим чыгарышты. Ошентип, Латвияда жашаган орустардын деми сууй түштү.
Каап, референдумун бизге келип өткөзсө болмок, 90 пайызы колдоп берди кылмакпыз деп биз калдык…

"Катыны" казактар же баш тырмашкан бажалар
Камчыбек Ташиевдин "таза кандуулук" тууралуу ой-пикири коомчулукта бир топ чуу жаратканга жетишти. Байкашыбызча Камчыке бул сөзү менен калкыбызды каалагандай башкарган "ханзадалар" апасы орус Максим Бакиев менен чоң апасы казак Айдар Акаев тууралуу айткысы келген окшойт. Бирок убагында Камчыбек мырза эмне үчүн аларга "таза кандуу эмессиң" деп айтканга жарабады экен? Айтор Камчыбек мырза бул сөзү менен өзү капканга түшүп калгандай болду. Себеби эртең эле өзүнө окшогон бирөө келип балдарын "апаң казак, таза кандуу эмессиң"-деп коюшу мүмкүн да. Айтмакчы, Камчыбек Ташиевдин баш тырмашкан бажаларынын катарында: оппозициячы Адахан Мадумаров, темир жолчу Арген Малабаев, элчи Болот Отунбаев жана башка бир топ саясатчылар бар.

Кайрат сыяктуу, Баха деген дагы бирөө бар...
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министрдин айланасында көмүскө премьер-министр делген Кайрат сыяктуу, Баха деген дагы бирөө бар экени туурасында маалымат бардыгын фракция жыйынында айтып чыкты. Ташиевдин сөзүнө караганда, алар Кыргызстандын "кызылын кырып" сыртка чыгарып кетип жатыптыр. Мындан улам Камчыбек мырза: "Биздин трагедия татыктуу бизнесмендердин жоктугунда болуп жатат. Караңыздар, дүйнөдө бир дагы кыргызстандык миллиардер жок. Биздин өлкөнүн каражаттарын чет өлкөлүктөр ташып кетүүдө. Мына баасы 70 сом турган ID-карты өлкөбүздүн жарандары 177 сомго сатып алат. Ушул жакшы көрүнүшпү" - деп, каңырык түтөттү.

Сүйлөшүүдөн ишке өтчү мезгил качан келет?
Бир канча жылдан бери Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиялык энергоалкактан чыга тургандарын кезек-кезеги менен маалымдашып, коркутуп келишет. Эгер, коңшулар чындап энергоалкактан чыгып кетишсе, Кыргызстандын түндүк-түштүк аймагы электр кубаты менен 40 пайызга чейин гана камсыз болуп калышы мүмкүн. Муну жакшы билишкен коңшулар, энергоалкакты саясий курал катары колдонууну жыл өткөн сайын адатка айлантышууда. Өзгөчө бул маселе кыштын кыраан чилдесинде көтөрүлүп, коңшу өлкөлөргө суу керек болгон жаз, жай мезгилинде такыр сөз болбойт. Коңшулар мындай жол менен кыргыз өкмөтүн жарга такап, өздөрүнүн кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечтирип алышат. Башкача айтканда, жаздан тартып жайы бою аталган өлкөлөргө суу берип чыгабыз, кыш келгенде "эски оюндар" кайра башталат.
Ушундан улам, өлкө жетекчилери өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу багытында жогорку чыңалуудагы "Датка-Кемин" электр линиясын куруу белгилеп келишет. Бирок бул долбоор добулбас катуу кагылып келе жатканы менен, бир жылдан ашык убакыттан бери сүйлөшүүлөрдүн деңгээлинен көтөрүлбөй койду. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 365-370 миллион доллар сарпталары айтылып келсе, эми бул сумма 400 миллион долларга көтөрүлдү (эми дагы канчага өсөт айтуу кыйын). Бул тууралуу Кытайдын ТВЕА компаниясы маалымдады. Аталган компания менен "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын куруу долбоору боюнча эки аптага созулган сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы аяктаганы турат. Ал эми Кыргызстан менен иштешүүгө макулдук берген Пакистандын Aurga компаниясы "Датка-Кеминди" 537 миллион долларга баалап жатат.

"Муз орудунан козголду"
Кечээ Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов ИИМ министри Зарылбек Рысалиевди кабыл алып, коррупцияга каршы жүрүп жаткан "согуштун" чоо-жайы менен таанышты. ИИМ министри акыркы эле убакта коррупцияга байланышкан 57 кылмыш иши козголгонун айтты. "6 кылмыш иши Өкмөттүн Коррупцияга каршы сайты аркылуу кайрылуулардын негизинде ачылды. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарандардын активдүүлүгү артып жаткандыгын белгилеп коюу керек, бизге ишеним телефондоруна, Коррупцияга каршы сайт аркылуу кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө. Биз козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз" - деген Зарылбек Рысалиев жакын арада ИИМдин ишеним телефондору көрсөтүлгөн рекламалык жарнактар шаар боюнча илине тургандыгын кошумчалады.




fabula





??.??