presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жылына 150 кг алтын уурдалат
Өткөн жумада УКМК башчысы Шамиль Атаханов "Макмал алтын" комбинатынан бир жылда 150 кг алтын уурдалып атканын айтып чыккан. Көп өтпөй комбинаттын жамаатынын атынан делинген кайрылуулар жарык көрүп, атайын кызматтын "ачендиги" карандай калпты айтып атат деп чыгышты. "Айтылгандар чындыкка дал келбейт. Баардыгы видео көзөмөлдө. Ар бир кыймыл - аракет УКМК жана ИММ кызматкерлеринин коштоосунда болот. Бул кеп биздин ишкананын ишкердик беделине, ар-намысына шек келтирди"- деп чыркырап жиберишти. Эгер ар бир кыймыл-аракети УКМК кызматкерлеринин көзөмөлүндө болсо, демек, бул кызматтын башчысы уурдалган алтындар тууралуу асмандан алып айткан жок да. Анан да көп өтпөй райондук администрация өкүлдөрү "Макмал" комбинаты калкка укмуш жардам берип атканын саймедиреп, шектүү шексинет боло башташты. Айтор Казармандагы алтын кенинде абал анча эмес окшойт.


Келдибеков дейт…
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Акматбек Келдибеков "Кара-Суу" жана "Дордой" базарларынан түшкөн киреше кенедей эле" деп катуу кейиди. Айтканы туурадыр, бирок,өзү налог кызматынын анабашы болуп турганда аталган базарлардан канча киреше түшчү эле? Түшкөн кирешелер Максимдин чөнтөгүн көздөй агып турчу беле? Булар жөнүндө Келдибеков айткан жок. Айтса эле, балээге чалынып-кабылганы турбайбы…


Ар уруудан экиден депутат
Славян университетинде Кацев деген профессор бар. Ошол айтып жатат: "Бизге азыркыдай Жогорку Кеңештин кереги жок, аны түп тамырынан бери өзгөртүш керек. Кыргызда 40 уруу бар, ошолордон экиден, анан ар улуттан бирден өкүл депутат болуп шайланышы керек. Жогорку Кеңеш деген атты алып салып "Курултай" деп аташ керек" деп. Бу куураган профессордун ою боюнча биз тээтиги феодалдык доордо жашап жаткандайбыз. Урууга бөлүнбөйлү деп мээси жеткендин баары аракет кылып жатса, мунун айтканын кара! Экинчиден, ар улуттан бирден депутат болгондо, анда сексенден ашык улуттан сексен депутат, баш аягы 160 депутат болот экен.
Бу профессор, акылы жеткен Толстой менен Гоголун окутуп жата бербейби да…

Калпак кийген башта бирдеме болуш керек
Оштогу студенттер менен кезигишкен президентке студенттер "эмне үчүн калпак кийбейсиз" деп сураган тура. Ошондо Атамбаев "туура, калпагыбыз улутубуздун үчүн ыйык нерсе. Бирок, адамдарды калпак кийгени же кийбегени менен баалабай, башынын ичинде эмне бары менен баалаш керек" экендигин айтты.
Кыргызды калпагынан эмес, ишинен баалап турганыбыз оң болор. Туура да, Акаев, Үсөнов, Ташиев, Мадумаров, Келдибеков, Акылбек Жапаров ж.б. деле калпак кийип, кыргызды кырга чыгарган жок го…

МАИге маянанын кереги жок
Чүй облусунун ИИББнын айрым амалкөй начальниктери облустагы МАИ кызматкерлеринин санын атайылап көбөйтүп алганы боюнча кылмыш иши козголду. Чүйдүн чүйгүн кызыл шапкечендери "Бизге кошумча штат керек. Бир жылдык маянасын төлөп бергенге даяр фирмалар бар" -деп министрликтеги чоңдорун алдап-соолашкан экен, текшере келгенде көмөкчү фирмасынын көлөкөсү да табылган эмес. Такталбаган маалыматтарда "сыйкырдуу ала таякты" кармагысы келгендер 5 миң долларга чейин "шапкесин" берип ишке орношоору айтылып келет. Коррупцияга каршы күрөшүп жаткандар кошумча штатка алынган жанагынчанын "жашылбайларын" да жакшылап эсептеп көрсө ашыктык кылбас. Беш миң долларын бергени аз келгенсип, бир жыл бекер иштеп беребиз дегендер анык патриоттор экен деп биз дагы "кубанып" турабыз. Бизге түшкөн маалыматтарды такташтырып көрсөк, бул окуяда үлкөн-үлкөн адамдардын кулагы көрүнө баштады. Аларды эмки саныбызда эрмектейли…


Күтүүсүз "визит"
Эгемендикке ээ болгондон бери паспорт көйгөйү көкөйдү кесип келет. Кайсы бир белгилүү саясатчы күйүп айткандай, бөтөн мамлекеттерде жада калса иттин паспорту бар экен, а бизде болсо өздүгүн аныктоочу документти алуу азаптын азабы. Дал ушул маселени өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов дагы сезген белем, өткөн жумада күтүүсүздөн борбордогу калкка кызмат көрсөтүү борборуна (КККБ) барды.
Өмүрбек Токтогуловичтин бул "сапары" карапайым калк паспорт алууда кандай кыйынчылыктарга тушукканына жакындан күбө болууга багытталганы айтпасак деле түшүнүктүү. Ал чогулган адамдар менен баарлашып, алардын өз оозунан көйгөйлөрүн укту. Анын аркасында борбор калаада дагы эки КККБ ачуу чечимине токтолгонун Өмүрбек мырза баса белгилейт. Буга байланыштуу ал Twitter социалдык желесине мындайча кабарлаган: "Бишкекте дагы жок дегенде эки калкка кызмат көрсөтүү борборлору керек экенин көрдүм, тийиштүү тапшырмаларды бердим".

Эки жылдан кийин Мырзаевдин "тили чыкты"
Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары Мырзаев айтып жатат: "Убактылуу Өкмөт кезинде Темир Сариев мени бир канча ирет чакырып, "Манас" банкына, Белоконго жардам бер деп буйрук берген. Шайлоо компаниясы башталып, партиясына акча керек болуп жатса керек…Банк ячейкаларынан 20 миллион доллар алынды дегендери болбогон кеп, алда -канча көп сумма алынган. Далай ишти ошол кездеги Генпрокурор Бекназаров жасаган, Улутук банктын ошол кездеги төрагасы Бактыгүл Жээнбаева да толгон иштерди жасаган" деп.
Мырзаев эмне үчүн эки жыл "талкан сугунуп алгандай" үн каткан эмес. Эми бирөөлөр түрткүлөп жатабы же чындыгы чыркырап туруп алдыбы, жанын койбой. Азырынча билип болбойт.

Дагы бир бакиевчинин башы көрүндү
Өмүр бою энергетика тармагында эмгектенип келген Раимбек Мамыров кайрадан ээрге минди. Акыркы жолу "Кыргызстандын улуттук электр түйүнүндө" жетекчи болуп келген Раимбек Мамыров эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрага-орун басары болуп дайындалды.


Желегибиз көк болот го…
Жогорку Кеңештин мамлекеттик Гимнди, Желекти өзгөртүү боюнча комиссияга ар түрдүү топтордун варианттары келип түшүп жаткан экен. Алардын бирин Медеткан Шеримкуловдун уулу Кунай Медеткан сунуш кылган. Желек көк түстө болот, тоо болот. Азыркы кызыл желекти кабыл алганда Медеткан Шеримкулов спикер эле, ушул жерден айткың келет "акчанын майдасы тыйын, атасынын баласы кыйын" эми "атасынан баласы тапан чыгып" жаткан убагы…
Дагы бир вариантта күн жана кырк жылдыз көк желекке түшүрүлөт.
Мунун баары жакшы, бирок, аларга кетчүү миллиондогон чыгымды кайдан таптык? Азырынча кызыл желек менен эле кыймылдап турсак болмок дегендер да толтура.






fabula





??.??