presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жайыл дасторкон



23- февраль эркектердин майрамына карата сүйүктүүңүзгө эмне белек берериңизди билбей башыңыз катып жатабы? Анда биз сизге майрамдык дасторкондун айрым сырларын ачып бермекчибиз.

Эттен жасалган сосиска
Керектелүүчү азыктар:
Фарш -600 гр
Пияз - 1 баш
Сарымсак - 2 тишче
Өсүмдүк майы - жарым стакан
Жумуртка - 1 даана
Туз, калемпир, мурч
Даярдоо ыкмасы: фаршка майда тууралган сарымсак, пияз, жумуртканы кошуп, ага татымына жараша туз, мурч, калемпир кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Андан кийин аралашманы сосисканын таякчаларына окшоштуруп, бөлүктөргө бөлүп, өсүмдүк майына кууруйсуз. Даяр болгон сосисканы ар кандай гарнир менен берсеңиз болот.


Картошка котлети
Керектелүүчү азыктар:
Картошка - 3 даана
Жумуртка -1 даана
Ун - 1 чоң кашык
Туз, мурч.
Даярдоо ыкмасы: картошканы сууга бышырып, кыргычтан өткөрөсүз. Жылуу картошканын үстүнө жумуртканы чагып, туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырып, аралашманы котлеттин формасына келтирип, унга бөлөп, кызып турган майга бышырасыз. Картошка котлетин каймак менен берсеңиз даамдуу болот.


Фаршталган картошка
Керектелүүчү азыктар:
Картошка - 12 даана
Каймак - 2 стакан
Уйдун сулп эти - 500 гр
Пияз - бир баш
Койдун майы - 1 чоң кашык
Кара тоголок калемпир, көк чөптөр, туз.
Даярдоо ыкмасы: картошканы аарчып, тазалаган соң ортосун оюп алып саласыз. Уйдун этин эт майдалагычтан өткөрүп, пиязды майда туурап эт менен чогу майга кууруйсуз. Даяр болгон фаршты картошканын ичине салып, койдун майына бир аз кууруп аласыз. Андан кийин көмөчнанга тизип, ысып турган духовкага салып бышырып аласыз. Даяр болгон тамакты чөптөр менен кооздоп, гарнир менен берсеңиз болот.


Балык менен картошка
Керектелүүчү азыктар:
Балык -600 гр
Пияз - бир баш
Картошка - 600 гр
Ун -50 гр
Өсүмдүк майы -50 гр
Туз.
Даярдоо ыкмасы: балыкты тазалап, сөөктөрүнөн ажыратып алган соң чакан бөлүктөргө бөлөсүз. Андан кийин тазаланган картошканы сууга бышырып, муздатуу керек. Андан соң бөлүктөргө бөлүнгөн балыкты унга бөлөп, майга кызарта кууруйсуз. Ал эми пиязды болсо, шакекче кылып туурап, балыктын калган унуна бөлөп, өзүнчө майга кызарта кууруйсуз. Баарын кууруп алгандан кийин балыкты тарелканын ортосуна коюп, айланасына картошканы тегерете жаап , үстүнө пиязды коюп, чөптөр менен кооздоп дасторконго коёсуз.
Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА






fabula





??.??