presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Пайдалуу кеңеш

Шейшепти тандай билүү керек,


антпесе…



Аял заты турмушка чыккандан кийин, жолдошун, үй бүлөсүн сыйлоо аларга урмат көрсөтүү парз болуп калат эмеспи. Деги койчу өз үйүндө эркелеп отурган кыз, түгөйүнүкүнө барганда койдон жоош, айттырбай жумуш жасаган адамга айланат. Антпесе, жашоонун болбосу чындык эмеспи. Ошондой эле айымдар баардыгын баамдай билиши дагы талап кылынат. Мисалы, жөнөкөй гана түндө жатуучу шейшепке да көңүл бөлүүсү абзел. Анткени күндүз чарчап, кечинде жатаар мезгил келгенде, астындагы төшөктүн сыртына капталчу шейшептердин өңү дагы адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Андыктан аялзаты кандай оң, жакшы экенин билбесе, биз кеңеш бермекчибиз. Ошондой эле үй кожойкелери тамакты гана катырып жасабастан, төшөк жаатында да бир нерселерди биле жүргөнү жакшы. Шейшептерди кантип тандоо, кантип жууш керектиги туурасында аз-маз сөз кылмакчыбыз.

Шейшептин өңүнө эмес, сапатына караңыз
"Жашоону жаткан жерден башта" деп бир окумуштуу айткан экен. Анын сыңарындай, жаткан жериңизге көңүл буруу менен маанайыңызды да оңдой аласыз. Мисалы, ачык түстөгү шейшептерди пайдалансаңыз, төшөккө жатарда маанайыңыз жакшы болуп, жакшы түштөрдү көрөсүз дагы, турганда да позитивдүү маанай менен турасыз. Азыр базарда шейшептен көп нерсе жок. Каалагандай тандап алсаңыз болот. Бирок, эң биринчи анын көрүнүшүнө эмес, сапатына карасаңыз жакшы.
Аял-эркекти жараштырып-уруштурган касиетке ээ
Алгач алаарда, ала турган нерсениздин, символикасына көнүл бурунуз. Анткени анын оңу, сапаты адамдарды, тактап айтканда аял менен эркектин бири-бирине болгон мамилесин бузуп, же жараштырып коюуучу касиетке ээ. Ошондуктан, шейшепти алаарда бул факторду да көңүлгө түйүп, эсинизге тутуп алганыныз дурус.

Ак шейшеп - тазалыктын, жаштыктын символу. Ак шейшепти жактыргандар көп урушпайт. Үйүндө тынчтык болуп, кут конот.
Кызыл шейшеп - сексуалдуулуктун өңү. Мындай түстөгү шейшепти жактыргандар көп балалуу болушат. Бирок бат-бат урушуп турушат. Көп чырдашуунун кесепетинен ажырашып кетүүлөрүда ыктымал.
Көк шейшеп - баштын ооруганын басып, маанайды оңдойт. Чарчап жумуштан келсениз, чарчоону унутканга жардам берет, эс ала тушкөндөй болосуз.
Жашыл шейшеп - кан басымды түшүрүп, иммундук системаны күчтөп турат. Анан дагы витаминдуу жер жемиштерди жесениз, инфекциялык ооруларга каршы тура аласыз, аларды жеңүүдө жардамга келет.
Сары шейшепти - депрессиядан чыгууда колдонсо болот. Бирөөлөр менен урушуп же мамилениз келишпей, а тургай көп нерсени ойлонуп стресске кабылганда, күндо жаткан сары түстөгү шейшебиниз көмөккө келет.
Сыя шейшеп - айлана-чөйрөдөгү жаман энергиядан сактайт. Эгерде шейшебиниз кандайдыр бир нерселерден улам так болуп калса, анда:
- өтө ысык эмес жылуу сууга жууш керек.
- так болгон жерге тузду коё коюш керек дагы, перекись менен сүрө калса, так жоголот.
- лимондун ширеси кошулган самындуу суу менен чайкап койсо кетип калат.
- суу менен жууп көрүңүз, эгер ага да болбосо, агарта турган нерсени кошуп чылап коюңуз.

Шейшеп тандоодо эске алыныз…
Эң биринчи шейшептин материалына көз чаптырыңыз. Шейшеп денеге жагымдуу болуп, кычыштырбагандай болуусу шарт. Анан дагы материалы чоюлчаак эмес болуш керек.
Экинчиден, шейшепти атайын жиптер менен тигишет. Ага да көңүл буруңуз.
Үчүнчүдөн, жытына караңыз. Эгер жагымсыз жыттана турган болсо, ал шейшепти алуудан качыңыз. Анткени, бир же эки жуугандан кийин ал шейшеп формасын өзгөртүп коёт.
Шейшепти тандоодо анын өңү да чоң роль ойнойт. Ар бир кожойке өзүнүн кыялына жараша тандап алса болот. Эгерде үй кожойкеси бош болуп, үй иштерине көбүрөөк убакыт бөлө алса, ачык түстөгү шейшептерди тандап алса болот. А эгер колу бошобой, башка иштер менен көбүрөөк шугулданса, күңүрт түстөгүгө басым жасаганы оң. - Сатин, жадка, жибектен тигилген шейшептер модадан түшпөйт дагы, көрүнүшү да жакшы.
Негизи эле жаткан жериниз жайлуу, козго жагымдуу көрүнүп турса анда жакшы дагы уктайсын. Ошондуктан айымдар кечкисин жата турган жеринер, күйөөңөргө жагуусу керек жана ынгайлуу болушу шарт. Андыктан шейшептин онун туура тандап, жумшагынан алгыла. Антпесе аранардан сый кетип, алыстооңор мүмкүн.
Даярдаган
Гулнур Нуркалиева




fabula





??.??