presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мамлекеттин очогу - үй-бүлө

Жалгыз бойлуу келиндер,


кош аял алганга элиргендер


Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери гендердик тең укук маселеси менен кош нике маселеси боюнча талаш-тартыштар өз апогейине жетти. Башка маанилүү проблемалар чечилип бүткөн сыяктанып, бир учурда Адилет министрлигинин экс-министри Марат Кайыпов кошоктолгон "кош катын" алуу маселесине айрыкча басым жасагандыгын айта кетсек күнөө болбос. Натыйжада, ушунун өзү эле бул карама-каршы тирешүүлөрдү өз апогейине жеткирген эле. Албетте, бул багытта эки тараптын пикирлери жүйөөлүү сыяктуу сезилет, бирок мунун артында байлык жана мансап ээлери менен карапайым калктын ортосунда эрегиштин очогу болуп каларын экс-министрдин эске албагандыгы анын түшүнүк деңгээлин көргөзүп койбодубу!?

Экс-министрдин ушул пикирин колдообу, же жалгыз бойлуу келиндердин тагдырына кам көргөн ойлорбу, айтуу кыйын, ошентсе да Ош аймагында жаш келиндердин ажырашуусунун кескин көбөйгөндүгү тууралуу маалыматтар аргасыз бул темага кайрылууга мажбур кылып отурат. Ошол эле учурда мындай ажырашуунун себептери бул маалыматтарда көргөзүлбөгөндүктөн бир топ күмөн ойду жаратат.
Айрым маалыматтарга таяналы. "Ошто ажырашуулардын 40 пайызын 20 жашка толо элек жаш келиндер" экендиги, бир эле "Ак жүрөк" кризистик борборуна үй-бүлөсү бузулган келиндердин психологиялык жардамга муктаж "776 аял кайрылса, алардын 300сү эртелей никеге башын байлагандар" болгондугун көргөзөт. Жашында никеге байлангандар 16-17 жаштардагы куракта, мындайлар айрыкча Араван, Ноокат, Алай, Кара-Суу районунда күчтүү экендиги да белгиленет. Тилекке каршы бул көрүнүш жалпы кыргыз жергесине кеңири тарагандыгын кантип жашыра алабыз? Буга үйлөнүшкөн жаштарды күнөөлөөгө болобу? Ушунун баары ала качуунун кесепети деген сөз бир беткей жыйынтык болуп жатпасын? Буга да макул дейли, анда неге кечээ эле жосунсуз жорук катары бааланган "түнкү көпөлөк" "кесибиндегилер" кескин көбөйүп кетти? Эмне, аларды бирөө "ала качып" алпарып жатабы? Бул маселелердин курч маселеге көтөрүлүп чыгышына алар эмес, жалпы коомчулук, биз жашаган коомдук түзүлүш күнөөлүү болуп жатпасын?
Бул оор тагдырга дуушар болгондорго айып коюу адамгерчиликке жатпас чыгар. Жапайы капитализмге өтүүдө калкыбыз али даяр эмес болгондугун моюнга алуу керек. Эгемендүүлүккө ээ болгондо эле "калктын каймагы" жалпы элдин байлыгын өздөрүнө менчиктеп алышкан. Ошол байлыкты түзгөн карапайым калк өз мээнеттерин кайрып ала албай калышып, бай-кедей катмарлары түзүлгөн. Байлыкты басып алгандар өндүрүштү жана айыл чарбасын кыйратууга жетишишти, натыйжада, мамлекетибизде эл чарбасы кыйратылгандан кийин жумушсуздардын "армиясы" кескин көбөйдү. Эл чарбасы продукция өндүрбөй, бирок калктын басымдуу бөлүгү соода менен гана күн кечирип калган деңгээлге жеттик. Ачык айталы, мурда үй-бүлөнүн керектөөлөрүн эркектер камсыз кылса, бул милдет ошол кезден бери аял затынын колуна өткөн болчу.
Буга эмне себеп? - деген суроо туулат. Чындык ачуу болот эмеспи. Элибиз соода ишине өткөндө "формачандар" эркектерге ушунчалык укмуш мамиле жасап, алардын тапкандарына тең ортоктош болгондуктан, бул багытта бүтүндөй иш-аракеттер аял затынын колуна өткөндүгүн кантип танабыз? Бир чети эркектер ири кирешеге ээ болгондо "сеп" эттирип коюшу буга шылтоо да болгон. Ошентип, "гендердик" жактан алганда деле артыкчылыкка аялдар ээ болгондугу деле жашыруун сыр эмес. Ал түгүл саясий ызы-чуулар башталганда, 100 эркекке караганда, 10 эле "ОБОНчу" (отряд баб особого назначения) аялдар маселенин чечилишин бир тарапка оодарып коюп жүргөнүн ачык айтсак, аялдар чычалашпаса керек. Бул жагынан алганда азыркы үй-бүлөнүн бузулушуна ошол эле "жалгыз бой келиндер" өздөрү себепкер болуп жатпасын? Гендердик саясат ушул кырдаалга алып келип жатпасын?
Биз эч качан эркек менен аялдын тең укуктуулугуна каршы эмеспиз. Мындай ажырашуулар өткөн Союздун учурунда болгон эмес. Анда неге азыр бул көрүнүш күн санап күчөп барат? Ачыгын айталы, мурда деле 16-17 жаштагы кыздарды ала качуу болуп келген. Ал учурда ажырашуу абийирсиздик катары эсептелчү. Ал эми жашоодо азыркыдай эле кыйынчылыктар кездешсе да, негизги максат үй-бүлөнү сактап калууга аракет жасалчу. Соттор да, коомчулук да үй-бүлөнү сактап калууга аракет жасап келген. Мен билгени, түштүк жергесинде ажырашуу өлүм катары эсептелгендигин эске алсак, муну эреже катары сактаган аймакта ушул деңгээлге жетсе, башка тараптарда бул көрсөткүч чегинен ашпасын деген ойду жаратат.
Жашоо - биздин каалообузга баш ийбейт. Биз ар дайым турмуштун сыноосунда жашап келебиз. Бүгүн биз өзүбүз үчүн жашасак, эртең балдарыбыз үчүн жашай турганыбызды унутуп коюдабыз. Ажырашуунун сыры ушунда гана. Эң негизгиси - биздин кыз-келиндерибиздин жеңил турмушту каалап калганында. Учурда ала качканды айыптап жатабыз, андан да коркунучтуусу "кол менен узатуу" экендигинде. Тактап коёлу, ала качууда кыз менен жигиттин биринин арзуусуна байланышса, кол менен узатууда жең ичинен соодалашуусуна байланыштуу экенин моюнга алууга туура келет. Анан кантип алардын жашоо-турмушу улансын? Анын үстүнө аялдын күйөөсүнө үстөмдүгү күч алган жерде, үй-бүлөнү сактап калуу мүмкүн эместигин ойлонушубуз зарыл. Элибиздин менталитетинде эркек эч качан аялга көз каранды болбогондугун эстен чыгарбасак болмок. Ошол эле учурда аялдарга да күнөө коё албайбыз. Айрыкча, "түнкү көпөлөккө" айлангандарга айып коюудан мурда, ошого жеткирген "жигит сөрөйлөр" экендигин ачык айтууга туура келип отурат.
Ажырашуунун сыры тууралуу учкай пикир айтып өттүк. Эң негизгиси, бардыгы "керкисинде да, кемтигинде экендигин" унутпасак деген гана пикирге таянмакчыбыз…

Даярдаган
Эртабылды АТТОКУРОВ





fabula





??.??