presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ТАБЫШМАКТУУ


МИНИСТРЛИК


Менин бир теңтушум, тээ илгери биздин өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери эле фермердик чарба ачып, азыркы учурда өлкөдө эң өнүккөн чарбанын ээси болуп эсептелет.
Өткөн жумада кайсы бир жумуштар менен анын айылынын жанынан өтүп баратып, көрө кетейин деп кайрылып калдым. Барсам, кыш кылчылдап турганына карабастан талаачылык жумуштарын график боюнча жүргүзүп, жашылча айдоочу талааларына кык чачтырып жатыптыр. Мен учурашып,достук иретинде тамашалап койдум:
- Ыя Жумабек!Сен эми чириген бай капиталист болсоң эле, элди да өзүңдү да кыйнап, кыштын кыраан чилдесинде суукка карабай иштеп жатканыңа жол болсун.
- Эми айланайын, элдин көпчүлүгү саясатчы болуп кетти, бирок сөз сүйлөп коюп эле ток болбойсуң да, элди багыш үчүн иштеген да кишилер керек, мына ошолордун бирөө менмин. Талааларды тоң кете электе кош айдоого даярдап албасак, сага окшогон тилинен чаң чыккан, бирок өмүрү, мээнет кылып, бир тал буудай өстүрбөгөн мырзалар ачкадан кырылып калышпайпы. .
- Тикини,тикини! Мактап койсо тимеле болбой калат. Сен иштебей койсоң эле эл ачкадан өлүп калмак беле. Өкмөттө айыл чарба министрлиги деген бар,алар эмне текей терип отуруптурбу,эч качан элди ачка калтырбайт. -десем Жумабек каткырып күлөт:
- Сен байкабай талуу маселени чукуп алдың. Туура бизде айыл-чарба министрлиги бар. Мына мен айыл-чарба продуктуларын өстүргөндөн тышкары, философия илимдеринин кандидатымын, кез кезде аңгеме жаза коём, андан тышкары ааламдагы жүрүп жаткан саясий, экономикалык жана экологиялык, климаттык процесстерди түшүнөм да башкаларга түшүндүрүп бере алам. Бирок же менин мээмде бир мандем барбы,же чын эле бул дүнүйөдө эң кызыктуу табышмактын бириби, айтор мен канча ойлонсом да түшүнө албай койдум, айыл-чарба министрлиги эмне жумуш аткарат?Эми айланайын айдоо жерлери, мал бүт менчикке өтүп кетсе, ар бир дыйкан же малчы бул министрликке кеңешпей эле өз башы менен оокат кылып жатса, күзүндө эле министрликтин адистери телерадиодон, гезиттерден чыгып алып эле: биз ар бир гектардан 40-50 центнерден буудайдын түшүмүн алдык, ар бир койдон үчтөн козу алдык деп апыртып атса, жаныңан түңүлөт экенсиң. Эми чынын айтыш керек бул министрликте чыгаан адистер отурат,бирок бул адистердин болгон өнөрү, өзүлөрүнүн "кызыкчылыктарын" көздөп, чөнтөктөрүн кампайтуу. Мисалы эл аралык карым катнаштын натыйжасында, өлкөгө техника, шайман, үрөн, жер семирткич же арзандатылган күйүүчү май келсе министрликтен катардагы дыйканга жеткиче бул адистерин "кызыкчылыктарын" сиңирип отуруп, акыр аягы наркы 1,5-2эсе кымбаттап кетет.
- Демек бул министрликти жоюп жиберсе да болобу?
- Ооба!Азыркы мезгилде айыл-чарба министрлигин жылдык бюджети 1 миллиард 200 миллион сомду түзөт экен, анын басымдуу көпчүлүгү айлыкка кетет экен. Ал эми ветеринарияга 35 миллион,суу чарбасына 20 миллион сом бөлүнөт экен. Эми биз Кыргызстан болбой эле абсурдистан болуп калган окшойбуз. Болбосо,биздин жайкы аптапта сугат болбосо, бүт баары куурап калаарын жетекчилер түшүнбөйбү же чиновниктердин айлыгы көбөйсө, автоматтык түрдө түшүмдүүлүк көбөйө берет деп эсептейби, айтор табышмак.
- Проблеманы кантип чечсе болот?
- Эң жөнөкөй! Айтылган табышмактуу министрликти жоюп, анын негизинде 4 департаментпи, кызматпы айтор иштөөгө жарамдуу жумуш органдарын түзүш керек, эң негизгиси аларга министрлик статус бербеш керек,болбосо баягы эле жегич коррупционерлер толуп алат да, жумуш жүрбөй калат. Тактап айтсам: суу чарбасы, ветеринария, үрөнчүлүк жана айыл чарба продукциясын башка өлкөлөргө реализациялоо боюнча. Андан тышкары мамлекеттик деңгээлде айыл-чарба техникасынын лизинги менен алпурушкан мекеме түзүш керек.
- Биринчи үчөө түшүнүктүү, а бирок төртүнчү департамент эмне жумуш аткарат, чечмелеп берсең.
- Төртүнчү департаментти азырынча "агросбыт" деп коёлу. Азыркы мезгилде өзүң билесиң дыйкан түшүмдү өзү өстүрүп, жыйнап алат. Россия,Казакстанда айыл чарба продуктылары бизге караганда бир топ эсе кымбат. Бирок өлкөдөн сыртка чыгарып соода кылыш майда дыйкан чарбалардын колунан келбейт. Ошондуктан азыркы курсагы жер чийген министрликтеги чиновниктерден кутулуп, ордуна азыр, айтылган өлкөлөрдө соода тармагына сиңишип ийгиликтүү иштеп жаткан жаш кадрларды тартып,иштетиш керек. Ошондо да ар бир дыйканга жетип,ар бир айылда кабыл алуучу пункттарды уюштуруп, жанагы министрлик жоюлгандан экономдолгон акчаларга заманбап муздаткычтуу кампаларды куруп,ошолорго элден кабыл алынган жашылча жемишти сактап, четинен поезддерге салып жеткирчү жерине жеткириш керек. Мына ошондо жанагы өлкөнүн элинин 65 пайызын түзгөн, айыл чарбасында эмгектенген мекендештерибиз татыктуу жашоого мүмкүнчүлүк алгандан тышкары, өлкөнүн ички дүң продукциясы бир эле жылда эки эсе өспөсө, мен мурдумду туурасынан кесип берейин-деп сөзүн бүтүрдү.
Мен болсо анын барбайган чоң мурдун карап, аяй да кеттим, ушундай татынакай мурун кесилип кетсе кыйын эле болот ко деп.
Баяман Омар








fabula





??.??