Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өмүралиев генералдыкты кантип алган?


Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генералдык чинин кантип алганын кайсы бир майрамдык кечээде жобурап жибериптир. Башкача айтканда, министр Таалайбек мырза Ак үйдөгү бир чиновникке 15 миң доллар берип эле, генералдык чинди оңой эле алса боло турганын айтып жиберген экен. Генералдын оозунан чыккан сөз жерде калбай, Атамбаевге чейин жеткени айтылууда. Мындан улам, президент аталган ишти териштирүүнү тиешелүү органдарга тапшырганы кеп болууда. Ошентип, сырын айтам деп, чынын айтып алган министр учурда оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, эми ээрден оодарылып кетиши мүмкүн болуп турат.

Ниязова деген Асия Сасыкбаеваны соттотом дейт


Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаеваны сотко берем деп коркутуп жатканы.
7-февралда вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова өткөзгөн чогулушта Сасыкбаева "билим берүү тармагына билимсиз, ишин билбеген адамдардан тазаланышы керек" деген маанидеги кеби жакпай калган экен.
Урматтуу Ниязова айым билим берүү тармагындагы негативдүү көрүнүштөр толуп кеткенин билбейт бекен. Билсе керек, анан туурасын айткан депутатты сотко кантип берет. Сотко бергени да жакшыдыр, далай былыктар чукулат эле…

Суталинов дагы бир ай камалат


Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн аткарып Мурат Суталиновдун камакта жатышын дагы бир айга узартты. Ал эми Суталиновдун адвокаты Ташбалтаев райсоттун бул чечимине макул эместигин айтып, шаардык сотко кайрылмай болду.
Эске сала кетсек, Суталинов тынч демонстрацияга чыккандарды атып өлтүргөндөргө көмөктөш болгон, кызматын кыянат ишке пайдаланган деген күнөө тагылган.

Суубузду 13 млрд долларга сатсак болот экен


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин эсеби боюнча Кыргызстан суу сатуудан эле жылына 13 миллиард доллар пайда тапмак экен. Депутаттын эсебинде азыр Кыргызстанда 51 млрд кубометр суу бар. Ошол эле убакта дүйнө жүзүндө 110 млрд куб суу сатылат.
Биринчи иретте Кыргызстандын элин тегиз таза суу менен камсыз кылышыбыз керек-, деп улантат депутат сөзүн,- сугат системасын оңдошубуз керек, суунун 38%ти талаага кетип жатат".

Кайсар деген казак издөөдө жүрөбү?


Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев "Кыргызстанда Кайрат деген көмүскө премьер-министр пайда болду. Ал энергетика системасындагы кадрдык жана тендердик маселелерди өзү чечет экен. Бул адамга УКМКнын көңүлүн буруусун өтүнөм. Эмне болгон адам экенин тактап чыгышыбыз керек "- деди. ЖК жыйынына катышып аткан Энергетика министри Аскарбек Шадиевге кайрылып, "Сиз ошол Кайрат дегенди тааныйсызбы?" - деди эле, анысы оозу-мурду кыйшайбай туруп "Жаңылышып атасыз. Кайрат деген менин орун басарым. Сиз Кайсарды айтып жатсаңыз керек. Ооба, мен аны билем. Бирок ал эч кандай кадрдык маселеге кийлигишпейт жана эч кимге кысым кылбайт" - деп жооп берди. Аскар мырза бул жообу менен билип-билбей ата мекенчи Өмүкенин сөзүн тастыктап, баш бакан Өмүкеден башка көмүскө премьер бар экенин ачыкка чыгарды. Кайсарбы, Кайратпы айтор ушундай бирөө бар экен. Бизге жеткен имиштерге ишенсек, Кайсар деген ошол казак жигитке Интерпол иш козгоп, издөө салган имиш. Буга чейин Казакстанда бир нече кылмыш иши козголуп, камалып чыкканы да айтылууда . Илгери көрүнгөн жерге кеңсе ачып, Курманбектин бир туугандары менен Максимдин Интерпол издөө салган Гурьевич өңдүү достору өлкөбүздү көмүскө башкарып, катуу көбүштү эле. Эми кайдан-жайдан "кайсарлар" пайда болгон окшобойбу. Бул казак жигиттин кабарын иликтеп-жиликтеп баштадык. Кудай буйруса жакынкы сандарыбыздан кененирээк таанышасыз...

Ээленген "элчилер" электен өтүштү


Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык комитети Казакстандагы элчиликке жеткиси келген Эсенгул Өмүралиев менен Германиядагы элчиликке кеткиси келген Болот Отунбаевке жашыл жарыгын жандырып, макулдугун беришти. Болгону Болот Исаковичке депутат Жылдыз Жолдошева бир топ жармашкандай болду, "эжеңиз элине аябай эле кызматын арнады, эми элчиликке кетсиңиз эжеңизге сөз тийбейби, анткени Бакиев дагы инисин Германияга отургузбады беле?" деген таризде. Ага Болот мырза, "2009 жылы Түркиядагы элчиликтен келсем, "эжең оппозицияда экен" деген сөздөрдү айткандан үйдө отурууга аргасыз болдум, андан кийин эжем президент болду эле, дагы отурууга туура келди. Мындайча айтканда, эжемдин оппозиционер болгону да, президент болгону да мага залакасын тийгизди. Элчиликке кетип жатканыма эжемдин эч кандай тиешеси жок. Мен талапкер катары кайсы бир мамлекетти тандаганым да жок, ажобуз айтты, мен макулдугум бердим" деп. Ошентип, жаңы элчилер жарлыкты күтүп турган чагы.

310 жыл деген датаны белгилечү эмес элек…


Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев күзүндө Бишкек баатырдын 310-жылдыгын өткөрүү керек деп демилге көтөрүп турат.
Урматтуу депутат билбейби, юбилей дегенди тегеректеп, төгөрөктөп туруп өткөзөт, маселен, 50, 70, 100, 250, 350 сыяктуу. Анан 310 деген жылды юбилей кылган учурду кезиктирбеппиз. Экинчиден, юбилей дегендерди кескин кыскарталы деп жатпайбызбы. Анан калса, Бишкек баатырыбыздын баатырдыгы анча дааналанбай турат го…

Талиеванын таарынычы


Жогорку Кеңешке "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Камила Талиева кайсы бир басылмага маек куруп "мени спикер кылабыз деп жогорку бийликте олтургандар алдап кетишти" деген өкүттөсүн айтыптыр. Тигилире спикерликти бербей алдаса, Кулов вице-спикерликти бербей алдады дейт Талиева.
Талиеванын бул кебине Бөдөш Мамырова "жеке кызыкчылыкты көздөгөн туура эмес" деп чыкты.
"Чоң саясатка аттанган ар бир адам жеке таарынычтан алыс болуш керек" деп Мамырованы Мыктыбек Абдылдаев колдоп турат.