Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул

Коррупционер, коркпо, баары бир кармаласың, жатчу жериң даяр!


Илгери ушул заманды алып келген Михаил Сергеевич Горбачев: "Процесс пошёл!" деп туруп чакчелекейди чыгарбады беле. Анын сыңары биздин бийлик, биринчи иретте президентибиз Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөш ачып жиберди эле ошол тараптын чакчелекейи чыга баштады. Аталган кадам толгон-токой коррупционерлерге тозоктун келатканына кабар берсе, миллиондогон жөнөкөй адамдарга "коомубуз тазаланат экен, жакшылык келет экен" сыяктуу үмүт-ой келип кубантып турган кези.
Ооба, Атамбаев күрөш жүргүзгөндөй түр көрсөтпөй, күрөш жүргүзүп жатканы даана көрүнүп жатат. Президент болордо берген убадаларын четинен аткара да баштады. Анан кандай болмок...
Өткөндөгү Коопсуздук кеңешинде президент далайлардын жүрөгүн түшүргөн биртоп кебин айтты. Маселен коррупцияга "тааныш-тамырларды" кызматтан айдайм, майда-барат жеп ичкендерди кармай бербей барандууларын кармагыла, болбосо, катуу жооп бересиңер сыяктуу кеп азыркы жетекчилердин жинин кагып таштачу кеп. Анткени, азыркы убакта кызматтан айрылуу чоң трагедияга тете көрүнүш.
Ошентип, коррупцияга каршы күрөш Акаев менен Бакиев тушундагыдай жел сөз эмес, оңкодон сайып ооматын кетирчү иш-чара болуп турат. Болсун! Ошол кездин бир үзүмүн эсте: президенттин же өкмөттү чогулушунда бүтүндөй коррупционерлер отурат да коррупцияга каршы күрөштү аёосуз деңгээлде жүргүзүш керек деп талкуулап жатышат.
Карасаңыз эй, кылмыш кодексинде "коррупцияга каршы күрөш" деген өзүнчө берене бар. Мына ошол берене боюнча ушуга чейин бир дагы адам жоопко тартылган эмес экен! Жеп-ичкендин баары эле "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган", "бирөөлөрдү коркутуп акча өндүрүүгө аракет кылган" ж.б. беренелер менен соттолуптур. Ушуга чейин бир коррупционерди таап соттой албаган, биздин тийиштүү кызматтарга баракелде!
Азыр баш оорутуп, бутту жоорутуп коррупционерди издеп олтуруунун кереги жок, көчөдө бараткан бирөөнү токтото калып "коррупционерлерден санап берчи" десең, өлө жатканы онду санап берет, жашаган жерин көрсөтүп бериши мүмкүн. Анан аларды карма да териштирип туруп, тыкчу жерге тыгып сал!
Билгендердин айтымында азыр өкмөттө олтургандардын 90 пайызы, Жогорку Кеңеште олтургандардын 95 пайызы коррупциянын жолунда, болбосо бир ирет ошол жол менен баскан дейт. Бул аябагандай коркунучтуу процент! Бүтүндөй мамлекетти жок кылып таштачу көрүнүш! Ал ал болсун. Анан аларың беттерин тултуйтуп олтурат го, таза иштейли, таза жүрөлү дегенден анча жадабай айтып...
Оо, аз жыл мурун "Аю" деген компания бүтүндөй Кыргызстанды бийлеп, бийлетип турбадыбы, азыркы абалы деле азоо аттай го... Мына ошол компаниянын жашырылган, эсепте жок 100 миң ( ! )бөтөлкөсү ачыкка чыкты. Эми түштүк тараптагы складдарды, дүкөндөрдү текшерсе, жогорудагы сандан кем чыкпас!
Биздин гезит өткөн сандарында "Шаршенбек Абдыкеримовдун үстүнөн кара булут" айланып турат деп жазды. Ал булут соо булут эмес экендиги уламдан-улам катуу айтылып жатат. Абдыкеримов "Республика" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат, эми болсо "д" тамгасы "ж" тамгасына алмашылып турат...
Ошол эле Жогорку Кеңеште олтурган Камчыбек Ташиевдин "Томас" деген фирмасында толгон май куюучу жайы бар. Алар кайдагы акчага салынган же сатып алынган?
Акматбек Келдибековдун да толгон "тиги-мунусу" бар миллиондорду чапчыган.
Ал эми Нариман Түлеевдин дүнүйөсүн санаган адамдын чачы тик турат. Өзүбүздү да, Түлеевди да аяп азын санап коёлу: Бишкекте эле 15тен ашык менчик квартирасы бар, алар атасына, кызына, баласына катталган; "DosCredoBank", "SapatCom", "Вести KG" жана жакында эле "Рахат Palace" аттуу чоң соода түйүнү бар. Булардын барына Түлеев акчаны кайдан алган? Баса, "атасы" Бакиевге да оңбогондой акчаларды берип турчу экен деген да "куйругу" бар.
Ушул азыр каржы жагын тейлеп-тескеп турган Акылбек Жапаров ЦУМдун артына асман тиреген офистик имарат салды, толгон базар-дүкөндөрү бар. Ал акчаны кайдан алган?
Жогорудагыларды баарынын жообу даяр, "биз деген ак тилек менен тапкан айлыгыбызды коротконбуз, таза бизнес жасаганбыз" деп. Ушул жерден "безвыходных положений не бывает" деген Мюнхаузенди эстеңиз!
Момундай бир турмуш чындыгы турат: президент канчалык кыйын болбосун бийликтеги анын жанындагылар таза иштемейин, президентчесинен тике туруп качырмайын коррупцияга каршы күрөш жыйынтык алып келе албайт. Бул иште биринчи иретте Генпрокурор Аида Салянова коррупцияга каршы күрөшкө программалаштырылгандай иштеши керек...

Баратбай Аракеев