Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тарых тамырынан...
Улуу кыргыз каганатынын
1170 жылдыгына карата
(Башталышы өткөн сандарда)
4. Улуу Кыргыз каганатынын тарыхынын азыркы мезгилге таалим-таасири барбы?
Кыргыз Республикасынын Президентин Указында: "Тилекке каршы, кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясый конъюктурадан улам бурмаланып келген." - деп көрсөтүлгөн. Биз жогоруда белгилегендей Указда "кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы бар дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактары камтыйт" деп туура жазылган.
Кыргызстандын коомчулугунда азыр деле байыркы тарыхты терең изилдеп, аны кунт коюп окуп үйрөнүүнүн зарылчылдыгы барбы? Андан көрө, азыркы мезгилде пайда болгон гуманитардык илимдердин жаңы тармактарына көңүл буруп, учурдагы маселелерди чечүүгө аракет жасаганыбыз оң эмеспи дегендер четтен чыгат. Бул пикирди колдоого болбойт. Анткени, өткөндөгүсүн билбеген элдин келечеги жок. Өткөндөгү тарыхына, маданиятына, ата-бабалыранын өрнөктүү иштерине сыймыктануу сезими өзгөчө кыргыздарда күчтүү өнүккөн. Байыртадан эле кыргыз элинде жети жаштагы эркек бала жети атасын билүүгө милдеттүү болгон. Жети атасын билбегендерди "тентиген кул", "жетесиз кул", "тексиз" деп коюшкан. Ар бир муунга 25 жыл берилсе, ошондо жети жашаар бала 175 жыл мурда жашаган жетинчи атасынын ким болгондугун билген. Уруу башчылары 21 атасына чейин билүүгө, ошолор басып өткөн тарых, белгилүү жол башчылардын, баатырлардын, акылмандардын даңазалуу өмүрлөрү, терең мазмундуу ойлору, баалуу мурастары аркылуу жаш муундарды тарбиялоого милдеттүү болгон. Кыргыз элин эки, керек болсо үч миң жылдан бери сактап, өстүрүп келген факторлордун бири да кыргыздардын өзүнүн генеологиясына жасаган өтө аяр мамилеси болгон десек эч жаңылышпайбыз.
Ушундан улам Указда "Кыргызстандын элдеринин тарых жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү жана адамдарга өлкө үчүн жарандык атуулдук жана сыймыктануу сезимин тарбиялоо милдети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын" - деп эң таасын көрсөтүлгөн.
Демек, кыргыз элинин көптөгөн кылымдарды карыткан тарыхындагы урунтуу окуяларынанын баарынан тең таалим-тарбия алууга болот. Эми IX кылымда түзүлгөн Улуу кыргыз кагандыгынын тарыхында Эгемендүү Кыргызстандын азыркы мезгилдеги коомдук турмушуна сабак, үлгү боло турган жактарына токтололу. Биздин оюбузча алар төмөнкүлөр.
***
Биринчиден, Улуу кыргыз кагандыгы ошол кездеги кыргыз элинин, анын жол башчыларынын башка элдерди басып алып, аларды эзүүнүн натыйжасында бийликке жана байлыкка жетүү үчүн жүргүзгөн саясаттын натыйжасында түзүлгөн деген тыянак чыгарууга болбойт. Себеби кыргыздар ошол мезгилде Уйгур кагандыгынын агрессивдүү баскынчылык саясатына каршы, көз карандысыздык үчүн күрөшкөн башка элдердин да чоң таянычы болгон. Алар кыргыздарга эзүүдөн куткаруучу, адилеттүүлүктү орнотуучу күч катары ишеним артышкан. Ушуга байланыштуу Уйгур кагандыгынын баскынчы саясатынан кутула тажаган элдердин бары биринин артынан экинчиси кыргыз мамлекети менен ынтымакта болушуп, айрымдары кыргыз өлкөсүнүн курамына кирген. Адилеттүүлүк үчүн күрөш баштаган кыргыздардын курамына кирген элдердин эсебинен кыргыздардын чек арасы кеңейип, калкынын саны боюнча уйгурлардан кийинки орунга чыккан. Тарыхый маалыматтарга ылайык ошол кезде кыргыздардын саны 500 миңге жеткен. Кыргыздар көз карандысыздык, адилеттүүлүк үчүн согуш баштаганда уйгурлардын эң чоң, башкы яглахар уруусу кыргыздар тарапка өтүп кеткен. Анын соңунан Уйгур каганатындагы көптөгөн майда уруулар да кыргыздарга тынчтык жолу менен багынып беришкен. Демек, кыргыздардын уйгур каганатына жасаган "Чоң казаты" көз каранды элдердин азаттык үчүн жүргүзгөн күрөшүн колдогон адилет согуш болгон. Кыргыздар эч убакта тынч жаткан элге катылып, биринчи болуп кол салган эмес.
***
Экинчиден, Кыргыздардын армиясы уйгур армиясы менен гана беттешип, чабуулдун жүрүшүндө тынч жашаган калкка курал көтөргөн эмес. Тарыхта уйгур армиясынын Пан Тегин жетектеген чоң бөлүгү Чыгыш Түркстанга баш калкалаган. Ошол учурда кыргыздардын күчүнөн корккон Кытай императору Кыргыз каганы менен тезирээк тынчтык келишимин түзүүгө шашылган. Кытайга кыргыз каганынын элчиси катары барган кол башчы Тапу Алп Солду Кытай императору кастарлап тосуп алып, ал аркылуу Улуу кыргыз каганаты менен Кытай империсынын ортосунда тынчтык келишимин түзүп, Алп Солду баалуу белектер менен узаткан. Ушул жерден кыргыздар өтө күчтүү армияга ээ болсо да жеңилген уйгурларга кыргын салуу саясатын жүргүзбөгөндүгүн баса белгилесек болот. Кытай императору Улуу кыргыз кагандыгы менен тынчтык келишимин түзгөн соң, кыргыз каганына жагалданып, байма-бай кат жөнөтүп турган. Кытай императорунун 840-845 жылдары жазган көптөгөн каттарынын он тогузу 2003-жылы кыргыз тилине которулуп басмадан чыккан. Ал каттарында Кытай императору кыргыз каганынан уйгурларды тукум курут (генодцит) кылып кырып салууну кайра-кайра суранган. Бирок кыргыз каганы кытай императорлорунун байыртадан бери келе жаткан көчмөндөрдүн бирин экинчисинин колу менен жок кылуу саясатына макул болбой, кытай императорунун сунушунан кескин түрдө баш тарткан. Кыргыз каганатынын гумандуу саясатынын натыйжасында мекенинде калган уйгурлар да, Чыгыш Түркестанга качкан уйгурлар да тез арада эле тынч турмушта жашай баштаган. Кыргыз каганы өзүнүн ставкасын уйгурлар көбүрөөк жашаган чөлкөмгө көчүрүп кыргыз эли менен уйгур элинин ынтымакта жашашы үчүн бардык шарттарды түзгөн. Кыргыз каганынын бул саясатынан азыркы Кыргызстандын жетекчилиги улут аралык мамилелерди жөнгө салуу багытында үлгү алса болот.
***
Үчүнчүдөн, Улуу кыргыз каганатында жүргүзүлгөн адилет саясаттын натыйжасында мурда уйгур каганатынын доорунда жылдан-жылга уланып келген бүлдүргүч согуштар токтогон. Кыргыз каганатына коңшулаш жашаган көп сандаган элдер дайыма тынчтык бербей келген уйгурлардын кысымынан кутулуп, тынчтыкта жашай баштаган.
***
Төртүнчүдөн, жаңы жагдай кыргыз урууларынын өнүгүп-өсүшүнө жакшы шарт түздү. Борбордук Азиядагы бир нече майда уруулар кыргыздардын курамына сүңгүп киришип, өздөрүн кыргызбыз деп атап калышкан. Бул мезгилдеги кыргыздын этникалык курамынын кеңейиши "Манас" эпосундагы "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" деген саптардын чындык экендигин далилдейт. Бул факт ошол кезде эле кыргыз эли көптөгөн этникалык топтордон куралганын далилдейт. Туура жүргүзүлгөн этникалык саясаттын натыйжасында Улуу кыргыз кагандыгына кирген элдердин баары тез арада кыргыздын каада-салттарын, маданиятын кабыл алып, кыргыз тилинде сүйлөп, өздөрүн кыргызбыз деп сыймыктануу менен атап калышкан. Өз кезегинде кыргыздар да өзүнө кошулган элдердин маданиятынын жакшы жактарын кабыл алып, алардын каада-салттарына урмат менен мамиле жасаган. Улуу кыргыз каганатынын этникалык саясатын азыркы мезгилдеги улут саясатын жүргүзүүгө пайдаланып, Кыргызстанда жашаган 100 гө жакын этностордун ынтымагын бекемдеп, аларды биз кыргызстандыкпыз деп сыймыктана турган деңгээлге жеткирүүгө эмне үчүн болбосун.
***
Бешинчиден. Дүйнөлүк тарыхтын тажрыйбасы тигил же бул мамлекеттин өнүгүшү мамлекеттик бийликтин натыйжалуу, калыс иштешине тыкыз байланыштуу экендигин эбак эле далилдеген. Улуу кыргыз кагандыгында башкаруу түзүмү ирээтке келтирилип, анын натыйжалуу иштешине кам көрүлгөн. Каганатты каган башкарган. Кагандын сөзүнө турбай эки сүйлөшү өлүмгө тете уят иш катары эсептелген. Кагандын буйругуна кайдыгер мамиле жасаган чиновниктер, каганга туура эмес кеңеш берген кеңешчилер, коомдук тартипти бузуп, жөнү жок чуу чыгарган бузуку адамдар дароо өлүм жазасына тартылган. Кагандан кийинки экинчи экинчи орундагы мансап - буйрук (кеңешчи) деп аталган. Кийинки мансап орду - бойла деп аталып ал өкүм бекиткен. Мындан кийин - йарган бийлиги ээ болгон адам буйрукту аткарган.
Кагандын балдары - тегиндер (ханзадалар), иналдар (кагандын жээндери) ордонун мүчөлөрү катары эсептелип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн каганаттын кызыкчылыктарына багыттоого, адал, ак кызмат өтөөгө милдетүү болушкан.
Борбордук бийликте жергиликтүү бийлик ээлери: тутуктар, таркандар, бийлер, түтүндөр баш ийген. Алар өздөрүнө тапшырылган аймактарды башкарууда бардык маселелер боюнча кагандын алдында керт башы менен жооп берген. Мамлекеттик казынага кол салган чиновниктер өлүм жазасына тартылган. Улуу кыргыз кагандыгында уурулук өтө жексур көрүнүш катары каралган. Эгерде баласы уурулук кылса анын башын кесип атасынын моюнуна илип коюшкан. Ал ууру баласынын башын бул дүйнөдөн көзү өткүчө моюнуна илип жүрүүгө милдеттүү болгон. Натыйжада Улуу кыргыз каганатында уурулук өтө эле сейрек кездешкен. Бабаларыбыздын мамлекеттик кызматчыларга койгон катуу талабынан, азыркы тил менен айтканда коррупцияга, уурулукка каршы күрөшүнөн туура жыйынтык чыгарып, азыркы мыйзамга ылайык катуу жазаласа болбойбу?
***
Алдтынчыдан, тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар Борбордук Азиядагы маданияттуу жана сабаттуу элдерден болгон. Каганатын аймагында "орхон енисей жазуусу" деп аталган кыргыз жазуусу кеңири пайдаланылган. Түндүк Кытайда, Тибетте билим алган кыргыз жаштарынын саны өскөн. Жогорку билимдүү кыргыз жаштары коңшу мамлекеттердин хан сарайларына кызмат өтөөгө чакырылганы жөнүндө маалыматтар бар.
Улуу кыргыз каганатынын өкүм сүрүүсү 80 жылга созулган. Х кылымдын биринчи чейрегинде гегомондук саясаттан, бийлик үчүн күрөштөн, мансапкорлуктан чыгармачыл, куруучулук эмгекти, руханий байлыкты артык көргөн кыргыздар бийлик кылган аймактарды таштап өздөрүнүн ата журтуна, бир бөлүгү Енисейге, экинчи бөлүгү Теңир-Тоого кайта баштаган. Ошол кездеги кыргыздардын мансапка караганда материалдык өндүрүшкө, чыгармачыл эмгекке, руханий байлыкка умтулушу, азыркы саясатташып кеткен коомубузга, бийликке умтулган мансапкорлорго үлгү, сабак болсо жакшы болмок.
Ошентип Улуу кыргыз дөөлөтү X кылымдын биринчи чейрегинде тынчтык жолу менен жоюлган. Улуу кыргыз каганатынын доору Кыргызстан тарыхындагы өтө орчундуу, өтө даңазалуу жана сыймыктуу мезгил. Бекеринен бул доорду Россия империясынын окумуштуулары "кыргыздын жылдыз жанган мезгил" деп аташкан эмес. Бул доордо "кыргыз" деген аталыш полиэтнонимге айланып, мындай атты алып жүрүү чоң сыймык болуп эсептелген. Бул ат менен Борбордук Азиянын башка элдери да өздөрүн атай баштаган. Тарыхый булактарда белгилегендей Улуу кыргыз каганатынын доорунда кыргыздар 60 уруу элдин башын бириктирип, алардын ынтымакта жашап, өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө жетишкен. Бул ошол доордогу чоң феномен, азыркы мезгилге үлгү катары бааланат.
Жетинчиден, биз жогоруда белгилегендей кыргыздар б.з.ч. III кылымдан баштап эле Тянь-Шан менен Енисейдин аралыгындагы кеңири мейкиндикте бири-бири менен тыгыз байланышта жашап, өнүгүп келген. Ушундай чоң аймакта жашаган кыргыз элинде региондорго, жер-жерлерге, кокту-колотторго бөлүнүү деген түшүнүк болгон эмес. Улуу кыргыз каганатынын тушунда баш аягы болжол менен 6 миң чакырым мейкиндикти ээлеген ата-бабаларыбыздын региондорго бөлүнбөй "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", түбү бир кыргызбыз деп ураан чакырып, ынтымакта жашашы азыркы Бишкектен Ошко чейинки 600 чакырым гана аралыкта жашаган бир элди түндүк-түштүк деп экиге бөлгөн оёндорду ойлонтпой койбос. Байыркы кыргыз элинин биримдиги орто кылымдарда Улуу кыргыз каганатын түзүүгө алып келген болсо, азыркы кыргыз элинин бөлүнүп-жарылуусу акыры Кыргыз Республикасынын жок болушуна алып бараарын ар бирибиз эстен чыгарбашыбыз керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указында Кыргыз Өкмөтүнө 2012-2013 жылдарда Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп үйрөнүү жана кеңири таанытуу Программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу, ал Программа боюнча 2012 жылы Улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий практикалык конференция өткөрү, бул багытта илим изилдөө иштерин күчөтүү боюнча бир катар багыттар аныкталган. Указда белгиленгендей Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарынын "Мурас" фондун жана тарых илимин өнүктүрүү, Кыргызстан тарыхы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик комиссия түзүү маселеси каралган.
Аталган иш чараларды жүзөгө ашыруу кыргыз элинин тарыхындагы мурда белгисиз жаңы таасын кырларын ачат. Кыргыз Республикасындагы жаңы бийликтин, өлкө башчысынын камкордугунун натыйжасында, Кыргызстан тарыхынын, ата-бабалардын ыйык мурастарынын жылдызы жыл өткөн сайын жаркырап жанып, улуттук идеологиясынын негизин түзүп, келечектеги урпактардын жолун жарык кыла берерине терең ишенсек болот.

Өскөн Осмонов,
КРнын тарыхчылар ассоциасынын президенти, КРнын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү,
КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор.