Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Куйручук олуянын окуяларынан...
Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук

Куйручуктун колдоочулары жөнүндө сөз


1. Жылаңач Нурбала
Жылаңач Нурбала Кудай сүйгөн Куйручукту көп айланчыктар эле... Олуя намазга жыгылган учурларда жылмайып күлүп, тегеренип келер эле...
Куйручуктун уулу Мукаттын он эки жаштын тамагын ичкен чагы. Беш убак намазын үзбөгөн атасы тамүйүндө намазга жыгылып атканда, бала эшикти шырт ачып, шыр үстүнө кирип барса болобу!.. Чунак бала!.. Ооба, атасы намаз окуп атыптыр... Бирок... Жайнамаздын жанында жазындагы байчечекейге окшоп, жаадырап ойноп отурган жылаңач баланы көргөндө Мукаттын көзү алайып, оозу ачылды. Бирок, кылайып корккон жок. Ал атасынын сөзүн эстеди. Кереметтүү атасы анын кулагына күмүш сыргадай сөз тагып, минтип айтып калуучу эмес беле:
- Садага болоюн, бокмурунум! Мен намазга жыгылып атканда, үстүмө кирбе!.. Жаныма жакын келбе!.. Эгерде, байкоостон башбагып, үстүмө кирип калсаң, анда эшикке кайра чыкпа!.. Мен намаз окуп бүткүчө, мага жолтоо болбой, сүйлөбөй, тынч отура бер!.. Уктабай отур!..
Ал атасынын ушу сөзүн дароо эстеди. Жылаңач балага алагар көзүн жиберди. Берки бурчтагы көлдөлөңгө акырын жантайды. Ал бирде атасын, а бирде жазындагы байчечекейге окшош жылаңач баланы таңыркап тиктей берди. Бирмаалда жылаңач баланын көзүнөн жашыл нур төгүлдү. Көйнөкчөн балага ушундай көрүндү. Жашыл нур Мукаттын кирпигине өрүлдү. Күндү тиктегенсип, Мукаттын көзү уялды. Атасынын намазы узакка созулду. Куйручуктун уулунун денеси талыкшып баратты. Көзү сүзүлүп, кирпиктери жабышып, уйкусу келе баштады. Үргүлөп, уйкуга узап баратканда атасынын "Уктабай отур!" деген сөзү оюна кылт этти. Каректери жылт этти. Ойгонуп кетти. Ал ой бешикте термелди.
Жаңкы жазындагы байчечекейге окшош жылаңач баланын көзүнөн жашыл нур төгүлө берди. Көйнөкчөн бала жылаңач баланын жашыл нур төгүлгөн көзүн кызыгып тиктей берди. Мукаттын дене бою бутунун тырмагынан чачынын учуна чейин кордогу коргошундай көлкүлдөп ээрип баратты. Кирпиктери жабышты. Көзү жумук, көкүрөгү туюк бокмурун бала атасынын таберик сөзүн унутту. Жаны жыргап, көшүлүп уктап кетти. Аңгыча, көйнөкчөн баланын төбөсү зың дей түшкөнсүдү. Ал чоочуп ойгонду. Көзүн ушалады. Атасы маңдайында казандагы шорподой кайнап,мурутун чайнап, ачууланып, сүйлөнүп туруптур:
- Кап, балам ай!.. Ушу сени менен кыргызда эки Куйручук болмок эле.. Эми, болбой калбадыбы!.. Аттиң!.. Уктабай отур, дебедим беле!.. Атаганат, болбостур!.. Айла жоктур!.. Эми, эл катарында жай турмушуңду кылдыратып, кара курсагыңды эптеп тойгузуп жүрө берерсиң!.. Атаа, балам ай! Жылаңач Нурбалам сага буйруган жок!
Кудай сүйгөн Куйручук жер тиктеген уулуна кейиштүү сөздөрүн айтып, өзүнүн муштуму тийген уулунун төбөсүн үч жолу жыттады.

2. Көкжал карышкыр
Көкжал карышкыры Кудай сүйгөн Куйручукту дайыма ээрчип жүрүүчү эле. Муну Куйручуктун жалгыз өзү гана билүүчү эле...
Куйручуктун уулу Мукаттын он үчтөгү чагы. Атасы каякка барса дагы сербейтип жанына уулун кошо ала жүрүүчү болду. Карагер жоргого жаш каргадай кондуруп, учкаштырып алат. Жолдуката ата менен бала кызуу кепке киришет. Сөз арасында ата уулуна мына буларлы кайталап айтат:
- Капысынан көзүңө бирдеме көрүнсө, коркпо! Чоочуп кетпе! Сен байкабай турганда, кокусунан көрүнүшү ыктымал. Карышкырбы же бүркүт болобу, алардын сага кымындай да зыянаты жок... Алар менин колдоочуларым болот... Макулбу, уулум? Коркпогун!..
- Макул, ата! - дейт Мукат чечкиндүү сүйлөп. - Сиздин колдоочуларыңыз болсо... Эмнеге коркот элем!.. Бул күнү дагы кереметтүү киши уулун учкаштырып, Чоң-Дөбө тарапка кетип баратты. Ата менен бала чоң жолдун боюндагы Мазар-Булакка кайрылышты. Булактан обочо биртүп кызыл табылгыга Карагерди өзү байлады Куйручук.
- Булактан даарат алып, шамнамазга жыгыла кетели! - деди ата уулуна.
Жайнамаз ордуна олуя өзүнүн белкурун жая салды. Ата менен бала жанаша турушту.
- Ассалому-алейкум, рахматулла! - Куйручук оң ийнине башын бурду. Баласы атасын туурады. - Ассалому-алейкум, рахматулла! - Куйручук сол ийнине башын бурду. Баласы атасын туурады...
Ата менен бала жанаша турушуп, намаз жайгарышты. Атасы уулун атты чечип кел дегендей ишаарат кылып, колун жаңсады. Сүйлөгөн жок. Колун гана жаңсап койду.
Мукат бир түп кызыл табылгыга байланган Карагерди чече албай убараланды. Чылбыр чийе күрмөлүп калыптыр... Же атасы атайын ушинтип байлап салганбы?.. Ким билет? Минтип байлачу эмес эле?.. Бала бырышып-тырышып атып, аттын чылбырын эптеп-септеп чечти. Бирок... Ушу саамда эмнегедир денебою дүр-дүр үрктү. Көзү чыбырчыктады. Чачынын түбүнөн бери жыбырап чыкты. Ал селт эте түштү, денесин жыйырып алды. Карагердин куйрук жагында тайторпоктой болгон килейген көкжал карышкыр комдонуп жатыптыр... Баланы көрүп, карышкыр өйдө турду... Көздөрү тимеле, коломтодогу кордой кызарат... Карышкыр балага жакындай баштады Мукат бакырып жиберди... - Ата-а! - Жер айланкөчөк бол түштү. Бала бүрүшүп отура калды... Бала чакчелекей будуң-чаң түшүп, куюндай сапырылган ойлорун араңзорго жыйнады. Атасы маңдайында казандагы шорподой кайнап, мурутун чайнап, ачууланып, сүйлөнүп туруптур:
- Кап, балам ай! Коркпо дебедим беле!.. Бокжүрөк турбайсыңбы! Сени менен кыргызда эки Куйручук болмок эле... Эми, болбой калбадыбы! Аттиң, болбостур! Эми, эл катарында термелеп оокат кылып, каракурсагыңды эптеп тойгузуп, ошого ыраазы болуп, жай турмушуңду кылдыратып жүрө бересиң... Көкжал карышкырым сага буйруган жок!
Кудай сүйгөн Куйручук уулунун жүрөгү жоктугуна аябай кайгырып, кабыргасы кайышып, зээни кейип, ойбешикте термелип турду:
- Жылаңач Нурбалам, көкжал карышкырым!.. Экөө тең уулума буйрубай калды... Менин кереметим Мукатыма оошпой калды, кудуретим жугушпады... Эми, бул итимди айранкөз бүркүтүмө жолуктурганым болбостур... Уулумдун жүүнү бош экен... Бүркүтүмөн да коркот!..
Кудай сүйгөн Куйручук агалачач тоолорду тиктеп, уулунун жүрөгү жоктугуна, жүүнү боштугуна аябай кайгырып, ой бешикте термелип турду.




oКримбаян
Баратбай АРАКЕЕВ
"Шерлок Холмс" Манат

- Алишер чалды каруудан капшыра кармап;
- Акчалуу үйдү, же сейфти ачтырбайм. Өздөрү ачат. Бу жерде кеп өзүмдөн артык көргөн адамымдын өмүрү жөнүндө болуп жатат, түшүнүп жатасыңбы, Ключ? Барышың керек!
- Ключ капшыра кармаган карылуу колдун күчүн сезди, кан-сөлү жок кубарган,эч нерседен кайра тартпаган жүзүн көрүп коркуп турду.
- Болуптур, үйдөн бир нерсе издеп көрөйүн, калгандыр баскан жолдон бир нерсе...
- Ал бат эле чыкты. Манаттын эшигин да көп күттүрбөй ачты да, кетип калды. Алишер эки жигити менен ичкери кирди. Босогодогу бут кийим коюлчу тактанын кулап жатканын көрдү. Түшүндү. Ички үйгө чуркап кирди. Ашкананы карады. Манат жок. Ички үй асты-үстүн түшкөн. Журнал столунун үстүнөн бир барак кагазды көрүп, колуна алды; "Алишер, биздин сөздү уксаң-Манат сеники, укпасаң-кудайдыкы" деп жазылган. Манатты көрө элегине эки күн болгон.
- Алишер шалдайып турду. Муун-жүүнү бошой түштү. Ою айлаңкөчөк, "Эмнеге кайтарбадың экен? Эмнеге?" Өзүн-өзүн жектеп турду. Минткенден майнап жок. Манаты да жок. А балким түбөлүк жок...Алгачкы жолу адамдын-Кожоюндун канын көксөп турду.
Дал ошол Алишер айласын таппай турган учурда Манат Ташкендин четиндеги үч метр калың дубалдуу, эки кабат үйдүн бир бөлмөсүндө бир суткадан бери тамак эмес, сууга зар болуп, каны катып жаткан...
- "Тез кел" деп чакырылган Анарбек Алишерди кан-сөлү жок каардуу өңүн көрүп, катуу чочуду;
- Эмне болду?!
- Болор иш болду. Сен үлгүрбөй калыпсың, Манатты алып кетишиптир.
- Ким?!
- Ойлон ким экенин...Кожоюндун иши экенин билбейсиңби эмне?
- Эмне кылдык?
- Эмне кылышты сен айт! -Алишердин сиркеси суу көтөрбөй оройлонду. Экөө кеңешип, Кожоюнду өздөрүнө жан тарткан шоопурун таап сүйлөшмөй болушту. Ал шоопурдун Алишердин жигиттери эки сааттын ичинде таап келишти.
- Атың ким эле? -деди Алишер шоопур кол алышып катарлаш отургандан кийин.
- Арген.
- Арген, сени чакыртканым-Кожоюнун Манатты уурдап кетиптир. Эскерткениң чын чыкты. Кайдан издейбиз?
- Кожоюн көбүбүзгө ишенбейт. Ал Ташкентке кеткен боюнча дайынсыз. Мен билген адамдары жасап жатышат. Бирок, биздин точкалардан издеп көрүшүбүз керек. Шаардын ичинде, сыртында болуп Кожоюн барчу он чакты үй бар. Мына ошолордон издейли.
- Арген, -деди Алишер анын далысына колун коюп, -эми сенин тагдырың биздики менен бир уланат, макулсуңбу?
- Макулмун.
- Өмүрүң бычак мизинде болорун билерсиң. Кожоюнуң кечирбес.
- Анын баарын ойлонгом. Өмүрдөн айрылсам өзүмдүкү...
Анарбек, Арген дагы эки жигит болуп шектүү үйлөргө байкоо салуу үчүн жөнөп кетишти. Булардын иши үймөктөн ийне издегендей эле кеп. Бирок аракет кылыш керек.
Алишер шоопур жигити экөө үңкүйүп көпкө олтургандан кийин шарт ордунан туруп;
- Куралың жаныңдабы?-деди шоопуруна.
- Машинада.
- Кеттик. Баягы мага кол салган алтоону издейбиз. Аларды кайдан табыш керектигин билбейт белең?
- Издеп көрсөк болот
- Сыртка чыгып машинага олтуруп, шаардын борборун көздөй жөнөштү. Үч-төрт саат бою ресторандарды, барларды, базарларды кыдырышты. Аргенден жок дегенде биринин адресин сурап алсак болмок.
Түш оой бергенде тамактанмакка өздөрү көп барчу ресторанга кирип, тамакка заказ беришти. Официант жаңы эле айткан тамактарды алып келип алдыларына коюп, мындай боло бергенде төрт жигит шарт келип, бири чөнтөгүнөн күбөлүгүн көрсөтүп;
- Угродонмун. Биз менен жүрүңүз, -деди күбөлүгүн кайра салып.
- Алишер токтоо сурады;
- Эмнеге?
- Аны кабинеттен сүйлөшөлү.
- Макул. Бул тамакты жеп алалы адегенде.
- Тигилер макул болуп тигиндейректеги столдон орун алып күтүп турушту Алишер да, шоопуру да тамакты шашпай, үн катпай жешти.
- Кеттик, -Алишер алдыга карай баштай басты. Үчөө Алишердин машинасына түшүштү.
- Анарбек, Аргендер кечке жуук Алишердикине келип, аны таппай турушту. Дал ушул маалда кезигишмек. Анарбектердин шектүү точкаларды кыдырганынан майнап чыккан жок. Башкача аракет кылыш керек эле...
- Алишерди түз эле Тиленбектин кабинетине киргизишти. Экөө бири-бири менен бетме-бет отуруп маектешпесе да. сырттан жакшы тааныш. Подполковник Тиленбектин тазалыгы, тайманбастыгы, эч нерсеге сатылбагандыгы, анан да мыкты профессионал экендиги Алишер далай уккан. Нечен ирет алыстан көргөнү да бар. Тиленбек да Алишерди жакшы тааныйт. Өзүндөй эле тайманбас деп билет. Криминал дүйнөсүнө аралашкан мындай жигиттер коомго өтө коркунучтуу экендиги ар дайым жанында. Мындайларды колго түшүрүштүн да азабы күч...бирок, акыры анын өмүрү өткөрчү жери түрмө экени белгилүү.
- Тиленбек Алишерге орун көрсөтүп, азга сынай карады;
- Эмнеге алдырганымды билесиңби?
- Жок. - Алишер кадимкидей токтоо жооп берди.
- Манат кайда?
- Билбейм.
- Анан ким билет?!- Тиленбек оройлоно кетип, кайра жумшарды. -Сени билет го дегем.