Руслан Чалбаев, жабырлануучу:
"Ата-Бейиттеги 87 баатырдын арасындагы белгисиз адам менин атам экен..."

Каргашалуу 7-апрелде курман болуп, "Ата-Бейитке" коюлган 87 баатырдын бири Максымбеков Маралбек деген жарандын тирүү экени айтылып, бул тууралуу коомчулукта ушу күнгө чейин ар кандай сөздөр айтылып келет. М,Максымбековдун тирүү экенин "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов дагы атайын тартылып алынган видеонун негизинде тастыктап, депутаттар маселени иликтеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурага тапшырышкан эле. Көп өтпөй эле М. Максымбеков айрым бир гезиттерге интервью берип, Россиянын Екатеринбург шаарында жашап, ошол жакта иштэрин билдирген. Ошондон бери Максымбековдун ордуна ким коюлду, курман болгон 87 баатырдын бирөө ким деген суроо коомчулуктун көңүл борборунда болуп, маркумдун ким экени аныкталбай келет. Бул боюнча кечээ жакындан бери Руслан Чалбаев деген жигит "каза болгон адам менин атам Дүйшөн Чалбаев" деп билдирүүдө. Окуянын чоо жайын билүү үчүн биз Русландын өзүнө кайрылдык...

- Руслан мырза, каза болгон адам, сиздин атаңыз экенин кантип билип калдыңыз?
- Жаңы жылга жакын атамдын бир тууган карындашынын баласы Жаныбек мага телефон чалып: "Дело№ гезитин карасаң Дүйшөн таякемдин сүрөтү жүрөт"- деди. Гезит алайын деп күркөгө барсам, гезит жок калыптыр. Интернет клубка барып, аталган гезиттин баракчасын ачсам, чындап эле атамдын сүрөтү экен. Көргөндө эле тааныдым. Эртеси журналисттер аркылуу байланышып, башкы прокуратуранын тапшырмасы менен ишти карап аткан тергөөчүгө бардым. Барсам ал, "атаңдын сүрөттөрүн, документтерин алып кел"- деди, бардыгын алып барып бердим. Азыр иш тергөөдө. Чындап эле сенин атаң экенин аныкташ үчүн сенден кан алып, ДНКнын негизинде текшериш керек, ал тургай, атаңдын күмбөзүн казып, сөөгүн текшеребиз дегендей кылып атышат. Менден кан алса мейли, бирок, атамдын күмбөзүн ачууга мен көңүлдөнгөн жокмун. Арга жок, атамбы же башкабы деп билбей жашагандан көрө ачтырып көксөмдү суутканым деле оңбу деп ойлойм. Өзүм негизи "Ала-Арча" көрүстөнү жакта жашайм, бир жолу ошол белгисиз жаран жаткан күмбөздүн башына барып алып, балким ушул атам болуп калбасын деп ойлодум эле.
- "Дело№" гезити атаңыздын сүрөтүн кайдан алыптыр?
- Журналисттер сүрөттү тергөөчүдөн алышыптыр. Тергөөчү болсо моргдон алган экен. Атамдын чекесинде калы бар болчу. Сүрөттө калы бакыйып эле көрүнүп турат. Эч кандай жери атама окшобойт деп айта албайм. Кыскасы "Ата-Бейиттеги 87 баатырдын арасындагы белгисиз адам, менин атам экен.
- Атаңыз менен акыркы жолу качан жолуккансыз?
- Атам куруучу болуп иштечү, эки үч айлап Алма-Атага барып иштеп келчү. 3-апрель күнү жогоруда айткан атамдын карындашы үчөөбүз Кара-Балтага барып, чоң апама куран окутуп келгенбиз. Андан кийин кайра Кара-Балтага кетип, 7-апрель күнү шаарга келген экен, элдер ызы-чуу болуп атканда телефонуна чалсам өчүрүлгөн. Ага чейин Алма-Атага барам деп да аткан, балким Алма-Атага кетип калдыбы деп ойлодум. Ошону менен жарым ай өттү жок, айлам кеткенде морго барып, издөө сала баштадым. Барсам, моргдо таанылган адамдардын баары алынып кетип, таанылбаган адамдар калыптыр. Кайрылбаган жерим калган жок, оорукана, морг баарын издеп жүрүп, акыры чарчаганда "Замандаш" партиясына кайрылсам, ошол учурда өздөрүнүн иши көп болуп, алар деле жардам бере алган жок. Көз ачыктарга кайрылсам, "тирүү эле, бир күнү келет" деп коюшту. Көрсө, 7-апрелде эле М. Максымбеков менин атам деп моргдогулардын баарын алдап, миллион сомду алып, Россияны көздөй баса берген тура.
- М.Максымбеков менен байланышып көрдүңүзбү? Укук коргоо органдары кандай чараларды көрүп жатат?
- Укук коргоо органдары Максымбеков издөөдө дешет, ИИМ Максымбековдон кыйын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн деле кармап жатышпайбы, эмнеге эле Максымбековду кармап, жоопко тарта албай атышат билбейм. Ал эми Максымбековдун кылган иши үчүн мен андан өч алышым мүмкүн. Бирок Максымбеков мени эмес, ал мамлекетти алдап кетти. Ошондуктан, аны менден мурун мамлекет жазалашы керек.
- Аталган маселе боюнча жогору жактагыларга кайрылып көрдүңүзбү?
- Президент А. Атамбаевге, премьер-министр Ө. Бабановго, депутаттарга кат жолдогом, эч кандай жооп боло элек. .
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





"Текебаев Келдибековду, анан Бабановду жок кылышыбыз керек деген"
Көп жылдык тарыхы бар "Ата Мекен" фракциясынын ичи тынч эмес. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов туурасында коомчулукта тескери пикирлер айтылып жатса. Ушул эле фракциянын депутаты Өмүрбек Абдрахманов фракция лидери Текебаевди "Учур" гезитинин 2-февралдагы санында келиштире "туздады".

Бул туурасында Өмүрбек Абдырахманов: "Текебаев көп нерселерди жасайт. Бирок баарын өзүнүн жеке карьералык маселесин чечүү үчүн жасайт. Текебаев эмгекти баалабайт. Текебаев акчаны жана кошоматты гана баалайт. Мына ушундай адам экенине менин көзүм жетти...
Жыл этегинде Текебаев "Келдибеков менен Бабановду жок кылышыбыз керек" деген маселени коюп жаткан. Бир күнү эле "Келдибековду биринчи жоготолу, анткени, экөөнү бирдей жоготсок, экөө биригип алып, бизди жайлап таштайт. Ошондуктан, алгач Келдибековду, андан соң Бабановду" деди. Ошондо Равшан Жээнбеков "премьерликке талапкерлигимди коөм, кааласаңар добуш бергиле, каалабасаңар бербегиле, мен шайланыш үчүн эмес, программаны жарыялаш үчүн коөм, эл уксун" деди. Бул сөз Текебаевдин кабинетинде болду. Текебаев "мен баарына 100 пайыз гарантия бере албайм, бирок сага 15 добуш беребиз, депутаттар менен сүйлөштүм" деди.
Тилекке каршы, аягында Текебаев 15 эмес, бир дагы добуш берген жок, Текебаевдин жүзү ушундан билинди. Равшан беш добуш алды. Мен, Исмаил Исаков, Равшан өзү, анан башка фракциялардан эки депутат колдоду. "Ата Мекенден" бирөө дагы колдогон жок. Анткени Текебаев бизге карап "15" деп, тыягына бурулуп, "нөл" деп коөт. Эгер Бабановду колдобосок, коалицияга кирбейли, сындай берели, жок, коалицияга киргенден кийин көпчүлүктүн сунушун колдошубуз керек дегем. А Текебаев болсо, "жок, биз Бабановду жок кылабыз" деп тымызын оюндарын жүргүзүп жатат. ", - деди Абдрахманов.
Биз Текебаевди жоготолу деп айтып аткан жокпуз. "Оңолуңуз, демократия жолуна түшүңүз, Бакиев болбоңуз, айбан болбой адам болуңуз, кылып жаткан иштериңиздин баары эле туура эмес" десек, бизди душман көрүп, "партиядан чыгарам" деп жулкунуп жүрөт. Жулкунса жулкуна берсин! Андан эч ким коркпойт!" - деп, агынан жарылыптыр.