Эки кочкордун башы, бир казанда кайнабай...
Өкмөт башчысы Бабановго "Республика" фракциясынын бир катар депутаттарынын ичи чыкпай жаткан экен. Өзгөчө фракция лидери Канат Исаев экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер күн санап курчуп, тескери карашып калганга чейин жеткенин, аталган фракциянын эле депутаттары кеп кылышууда. Мындан улам Бабанов "Республика" фракциясынын депутаттарына "Канат мырзаны лидерликтен алып түшкүлө" - деген өтүнүч буйрук берип жатыптыр. Бирок көпчүлүк депутаттар мындай талапты колдобой, моюн толгошуп жаткан экен. Бабановдун мындай саясатына Исаев дагы жөн жатпай, өкмөт башчынын кыңыр иштерин тизмектеп жүрөт дешет. Айтор, экөө ачыкка чыгып тирешпесе да, көшөгө артында бири-бирине кыр көрсөтүшүп турган чагы. Кимиси жеңет, же кимиси элдешүүгө кадам коет, айтуу кыйын.

Салянова кызматынан кол жууганы калды
Башкы прокурор Аида Салянова коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгылыктуу натыйжаларды көрсөтө албаса, кызматынан кол жууп калышы мүмкүн. Анткени президент Алмазбек Атамбаев тарабынан катуу талап коюлуп, коррупционерлер менен күрөшүүдө чабалдык кылып, тыянак чыгара албаса, ээлеген ордунан алынары эскертилип, бир аз убакыт берилиптир. Ал ортодо Башкы прокурордук орунга барчу кээ бир талапкерлердин ысымдары атала баштады. Ак үйдөгү шыбышка караганда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев менен мурунку Ички иштер министри Өмүрбек Кутуевдин талапкерлиги каралып жатыптыр...

Досалиеванын ордуна Кодураңова барат...
Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева ээлеген ордунан бошотулуп, анын ордуна айтылуу парапсихолог Мелис Карабековдун жубайы, мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодураңова бара турган болууда. Ак үйдөгү маалыматтарга караганда, бул маселе чечилип калыптыр. Эске сала кетсек, Асел айым аталган кызматты 7-апрель окуясынан кийин белгилүү мөөнөттө жетектеген.


Өлкөдө "Бабанов жыттанып" калабы деген чочулоо күч...
Учурда республика боюнча акимдерди шайлоо процесси жүрүүдө. Өлкөбүздүн кырктан ашык районуна 120дан ашык талапкер ат салышууда. Өкмөт башчысы Бабанов акимдердин дээрлик көбүн өзүнүн кишилерин коюуга болгон күчүн жумшап, ар бир районго "Республика" партиясынан бери дегенде экиден талапкер сунуштап жатканы нааразычылык жаратууда. Анын үстүнө сунушталган акимдердин бардыгы эркектер болгондуктан, гендердик теңчилик сакталбай калгандыгы дагы айтылууда. Эң негизгиси, коомчулук Бабанов жалаң эле өзүнүн партиясынын кишилерин акимдикке отургузуп, бүтүндөй өлкө "Бабанов жыттанып" калмай болду дешип, өкмөт башчысынын ишине канааттанышпай турушат. Сыягы, минтип отурса Өмүрбек мырзанын өкмөт башчылык кызматынын өмүрү узак болчудай эмес.


Асанакунов менен Калмурзаев тирешүүдө
Ысык-Көл областынын прокурору Бакыт Калмурзаев жана облустук ички иштер башкармалыгын башчысы Илепбаев экөө аталган областын губернатору Мирбек Асанакуновго баш ийбей, кыр көрсөтүп тирешип, ар түрдүү оюн жүргүзүп жатышкан экен. Губернатор Калмурзаевди кызматтан алуу тууралуу Башкы прокурор Аида Саляновага бир нече жолу сунуштама жазса дагы, жогору жактан кийлигишкен адамдар барбы, айтор, Башкы прокурордун Кулмурзаевди кызматтан алууга күчү жетпей коюптур. Сыягы, бул Кулмурзаев деген "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" неме көрүнбөйбү. Дегенибиз, буга дейре 7-апрелде борбордук аянтта кан төгүлүп жатканда, Башкы прокурордун орун басары болуп иштеп турганына карабастан жоокерчиликтен сыртта калган. Кийин Ахматбек Келдибеков спикер кезинде Ысык-Көлдө "криматалык" делген Камчы Көлбаев менен жолукту делип күнөөлөнүп, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экөө кызматтан кеткенде дагы, ошол кезде спикерди коштоп жүргөнү айтылган Калмурзаев ордунан козголгон эмес. Бирок бул жолу губернатор акыр аягына чейин катуу туруп, Калмурзаевди алып түшкөнгө белсенип киришиптир. Күчү жетеби, же жетпейби, күтө туралы...

Манас Акматбеков кызмат сурап...
Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген Манас Акматбеков деген бар. Кандуу 7-апрелден кийин кызматтан алынып, андан көп өтпөй Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКга барганда, тааныш-билиштик кылып, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басарлыгын басып жыгылган. Он күн өтпөй Отунбаева ал орундан оодарып салып, кайрадан "көчөдө" калган. Бирок таанышы бар талаада калбайт дегенге таянып алганбы, Бабанов менен бир айылдан болгондуктан, өкмөт башчы аркасы менен Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгын алам деген ниет менен Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кириптир. Бирок Зарылбек мырза көңүлсүнбөй моюн толгоп коюптур. Ага ызаланып, таарынган Акматбеков өкмөт башчы Өмүрбек мырзага арызданып жүргөнүн эшиттик.


Абдыкеримов УКМК тузагына илингени айтылууда...
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүүгө катуу киришкени көптөгөн "жеп-ичкичтердин" түн уйкусу качып, мамлекеттен өөнөп алган миллиондордун изин жашырууга, билинип калгандарын эптеп жаптыруунун аракетин көрө башташты. Жакынкы аралыкта УКМКнын астында түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бир катар көзүр чиновниктердин былыктарын ашкерелөөгө кам уруп жатыптыр. Айрым маалыматтарга караганда "коррупционер" чиновниктердин эң алгачкыларынын тизмесине алкомагнат, "Республика" фракциясынын депутаты Шаршенбек Абдыкеримов илиниптир деген сөздөр айтылууда. Буга Шаршенбек мырза Азык-түлүк корпорациясынын директору болуп турган учурда, бир топ миллиондорду сол чөнтөккө солоп жибергени себеп болуп жаткан экен. Айласы кеткен Абдыкеримов кыңыр ишин жабуунун жолун издеп, бир миллион долларын көтөрүп алып, айрым бир күч органдарынын жетекчилеринин эшигин каккылап жүргөнү сөз болууда. Тилеги орундалып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы, же "коррупционер" делип абийири төгүлөбү белгисиз...


Фабула -пресс