Укмуштар дүйнөсүндө…
Табышмактуу сырлар көп
Айтылуу "Манас" эпосунда баатырдын "шилтеген жерден жан чыккан, шиберге койсо өрт чыккан" ач албарс кылычы башында болуп, "асмандан түшкөн алты курч" тууралуу баян жомоктогу кыял эмес, нукура чындык экендигин мезгил өзү аныктап жаткан сыяктанат. Илимий-техникалык ири ачылыштар көп болгону менен табигаттын татаал сырларын адамзаттын толук аңдап билүүсү чектелүү экендигин тана албайбыз. Ал гана эмес физикалык илимдердеги формулалар да кээде аалам сырларынын табышмагын далилдеп берүүгө алсыз болуп калган учурлар кездешет. Кылымдар бою бузулгус теория болгон Ньютондун Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону да, көзгө көрүнбөгөн бөлүкчөлөргө туура келбей калды. Мында эки нерсенин радиусунун квадратынын алардын массаларына болгон катышынын граватициялык туруктууу санынын көбөйтүндүсүнүн суммалары туура экенине күдүк ойлор да жаралып жатканы да бекер эмес. Мейкиндиктин жашоосу да убакытка көз каранды экенин эске алсак, физиканын бул теориясында убакыт эске алынбагандыгын "жаңылыштык" катары санасак болот.
Ааламда "каңгыган" сансыз метеориттердин учуп жүрүшү жана анын мезгил-мезгили менен жерге түшкөндөгү кубаттуу жарылууларынын, чагылгандын табышмактуу табиятын чечүүгө илимдин күчү жетпегендиги аркылуу дүйнөнүн сырлары чексиз экендигин аргасыз моюнга алууга туура келет. Мындай уникалдуу табышмактардын бири - Сибирдеги Тунгус метеоритетин кошсок болот.

Мезгилдин катаал сыноосубу?
Жыйырманчы кылымдын башында Россияда жети жыл бою бийлик менен элдин ортосунда тирешүү болгондугу тарыхта белгилүү. Ушул күчтүү чыңалуулардын акыры Орусияга караштуу Сибирдин бир бурчундагы Подкаменная Тунгуска суусунун аймагында күтүлбөгөн чоң кырсык болуп өтөт. Бул 1908-жылы июнда метеориттин кубаттуу жарылуусунун толкунунда 2150 чарчы метр аралыкта өрт чулгайт. Бул аралык Москва шаарынын аймагына тете болгондугун окумуштуулар жашырбайт. Жарылуунун кубаттуулугун алар 10-40 мегатонн салмагына теңешет, демек жарылуунун энергиясы ири водород бомбасынын кубаттулугуна барабар десек жаңылбайбыз.
"Тунгус метеоритети" атын алган бул окуянын артында адамзатка белгисиз болгон көптөгөн кубулуштар болуп өтөт. Жарылуудан кийин уюган металлдардын табылышы, укмуштуу формага ээ болгон уникалдуу буюмдарга окшош бөлүкчөлөр илимий изилдөөчүлөр аркылуу текшерилген, бирок мындай жогорку сапаттагы бекем металдарды иштеп чыгарууга илим алсыз экендигин моюнга алууга туура келген. Бул кокустукпу, же кырдаалга жараша мезгилдин койгон сыноосу болгонбу, буга эч так жооп табыла элек.
Таң каларлык табылга
"КП" басылмасынын маалыматына караганда краснодардык Игорь Подукеевичтин бабасы ядролук физика тармагында окумуштуу болгон. Тунгуска түшкөн метеориттин кубулушун изилдөө иштерине катышат. Ошол жерден ал "уникалдуу материалды" - кубок формадагы идишти үйүнө алып келет. Бул идишти кайдан тапканын жашыруун сактайт. Бирок ал өмүрү өткөнчө бул буюмун эч кимге карматкан эмес. Игорь бабасы сууну да, чайды да жалаң ушул идиштен ичип жүргөндүгүн белгилейт. Бул кокустуктан дал келүүбү, же чын эле бул идиштин касиети зор болгонбу, окумуштуу 102ге чыгып дүйнөдөн кайтат. Ушул мезгилде карыя бир да жолу оорубаптыр. Өлүм астында кубокту Игорго тапшырыптыр.
Белгилей кетели, ал учурда атеизмдин күчтүү мезгили болгон. Ошондон уламбы, идишти белекке алган Игорь Кубандагы үйүнө келип, кубокту гаражына коөт да, аны унутуп коөт. Бабасынын бул мурасы бир нече жыл бою "ишсиз" калып пайдаланылбайт. Таң каларлык табылга анын эсинен чыгып кеткен экен.
Унутулган "кубоктун" касиети кантип билинди?
"Эбепке себеп" дегендей Игорь Ивановичтин үй-бүлөсү күтүлбөгөн кырсыкка дуушар болот. Буга унутулган кубоктун касиеттүү күчү себепкер болдубу, аны айтуу кыйын. Игордун 16 жаштагы кызы Илона Подукеевич 2006-жылдын январынын башында аварияга учурайт. Кыздын ички органдарынан үзүлгөн жана көгала болгон жана сынган сөөктөрү да көп эле. Ак халатчандар бир канча эң оор опепацияларды жасашат. Илонаны толугу менен мурдагы абалына келтирүүгө медицинанын алсыздыгы ачык көрүнөт. Врачтар кызды түбөлүк мунжу болуп калышарын, таяк менен басууга кеминде 6 ай убакыт керек болорун эскертишет.
Кызды марттын аягында үйүнө чыгарып кетишет. Кыздын абалы оор эле, айрыкча анын эртеңки келечеги ата-эненин тынчын алат. Кайрадан дарыланууга марттын аягында алып барышмак. Ошондо Игорь бабасынан калган кубокту эстейт. Үмүт, чиркин, адамды эмнеге алып барары баарыбызга белгилүү го. Кызды тамактандырууда ушул кубокту пайдаланышат. Ал гана эмес суусундуктарга да ушул идишти гана пайдаланышат.
Элестетип көрөлү, кыздын абалы күн сайын оңоло баштайт. Эки айдан кийин оорукана алпарышканда, дарыгерлердин өздөрү да кескин өзгөрүүгө таң калышат. Медициналык анализдердерде бардыгы нормага туура келген, сынган сөөктөр жетилип, жарааттардын изи калган эмес. Ички органдар таза чыгат, дегеле бул кыз аварияга учурабагандай. Бул адам ишенгис укмуш окуя эле. Ал эми Илона университеттен билим алып, мурдагы аварияны жөн эле коркунучтуу түш катары эскериши жомоктогудай сезилет.
Дарылангандар ыраазылык билдиришет
Элден эч нерсе жашыра албайсың. Кубоктун касиети тууралуу уккан илдеттүүлөр, дартына даба болобу деген үмүттө Игорь Ивановичке кайрыла баштайт. Маалыматтарга таянсак, кубокто даярдалган "жандуу сууну" пайдаланышкандардын өттөгү жана бөйрөктөгү таштарды операциясыз жана дарысыз эле жок болгон. Семиздиктен жабыр тарткандар диеатасыз эле 17-20 килограммга салмагын азайткан. Кеңири таркаган геморрой дартынан айыккандар да көп. Бөйрөк жана ашказан оорулуулар илдеттеринен кутулушкан. Диабетиктердин канындагы канттын өлчөмү калыбына келсе, жогорку басымдан жабыркагандар да таза айыгышканына ыраазылык билдиришкен.
Тимашевск шаарчасынан келген Владимир Хамаевдин айтуусуна караганда аялы экөө кубоктогу сууну бир нече ай пайдаланышып, натыйжада кандын басымы калыбына келгенин, ошондон бери кандын басымы көтөрүлбөгөнүн, баш оорудан кутулуп, кадимкидей күч-кубатка ээ болгонун билдирген.
Ал эми Вячеслав Константинович 13 жыл мурда автокатастрофадан кийин түбөлүк мунжу болуп, баса албай калгандыгын кеп кылат. Жамбаш сөөгүнө доо кетип, эки буту иштебей калгандан кийин атайын эки тростуу аспапты бутуна кийип, кош балдак менен басып калганын, кийин кант диабет илдети пайда болгонун эскерет. Кубоктогу "жандуу сууну" пайдалангандан кийин өзүн бир кыйла жеңил сезип калгандыгын, канда канттын курамы нормасына түшкөнүн, эң негизгиси медициналык аппаратсыз эле өз алдынча бутуна тура баштаганына кубанычын жашырбайт. Демек, кубоктун табышмактуу касиети бар экендигине ишенбей коө албайсың.
Кубоктун курамы тууралуу сөз
Кубоктун укмуштуу таасири тууралуу пикирлер да ар кыл. Ушундан улам, илимдин ар тармагы боюнча кесип ээлери аны ар тараптан илимий жактан аныктоого аракеттерин жасап келишет. Орусиянын Новосибирск Илимдер Академиясынын илимий изилдөө институту тарабынан кубоктун химиялык курамын текшерип, өзгөчө мүнөздөгү кремнийден жасалганын, бул зат эч качан кристаллдык түрдө кездешпесин көргөзүшкөн.
Кубань мамлекеттик университетинин органикалык химия жана технология кафедрасы кубокто 20 саат сакталган сууну текшеришкенде, кадимки эле сууда циркониянын, жездин, молибдендин курамы 10-25-40 эсеге көтөрүлгөнүн, ал эми күмүштүн курамы 100 эсе төмөндөгөнүн аныктап чыгышкан.
Кубоктун бийиктиги - 15 сантиметр, салмагы - 200 грамм. Идиште суу белгилүү мөөнөттө сакталганда кышкы аязда айнекке түшкөн сүрөттөр пайда болот. Идиштин капталында кулпунун жана таңданган адамдын сөлөкөтү көрүнөт экен.
Илимий жактан алганда кремнийдин биздин организмге кылган эмгеги зор. Эгерде организмде кремний жетишсиз болсо, анда жашоого керектүү химиялык 70 элементтин организмде жетишсиздиги пайда болорун окумуштуулар моюнга алышат. Ал эми кубоктон суу ичкендердин организми кальций, хлор, фтор, натрий, күкүрт, алюминий, цинк, молибден, марганец, кобальт жана башка элементтерди өздөштүрүүсүн камсыз кылары да таң каларлык көрүнүш катары белгиленет. Табигаттын бул табышмактуу идиши болжол менен мындан 5000-5500 жыл мурда жасалган деген божомол жасашат.
Эртабылды АТТОКУРОВ