Уккула калайык, Шадиев светке болгон бааны көтөрөт...
Өткөн саныбызда Энергетика министри Шадиев Ширшовдун схемасына салып, электр жарыгына болгон бааны көтөргөнү жатат деп жазган элек. Жаңылган эмес экенбиз, 28-январда ЖКнын пленардык жыйынында асмандан алганбы, ким эсептен чыкканын ким билсин "электр энергиясынын өздүк баасы 1 сом 8 тыйын, биз элге арзан берип жатабыз" деген жөө жомокту жобурап, электр жарыгына болгон бааны көтөрүшүбүз керек деп чыкты. Деги шордон арылбаган эл экенбиз, кыштын кыраан чилдесинде свет өчүп, эл калчылдап тоңуп жатса, Шадиев эч нерсе болбогонсуп, кебелбей туруп бааны 1 сомдон жогору көтөрүш керек деген коңгуроону кайра-кайра кагып жатканы, жакшылыктын жышааны эмес го. Сыягы, Бакиевдин "Ак жолчу" "кол баласынын" элге жакшылык кылчу түрү байкалбайт. Ишке ашыра албай Энергетика министри болсо эле баарын кыйратып жиберчүдөй, ак эткенден, так этип жүрчү эле, көрсө ниети бузук белем. Анткени энергетика тармагындагы алешемдиктерди жоюп, элдин камын көргөндүн ордуна, Бакиевдин тезек тердирип, чырак жактырчу кыялын, бир сөз менен айтканда, элдин канын сорчу идеяларын ишке ашыра албай, жандалбастап жүрөт. Шадиевди минтип ишенимдүү түрдө "бааны көтөрүш керек эле көтөрүш керек" деп шаңыраңдап калганына караганда, өкмөт башчысы Бабанов менен сүйлөшүп алган окшобойбу. Болбосо, Бабанов элдин кызыкчылыгына каршы иштеп жаткан Шадиевге сөгүш беримиш болуп бапестеп отурбайт эле. Кимдин-ким экенин ушундан эле билсе болот. Кыскарта чапканда, "жыт" Бабановдон кетип жатабы, же Шадиевдин өзүнөн кетип жатабы, айырмалоо кыйын болуп турат. Мындайды кыргызда "эшегине жараша тушагы" дечү беле...


Классташым, классташым...
Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчиси Шейшенбек Байзаков ЖК депутаты Токон Мамытовго жабышты да калды. "Экөөбүз классташпыз" - деп чыккан Шейшенбек Байзаковго Токон Мамытов "Мен аны менен өмүрү бир класста окуган эмесмин. Унутуп калдымбы деп сураштырып да көрдүм. Жок, андай эмес экен. Бир класс эмес, бир мектепте чогуу окуган эмеспиз"- деген жообун берген. Бирок "башкы түрмөчү" Байзаков айтканынан кайтпай кечээ жакында эле "Токон Болотбекович менин классташым" - деп дагы айтып чыкты. Эки генералдын кимиси калпты ышкыртып атат болду экен? Же Байзаков байкабай балп эттирип алып, калк алдында калпычы аталгысы келбей, Токоңду классташ кылып алгысы келип аткандыр.


Кечээки революционер, бүгүнкү энергетик не дейт?
Бакиевдин түрмөсүн көрүп чыккан Сапар Аргынбаев деген революционер бар. Апрель окуясынын кийин абактан чыгып, учурда "Түндүкэлекторунун" директорлор кеңешинде мүчө. Өткөндө 5-каналдагы энергетика маселесине арналган талкууда Сапар Аргынбаев "электр тарифин бир сомго көбөйтсөк калкыбыз туура түшүнөт деген ойдомун" - деп оозу-мурду кыйшайбай туруп балп эттирди. Урматтуу Сапар мырза, элибиз туура эмес түшүнөт. Сиздин абактан чыгышыңызга себепчи болгон шейит кеткен 100гө жакын азаматтарыбыз дал ушул тарифтердин кымбатташына нааразы болуп Ак үйдүн алдына чыгышкан. Эшегиңиз суудан өткөндөн кийин элдин капчыгына кол салганы турасызбы? Андан көрө "техникалык жоготуу" деген жок шылтоо менен байып атышкан энергетиктерди колго чабыңыз.

Азикеден ажого кат
Азимбек Бекназаров кайрадан саясат айдыңында. "Азыркы парламентти президент мөөнөтүнөн мурда таркатыш керек. Депутаттар акча, бийлик гана бөлүшүп атышат. Таркап кеткенден коркуп азыркылар "Ак Жолдун" кейпин кийип калышты. Шайлоо өткөргөндөн коркпош керек. 2013-жылдын февралына чейин жаңы парламенттик шайлоо дайындоо керек. Парламентти таратуунун эки жолу бар: мыйзамдуу жана революциялык. Экинчи жолдун баасы канчалык экенин жакшы билебиз" - деп Азимбек Бекназаров ажого ачык кат жазыптыр. Маанисин байкап көрсөк, президент бир айласын таап, мыйзамдуу жол менен таркатсын же революциялык жол менен кубалап чыгабыз деп коркуткандай түрү бар.

Генпрокуратура кагаздан аппакпы?!
"Ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыктоочу коллегиясында финансы министри Акылбек Жапаров: "Генералдык прокуратура кылмыш ишин козгоо үчүн пара талап кылат, ал паранын белгилүү суммада ставкасы бар, мисалы бай бизнесмен кылмыш ишин козгоо керегин сураса, андан 1миң доллар талап кылат" деп билдирип, бир кезде анын өзүнөн да 5 миң доллар сураган деген маалыматты тараткан экен. Бирок бизге А. Жапаровдон эч кандай арыз келип түшкөн эмес" деп билдирди Генералдык прокуратуранын пресс-кызматы. Эмне, Генералдык прокуратура таптазабыз дегени турабы?! Бул элдин суроосу.


Алиева арызын жазды
Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Алиева өз эрки менен кызматтан кетээрин билдирип, Алмазбек Атамбаевге арызын жазды. Президенттин сунушун Жогорку Кеңеш бир ооздон колдоп берди. "Мени эч ким мажбурлаган жок, ден соолугума байланыштуу кызматтан кеттим" - деген Жаңыл айым 2008-жылдан бери өлкөбүздүн Жогорку Сотунда судья болуп келди. Бакиевдин "бармак басты, көз кысты" далай иштери менен жакындан тааныш болсо керек. Жаңыл айым айтчу жаңылыктар али толтура...


Камчыкеден каардуу кеп
Бир айдан бери унчукпай жаткан "Ата-Журт" фракциясынын башчысы айдын аягында катуу ачылды. 28-январдагы парламенттик отурумда Бабанов баш болгон, Тынаев төш болгон өкмөт мүчөлөрүн өкүртө сындады. Кичи мекенине иш сапары менен аттанган баш бакандын өкмөттүк саатка катышпаганына капаланган Камчыбек Ташиев "Өмүрбек Бабанов убаданы катуу берет, аткараарда качып кетет" - деп атырылды. "Өлкөбүз боюнча канча аянтка күздүк себилгенин билбейсиң" - деп Айыл-чаба министри Сапарбек Тынаевди алка-жакадан алды. "Алдыраарда жаздыраар" болуп Камчыкең каарданып атканда өкмөт мүчөлөрү докладдарын кыйратып ийгенсип жалаң мама тилде даярдап келишкен экен. Тил маселеси актуалдуу болуп атканын түшүнгөн Камчыбек мырза муну да кур калтырбай, "эмнеге кыргызча даярданбайсыңар, парламентти сыйлабайсыңарбы" - деп капталдан качырды. Чын жүрөгүнөн айттыбы же элге жагынуунун аракетин кылдыбы анысын ким билсин, бирок кандай айтса дагы эң туура айтты. Парламентти эле эмес, Кыргыз мамлекетин сыйлагандар кыргызча сүйлөп гана тим болбостон, кыргызча түш жоорушу керек.

Фабула -пресс