Жеңишбек Назаралиев, Профессор:
"Мен өз өлкөмө
жардам берүүгө даярмын"
Өткөн жекшемби күнү, 2012-жылдын 23-январында "Пирамида" телеканалында "Экинчи мен Владимир Петухов менен" берүүсү эфирге чыгып, анын башкы каарманы белгилүү нарколог жана коомдук ишмер Жеңишбек Назаралиев болду. Эфир учурунда профессор акыркы мезгилде эмне менен алек болуп жүргөндүгүн айтып, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга мамилесин, биздин өлкөнү экономикалык жана саясий капсалаңдан алып чыгуунун жолдору тууралуу өз көз карашын билдирди. Биз бул маектин эң кызыктуу жерлерин гезитибизге жарыялоону чечтик.

- Мага жана биздин өлкөнүн тургундарында Сиздин дайыныңыз чыкпай калгандай сезилип жатат, чет жакка кетип калгандайсыз. Ушундайбы?
- Жок, Кыргызстандан кетейин деген оюмда да жок, ушул эле жерде жашап жатам. Бирок, азыр убактымдын 70 пайызын Россияга арнап койгом. Кара деңиздеги Анапа курорттук шаарында VIP-классындагы чоң бейтапкана ачкам. Биз ал жерде Россияда дарыланууну каалаган сыркоологондор менен иш алып барабыз. Саясий кырдаал туруксуз болгондуктан, чет элдиктердин көбү Бишкекке келгенден чочулашат. Бизде абал тынч эле деп аларды ишендириш өтө кыйын.
- Мурдагыдай эле кыргыз паспорту менен жүрөсүзбү?
- Албетте, паспортумду алмаштырайын деген оюм да жок. Бүгүнкү күндө мен үчүн эң маанилүү нерсе - бул менин кыргыз элим. Россиядагы дарыгердик жана экономисттик ишмердүүлүгүмө карабастан мен бүгүн Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн баарына кылдат көз салып турам. Баам салып, санаа тартам, анткени, кандай болгон күндө да бул менин мекеним да, менин жүрөгүм, туулган айылым, ичкен суум, досторум ушул жерде. Мен үчүн эң маанилүү нерселердин баары ушул жерде. Ошондуктан, Президент, премьер, бүткүл администрация, Жогорку Кеңеш кандай иштеп, алар эл үчүн, өлкөнүн өнүгүшү үчүн экономикалык, саясий, социалдык көйгөйлөрдү кантип чечип аткандарын байкап турам.
- Анда, азыркы учурда байкоочулук милдетти аткарып жаткан турбайсызбы?
- Ооба, ошондой десек да болот. Бирок жайбаракат байкоочу эмес, жаратуучумун. Мен колумду куушуруп отурган жерим жок. Мен бүгүн Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Украинанын саясий, бизнес-элитасы, кино, искусство, жана спорт ааламындагы дүйнөлүк атагы бар адамдар менен өтө жогорку деңгээлде байланыштарды түзүп жатам. Мисалы, кечээ жакында эле алтынчы чакырылыштагы жаңы Мамдума түзүлдү. ЛДПР партиясынан 56 киши парламентке кирди, Миронов мырзанын "Справедливая Россия" партиясы 70 мандат алды, чоң мүмкүнчүлүккө ээ бул эки белгилүү саясатчы тең биздин өнөктөштөр, идеялык көз караштары боюнча биздин досторубуз. 2012-жылы 20-январда "Баңгизатсыз аң-сезим" Бүткүл дүйнөлүк лигасынын Камкордук кылуучу кеңешинин төрагасы болуп жаш меценат, миллиардер Акиф Гилалов, ал эми Лиганын вице-президенти болуп Сергей Матвиенко (РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Советинин төрагасы Валентина Матвиенконун уулу) дайындалды.
- Өзүңүздүн маектериңиздин биринде сиз азыркы мезгилде кыргыз улутунда идеялык лидер калбай калды деп айттыңыз эле. Мисалы, Чыңгыз Айтматов лидер болчу! Сиздин оюңузча, азыр Кыргызстанда ким лидер болушу керек?
- Инсанды тарых жаратат, бул факт. Эл өзүнүн лидерлерин кадырлап, барктап алышы керек. Биздин идеологиялык лидерлер болсо бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө көз жуумп атышат. Динара Асанованы, Болот Миңжылкыевди мисалга алалы. Азыркы учурда биздин өлкөдө ким идеологиялык лидер болушу керек? Келиңиз, Россиядагы кырдаалга баам салып көрөлүчү. Владимир Владимирович Путин, Дмитрий Анатольевич Медведьев Коомдук палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумасына эки жолу сөзсүз түрдө улуттун сыймыгы болгон көрүнүктүү инсандарга конокко барышат.
Лидерлер элдин башын кошуп, алардын рухун жана көрөңгөсүн көтөрүшөт. Биздин өлкөдө деле аз болсо да дүйнөлүк атак-даңкы бар адамдар: ырчылар, спортчулар, окумуштуулар бар. Бирок биздин аткаминерлер эмнегедир аларды көзгө илишпейт. Тескерисинче, биздин жарандарды шыктандырып, башын кошуу керек, менин оюмча бул ишти бир гана адам - Президент жасай алат. Чоң чен-өлчөм менен алып караганда, ал жарандар үчүн ата , эне, ага. Ал баарынан жогору турган инсан. Эгер Алмазбек Атамбаев саясий гана эмес, идеологиялык жактан да жаңы лидер боло алса, мен ага тизе бүгүп, таазим этүүгө келем.
- Сиздин кечээ жакында эле берген маегиңизге кайра кайрылалы. Сиз жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу формасы алгылыксыз дедиңиз эле. Азыр да ошондой көз караштасызбы?
- Парламенттик башкаруу жаратмандык үчүн туура жол сыяктуу, бирок ал Кыргызстан үчүн, өзгөчө азыркы учурда туура келбейт. Жогорку Кеңешке келген партиялар түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнү эч кимге жашыруун эмес. Эгер өлкөнү ушул бир нече партия башкарчу болсо, аймактарда мурдагыдай эле кландык каада-салт, 105тен ашыгыраак уруунун ортосундагы эзелтен келе жаткан карама-каршылык улана берет. Парламенттеги депутаттардын арасындагы чыр-чатактардын көбү эмоционалдык өңүттөн улам чыгат, анткени, кыргыздар аябай таасирленгич эл келет. Ошондуктан, дайыма бири-бирине ишенбөөчүлүк өкүм сүрүп, премьерди мезгил-мезгили менен иштен алып турушат. Туура , бүгүн фракциялардын башын кошуу менен кандайдыр бир өзөк түзүшкөнсүдү, бирок эртең эле коалиция тарап кетпесине эч кепилдик жок. Ошондуктан, мен жок дегенде дагы жыйырма жыл, муундар алмашканга чейин президенттик башкаруу сакталып турушун жактайм.
Биздин мурдагы эки президентибиз өлкөдөн качып кетти. Акаев сокур болчу, а сокур киши элди кайда баштамак эле? Бакиев деле андан ашып түшкөн жок. Бир картина бар эмеспи, бир сокур киши дагы он чакты сокурду ээрчитип алып, аңга баратат. Биздин экс-президенттерде жеке кызыкчылык күчтүү болчу, булар Горбачевдик, Андроповдук, Брежневдик доордогу кишилер эле. Бүгүн болсо дүйнө өзгөрдү. Дүйнөдө болуп аткан окуяларга карата жаңы көз караш керек. Эгер президент сокур болбосо тиги же бул уруу эмне деп айтып атканына карабастан өзүнүн кадыр-баркы, инсандык сапаттары, көз карашы менен өлкөнү сапаттык жаңы деңгээлге алып чыга алат.
- Сизден дээрлик болочоктогу президенттин деми сезилип жатат. Сиздин сөзүңүздөн кандайдыр бир саясий президенттик программаны уккандай болдум. Мамлекет башчысынын ордуна дагы бир ирет аракет кылып көрөйүн деген оюңуз барбы?
Дароо эле айтып коёюн, менин андай менменчилигим жок, бирок бүгүн дүйнөлүк деңгээлдеги кубаттуу интеллектуалдык капиталды топтоп, Алмазбек Атамбаевге жана жаш, жигердүү, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ жаңы премьерге жардам берүүгө даярмын, ага башкы менеджер катары мамлекеттин экономикасы менен социалдык маселелерин билгенден сырткары тышкы чакырыктарды түшүнүп, жооп бере алышы зарыл. Бир топ өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыгы Кыргызстанга топтоштурулган, биздин жаныбызда Кытай, ислам, будда дүйнөсү, америкалыктар, Россия турат. Бул чоң оюнда иштеп жана көзү ачык болуу - өтө татаал жана жооптуу иш.
- Демек, сиз жардам бергиңиз келет экен, бирок бул эмгегиңиз үчүн эмне каалайсыз?
- Мен мансап каалабайм, айталы, Кыргызстандын Россиядагы элчисинин кызматын талап кылбайм, үй, өкмөттүк дача, машина түрүндөгү артыкчылыктарды да сурабайм, анткени, мунун баары өзүмдө бар. Мен бул теле берүүгө таптакыр башка себеп менен, кыргызстандыктардын арасында өз өлкөсүнө жардам бергиси келген, жардам бере ала турган адамдар бар экенин айтайын деп келгем. Себеби, алардын дүйнөгө карата өз көз караштары бар. Бул дүйнөдө "улут" деген түшүнүк жок, анын өзөгүндө интеллект, сабырдуулук жана Адамга болгон сүйүү турат. Мен үчүн ал оруспу, чеченби, армянбы - баары бир! Эң башкысы, акыл-эси болсо эле болду. Бүгүн менин бир эле максатым бар - күчүмдүн жетишинче өз өлкөмө жардам берүү, эгер элим менен өлкөм өнүгүп атканын көрсөм, ошондон ырахат жана моралдык канааттануу алам.
- Сиздин 2008-жылкы президенттик программаңызга кайра кайталычы. Сизге Кыргызстанда уставдык капиталы 100 млрд. доллардан ашуун Евразиялык каржы борборун түзүү тууралуу идеяңызды көптү көрүп калган тажрыйбалуу кишилер өтө салкын кабыл алгандай сезилбейби? Деги эле бул идеяны кайдан алгансыз?
- Эртеби-кечпи, биз ошого барабыз. Бүгүн Путин өзүнүн программасынын өзөгү кылып Евразияны бириктирүү тууралуу айта баштады. Евразия - биринчи кезекте саясий, каржылык жана социалдык коммуникациялар. Бул - шоссе жолдору, поезддер, акча-товар айлануусу, элдердин ортосундагы байланыш дегенди билдирет. Биздин жайгашкан жерибиз өтө кызык. Биз индобуддистик дүйнө - Кытай жана Индия менен кошунабыз. Биз ошондой эле ислам дүйнөсү - Ооганстан, Тажикстан, Иран менен жакын жайгашканбыз. Жалпы жонунан 15 чакты өлкө бул аймакка кызыкдар, алар Евразиялык каржы борборун түзүү үчүн 7-8 миллиардды жөн эле таштап коюшат, чоң өлкөлөр үчүн бул өтө деле көп акча эмес. 2011-жылы Сочидеги олимпиадага даярдык көрүү үчүн эле РФ өкмөтү 60 млрд. доллар бөлдү. Эгер биз ошончо каражатты алсак, Кытай менен Индиянын, араб дүйнөсү менен Россиянын ортосунда коммуникацияларды кура баштайбыз. Ошентип, Кыргызстан Евразиядагы экономикалык жана саясий, рухий коммуникациялардын чордону болуп калат.
- 90-жылдардын ортосунда сиз белгилүү мыйзамдагы ууруга медициналык жардам көрсөткөнүңүздөн кийин ЖМКлар сизди криминалдык дүйнө менен байланышы бар деп жаза башташкан. Бул жөнүндө эмне дейсиз?
- Криминалдык дүйнө тилекке каршы болуп келген, мындан ары да боло берет. Бирок врач катары мен адамдарга жардам берүүгө милдеттүүмүн. Менин алдымда криминалитеттин өкүлү турабы же саясий, бизнес-элитанын өкүлү турабы - мен үчүн айырмасы жок. Мен андан оорулууну гана көрөм жана аны айыктырышым керек.
- Мен көп кишиден уктум, сиз буддизмди кабыл алган турбайсызбы. Ушу чынбы?
- Болбогон кеп, мунун баары ушак-айың. Туура, мен үчүн суффизмдеги (исламдын мистикалык бөлүгү), йогадагы (индуизмдин мистикалык бөлүгү), кабалладагы (иудаизмдин мистикалык бөлүгү) ар түрдүү психотехникалар менен шугулданган кызыктуу. Йога деген эмне? Бул биригүү, жуурулушуу. Мен азыр сиз менен сүйлөшүп атам, демек, сиз менен биргемин. Эгер текст менен иштеп жатсам - текст менен биргемин. Мен саясатты, футболду билем - демек, аны менен да биргемин. Мен бардык жерде бармын, бардык жерде жүрөм. Мен билимге тойбогон, канааттанбаган кишимин. Кудай бул дүйнөдө эмне берсе, баарын даамдап-татып көргүм келет. Башкача айтканда, азыркы баш айланткан ааламдашуу заманында адамды туруктуу, чыдамкай кылган психопрактикалар менен машыгам. Өзүмдү өзүм дагы да өнүктүргүм келет. Мына көп болду, спирт ичимдиктерин ичпейм, тамеки да тартпайм.
- Сиз "Бангизатсыз аң-сезим" Бүткүл дүйнөлүк Лигасынын президентисиз. 2012-жылдын 2-февралында Лига Эл аралык шахмат федерациясы(ФИДЕ) менен чогуу уюштурган "Майя" Трансулуттук баңгизатка каршы интернет-конкурсунун экинчи этабы старт алат. Ушул конкурс тууралу кененирээк айтып берсеңиз?
- Бүткүл дүйнөлүк Лига 2002-жылы дүйнөлүк баңгиликти жоюуга багытталган коомдук бирикме катары түзүлгөн. Ошондон бери буддистердин лидери Далай Лама, актер, Калифорния штатынын губернатору Арнольд Шварценеггер, тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Кофи Аннан, Костя Дзю, жүздөгөн саясатчылар, спорт жылдыздары, илим дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү бул уюмдун ардактуу мүчөлөрү болуп калышты. 2010-жылдын 3-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк Лига "Майя" конкурсунун орус тилдүү биринчи этабын ишке киргизди, анын максаты - 18 айдын ичинде дүйнөлүк баңгипандемиясынын алдын алуу иштерин жүргүзүү, адамдардын турмушунун жана өлүмүнүн ачуу чындыгын ачып көргөзүү, дүйнөдөгү бангизат жөнүндөгү куру кыялдарды жоготуу. Долбоордун биринчи этабы 97ге жакын өлкөнү ичине алып, Бүткүл дүйнөлүк лиганын идеясына 100 000ден ашуун адам, 200 мекеме-уюм кирди, анын ичинде мамлекеттик институттар, өкмөттүк эмес уюмдар, билим берүү мекемелери, өнөр жай корпорациялары "Майяны" колдоп чыгышты. Долбоордун идеясынан православ чиркөөсүнүн, иудей жамаатынын өкүлдөрү, Россиянын жогорку муфтийи Талгат Таджуддин да четте калган жок.
- Келечекке кандай аруу тилегиңиз бар?
- Мен кыргыз элим эң биринчи кезекте курсагы ток болушун, интеллектуалдык өнүгүүнүн жаңы тепкичине мүмкүн болушунча тезирээк чыгышын каалар элем. Анын жеке жана рационалдык аң-сезиминин өнүгүүсүн, кланы жок чогуу-чараан жашоонун артыкчылыгын түшүнүүсүн каалайм. Акыр аягында, Бирдиктүү улуттун туусун көтөрүүгө татыктуу, азыркы дүйнөлүк айлампада өлкөнү кармап турууга жөндөмдүү жаңы кыргыз элитасы пайда болушун тилейм. Кыргызстан объект эмес, субъект болушу, башкалар аны менен эсептешиши зарыл.
- Бир аз мезгил өткөн соң сиз ойлогон үмүт-тилектердин баары кандайдыр-бир жолдор менен ишке ашат деп үмүттөнөм.
-

-

-
-
-