Сатыбалды Далбаев, Кыргыз эл артисти:
"Учурда, үйүбүз жок деген артисттердин көбүнө мамлекет убагында үй берген…"

Жаш кезинен театрдын босогосун аттап, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талбай эмгектенип келе аткан, белгилүү артист Сатыбалды Далбаев менен байбичеси Мираида Далбаеваны тааныбаган адам аз болсо керек. Жубайлар, өмүр бою чыгармачылыктын түйшүгүн бирге тартып, тагыраак айтканда жарым кылымдан ашык театрда эмгектеништи. Сатыбалды агай пенсияга чыгып, ардактуу эс алууда болсо дагы, жашоосун театрсыз элестете албагандыктан, азыр деле театрда иштеп, роль жаратуу менен алектенип келет. Башкасын айтпаганда да артистин 20 жылга жакын, В.И. Лениндин ролун жаратып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланганын жашырууга болбойт. Ал тургай артист, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты дагы аталган ролдун аркасы менен алганын баса белгилеп кетмекчибиз. Андыктан биз, жубайлардын чыгармачылыгын, жашоо турмушун, коомчулукка чагылдыруу максатында алар менен кеңири маектештик…

- Сатыбалды агай, театрда иштеп, эмгек жолуңузду баштаганыңызга канча жыл болду?
- Түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтып берейин. 1952-жылы Жалал-Абаддагы мектеп интернатын аяктап, медициналык окуу жайга тапшырайын деген ой менен Фрунзеге келгем. Келсем, Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтка кабыл алуу болуп, таланттуу улан-кыздарды кабыл алып жатыптыр. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай оюн -зоокторго катышып, бир аз чымыным болгондуктан, сынакка катышып көрүп, дароо эле өтүп кеттим. Ошентип, ойдо жок жерден Москвага барып, 4 жыл окуп, 4 жылдан кийин Кыргызстанга келип, тактап айтканда 1952-жылдан баштап, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштей баштадым. Жалпысынан театрда 55 жыл иштеп, Кудайга шүгүр, театрдан агарып-көгөрүп, эмгегиме жараша алчу сыйлыктардын баарын алдым. Аткарбай калган ролдорум болгон жок. 55 жылдын ичинде бардыгы болуп, жүздөн ашык спектаклде роль аткардым. Баарынан да эсимде калганы В. И. Лениндин образын жаратканым болду. Аталган образды 20 жылдан ашык аткаргандыктан, азыр мени теңтуштарым атымдан айтпай, Ленин деп коюшат. Мен үчүн Ленин деген ат баа жеткис сыймык.
- Байбичеңиз Мираида эже менен дагы театрдан таанышсаңыз керек…
- Албетте, жогоруда айткандай Москвадан келип, театрда жаңыдан иштей баштаганда эле, "Курманбек" спектаклын коймокчу болуп, даярданып калдык. Бир күнү эле эшиктен бир татынакай кыз кирип, залда турган артисттер менен сүйлөшүп калды. Сулуу кыз экен деп, ойлонгонум менен анчалык маани берген эмесмин. Көрсө ал болочоктогу жубайым Мираида экен. Ошол кезде "Менин жаңылыштыгым" аттуу тасма тартылып, байбичем секелек кыз Гүлжандын ролун аткарып жатыптыр. Ошентип, экөөбүз таанышып калып, жарым жыл сүйлөшүп жүрүп, 1958-жылы январь айында баш кошконбуз. Бирге түтүн буулатып жашаганыбызга быйыл 53 жыл болду. Эки кыз, бир уулубуз бар, үчөө тең үйлөнүп жайланган. Биздин жолду жолдоп, чыгармачылыкка ык коюшкан жок. үчөө тең бизнес менен алектенип жүрүшөт.
- Улуу муундагы артист катары бүгүнкү күндөгү жаш артисттерге жана театрдын абалына кандай баа бересиз?
- Эми театрды бирде тартылып, бирде толуп ташып турган көлдөй элестетем. Илгери Б. Кыдыкеева, М. Рыскулова, А. Айтиев, С. Күмүшалиева, Н. Кытаев баш болгон артисттердин убагында театр толуп ташып, жээгине батпай, калкылдап турчу эле. Андан кийин тартылып кайра толкуп, эми азыр таптакыр эле тартылып калды. Улуу муундагы артисттердин баары каза болуп, болбосо карылыкка баш ийип, азыр театрда иштеген улуу артисттерден мен эле калдым. Бүгүнкү күнү артисттер жок , театрдын абалы таптакыр эле жаман деп айтууга да болбойт. Таланттуу артисттер бар, алар колунан келген аракетин кылып иштеп атышат. Бирок, мамлекет театрга көңүл бурбай жатат, мамлекет көңүл буруп, колдоого алса эле, театрлар өнүгүп кетмек. Анын үстүнө мурдагыдай, спектаклге ылайыктап драма жазган киши жок. Жазуучулардын бардыгы майдаланып, өздөрү менен өздөрү болуп калды. Театрга болсо эл келбейт. Илгери театрдын алдына киши батпай, жыйылып тураар эле. Өкүнүчтүүсү, азыр анын бири жок.
- Учурда Чоро Дубанаев баш болгон белгилүү артисттер үйлөрү жок, батирде баш калкалап жатпайбы. Артисттердин жашоо шарты оор эле десек болот да…
- Бардыгын жаман деп айтуу болбойт, арасында колунда бар, жакшы тургандары деле жок эмес. Ал эми үйү жок артисттердин көбүнө убагында мамлекет шаардын борбордук бөлүгүнөн бир эмес, үч бөлмөлүү үй берген. Арасында бир эмес, экиден үй алгандары да бар. Өздөрү жакшы жашай албай, турмушунан өйдө-ылдый болуп атып, көпчүлүгү үйлөрүнөн ажырап, жайдак калышты. Андыктан, үйү жок артисттер мамлекетке догурунуп, ушул убакка чейин үйүм жок дегени туура эмес деп эсептейм.
- Буга чейин мамлекеттик сыйлыктар дагы калыстык менен берилбей, эмгеги сиңген артисттер четте калып, кечээки эле жаш артисттер жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болуп, жаткандыгы айтылып келет. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Бири кем дүйнө дегендей, беш кол тең эмес турбайбы. Элге эмгеги сиңип, атагы алыска аталган артисттер ээ боло албаган сыйлыкка өзүң айткандай, кечээки эле жаш артисттер ээ болуп, күйбөгөн жерди күл кылып жатышат. Канчалаган залкарлар сыйлыксыз арманда кетти. Кыскасы мен буга абдан кейийм.


Мираида Далбаева, Кыргыз эл артисти:
- Мираида эже, Сатыбалды агай, экөөңүздөр тең театрда иштесеңиздер, турмушта кандай оорчулуктар болду?
- Жашообузда андай деле оорчулуктар болгон жок, бирок экөөбүз тең гастролго кетип, балдарыбызга көбүрөөк мээрибизди бере албай калдык. Көпчүлүк учурда балдарыбызды ата-энем багып чоңойтту. Бирок, жашообуз жаман болгон жок. Башкаларчылап, оор турмушту баштан кечирип, кыйналган жокпуз. Кардыбыз ток, кийимибиз бүтүн, кудайга шүгүр жашадык. Себеби Сатыбалды атадан эрте ажырап, турмушка көзү каныгып, эрте чыйралган экен. Анын үстүнө менин дагы ата-энем жогорку кызматтарда иштеп, колунда бар адамдар болгондуктан, жаңы үйлөнгөндө эле бизди үй жай менен камсыз кылышкан. Экөөбүздүн тең алган айлыгыбыз жогору болчу. Айтор жакшы эле жашадык. Балдарыбыз да эстүү өсүп, мээнетибизди актап, заңгыраган үй салып беришти. Азыр үйдө абышкам экөөбүз эле пенсиябызды алып жашап жатыбыз. Пенсиябыз да жаман эмес, экөөбүз биригип, айына 30 миң сомго жакын алабыз. Баса, абышкам айтпай кетти, төрт неберебиз бар, экөө учурда Лондондо билим алып жатышат. Буга чейин неберелерибиз менен бирге чет мамлекеттердин көбүн кыдырып, жер көрүп келдик. Чыгармачылыгым жөнүндө айта турган болсом, жогоруда абышкам айткан М.Рыскулов, Ш.Түмөнбаев, С.Жаманов, Л.Малдыбаева, Н.Чокубаев, Н.Кытаев, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Балкыбекова, А.Көбөгөнов. баш болгон атактуулар менин тушоомду кесишкен. Жаткан жерлери жайлуу болсун, мен аларга өмүр бою ыраазымын. Айта кетчү нерсе азыркы артисттер изденишпейт, биз спектакль даярдаш үчүн, кыргыздардын эле эмес, орустун, казактын, өзбектин, айтор бардык чыгармаларды окуп, талбай изденээр элек. Азыркылар болсо алардын бирин да кылышпайт. Мына ошентип, 50 жылга жакын эмгектенип, пенсияга чыккандан бери үйдө уул-кыздарымдын сый - урматын көрүп, үйдө отурам.

Бетти даярдаган
Мирлан Алымбаев